Салам-Алик айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 8-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-декабры № 46 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Карчабек айылындагы мектептин
атын өзгөртүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Карчабек айылынын жалпы элдик жыйынын протоколунун 2025-жылдын 25-ноябрындагы №2 жана Карчабек айылындагы мектептин жалпы профсоюз жамаатынын 2025-жылдын 2-декабрындагы №1-протоколунун негизинде мектептин директорунун маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Карчабек айылындагы жаңы курулуп бүткөн мектепке маркум Кубатов Кушбактын ысымы ыйгаруу жөнүндөгү Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-июлундагы №29-токтому менен ыйгарылган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244-токтомуна ылайык келбегендигине байланыштуу токтом жокко чыгарылсын.
2.Карчабек айылында иштеп жаткан мектебине №87 “Карчабек” негизги жалпы билим берүү берүү мекемеси деп атоого макулдук берилсин.
3.Карчабек айылындагы мектепке көмүр-отун менен жергиликтүү бюджеттен камсыздоо жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
4.Ушул токтомду бектип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнөн штаттык бирдиктерди ачып берүу жагы суралсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 8-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-декабры № 47 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын «Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын» (ЖБПП) бекитуу жөнүндө.
«Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы- CS-FOR” долбоорунун алкагында Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 08-августундагы № 166 буйругу менен түзүлгөн “Жаратылышты башкаруу жамааттык тобу-ОГУЛ”дун жумушчу тобунун даярдаган 2026-2030-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү “Жайыт башкаруу жана пайдалануу планын” Жумушчу топтун мучосу, МИ жайыт адиси Кунаев Шухраттын билдируусун угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык кенешинин сегизинчи чакырылышынын сегизинчи сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
- Салам-Алик айыл аймагынын 2026-2030-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы” бекитилсин.
(ЖБПП) планы тиркелет.
- Салам-Алик айыл аймагынын 2026-2030-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын” аткарууга алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Салам-Алик айыл аймагынын 2026-2030-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын” көзөмөлдөө жагын өзүмдө калтырамын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
«Бекитилген»
Салам-Алик айылаймагынын айылдык кеңешинин _____ чакырылышынын _____ сессиясында
“____” __________2025-жыл
________________________________
Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Өзгөн району
салам алик айыл аймагы
ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА
2026-2030-ЖЫЛДАРГА КАРАТА ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПЛАНЫ
Салам-Алик айылы, 2025-жыл
Мазмуну
Киришүү
1-бөлүм. Жалпы маалыматтар
- Айыл аймагы жөнүндө маалымат – географиялык абалы, климаты, айылдары жана калкы
- Жер ресурстары жөнүндө маалыматтар
- Муниципалдык ишкана жөнүндө маалымат.
- Жайыт ресурстарын башкаруу структурасы
- Жумушчу топтун курамы
2-бөлүм. Жайыт ресурстары, инфраструктура жана алардын абалы
2.1. Жайыт участокторунун жалпы мүнөздөмөсү (аянты, түшүмдүүлүгү, жайыттардын сыйымдуулугу, абалы жана мезгилдүүлүгү)
2.1.1. Жайыттарды пайдалануу мезгили
2.1.2. Жайыт участокторунун өзгөчөлүктөрү
2.1.3. Жайыттардын түшүмдүүлүгү, сыйымдуулугу жана алардын абалы
2.2. Жайыт инфраструктурасынын объекттери жана анын абалы
2.3. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну эске алуу менен жайыттардын абалын баалоо анализи
2.4. Биотүрдүүлүк
3-бөлүм. Малдын саны, алардын жайытка жана кышкы тоютка болгон муктаждыктары
3.1. Малдын саны. Шарттуу малдын башы
3.2. Тоютка болгон муктаждык
3.3. Жайыт тоютунун көлөмү жана камсыздалышы
3.4. Кышкы тоюттун көлөмү
3.5. Тоют балансы
3.6. 5 жылга болжолдонгон шарттуу малдын саны жана тоютка болгон керектөө
3.7. Малдын асылдуулугун жакшыртуу
4-бөлүм. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, аларды жакшыртуу боюнча жамааттын орто мөөнөтүү планы
4.1. Фокус-топтун жыйынтыгы боюнча муктаждыктарды/көйгөйлөрдү баалоону талдоо
4.2. Жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу планы
4.2.1. Жайыт пайдалануунун учурдагы абалы
4.2.2. Жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу планы
4.3. Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү планы
4.4. Жайыт ресурстарын башка максаттар үчүн пайдалануу жана башкаруу планы
4.5. Малдын ден соолугун коргоо боюнча чаралар
4.6. Айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар
4.7. Инвестициялар жана иш-чаралар
4.8. Жайытты пайдалануу режими жана бузуулар үчүн жоопкерчилик.
4.8.1. Ички тартип эрежелери
4.8.2. Бузуулар үчүн жоопкерчилик
5-бөлүм. Жайыт ресурстарын башкаруудагы гендердик аспекти
5.1. Гендердик теңчилик жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу
5.2. Гендердик бөлүштүрүлгөн маалыматтарды чогултуу
5.3. Жайыт ресурстарын башкаруунун гендердик планын иштеп чыгуу
6-бөлүм. Мониторинг жана баалоо
6.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча орто мөөнөттүү пландын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча иш-чаралар
КИРИШҮҮ
Салам-Алик айыл аймагындагы Муниципалдык ишкананын Жайыт адиси тарабынан иштелип чыккан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы (ЖБПП) Жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда айыл өкмөтү жана башка кызыкдар тараптар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен 2026-2030-жылдар аралыгында орто моонотттуу планы катары макулдашылган.
Кыргыз Республикасынын жайыттар боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, ЖБПП планы жергиликтүү кеңештин сессиясында да каралып чыгып, бекитилген жана Муниципалдык ишкана менен жайыт адисинин макулдашуусунун негизинде жайыттарды башка максаттарга пайдалануу боюнча тийиштүү келишимдерди түзгөн бардык жайыт билетин алуучулар жана башка физикалык жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы милдеттүү түрдө талап кылынат.
Пландын биринчи бөлүгүндө Салам-Алик айыл аймагынын географиялык жайгашышы, табигый-климаттык шарттары, калктуу конуштары (айылдары) жана калкы, жер ресурстары жөнүндө жалпы маалымат берилген.
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы (ЖБПП)- малдардын ден соолугун коргоо, жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу, жайыттардын социалык инфраструктурасын жакшыртуу, мал чарбасын өнүктүрүү жаатындагы жергиликтүү потенциалды күчөтүүдө менен биргеликте климаттын кескин өзгөрүүлөрүн алдын алуу максатындагы иш чараларды колдоо боюнча беш жылдык жана жылдык пландар ЖБПП планы Муниципалдык ишкананын онуктуруунун негизги бөлүгү болуп саналат.
Документтин жыйынтыктоочу бөлүгүндө ЖБПП жүзөгө ашырылышына жана жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү боюнча кеңири план чагылдырылган.
Негизги пландын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген деталдуу чакан долбоордук сунуштар, айыл аймактын профайлы (паспорту), жайыт участокторунун абалына баа берүүнүн жыйынтыктары, ж.б.у.с. материалдар планга тиркелген.
Жайытты башкаруу жана пайдалануу (ЖБПП) планы бугунку күндөгү климаттын өзгөрүүсүн эске алуу менен, келечектеги орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү көрүнүштө жалпысынан жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну, малдардын ден соолугун коргоону жана малды тоюттандырууну жакшыртуу аркылуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө жергиликтүү калктын кирешелерин көбөйтүүгө багытталган.
1-бөлүм. жалпы маалыматтар
- Айыл аймагы жана жөнүндө маалымат – географиялык абалы, климаты, айылдары жана калкы
Географиялык абалы
Административдик-аймактык реформанын жыйынтыгында Салам-Алик жана Кызыл-Тоо айыл аймагынын Эркин Тоо жана Карчабек айылдары кошулуп, Салам-Алик айыл аймагы кайрадан түзүлгөн. Айыл аймагы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу болуп, район борборунан 35 км аралыкта жайгашкан. Республиканын борборуна чейинки аралык – болжол менен 700 км, облус борборуна чейин – 95 км. Жакынкы аэропорт 102 км алыстыкта, ал эми темир жол станциясы 80 км аралыкта жайгашкан.
Айыл аймагынын аймагы Өзгөн районунун түштүк-батыш бөлүгүндө, Кара-Шоро жана Жазы айыл аймактары менен чектешет. Географиялык жактан алганда, бул аймак Чоң-Алай жана Фергана өрөөнүнүн тоо этектерин бириктирген зонада жайгашып, негизинен адырлуу жана тоо этектүү рельеф мүнөзүнө ээ. Айрым жерлеринде дөңсөөлөр жана орто бийик тоолор кезигет, ал эми өрөөн тараптарында дыйканчылыкка ылайыктуу тегиз аймактар бар.
Салам-Алик аймагы Жазы жана Кара-Дарыя суулар системасына кирген чакан дарыялардын жана булактардын боюнда жайгашкан. Бул суу булактары айыл чарбасын, айрыкча сугат дыйканчылыгын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Суу булактары негизинен кар жана жамгыр сууларынан калыптанат, андыктан жаз-күз мезгилдеринде суунун деңгээли жогорулап, жай мезгилинде төмөндөйт.
Айыл аймагы деңиз деңгээлинен орточо 950–1200 метр бийиктикте жайгашкан.
Климаттык шарты континенталдуу. Жай мезгили жылуу жана кургак болуп, июнь айындагы орточо температура +20…+25°C, август айында +25…+35°C чейин жетет. Кыш мезгили суук болуп, декабрь–январь айларында абанын температурасы –10°Cден –25°Cге чейин төмөндөйт.
Жылдык жаан-чачындын көлөмү орточо 350–450 мм түзөт. Негизги жаан-чачын апрель–май айларында жана күз айларында жаайт.
Салам-Алик айыл аймагынын курамына 9 айыл кирет. Айыл аймактын административдик борбору – Салам-Алик айылы.
Аймактын калкы негизинен мал чарбачылыгы, дыйканчылык жана майда ишкердик менен алектенет. Жаратылыш жана климаттык шарттар айыл чарбасын өнүктүрүүгө ыңгайлуу. Жер жана суу ресурстары элдин жашоо-тиричилигин камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.
Айыл аймактын жалпы калкы – 12 101 адамды түзөт. Кожолуктардын саны – 1 990.
