Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн административдик муниципалдык кызмат орундарынын топторуна карата
КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
Кароол айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгына ылайык кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурс жарыялайт:
Кароол айыл өкмөтүнүн улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, автоматташтыруу жана башкаруу, техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштыруу жана гидромерология, архитектура жана курулуш, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү, геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү юриспруденция, аграномия багытындагы);
2) 2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды
— Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”
— Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси”
— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз РеспубликасынынСуу кодекси”
— Кыргыз Республикасынын “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башкар категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Мыйзамы;
— Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө
— Жарандардын кайрылууларн кароо тартиби жөнүндө
— КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарын билүүсү зарыл, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүү;
Билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу, кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу, ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу, компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Талап кылынуучу документтер.
—жеке арыз, кадрларды эсепке алуу баракчасы, 4*6 өлчөмдөгү 2 даана сүрөт,эмгек китепчесинин, дипломунун көчүрмөлөрү(нотариус аркалуу тастыкталган), паспортунун көчүрмөсү,резюме(электрондук почта көрсөтүү менен),өмүр баян (соттолгондугун же соттолбогондугун көрсөтүү мененмаалымадама).
Талапкерлер тиешелүү документтерди Кароол айыл өкмөтүнө жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндөн ичинде тапшыруулары зарыл.
Документтер жарыя чыккандан баштап 10 жумуш күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.
Дареги: Өзгөн району Кароол айылы,Кулбай көчөсү№26
Байланыш үчүн телефону:(0776)658 787, (0551) 12 12 27.


