КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛАСТЫ
ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ
УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
______________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыштагы кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы № 20 “27” март 2025-жыл
Жалпак-Таш жайыт, таза суу жана тазалык муниципалдык ишканасынын
2025-жылга карата ичүүчү таза суунун тарифинин өлчөмүн жана
жайыт салыгынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-, 10-беренесине жана “Ичүүчү таза суу” жөнүндө 1999-жылдын 25-мартындагы 33 мыйзамынын IV-бөлүмүнүн 20-статьясына ылайык, Муниципалдык ишкананын жетекчиси Ж.Жунусалиевдин Түз-Бел айылында 2025-жылдын 24-март күнү элдик жыйындын протоколун угуп талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл аймагында таза сууну пайдалануучуларга ар бир жанга ар бир айга 50 ( элүү) сомдон жана ийри мүйүздүү мал башына 100 ( жүз) сом, кой-эчкилерге 20 (жыйырма) сомдон, жылкы башына 100 ( жүз) сомдон бекитилсин
2.Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрында чыккан № 515 токтомуна ылайык жайыт жерлерин мал жаюудан башка максатта тоют даярдоо, балыкчылык, мөмө-жемиштерди жыйноо, туризм жана жарандардын эс алуусу, аңчылык, отун даярдоо, жалпы жайылтылган пайдалуу кендерди казуу жана жеңил конструкцияда уюлдук байланыштарды орнотууга берилген жайыт жерлер эки тараптуу келишимдин негизинде жайыт акы өндүрүлсүн.
3.Жалпак-Таш муниципалдык ишканасы пайдаланылуучу жайыт участогунан жана мал жандыктан түшкөн жайыт акысын муниципалдык ишкананын бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
4.Жайыт акыдан жана ичүүчү таза суудан түшкөн каражаттарды муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин кызмат акысына жана социалдык камсыздандыруу взносторуна каржылансын жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга мыйзам чегинде жумшалсын.
- Бул токтомдун аткарылышы Жалпак-Таш жайыт, таза суу жана тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Жунусалиевге милдеттендирилсин.
6.Жалпак-Таш жайыт, таза суу жана тазалык муниципалдык ишканасынын аткарган иштерин көзөмөлдөө жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыковго тапшырылсын.
7.Жалпак-Таш муниципалдык ишканасынын бюджетин жогорулатуу максатында мал жандыктардын жана таза суу ичүүчүлөрдүн эсебин тактап, кошумча кирешелер боюнча квартал сайын айыл өкмөт башчысына маалымат берилсин.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Исламидин уулу Р.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛАСТЫ
ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ
УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
_______________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыштагы кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы № 21 “27” март 2025-жыл
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин аймагындагы участкалык
шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди
сунуштоо жөнүндө
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин аймагындагы элдик жыйындардан №50-45 Алча-Башат, №50-46 Курбу-Таш, №50-47 Түз-Бел, №50-48 Ак-Терек, №50-49 Үч-Каптал, №54-69 Кара-Тарык участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдорун карап көрүп, угуп жана талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айылдык кеңешинин аймагындагы элдик жыйындарынан көрсөтүлгөн протоколдору бекитилсин.
2.Жалпак-Таш айылдык кеңешинин токтомун бекитип берүү жагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Исламидин уулу Р.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛАСТЫ
ӨЗГӨН РАЙОНУ ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ |
![]() |
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ
УЗГЕНСКИЙ РАЙОН ЖАЛПАК-ТАШСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ |
__________________________________________________________________________________________________
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыштагы кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ
Курбу-Таш айылы № 22 “27” март 2025-жыл
2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын
Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 8611,2 мин сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 2583,3 миң сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы-экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдоо багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Исламидин уулу Р.