Тургундардын негизги киреше булагы айыл чарбасы, мал чарбачылыгы, соода сатык жана кызмат көрсөтүү. Айыл аймагынын тургундарынын 75%ы мал чарбачылыгы, 5%ы дыйканчылык, жыгач эмес токой продукциялары 8%, соода сатык менен 4%ы жана 14%ы багбанчылык жана башка тармактарда эмгектенишип, күнүмдүк тиричилигин өткөрүп келишет.
1-таблица. Калк жана үй чарбалары жөнүндө маалымат.
| № | Айылдардын аталышы | Калктын саны | Кожолуктардын саны | Айыл өкмөт башчысы | Айыл башчы
|
| 1. | Салам-Алик | 1835 | 324 | С.Абдыкадыров | Термечиков Б |
| 2. | Кызыл-Чарба | 1520 | 271 | Кунаев Ш | |
| 3. | Ак-Терек | 1300 | 203 | Кыпчакбаев Т | |
| 4 | Кош-Этер | 1145 | 186 | Кыпчакбаев Т | |
| 5 | Кызыл-Байрак | 933 | 136 | Жантаев К | |
| 6 | Ара-Кол | 1027 | 157 | Токторбаев К | |
| 7 | 15 жаш | 814 | 138 | Шамшиев М | |
| 8 | Эркин-Тоо | 2517 | 430 | Полотбеков Б | |
| 9 | Карчабек | 1010 | 145 | Мырзакматов Э | |
| Баары | 12101 | 1990 |
- Жер ресурстары жөнүндө маалыматтар
Административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы менен эки айыл аймактын жер ресурстары бириктирилип, жалпысынан 28 451 гектарды түзөт. Ал эми категориялары боюнча бөлүштүрүлүшү төмөндө көрсөтүлөт.
2-таблица. ААнын жер ресурстары
| № | ААдагы жер категориялары | Аянты, га | |
| 1 | Айыл чарба жерлеринин багыты | 2028 | |
| 2 | Калктуу конуштардын жерлери | 503 | |
| 3 | Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар үчүн жерлер | 293 | |
| 4 | Жайыт жерлери | 25 627 | |
| 5 | Токой фондусунан тышкары жерлери | 0 | |
| 6 | Суу фондунун жерлери | 0 | |
| Жалпы: | 28 451 |
3-таблица. Айыл чарба жерлеринин структурасы
| № | Жерлердин түрлөрү | Баары, га | Анын ичинен, га | ||
| Мам.акт боюнча | УМП | МТФ | |||
| 1 | Айдоо жерлер: | 819 | 819 | ||
| Суу баскан аянт | 304 | 304 | 0 | ||
| Кайрак | 515 | 515 | 0 | ||
| 2 | Бак-дарак | 3 | 3 | 0 | |
| 3 | Бадалдуу-дарак өсүмдүктөрү | 0 | 0 | 0 | |
| 4 | Жайыт | 25 627 | 15 627 | 10 000 | |
| 5 | Кысыр аңыз | 0 | 0 | 0 | |
| 6 | Чөп чабынды | 1584 | 1584 | 0 | |
| 7 | Башка жерлер | 0 | |||
| Бардыгы: | 28 033 | 18 033 | 10 000 | 0 | |
- Муниципалдык ишкана жөнүндө маалымат.
“Салам Алик” муниципалдык ишканасы – 2022-жылдын 07-мартында Адилет министрлигинен каттоодон өткөн.
“Салам Алик” муниципалдык ишканасынын негизги максаты – айыл аймагынын социалдык жана инженердик инфраструктурасын өнүктүрүү жана башкаруу.
Муниципалдык ишкана – ирригация системасын калыбына келтирүү, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, таштанды чыгаруу жана калыбына келтирүү жана жайыттарды башкаруу жана өнүктүрүү багыттарында иш алып барат. Ишканада учурда, жалпы 13 адам эмгектенет.
Ишкананын 2025-жылга жалпы бюджети 850 000 сомду түзөт. Бюджеттин негизги булагы кызмат көрсөтүүлөрдөн жана коммуналдык кызматтардан камсыздалат. Анын ичинен жайыттарды пайдалануудан түшкөн каражат 600 000 сомду, же жалпы бюджеттин 71%ын түзөт. Бул каражаттар негизинен жайыттарды башкаруу, жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чараларга жумшалат.
Бюджеттин калган бөлүгү – ичүүчү суу менен камсыздоо жана коммуналдык кызматтар үчүн жумшалат.
“Салам Алик” муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүчү иштер айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана жергиликтүү ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган.
4-таблица. Муниципалдык ишкананын карамагындагы атайын техникалар:
| № | Техниканын аталышы | Саны |
| 1 | Трактор Белорусь | 1 |
| 2 | Эксковатор 150 | 1 |
| 3 | Бульдезор ВГТ-90 | 1 |
| 4 | Водовоз | 1 |
1.4. Жайыт ресурстарын башкаруу структурасы
1.5. Жумушчу топтун курамы
Жумушчу топтун курамы, ОГУЛдун төрагасынын макулдугу менен, айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 20-августундагы №166 буйругу менен түзүлгөн.
| № | Аты, жөнү | Кызматы |
| 1 | Кожошева Алиман | Айыл окмоттун орун басары, жооптуу катчысы, жумушчу топтун төрайымы |
| 2 | Мураталиев Шарап | МИ жетекчиси, жумушчу топтун мүчөсү |
| 3 | Нуралиева Канышай | АӨнүн экономист-статист адиси, жумушчу топтун мүчөсү |
| 4 | Нуралиев Жылдызбек | АӨнүн жер адиси, жумушчу топтун мүчөсү |
| 5 | Жумабаев Жунус | ОГУЛ мүчөсү, жумушчу топтун мүчөсү |
| 6 | Калбаев Шермамат | ОГУЛдун төрагасы, жумушчу топтун мүчөсү |
| 7 | Жумабаева Гулмира | ОГУЛ мүчөсү, жумушчу топтун мүчөсү |
| 8 | Кунаев Ш | Жайыт адиси, жумушчу топтун мүчөсү |
| 9 | Кочкорбай уулу М | АО бухгалтери, жумушчу топтун мүчөсү |
2-бөлүм. жайыт ресурстары, инфраструктура жана алардын абалы
2.1. Жайыт участокторунун жалпы мүнөздөмөсү (аянты, түшүмдүүлүгү, жайыттардын сыйымдуулугу, абалы жана мезгилдүүлүгү)
Салам-Алик айыл аймагынын аймагында жайыттар айыл чарбасында жана жергиликтүү калктын жашоо-тиричилигинде негизги ресурс болуп саналат. Айыл аймагында мал чарбачылыгы – калктын башкы киреше булагынын бири. Ошондуктан, жайыт ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу пайдалануу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ.
Жайыттар негизинен 2 түргө бөлүнөт: жаздоо—күздөө, жайлоо жайыттар.
Жаздоо-күздөө жайыт участоктору айыл аймагынын адырлуу жана тоо этектүү бөлүктөрүндө, деңиз деңгээлинен 1100 – 1400 метр бийиктикте жайгашкан. Күз айларында жана жаз башында колдонулат.
Жайлоо жайыттары тоо этектеринде жана орто бийик тоолордо жайгашып, деңиз деңгээлинен 1500 – 2200 метр бийиктикте жайгашкан. Бул жайыттарда чөп өсүмдүктөрү ар түрдүү жана түшүмдүүлүгү жогору. Негизинен июнь – сентябрь айларында колдонулат.
Айыл аймагында жайыттар муниципалдык ишкананын жайыт адиси тарабынан башкарылат. Жайыттардын негизги бөлүгү малдын сезондук көчүүсүнө ылайык пайдаланылат. Малдын жылдык көчүү багыты – жаздоодон жайлоого, андан соң кайра күздө айылга кайтуу багытында уюштурулган.
5-таблица. Жайыт участоктору тууралуу маалымат
| № | Жайыт участогу | пайдалануу мезгили | Жалпы аянты, га | Жарактуу | Жараксыз |
| Жаздоо-күздөө | |||||
| 1 | Кызыл-Чарба | жаз-күз | 695,9 | 0 | 695,9 |
| 2 | Салам-Алик (кепели) | жаз-күз | 424,1 | 0 | 424,1 |
| 3 | Ак-Терек | жаз-күз | 350 | 0 | 350 |
| 4 | Кош-Этер (Кен Жылга, Бек Кырчын) | жаз-күз | 440 | 340 | 100 |
| 5 | Кызыл-Байрак (Сасык) | жаз-күз | 612,3 | 300 | 312,3 |
| 6 | Ара-Кол (Бектемир ) | жаз-күз | 1185,6 | 700 | 485,6 |
| 7 | Ара-Кол (Талды-Булак) | жаз-күз | 525 | 300 | 225 |
| 8 | Котурбаш | жаз-күз | 632 | 400 | 232 |
| 9 | Талды-Булак, Кара-Дөбө | жаз-күз | 618 | 400 | 218 |
| 10 | Балкамыш | жаз-күз | 1119 | 800 | 319 |
| 11 | Билдир | жаз-күз | 270 | 200 | 70 |
| Жалпы: | 6871,9 | 3440 | 3431,9 | ||
| Жайлоо | |||||
| 1 | Туюк Суу | жай | 171 | 101 | 70 |
| 2 | Конурбай-Саз | жай | 713,8 | 413,8 | 300 |
| 3 | Торгой добо | жай | 990 | 990 | 0 |
| 4 | Кол, Туура суу | жай | 943,5 | 760,5 | 183 |
| 5 | Четин | жай | 220,7 | 170,7 | 50 |
| 6 | Шор | жай | 1446,9 | 1446,9 | 0 |
| 7 | Журок | жай | 1104 | 1104 | 0 |
| 8 | Кайынды | жай | 1078,8 | 1078,8 | 0 |
| 9 | Годоо | жай | 348,6 | 348,6 | 0 |
| 10 | Ничке-Сай | жай | 894 | 381 | 513 |
| 11 | Байбиче | жай | 600 | 600 | 0 |
| 12 | Мал айдап өтүүчү жайыт (СОП) | отгонный | 244 | 0 | 244 |
| Жалпы: | 8 755 | 7 395 | 1 360 | ||
| Баары: | 15 627 | 10 835 | 4 792 | ||
Эскертүү: 1–Кызыл-Чарба, Салам-Алик жана Ак-Терек жайыт участоктору бүгүнкү күндө пайдаланылбай келет. Себеби, бул жайыт участокторун долоно жана башка бадал өсүмдүктөрү өсүп, жайыт аянтын толугу менен басып калган. Натыйжада жайыт аянттары толугу менен пайдаланууга жараксыз абалга келген.
Ал эми, калган жайыт участокторунун кандайдыр бөлүктөрүнүн жараксыз абалга келишинин негизги себеби, жогорудагыда көрсөтүлгөндөй бадал өсүмдүктөрүнүн жайылышы, ошондой эле, тик жантайыңкы (450), таштак жана аскалуу жерлердин болушу.
Жалпысынан, 4 792га жайыт жери пайдаланууга жараксыз абалда.
2.1.1. Жайыттарды пайдалануу мезгили
Жайыттар жана айыл чарба жерлери, жайыттардан тышкары, мал жаюунун жана аларды күркөлөрдө кармоонун мөөнөттөрү боюнча төмөнкүдөй мезгилдерге бөлүнөт:
6-таблица. Жайыттарды пайдалануу сезону
| № | Сезону | Мал жаюу мезгили | Күндөрдүн саны | Эскертүү |
| 1 | Жаз | 20-март — 20-май | 60 | Жаздан кышка чейин мал жайыттарга жана жайыттардан башка айыл чарба жерлерине багылат. Мал жаюунун жалпы узактыгы орточо 245 күн. |
| 2 | Жай | 20-май — 20-сентябрь | 125 | |
| 3 | Күз | 20-сентябрь — 20-ноябрь | 60 | |
| 4 | Кыш | 20-ноябрь — 20-март | 120 | Малдар кыш мезгилинде орточо 120 күн колдо багылат. |
Мал жаюу мезгили жыл сайын климатка жараша болот. Жаз эрте келсе, жаздоо жайытынын күнгөй тарабы 20-марттан, ал эми тескей тарабындагы жайыттарды 10-апрелден баштап пайдалана башташат. Ал эми, жаз кеч келген жылдары, жайытка 10-15 күн кеч чыгышат.
Жайлоо жайытына апрель айынын аягынан июнь айынын башына чейин көчүп башташат.
Жайлоодон сентябрдын башынан, сентябрдын ортосуна чейин көчүп келишет.
Күздөө жайытын, биринчи кар жааганга чейин пайдаланышат .
2.1.2. Жайыт участокторунун өзгөчөлүктөрү.
Салам-Алик айыл аймагынын жайыттарындагы өсүмдүктөрдүн түрдүк курамы жана пайдалануу мезгили боюнча айырмачылыктары бар. Жайыттарда негизги тоют өсүмдүктөрүнөн шыбак, арпакан, сары кашка беде, ал эми булак жана суулардын айланасында уй беде, ак беде, бака жалбырак сыяктуу өсүмдүктөр өсөт. Бул өсүмдүктөр мал үчүн жогорку азыктуулукка жана тоюттук баалуулукка ээ.
Жай мезгилинде малдар жайлоого көчкөндөн кийин, жаздоо жайыттарында чөптөр кайра калыбына келип, мал жайлоодон түшкөн соң күздөө жайыт катары колдонулат. Ошол эле учурда, эгин талаалары бошогондон кийин, көпчүлүк мал аңыз жерлерде да багылат.
Күз мезгилинде айрым малчылар башка аймактардан келген малды да кабыл алып, 1-кар түшкөнгө чейин күздөө жайыттарында багышат. Натыйжада, жаз жана күз айларында жайыттарда малдын топтолушу көбөйүп, жүктөм нормадан ашып кетет. Бул көрүнүш жайыт өсүмдүктөрүнүн биотүрдүүлүгүнүн азайышына, жердин тапталышына жана акырында жайыт деградациясына алып келүүдө.
Жаздоо-күздөө жайыттары
Салам-Алик айыл аймагы Фергана тоо кыркаларында тоолу аймакта жайгашкандыктан эки тоонун ортосунда узунунан кууш жайгашкан аймак болуп эсептелет. Айылдардын ортосунан Жазы дарыясы кесип өтөт. Жакынкы жайыттарыбыз айрыкча күнгөй тарапта жайгашкандыктан жазында жайытты пайдалануу эрте башталат. Марттан айынын аягынан баштап, май айынын 20сына чейин жаздашат да жайкы жайыттарга көчүп кетишет. Акыркы учурда малдын башы көбөйгөндүктөн, жайытты сактоо зарылдыгы көйгөй жаратууда. Себеби, мал жайкы жайытка эртерээк кетсе, жазгы жамгырдан кийин чөптөр кайрадан өсүп, күзгү жайытка даяр болуп калат. Айыл аймактын шарты континенталдуу болгондуктан жамгыр көбүрөөк болуп, жазда пайдаланылган жайыт күзгө да толук камдуу даяр болуп калат. Мындан сырткары, айдоо аңыздар, жакынкы чөп орок жерлери бошоп, күзгү жайытты толуктайт. Күзгү жайытта октябрь айынын ортолоруна чейин пайдаланышат. Эгер, күз узак болсо, ноябрга чейин болушат. Жазгы жана күзгү жакынкы жайыттарыбыздын 3431,9 га долоно каптап пайдалануудан чыгып калгандыгын 5-таблицада көрсөттүк.
Кызыл-Чарба жаздоо-күздөө жайыт участогу – айылдын четинде, болжол менен 500 метр аралыкта, үлүш катары берилген айдоо жерлерден кийин дароо башталат. Бул жайыт айдоо жана эгин талааларына өтө жакын жайгашкандыктан, аны толук көлөмдө жайыт катары пайдалануу белгилүү кооптуулукту жаратат – малдын эгин талааларына кирип кетүү коркунучу жогору.
Ал эми Күнгөй тарабындагы жайыт тилкелери негизинен тоо-талаа рельефинде жайгашкан, айрым жерлери таштак жана өсүмдүк жамынтыгы начар. Бул аймактарды долоно жана башка бадал өсүмдүктөрү каптап, пайдалуу чөптөрдүн өсүшүн чектеп койгон.
Жайыт 1300 –1550 метр бийиктикте жайгашып, өсүмдүк жамынтыгынын абалы орточо бааланат. Табигый калыбына келүү процесси жай жүрүүдө. Айрым тилкелерде чөп өсүмдүгүн сактоо жана бадал өсүмдүктөрүн тазалоо иштерин жүргүзүү зарыл.
Салам-Алик айылынын Кепели жайыт участогуна өтүү үчүн, Жазы дарыясына курулган көпүрө аркылуу каттам жүргүзүлөт. Көпүрөнүн техникалык абалы канааттандырарлык деңгээлде – жыл сайын айыл тургундары тарабынан ремонт иштери жүргүзүлүп, өтүүгө ыңгайлуу шарт түзүлүп турат.
Бул жайыт аймагынын негизги табигый чек арасы болуп, Жазы дарыясы эсептелет. Дарыя жайытты башка аймактардан бөлүп турат жана суу булагы катары да мааниге ээ.
Бирок, учурда Кепели жайыт участогу толук кандуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жоготкон. Себеби, аймактын олуттуу бөлүгүн долоно жана башка бадал өсүмдүктөрү каптап, жайыт мал жаюуга жараксыз абалга келген.
Жайыт деңиз деңгээлинен 1350–1700 метр бийиктикте жайгашкан. Рельефи бир аз жантайыңкы, айрым жерлери таштак болуп эсептелет.
Ак-Терек айылынын Күнгөй жайыт участогуна өтүү үчүн Жазы дарыясына курулган типтүү көпүрө аркылуу катташат. Көпүрөнүн абалы жакшы, жыл сайын жергиликтүү көмүр кендеринде иштеген ишканалардын колдоосу менен оңдоо жана бекемдөө иштери жүргүзүлүп турат. Бул жергиликтүү тургундардын жайытка коопсуз өтүүсүн камсыз кылат.
Жайыт аймагынын табигый чек арасы болуп, Жазы дарыясы эсептелет. Дарыя аймактын суу булагы катары маанилүү ролду ойнойт, бирок нөшөрлүү мезгилдерде жээктеги участоктордун бөлүгүн жууп кетүү коркунучу бар.
Учурда жайыттын олуттуу бөлүгүн долоно жана башка бадал өсүмдүктөрү каптап, учурда, мал жаюуга мүмкүн болбой калган.
Кош-Этер айылынын Кен жылга жана Беккырчын жайыт участокторуна өтүү үчүн Жазы дарыясындагы көпүрө аркылуу катташат. Көпүрөнүн абалы жалпы алганда канааттандырарлык, жыл сайын жергиликтүү тургундар тарабынан оңдоо жана бекемдөө иштери жүргүзүлүп турат. Бул аракеттер жайытка өтүүнүн коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.
Жайыт – айылдан 1 чакырым аралыкта жана Жазы дарыясынын жээгин бойлото жайгашкандыктан, мал суу ичүүгө да толук шарты бар. Бул аймак бийик жана беттүү рельефке ээ болгондуктан, мал жайууга анча ылайыктуу эмес.
Жайыттын көпчүлүк бөлүгүн долоно жана башка бадал өсүмдүктөрү каптап, пайдалуу чөптөрдүн өсүшүн чектеп койгон. Натыйжада, мал жаюуга ылайыктуу аянттардын үлүшү азайган жана жайыттын жалпы сыйымдуулугу төмөндөгөн.
Жайыт деңиз деңгээлинен 1400–1700 метр бийиктикте жайгашкан. Топурак катмарынын айрым жерлеринде эрозия белгилери байкалат, өзгөчө тик жантайыңкы тилкелерде.
Кызыл-Байрак айылынын Сасык жайыт участогу айылдын күнгөй тарабында жайгашкан. Жайытка өтүү үчүн Жазы дарыясына курулган типтүү көпүрө аркылуу катташат. Көпүрөнүн техникалык абалы жакшы, жыл сайын жергиликтүү тургундардын катышуусунда оңдоо жана бекемдөө иштери жүргүзүлүп турат. Бул айылдын тургундары жайытка, чөп ормо аянттары аркылуу чыгышат.
Жайыт айылдан болжол менен 1 чакырым алыстыкта жайгашкан. Географиялык жактан деңиз деңгээлинен 1400 – 1700 метр бийиктикте орун алган. Учурда Сасык жайыт участогунун негизги көйгөйү – долоно жана башка бадал өсүмдүктөрүнүн күчөп өсүшү. Бул өсүмдүктөр жайыттын олуттуу бөлүгүн каптап, пайдалуу чөптөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратууда. Натыйжада, жайыттын өндүрүмдүүлүгү төмөндөп, мал жаюуга ылайыктуу аянттар кыскарып баратат.
Ара-Кол айылынын Сооктуу Булак жана Бектемир жайыт участоктору айылдын калктуу конуш аймагы менен түздөн-түз чектеш жайгашкан. Жайыт айылга жакын болгону менен, көпчүлүк боүгүн долоно жана башка бадал өсүмдүктөрү каптап бараткандыктан, мал жаюуга толук ылайыктуу эмес.
Бул участоктор деңиз деңгээлинен 1400–1750 метр бийиктикте жайгашкан. Мал чарбачылыгы үчүн жайыттык функциясы чектелүү болуп, көбүнчө кыска мөөнөттүү же кошумча жайыт катары гана пайдаланууга жарайт.
Ара-Кол айылынын Талды-Булак жайыт участогу айылдан болжол менен 4–6 чакырым аралыкта жайгашкан. Географиялык жактан алганда, бул участок деңиз деңгээлинен 1450–1750 метр бийиктикте орун алган. Аймак негизинен тоо этектерин камтып, рельефи орточо жантайыңкы жана айрым бөлүктөрү таштак болуп келет.
Негизги көйгөй катары – долоно жана башка бадал өсүмдүктөрүнүн өтө тездик менен көбөйүп бараткандыгы эсептелет. Бул өсүмдүктөр пайдалуу чөптөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып, жайыттын асылдуулугун төмөндөтүүдө. Натыйжада, мал жаюуга ылайыктуу аянттар кыскарып, жайыт ресурстарынын рационалдуу пайдаланылышы татаалдашкан.
Котурбаш жаздоо жайыты деңиз деңгээлинен 1600–1900 метр бийиктикте жайгашкан. Ара-Кол айылынан болжол менен 8–12 чакырым алыстыкта орун алган. Жайытка өтүү үчүн Туюк-Суу дарыясына курулган көпүрө аркылуу каттам жүргүзүлөт. Көпүрөнүн абалы жакшы, жергиликтүү тургундар тарабынан ар жылы каралып, зарыл болгон учурда оңдоо иштери жүргүзүлүп турат.
Аймак тоо этегинде, жантайыңкы жана жарым тик рельефке ээ. Өсүмдүк жыштыгы салыштырмалуу жакшы сакталган, пайдалуу чөптөрдүн үлүшү жогору. Мал жаюуга ыңгайлуу жана суу булагы катары булак суусунун болушу бул жайыттын артыкчылыгын арттырат.
Жайытта деградациянын олуттуу белгилери байкалбайт. Бирок айрым тик жантайыңкы тилкелерде эрозия коркунучу бар болгондуктан, алдын алуу чараларын көрүү зарыл.
Талды-Булак жана Кара-Дөбө жайыттары деңиз деңгээлинен 1600–1900 метр бийиктикте жайгашкан. Бул жайыттар айыл аймактан болжол менен 25–35 чакырым алыстыкта орун алган.
Талды-Булак жайыты 2023-жылы агро-техникалык иш-чаралар жүргүзүлүп, жайыттын өсүмдүк катмарын калыбына келтирүү үчүн чөптүн үрөнү себилип, жайыттын абалын жакшыртуу чаралары көрүлгөн. Тактап айтканда,. Азыркы учурда, эгилген чөптүн өнүү көрсөткүчтөрү жакшы, жердин деградация болгон бөлүктөрү калыбына келүүдө. Бул иш-чаралардын натыйжасында жайыттын түшүмдүүлүгү жогорулап, мал жаюуга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.
Кара-Дөбө жайытынын абалы орточо деп бааланат. Аймакта үч көмүр кен ишканасы иш алып барып, алардын транспорттору үзгүлтүксүз каттап турат. Натыйжада, чаңдын жана көмүр кеңинде иштеген техникалардын таасиринен улам, жайыттар бузулууда. Бул жагдай жайыттын өсүмдүк катмарынын сейрек өсүшүнө жана биотүрдүүлүктүн азайышына алып келүүдө.
Ошол эле учурда, жайытта малдын суу ичүүчү жайы бар. Бул суу булагы малдын керектөөсүн камсыз кылууга жетиштүү. Ар жылы жайыт акыдан түшкөн каражат менен, жайыт пайдалануучулар өздөрү мезгил-мезгили менен тазалап, оңдоп турушат.
Балкамыш жайыты деңиз деңгээлинен 1700–1900 метр бийиктикте жайгашкан. Жайыттын абалы орточо деп бааланат. Негизинен, бул жайытты 15 жаш айылындагы жайыт пайдалануучулар мал жаюу үчүн пайдаланышат.
Жайыт, айылдан 3–7 чакырым аралыкта жайгашкан. Өсүмдүк каптоосу бир калыпта эмес, айрым тилкелерде чөптөр сейрек өскөн. Акыркы жылдары малдын ашыкча басым менен пайдалануусунун жана табигый факторлордун (кургакчылык, шамал эрозиясы ж.б.) таасиринен улам өсүмдүк катмарынын айрым бөлүктөрү жабыркаган.
Жайыттын айрым бөлүктөрүндө долоно жана бадал өсүмдүктөрү көбөйгөндүктөн, малдын эркин жайылуусуна жана чөптөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратат. Ошондой эле, мал суу ичүүгө шарт жок болгондуктан, мал суу ичүүчү жайларды (ноолорду) уюштуруу зарыл.
Билдир жайыты. Бул жайыт 15 жаш айылдын малчылары тарабынан пайдаланылат. Мал үчүн ыңгайлуу шарттары бар. Деңиз деңгээлинен 1700–1900 м бийиктикте жайгашкан. Жайыт күнго тарапта жайгашкандыктан, булак суусу эрте эле кургап калат. Натыйжада, жайытта сугат суунун жетишсиздиги, мал кармоодо бир топ кыйынчылык жаратат.
Жайлоо жайыттары
Туюк-Суу жайыты 30–37 чакырым аралыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1600–1900 м бийиктикте жайгашкан. Жайыттан Туюк-Суусу агып өтөт. Бирок, суу киргенде айылдык жолдорго зыян келтиргендиктен, жыл сайын ондоп, калыбына келитрүүнү талап кылат. Союз мезгилинде бул аймакка техника жүрчү жол бар болчу, бирок, суу ташкынын кесепетинен жол бузулуп, көпүрөсү талкаланды. Жолду оңдоо үчүн чоң каражат талап кылынат.
Жайыт балчылыкка абдан ылайыктуу, климат континенталдуу жана жаан-чачын көп жаайт. Аймакта ит мурут (шповник) өсүмдүгү кеңири таралган, жергиликтүү тургундар аны терип, сатуу менен киреше табышат.
Конурбай жана Саз жайыттары Туюк-Суу жайытына жетпестен 10 чакырым аралыкта, оң тараптагы коктудан орун алган. Айылдан алыстыгы 28–45 чакырым. Деңиз деңгээлинен 1700–2000 м бийиктикте жайгашкан. Жайыттар тоолуу жана бийик аймактарда болгону үчүн мал чарбасы үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Көл жайыты жана анда жайгашкан Супа менен Туура суу жайыт участоктору айыл өкмөт борборунан 40–55 чакырым алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2000–2300 м бийиктикте орун алган. Жайыт тегиз, ортосу чуңкур келип, суу тартылгыча көл болуп турат. Ошондуктан, аймак “Көл жайлоосу” деп аталат.
Жайыт мал чарбасы үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ, суу жетишсиздиги жок – булактар үзгүлтүксүз агып турат. Бирок малдын саны, жайыттын сыйымдуулугунан ашып кеткени себептүү жайыт деградацияга учурап жатат. Жайытты туура пайдалануу үчүн малды туура бөлүштүрүү жана которуштуруп пайдалануу зарыл.
Четин жайыты айыл өкмөт борборунан 55–65 чакырым алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2100–2300 м бийиктикте орун алган. Тоонун баштарындагы майда булактар жай мезгили ортологондо кургап калышы мүмкүн, натыйжада суу жетишсиздиги пайда болот. Бул шарттарда жайыт пайдаланган малчылар башка жайытка көчүүгө мажбур болушат.
Жайыттын жалпы абалы жакшы, мал чарбасы үчүн ыңгайлуу.
Шор жайыты айыл өкмөт борборунан 30–50 чакырым аралыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1600–2200 м бийиктикте орун алган. Жол татаал жана жайытка көчүп конууда кыйынчылыктар жаралат. Жазында Горумду суусу кирген учурда, агызып кетүү коркунучу бар, андыктан көпүрө куруу зарыл.
Жайыттын жалпы абалы орточо жана жакшы, мал чарбасы үчүн салыштырмалуу ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Жүрөк жайыты 15 жаш айылынын жайыт пайдалануучулары тарабынан пайдаланылат. Айылдан чыгып эле жөө жол менен жетүү мүмкүн. Жайыт деңиз деңгээлинен 1900–3000 м бийиктикте жайгашкан. Түштүгүнөн Кара-Шоро айыл аймагы менен чектешет. Чектешкен ашууда “Таш мечит” участкасы бар. Таш мечит 1930–1940-жылдары курулган, анын урандылары азыр дагы сакталып турат. Жайыт бетинде ташка түшүрүлгөн сүрөттөр жана рун тамгаларынын калдыктары бар. Бул тарыхый объекттер боюнча көп изилдөөлөр жүргүзүлүп келет.
Жайыттын абалы жакшы, мал чарбасы үчүн ыңгайлуу.
Кайынды жайыты айыл өкмөт борборунан 15–35 чакырым аралыкта жайгашкан. Акыркы чек арасы Суук кыр аркылуу Таш мечитке чейин уланат. Деңиз деңгээлинен 1700–3000 м бийиктикте орун алган. Жайыт Кара-Шоро айыл аймагынын жайыттары менен чектешет.
Жолу жакшы, көп жерлерге транспорттук каражаттар жеткиликтүү, бул жайытты пайдалануу жана малды ташуу үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.
Годоо жайыты деңиз деңгээлинен 2200–2600 м бийиктикте жайгашкан. Жайыттын абалы орточо. Жолу жакшы жана жеткиликтүү. Азыркы учурда жайыт пайдалануучулар, жайытка каттоодо, аттын ордуна мотоциклдерди колдонуп келишет.
Ничке сай жайыты күнгөйлүү келип, чөптөр эрте кургап кетет. Аш болумдуу чөптөр аз, натыйжада, жайыттын абалы ортодон төмөн деңгээлде бааланат. Жайыттын жанында Ничке суу чакан дарыясы агып, Кара-Шоро айыл аймагынын жайыты менен чектешип турат.
Байбиче жайыты айыл өкмөт борборунан 55–70 чакырым аралыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 1600–2800 м бийиктикте орун алган. Жайыт мал чарбасы үчүн ыңгайлуу жана кооз жайыттардын бири болуп эсептелет. 2010–2013-жылдары бул аймакта алтындын кору болгондугу аныкталган. Климат континенталдуу, жаан-чачын көп жаайт.
Чыгыш жана түндүк тараптарынан жайыт Кызыл-Тоо айыл аймагынын жайыттары менен чектешет. Жолу жакшы, автоунаа жол каттамы бар, бул аймакка жетүүнү жеңилдетет.
Мал айдап өтүүчү жайыт (СОП). Бул жайыт Кара-Кулжа районунун жайыт пайдалануучулары үчүн көчүү мезгилинде эс алып, малды тыныктыруу үчүн колдонулат. Башка максаттарга пайдаланылбайт.
Торгой-Дөбө жайлоосу 990 га аянтты ээлейт жана Ак-Терек айылынан 10–25 чакырым аралыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2200–2700 м бийиктикте орун алган. Жайлоого баруучу жолдор жакшы абалда, автоунаа каттамы менен байланыштырылган, анткени жайыт аймагында 3 көмүр кен ишканасы жайгашкан.
Жайыт өз мезгилинде абдан жакшы жайыттардын бири болгон. Бирок азыркы учурда көмүр казуу иштери башталгандан бери, жайытка, малдарга жана биотүрдүүлүккө терс таасирин тийгизүүдө. Жергиликтүү тургундар жана жайыт пайдаланган малчылар жайыттын куурап, кунарсыз болуп бараткандыгын билдиришет. Ошондой эле, мал ыландары көбөйүп бараткандыктан, жайытты туруктуу пайдалануу үчүн сөзсүз түрдө Яма беккерди куруу зарылдыгы бар.
2.1.3. Жайыттардын түшүмдүүлүгү, сыйымдуулугу жана алардын абалы
Жайыттардын түшүмдүүлүгүн жана сыйымдуулугун жогорулатуу менен алардын абалын жакшыртуу – мал чарбасын туруктуу өнүктүрүүнүн негизги шарты. Бул үчүн жайыттарды башкаруу пландарын ишке ашыруу, жайыт инфраструктурасын жакшыртуу, агротехникалык жана биотехникалык иш-чараларды колдонуу, малдын санын илимий негизде жөнгө салуу зарыл.
Жайыттарды туура пайдалануу – азыркы муундун гана эмес, келечек муундардын да кызыкчылыгына кызмат кылат.
Ар бир сезон боюнча жайыт участокторунун бүгүнкү күндөгү пайдалануу абалына мониторинг жасап, жайыт участоктору канчалык деңгээлде ашыкча басым менен пайдаланып жаткандыгын аныктап алсак, жайыттарды эффективдүү пайдалануу жана башкаруу боюнча картинаны ачыктап алган болот элек. Ошондуктан, ар бир жайыт участогу боюнча сыйымдуулугу 2021-жылы ОсОО “Атлас Плюс” аркылуу аныкталган маалыматынын негизинде жазылды.
6-таблица. Жаздоо жайыт участоктору боюнча сыйымдуулугу
| Жайыт участогу | Аянты, га | Түшүмдүүлүк (кг/га) | Жалпы түшүмдүүлүк (кг) | Жээлчү коэф. 60% | 1 ШБ күндүк керектөө, 7,5кг | 60 күнгө оптималдуу ШБ |
| Кош-Этер | 340 | 350 | 119 000 | 71 400 | 9 520 | 159 |
| Кызыл-Байрак | 300 | 400 | 120 000 | 72 000 | 9 600 | 160 |
| Ара-Кол (Бектемир) | 700 | 350 | 245 000 | 147 000 | 19 600 | 327 |
| Ара-Кол | 300 | 350 | 105 000 | 63 000 | 8 400 | 140 |
| Котурбаш | 400 | 350 | 140 000 | 84 000 | 11 200 | 187 |
| Талды-Булак, Кара-Дөбө | 400 | 350 | 140 000 | 84 000 | 11 200 | 187 |
| Балкамыш | 800 | 350 | 280 000 | 168 000 | 22 400 | 373 |
| Билдир | 200 | 350 | 70 000 | 42 000 | 5 600 | 93 |
| Баары: | 3440 | 1 219 000 | 731 400 | 97 520 | 1 625 |
Жаздоо жайыт участокторунда малды багуу мөөнөтү орточо 60 күн экендигин эске алуу менен жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде, бул жайыттардын жалпы сыйымдуулугу 1625 шарттуу мал башын түзөрү аныкталды. Башкача айтканда, жаз мезгилинде бул жайыт аянттары тоюттук потенциалы боюнча 1625 шарттуу баш малды камсыздай алат.
Жогорудагы эсептөөлөр, бүгүнкү күндө так эмес болуп эсептелет. Себеби, 2021-жылдагы жайыт түшүмдүүлүгү менен айырма болушу мүмкүн.
Малдар жайлоодон кайткандан кийин, күздөө жайытына багылат. Күздөө жайыт участоктору жай мезгилинде эс алып, бир топ калыбына келип калгандыктан, түшүмдүүлүгү жаз мезгилине караганда бир топ түшүмдүү болуп калат деп эсептеп, түшүмдүүлүгүн жаз мезгилине караганда бир топ жогору эсептелди.
7-таблица. Күздөө жайыт участоктору боюнча сыйымдуулугу
| Жайыт участогу | Аянты, га | Түшүмдүүлүк (кг/га) | Жалпы түшүмдүүлүк (кг) | Жээлчү коэф. 60% | 1 ШБ күндүк керектөө, 7,5кг | 60 күнгө оптималдуу ШБ |
| Кош-Этер | 340 | 370 | 125 800 | 75 480 | 10 064 | 168 |
| Кызыл-Байрак | 300 | 420 | 126 000 | 75 600 | 10 080 | 168 |
| Ара-Кол (Бектемир) | 700 | 400 | 280 000 | 168 000 | 22 400 | 373 |
| Ара-Кол | 300 | 400 | 120 000 | 72 000 | 9 600 | 160 |
| Котурбаш | 400 | 400 | 160 000 | 96 000 | 12 800 | 213 |
| Талды-Булак, Кара-Дөбө | 400 | 400 | 160 000 | 96 000 | 12 800 | 213 |
| Балкамыш | 800 | 370 | 296 000 | 177 600 | 23 680 | 395 |
| Билдир | 200 | 370 | 74 000 | 44 400 | 5 920 | 99 |
| Баары: | 3 440 | 1 341 800 | 805 080 | 107 344 | 1 789 |
Ал эми күздөө жайыт участокторунда жаз мезгилине караганда түшүмдүүлүктүн жогору экендигин эске алып, күзүндө мал жаюу мезгили 60 күн деп эсептесек, анда 1789 шартуу малдын башын жаюуга болот экендигин аныктап алдык.
Күз мезгилинде айыл чарба жерлерине эгилген эгиндер чаап-жыйналгандан кийин, эгин талаалар да жайыт катары пайдаланылып келет.
8-таблица. Жайыт участокторунан башка жерлер боюнча сыйымдуулугу
| мал жайылуучу аймактар | Аянты, га | Түшүмдүүлүк (кг/га) | Жалпы түшүмдүүлүк (кг) | Жээлчү коэф. 60% | 1 ШБ күндүк керектөө, 7,5кг | 60 күнгө оптималдуу ШБ |
| Чөп чабык | 1 584 | 350 | 554 400 | 332 640 | 44 352 | 739 |
| Айдоо аңыздары | 819 | 350 | 286 650 | 171 990 | 22 932 | 382 |
| Баары | 2403 | 841 050 | 504 630 | 67 284 | 1 121 |
Айыл тургундарынын мал жандыктары күз мезгилинде жайыт участокторунан сырткары, айыл чарба жерлериндеги түшүмдөр жыйналып алынган жерлерге да жайылат. Ошентип, күз мезгилинде жайыттарга жана аңыздарга жалпысынан 1123 шарттуу малдын башы жайылат. Ал эми сырттан келген малдар, кайра өз ээлерине кайтарылып берилгендиктен. Күзгү жайытты жетишээрлик деп эсептесек болот.
9-таблица. Жайлоо жайыт участоктору боюнча сыйымдуулугу
| Жайыт участогу | Аянты, га | Түшүмдүүлүк (кг/га) | Жалпы түшүмдүүлүк (кг) | Жээлчү коэф. 60% | 1 ШБ күндүк керектөө, 7,5кг | 125 күнгө оптималдуу ШБ |
| Туюк Суу | 101 | 700 | 70 700 | 42 420 | 5 656 | 45 |
| Конурбай-Саз | 413,8 | 750 | 310 350 | 186 210 | 24 828 | 199 |
| Торгой добо | 990 | 700 | 693 000 | 415 800 | 55 440 | 444 |
| Кол, Туура суу | 760,5 | 750 | 570 375 | 342 225 | 45 630 | 365 |
| Четин | 170,7 | 800 | 136 560 | 81 936 | 10 925 | 87 |
| Шор | 1446,9 | 800 | 1 157 520 | 694 512 | 92 602 | 741 |
| Жүрөк | 1104 | 700 | 772 800 | 463 680 | 61 824 | 495 |
| Кайынды | 1078,8 | 700 | 755 160 | 453 096 | 60 413 | 483 |
| Годоо | 348,6 | 700 | 244 020 | 146 412 | 19 522 | 156 |
| Ничке-Сай | 381 | 750 | 285 750 | 171 450 | 22 860 | 183 |
| Байбиче | 600 | 700 | 420 000 | 252 000 | 33 600 | 269 |
| Баары: | 7 395 | 5 416 235 | 3 249 741 | 433 299 | 3 466 |
Жайлоо жайыттарына май айынын орто ченинен, июндун башына чейин көчүп барышып, август айынын аягынан, сентябрь айынын ортосуна чейин орточо 125 күн жайлашат. Жайыттардын түшүмдүүлүгү боюнча алынган маалыматтардын негизинде, жогорудагы таблицада көрүнгөндөй жайлоо жайытына 3466 шарттуу баш мал жаюуга мүмкүн.
Долбоор өкүлдөрү тарабынан жаздоо-күздөө жана жайлоо жайыттарынын мониторинг точкалары аныкталып берилгенден кийин, маалыматтар кайрадан такталып эсептелип чыгылат.
2.2. Жайыт инфраструктурасынын объекттери жана анын абалы
Айыл аймагында мал чарбасын өнүктүрүү жана ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында зарыл инфраструктуралар жакшы абалда иштеп жатат. Айыл аймагы боюнча жайытка бара турган жалпы жолдун узактыгы 220 км, анын ичинен 70 км участогу начар абалда. Жолдун айрым участоктору жаз мезгилинде суу ташкындап кирген учурда, жыл сайын бузулуп, калыбына келтирүүнү талап кылат. Мындан тышкары, жайыт пайдалануучулар, жайыттарга жетүү үчүн 3 көпүрөнү пайдаланып келишет. Алардын баары канааттандырарлык абалда. Ошондой эле, 2 мал суу ичүүчү булак (ноо) бар, алардын бирөөсү оңдоону талап кылат. Мындан сырткары, Кайыңды жайыт участогунда жуут пунктунун абалы – капиталдык ремонтту талап кылат.
8-таблица. Жайыт инфраструктурасынын абалына талдоо
| Участок | Беккари чункуру | Көпүрө | Жол | Веринардык пункт | Мал суу ичүүчү жай | Жуут пункт |
| Торгой участогу | куруу керек | бар | куруу керек | |||
| Саз участогу | ||||||
| Көл участогу | куруу керек | бар | ||||
| Шор участогу | куруу керек | куруу керек | ||||
| Туура суу участогу | бар | |||||
| Талды Булак участогу | куруу керек | |||||
| 15 жаш Занылдама участогу айылы | оңдоо керек | куруу керек | ||||
| Кош-Этер
Годоо участогу |
куруу керек | |||||
| Кум кайкы участогу | оңдоо керек | |||||
| Кайынды | куруу керек | Эски жуут пунктун ондоо зарыл | ||||
| Байбиче | куруу керек |
2.3. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну эске алуу менен жайыттардын абалын баалоо анализи
Акыркы жылдары өлкөбүздөгү климаттын өзгөрүүсү, Салам-Алик айыл аймагынын аймагында да кеңири байкалууда: 2023чү жана 2025-жылы жыл кургакчыл болуп, жазында жаан-чачынсыз болуп, жайында жогорку температура. Жайыттарда чөптөр күйүп, кээ бир булактар соолуп калган, мунун баары малдын продуктуулугуна терс таасирин тийгизүүдө. 2024-жылы жаз-жай айларында жаан-чачындын көп болушу жайыттардын өсүмдүктөрүнө жакшы таасирин тийгизген. Бирок, ошол эле учурда, малды жайкы жайыттарга өз убагынан эрте чыгарышып жана сырттан малды өтө көп алып келишип, жайыттарга ашыкча басым жасалууда.
Климаттын өзгөрүүсүнүн таасири тоют камдоого да өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Кыш мезгилинде кардын аз өлчөмдө жаашы жана жазда жаан-чачындын нормадан аз жаашы айыл чарба жерлерине эгилген эгиндердин түшүмдүүлүгү начар болууда. Натыйжада, тоюттун аз камдалышы, колдо багуу мезгилинде тоют тартыштыгын пайда кылып, тоют сатып алууга кошумча каражат чыгымын талап кылууда. Кошумча тоют сатып алууга каражаты жетишпеген үй-бүлөлөр, колдо болгон тоютту үнөмдөп жеткирүүнүн амалын кылышканы менен малдар өтө арык болуп, малдын продуктуулугу төмөндөөдө.
Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча төмөндөгү иштер аткарылат:
- жайыт пайдалануучуларга климаттын өзгөрүшүнүн жайыттарга жана малдын продуктуулугуна тийгизген таасирин түшүндүрүү;
- аба ырайынын катаал жылдары, жайыттарга сыйымдуулугунан 10-15% га азыраак мал жайуу планын түзүү;
- деградация болгон жайыттарды которуштуруп пайдалануу;
- жайыттарды пайдалануу мөөнөттөрүн жөнгө салуу менен, эс алууну камсыз кылуу;
- инфраструктураны жакшыртуу, куруу жана реабилитациялоо менен (вет.сервис, көп жылдык чөптөрдү себүү, жер семирткичтерди чачуу, суу ичүүчү жайларды куруу ж.б.);
- кышкы тоют камдоону уюштуруу, тоюттун запастарын көбөйтүү;
- климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашкан малдардын асылдуулугун жакшыртуу;
- айдоо аянттарынын структурасын өзгөртүү менен жогорку түшүм бере турган тоют аянтын көбөйтүү.
2.4. Биотүрдүүлүк
Жайыттардын өсүмдүк курамы негизинен аркар от, ак кодол, эндик, алтын тамыр, эндик, ит мурун, бака жалбырак, ышкын, уйгак, эрмен, бетеге, шыбак, төө куйрук, аю чөп, уу коргошун жана башка өсүмдүктөрүнөн турат. Өсүмдүктөрдүн курамы жана түшүмдүүлүгү аймактын бийиктигине жана жаан-чачындын көлөмүнө жараша өзгөрүп турат.
Жайыттардын жалпы аянты айыл аймагынын жер фондунун болжол менен 76%ын түзөт. Айрым бөлүктөрү ашыкча пайдаланууга жана эрозияга дуушар болгондуктан, акыркы жылдары жайыттардын өсүмдүк биотүрдүүлүгү жана түшүмдүүлүгү кээ бир участоктордо төмөндөп кеткен.
3-бөлүм. малдын саны, алардын жайытка жана кышкы тоютка болгон муктаждыктары
3.1. Малдын саны. Шарттуу малдын башы
АА жыл сайын жылдын аягында айыл башчылар, жеке ветеринардык адистер жана айылдагы активдүү адамдардын катышуусу малдын эсеби жүргүзүлөт. Айылдык аймакта малдын санын тактоо үчүн ар башка булактардан чогулган маалыматтарды колдонуу керек. Себеби, бир эле булактан алынган маалымат так эмес болуп эсептелет. Мисалы, айыл аймактын электрондук базасында катталган малдын саны, кээ бир тургундар кредит алуу үчүн ашыкча малды жана пособие алуу үчүн малдын санын кыскартып койгон учурлар кездешет. Ошондуктан, биз малдын санын тактоо үчүн төмөндөгү 2 булактан алынган маалыматтарды чогулттук.
10-таблица. 1-булак. Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча
| № | малдын түрү | саны | коэффициент | ШМБ |
| 1 | Бодо мал | 3 850 | 1 | 3 850 |
| 2 | Жаш бодо мал | 1 280 | 0,7 | 896 |
| 3 | Майда жандык | 9 215 | 0 | 1 843 |
| 4 | Жылкы | 1 600 | 1 | 1 600 |
| 5 | Тай, кулун | 195 | 0,7 | 137 |
| Баары: | 16 140 | 8 326 | ||
Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча айыл аймакта 8326 шарттуу малдын башы эсептелди. Жайлоого чыккан жана колдо багылган эт, сүт багытындагы малдардын баары эсепке алынды.
11-таблица. 2-булак. Жайлоого чыккан малдын жалпы саны (булак — жайыт адиси)
| № | Малчынын аты-жөнү | Малчынын дареги | ИИМ | МРС | жылкы | ШБ |
| 1 | Жээнбеков Орозбек | Салам-Алик | 60 | 0 | 2 | 62 |
| 2 | Борончу у У | Салам-Алик | 0 | 0 | 60 | 60 |
| 3 | Маман уулу Жакшылык | Салам-Алик | 0 | 500 | 42 | 142 |
| 4 | Байсалов Каныбек | Салам-Алик | 100 | 50 | 5 | 115 |
| 5 | Абдыкадыров Ж | Салам-Алик | 70 | 0 | 5 | 75 |
| 6 | Капаров Т | Салам-Алик | 60 | 0 | 0 | 60 |
| 7 | Акбаров Р | Салам-Алик | 60 | 0 | 0 | 60 |
| 8 | Чымынтаев Д | Салам-Алик | 60 | 0 | 0 | 60 |
| 9 | Эркинбаев З | Салам-Алик | 0 | 0 | 60 | 60 |
| 10 | Арзыматов Б | Салам-Алик | 60 | 0 | 0 | 60 |
| 11 | Дербишов А | Салам-Алик | 60 | 0 | 0 | 60 |
| 12 | Сатыбалдыев К | Салам-Алик | 60 | 0 | 0 | 60 |
| 13 | Бакытбек уулу Э | Салам-Алик | 60 | 0 | 0 | 60 |
| 14 | Алижан уулу С | Салам-Алик | 60 | 0 | 0 | 60 |
| 15 | Чымынтаев У | Салам-Алик | 60 | 0 | 0 | 60 |
| 16 | Каракеев У | Салам-Алик | 60 | 0 | 0 | 60 |
| 17 | Байсалов У | Салам-Алик | 50 | 0 | 0 | 50 |
| 18 | Байсалов Б | Салам-Алик | 50 | 0 | 0 | 50 |
| 19 | Абдыкадыров Д | Салам-Алик | 50 | 0 | 0 | 50 |
| 20 | Жалил У Болот | Салам-Алик | 50 | 0 | 0 | 50 |
| 21 | Караев Д | Салам-Алик | 0 | 600 | 120 | 240 |
| 22 | Чыпаев Суйун | Салам-Алик | 40 | 400 | 0 | 120 |
| 23 | Чыпаев Султанбек | Салам-Алик | 0 | 600 | 0 | 120 |
| 24 | Чылпаков А | Салам-Алик | 20 | 500 | 25 | 145 |
| 25 | Шамшиев М | Салам-Алик | 40 | 0 | 15 | 55 |
| 26 | Жолоев Т | Салам-Алик | 50 | 0 | 0 | 50 |
| 27 | Кулмурзаев Р | Салам-Алик | 80 | 0 | 0 | 80 |
| 28 | Жолоев М | Салам-Алик | 50 | 0 | 0 | 50 |
| 29 | Нышанбаев С | Салам-Алик | 70 | 0 | 0 | 70 |
| 30 | Атабаев Т | Салам-Алик | 0 | 700 | 0 | 140 |
| 31 | Каримов Ж | Салам-Алик | 0 | 700 | 0 | 140 |
| 32 | Курбаналиев Т | Салам-Алик | 0 | 700 | 60 | 200 |
| 33 | Курбаналиев П | Салам-Алик | 0 | 600 | 0 | 120 |
| 34 | Касымов Б | Салам-Алик | 0 | 800 | 0 | 160 |
| 35 | Мамыев Ж | Салам-Алик | 0 | 1000 | 100 | 300 |
| 36 | Турдумаматов С | Салам-Алик | 0 | 800 | 40 | 200 |
| 37 | Сарыков Т | Салам-Алик | 10 | 600 | 60 | 190 |
| 38 | Чекиров А | Салам-Алик | 60 | 0 | 0 | 60 |
| 39 | Рысбаев Ж | Салам-Алик | 55 | 0 | 0 | 55 |
| 40 | Исабаев К | Салам-Алик | 40 | 0 | 0 | 40 |
| 41 | Исабаев М | Салам-Алик | 45 | 0 | 0 | 45 |
| 42 | Айтбаев М | Салам-Алик | 60 | 0 | 0 | 60 |
| 43 | Айтбаев К | Салам-Алик | 20 | 0 | 0 | 20 |
| 44 | Жумабаеев У | Салам-Алик | 17 | 0 | 0 | 17 |
| 45 | Болотбеков К | Салам-Алик | 20 | 0 | 0 | 20 |
| 46 | Чыкыев Э | Салам-Алик | 30 | 0 | 0 | 30 |
| 47 | Исабаев С | Салам-Алик | 25 | 0 | 0 | 25 |
| 48 | Айтбаев Э | Салам-Алик | 40 | 0 | 0 | 40 |
| 49 | Калдыбаев Э | Салам-Алик | 30 | 0 | 0 | 30 |
| 50 | Ажиев Ж | Салам-Алик | 50 | 0 | 0 | 50 |
| 51 | Токтогул уулу З | Салам-Алик | 100 | 0 | 0 | 100 |
| Жайлоого чыккан малдын саны: | 1 982 | 8 550 | 594 | 4 286 | ||
Айыл аймагында статистикалык маалымат боюнча 8326 шарттуу малдын башы катталган болсо, айыл өкмөтүнүн ГЗЗ жайытына 4 286 шарттуу малдын башы жайылаарын жайыт адисинин маалыматынан тактап алдык. Жогорудагы маалыматка ылайык, айыл аймагынын ГЗЗ жайыты, айыл аймагындагы малдын 51%ын гана камсыз кылаарын көрдүк.
12-таблица. Жайыттын камсыз болушу
| ИММ | кой, эчки | жылкы | ШМБ | камсыздалышы | |
| ААдагы малдын саны | 4 746 | 9 215 | 1 737 | 8 326 | |
| Жайлоого чыккан малдын саны: | 1 982 | 8 550 | 594 | 4 286 | 51% |
| ГЗЗ жайыты менен камсыз болбогон малдын саны | 2 764 | 665 | 1 143 | 4 040 | 49% |
Жогорудагы таблицада көрүнгөндөй, жергиликтүү тургундардын малдарынын 62%ы жайыт менен камсыз болбогондугу көрүнүп турат. Бул деген, кээ бир тургундар малдарын башка айыл аймактагы же райондогу тууган-уруктарына, дос-жарларына же кудаа-сөөктөрүнө кошуп жиберишет, тургундарынын басымдуу бөлүгү үй-шартында малды бордоп семиртүү аркылуу эт багытындагы букаларды үй-шартында багышат. Ошондой эле, саап ичкени үй шартында багышы мүмкүн учурлар да бар.
Мунун натыйжасында, жайыттарга болгон басым бир аз азайганы менен, мал чарбасын туура башкаруу жана жайыт ресурстарын натыйжалуу пайдалануу зарылдыгы дагы эле актуалдуу бойдон калууда.
3.2. Тоютка болгон муктаждык
Жайыттарды рационалдуу пайдалануу үчүн малдын тоютка болгон муктаждыгын аныктап, мал кармоо үчүн канча көлөмдөгү даярдалган тоют жана канча көлөмдө жайыт тоюту керектелет деген эсептөөлөрдүн негизинде тоют балансын аныктап алдык. Тоюттун көлөмүн кургак зат түрүндө өлчөгөн туура. Себеби, кургак зат – кургатылган тоют массасы, килограмм менен өлчөнөт. Эгерде, тоютка болгон муктаждыкты кургак зат (КЗ) менен эсептей турган болсок, муктаждыктын көлөмү жыл боюнча өзгөрбөйт. Ал эми тоют жашыл массасынын көлөмү жаздан күзгө чейин өзгөрүп турат. Ошондуктан, тоютка болгон муктаждыкты, керектөөнү кургак зат түрүндө эсептесек, бул сандар өзгөрүүсүз калат.
Малдын тоютка болгон муктаждыгын аныктоо үчүн бир баш малдын 1 күнгө тоюттун кургак зат түрүндө керектөөсүн, андан кийин бир шарттуу малдын башына 1 күнгө кургак зат түрүндө керектөөсүн аныктап алдык.
Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча айылдык аймакта 8326 шарттуу малдын башы бар деп эсептесек, анда кургак затты малдын түрү боюнча күнүмдүк керектөөсүнүн көлөмүн аныктап, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдик.
13-таблица. Малдын саны жана түрлөрү боюнча тоют керектөөсү
| № | Малдын түрү | саны | коэффициент | ШБ | 1ШБ күнүмдүк керектөө 7,5 кг | күнүмдүк керектөөсү, КЗ/кг |
| 1 | Бодо мал | 3 850 | 1 | 3 850 | 7,5 | 28 875 |
| 2 | Жаш бодо мал | 1 280 | 0,7 | 896 | 7,5 | 6 720 |
| 3 | Майда жандык | 9 215 | 0,2 | 1 843 | 7,5 | 13 823 |
| 4 | Жылкы | 1 600 | 1 | 1 600 | 7,5 | 12 000 |
| 5 | Тай, кулун | 195 | 0,7 | 137 | 7,5 | 1 024 |
| Баары: | 16 140 | 8 326 | 62 441 | |||
Бул жерде, айылдык аймактагы 8326 шарттуу баштын күнүмдүк керектөөсү 62 441кг кургак зат түрүндө тоют керектөөсү аныкталды.
Кургак затты күнүмдүк керектөөсүн аныктап алгандан кийин, колдо багуу мезгилинде жана мал жаюу мезгилинде керектелүүчү тоюттун көлөмүн төмөндөгү таблицада аныктап алабыз.
14-таблица. Мезгилдер боюнча тоют керектөөсү
| Мезгили | Күн | күнүмдүк керектөөсү, КЗ/кг | мезгил боюнча керектөөсү, КЗ/кг |
| Колдо багуу мезгили | 120 | 62 411 | 7 492 950 |
| Мал жаюу мезгили | 245 | 62 411 | 15 298 106 |
Биз, жогоруда, айыл аймактагы болгон шарттуу малдын башына колдо кармоо мезгилинде жана жайыттарга жаюуда канча көлөмдө тоют керектелээрин аныктап алдык.
3.3. Жайыт тоютунун көлөмү жана камсыздалышы
Мал жаюу мезгилинде мал чарбасын натыйжалуу жүргүзүү үчүн эң биринчи кезекте тоютка болгон муктаждык так аныкталып алынышы зарыл. Жалпы керектөөнүн канча бөлүгү жайыттан камсыздала турганын эсептеп чыгуу – жайыттарды башкаруу планынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Биздин учурда, жайыт түшүмдүүлүгүн аныктоо үчүн ОсОО “Атлас Плюс” тарабынан 2021-жылы жүргүзүлгөн жайыт мониторингинин жыйынтыктары пайдаланылды.
Бирок бул маалыматтар учурдагы чыныгы абалды толук чагылдырбайт, анткени жайыттардын түшүмдүүлүгү климаттык шарттарга, жаан-чачындын көлөмүнө жана жайыттын пайдалануу интенсивдүүлүгүнө жараша өзгөрүп турат. Ушундан улам, азыркы күндөгү түшүмдүүлүк боюнча кайра мониторинг жүргүзүү зарыл. Долбоор тарабынан, мониторинг точкалары аныкталгандан кийин, жайыт участокторунда, мониторинг жана баалоолор жүргүзүлөт. Мониторингдин жаңы натыйжалары алынгандан кийин, учурдагы реалдуу маалыматтарга таянып, тоютка болгон муктаждыкты жана анын кандай бөлүгү жайыттан камсыздалаарын так эсептеп чыгуу мүмкүн болот.
15-таблица. Жайыт тоютунун жалпы көлөмү
| жайыт | Аянты, га | Түшүмдүүлүк, кг/га | Жалпы түшүмдүүлүк, кг/га | Колдонулганы 60%/кг | |
| Жаздоо жайыты | |||||
| Кош-Этер | 340 | 350 | 119 000 | 71 400 | |
| Кызыл-Байрак | 300 | 400 | 120 000 | 72 000 | |
| Ара-Кол (Бектемир) | 700 | 350 | 245 000 | 147 000 | |
| Ара-Кол | 300 | 350 | 105 000 | 63 000 | |
| Котурбаш | 400 | 350 | 140 000 | 84 000 | |
| Талды-Булак, Кара-Дөбө | 400 | 350 | 140 000 | 84 000 | |
| Балкамыш | 800 | 350 | 280 000 | 168 000 | |
| Билдир | 200 | 350 | 70 000 | 42 000 | |
| Баары: | 3 440 | 1 219 000 | 731 400 | ||
| Жайлоо жайыты | |||||
| Туюк Суу | 101 | 700 | 70 700 | 42 420 | |
| Конурбай-Саз | 414 | 750 | 310 350 | 186 210 | |
| Торгой добо | 990 | 700 | 693 000 | 415 800 | |
| Кол, Туура суу | 761 | 750 | 570 375 | 342 225 | |
| Четин | 171 | 800 | 136 560 | 81 936 | |
| Шор | 1 447 | 800 | 1 157 520 | 694 512 | |
| Жүрөк | 1 104 | 700 | 772 800 | 463 680 | |
| Кайынды | 1 079 | 700 | 755 160 | 453 096 | |
| Годоо | 349 | 700 | 244 020 | 146 412 | |
| Ничке-Сай | 381 | 750 | 285 750 | 171 450 | |
| Байбиче | 600 | 700 | 420 000 | 252 000 | |
| Баары: | 7 395 | 5 416 235 | 3 249 741 | ||
| Күздөө жайыты | |||||
| Кош-Этер | 340 | 370 | 125 800 | 75 480 | |
| Кызыл-Байрак | 300 | 420 | 126 000 | 75 600 | |
| Ара-Кол (Бектемир) | 700 | 400 | 280 000 | 168 000 | |
| Ара-Кол | 300 | 400 | 120 000 | 72 000 | |
| Котурбаш | 400 | 400 | 160 000 | 96 000 | |
| Талды-Булак, Кара-Дөбө | 400 | 400 | 160 000 | 96 000 | |
| Балкамыш | 800 | 370 | 296 000 | 177 600 | |
| Билдир | 200 | 370 | 74 000 | 44 400 | |
| Баары: | 3 440 | 1 341 800 | 805 080 | ||
| Жалпы: | 7 977 035 | 4 786 221 | |||
Биздин пайдалануудагы жайыттарыбыздагы тоюттун көлөмүн аныктап алдык. Жаздоо жайытына караганда күздөө жайытында түшүмдүүлүк көп болгондугун эске алдык. Себеби, малдар жайлоого кеткенден кийин, жайыт чөптөрү өсүп калаарын эске алдык.
16-таблица. Жайыт тоютуна муктаждык
| жайыт | Жайытка чыккан ШБ | 1 ШБ күндүк керектөөсү, КЗ/кг | Баардык мал 1 күндүк керектөөсү, КЗ/кг | Жайыттагы күндүн саны | Керектүү өлчөм, кг |
| Жаздоо | 3 078 | 7,5 | 23 085 | 60 | 1 385 100 |
| Жайлоо | 4 282 | 7,5 | 32 115 | 125 | 4 014 375 |
| Күздөө | 1 876 | 7,5 | 14 070 | 60 | 844 200 |
| Жыйынтыгы | 69 270 | 6 243 675 |
Бүгүнкү күндө биздин жайыттарыбызга фактически жайылып жаткан малдардын шартуу башына керектелүүчү тоют муктаждыгын аныктадык.
17-таблица. Жайыт тоютунун балансы
| жайыт | малдын тоютка болгон муктаждыгы, кг | жайыт тоюту, кг | камсыз далышы,
кг (+/-) |
Тоют менен камсыз болушу, (%) |
| Жаздоо | 1 385 100 | 731 400 | -653 700 | -47% |
| Жайлоо | 4 014 375 | 3 249 741 | -764 634 | -19% |
| Күздөө | 844 200 | 805 080 | -39 120 | -5% |
| Жыл боюнча баары | 6 6 243 675 | 4 786 221 |
15-таблицада, биздин пайдалануудагы жайыттарыбыздагы тоюттун көлөмү аныкталса, 16-таблицада бүгүнкү күндө жайытка чыккан фактически шарттуу малдын, тоютка болгон муктаждыгын аныктап алдык.
Натыйжада, жүргүзүлгөн талдоолорго ылайык жаздоо жайыты, жайытка чыккан малдын тоютка болгон муктаждыгынын жарымын канааттандыра алаарын же болбосо, жайыт эки эсе ашыкча жүк менен пайдаланылып жаткандыгын көрдүк.
Ал эми, жайлоо жайытына чыккан малдын 80%ына жетээрлик экендигин көрө алабыз.
Күз мезгилинде күздөө жайытынан сырткары, чөп чабык жерлер жана айдоо аңыздарга мал жайылаарын эске алсак, анда күздөө жайытыбыз бүгүнкү жайылып жаткан малга жеткиликтүү экендигин көрө алдык.
Ошентип, жүргүзүлгөн талдоолорго ылайык, учурдагы жайыттарды пайдалануу структурасын кайра карап чыгып, жайыттарды башкаруу планын жаңылоо жана пайдалануу шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы турат. Бул өзгөртүүлөр жайыт ресурстарын рационалдуу пайдаланууга жана узак мөөнөттүү туруктуу башкарууну камсыздоого өбөлгө түзөт.
3.4. Кышкы тоюттун көлөмү
Ар бир жеке жана фермердик чарбалар малдарын кышкы колдо багуу мезгилине, өздөрүнүн үлүштүк жана улуттук кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине эгилген эгиндерден тоют камдашат. Айыл аймагында даярдалуучу тоюттун түшүмдүүлүгү жөнүндө маалымат райондук статистикалык комитеттин маалыматынын негизинде, түшүмдүүлүктүн орточо көрсөткүчтөрүнөн алынды.
18-таблица. Тоют өсүмдүктөрүнүн орточо түшүмдүүлүгү
| Тоюттун түрлөрү | Түшүмдүүлүк т/га (КЗ) |
| Табигый чөп | 0,5-1,0 |
| Беде (жылына 2 жолу чаап алынат) | 5,0-6,0 |
| Эспарцет (жылына 1 жолу чаап алынат) | 4,0-5,0 |
| Арпа саманы | 1,0-1,5 |
| Буудай саманы | 1,5-2,0 |
| Жүгөрү пая | 3,0-5,0 |
Айыл аймакта түшүмдүүлүк төмөн болгондугунун себеби, айыл чарба жерлеринин дээрлик көпчүлүгү кайракы жерлер болуп эсептелет. Ал эми чөп чабынды жерлери жаз мезгилинде мал жайыт катары пайдаланылып, малдар жайлоого кеткенден кийин, ал жерлерди коруп, чөптөрүн чаап алышат.
19-таблица. Даярдалган тоюттун эсеби
| № | Тоюттун түрү | Айдоо жерлеринин аянты, га | Түшүмдүүлүк, кг/га | Дүң түшүм, кг | 1 ШМБ 1 күндүк муктаждык, кг | 1ШМБ бага ала турган күндүн саны |
| А | Б | С=А*Б | Д | Е=С/Д | ||
| 1 | Табигый чөп | 1 584 | 700 | 1 108 800 | 7,5 | 147 840 |
| 2 | Беде | 326 | 6 000 | 1 956 000 | 7,5 | 260 800 |
| 3 | Арпа саман | 423 | 1 200 | 507 600 | 7,5 | 67 680 |
| 4 | Буудай саман | 640 | 1 500 | 960 000 | 7,5 | 128 000 |
| 5 | Жүгөрү пая | 283 | 3 000 | 849 000 | 7,5 | 113 200 |
| Бардыгы: | 4 227 | 5 381 400 | 717 520 | |||
| Кышында колдо багуучу күндөрдүн саны: | 120 | |||||
| Даярдалган тоют менен кыш мезгилинде колдо багыла турган малдын саны (ШМБ) | 5979 | |||||
Биздин аймакта 5979 шарттуу малдын башы бар экендигин эске алсак, анда камдалган тоют менен бардык малдын 72%ын гана камсыз кылаары көрүнүп турат. Үлүш жерлер жердин шартына жараша, бир жанга сугат жерден 0,02-0,05сотыхтан, кайракы жерден 0,05 сотых, ал эми чөп ормо жеринен 0,14-0,18 сотыхка чейин берилгендиктен, өздөрү өндүргөн тоют, малды кыш мезгилинде багууга жетпейт. Ошондуктан, тоюттун кээ бир бөлүгүн сатып алууга туура келет.
3.5. Тоют балансы
Малдын даярдалуучу жана жайыт тоютуна болгон муктаждыгы
Тоют балансын түзүү — учурдагы же келечектеги жайыт пайдаланууну жана тоют камдоону пландаштыруу үчүн негизги инструмент болуп эсептелет. Колдо болгон малды кыш мезгилинде тоют менен талаптагыдай камсыз кылуу үчүн даярдалуучу тоюттун көлөмүн жана жайыт тоюттарына малдын муктаждыгын билүү үчүн, даярдалган тоюттардын жана пайдалануудагы жайыт тоютунун маалыматтарын колдонобуз.
20-таблица. Малдын жайытка жана даярдалган тоютка болгон муктаждыгы
| Тоюттун түрлөрү | Тоютка болгон муктаждык 7,5 кг | Колдо бар тоют, кг | Тоюттун камсыздалышы, кг | Камсыздалышы % |
| Жайыттан алынуучу тоют | 15 298 106 | 4 786 221 | -10 511 885 | —69% |
| Даярдалган тоют | 7 492 950 | 5 381 400 | -2 111 550 | —28% |
Жогорудагы талдоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, мал чарбачылыгынын тоют менен камсыздалышын айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринен даярдалган тоюттун көлөмү малдын кышкы мезгилдеги муктаждыгын толук жаба албайт экендигин көрдүк. Чөп чабык жана айдоо жерлеринин аянтынын аздыгынан улам тоюттун жетишсиздиги бар. Натыйжада, жергиликтүү тургундар малды кышкы мезгилде багуу үчүн тоюттун негизги бөлүгүн башка аймактардан сатып алууга мажбур болуп, бул өз кезегинде чарбалардын чыгымдарын көбөйтүп жатат.
Учурдагы эсептөөлөргө ылайык, айыл аймактагы малдын жалпы санынын болгону 31%ын гана учурдагы жайыттарга чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Бул көрсөткүч, жылдан жылга малдын санынын өсүшү менен жайыттарга түшкөн жүктүн күчөп жатканын көрсөтөт. Эгер бул тенденция мындан ары да улана берсе, жайыт экосистемалары деградацияга учурап, келечекте мал чарбачылыгы үчүн негизги тоют булагынын жоголуу коркунучу жогорулайт. Ошондуктан, малдын санын жөн гана көбөйтүүгө эмес, тескерисинче, мал чарбачылыгынан түшө турган пайданы арттыруу үчүн жаңы, туруктуу жана натыйжалуу саясатты иштеп чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
Андыктан, учурдагы шартта негизги максат — малдын санын жөн гана көбөйтүү эмес, тескерисинче, мал чарбачылыгынан түшө турган экономикалык пайданы жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу болушу керек. Бул үчүн аймакта төмөнкү багыттардагы туруктуу жана натыйжалуу саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл:
Малдын сапатына көңүл буруу. Асыл тукум малдын үлүшүн көбөйтүү менен аз сандагы, бирок жогорку өндүрүмдүү мал кармоо.
Жайыттарды туруктуу башкаруу системасын киргизүү. Жайыттарды пайдалануу эрежелерин так сактоо менен которуштуруп пайдалануу жана жайыттарды калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүү.
Жайыттардын альтернативдүү жүгүн азайтуу үчүн тоют базасын чыңдоо. Айдоо аянттарында түшүмдүүлүгү жогору тоют өсүмдүктөрүн көбөйтүү жана чыктуу тоют жана кесек тоют камдоону уюштуруу.
Малды багуу технологияларын жакшыртуу. Кышкы жана үй шартында мал багуунун жаңы ыкмаларын жайылтуу жана колдонуу. Мисалы, гидропоника жана силос сыяктуу тоюттандырууга өтүүнү жайылтуу.
Фермерлерди окутуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Мал чарбасынан туруктуу киреше алуу максатында, мал кармоонун заманбап ыкмалары жана натыйжалуу башкаруу эрежелери боюнча фермерлерди окутуу жана түшүндүрүү иштерин уюштуруу. Малдын санын көбөйтүүгө эмес, кирешелүүлүгүн арттырууга багытталган билим жана тажрыйба алмашуу процессин жолго коюу.
Мындай ыкмалар аркылуу айыл аймагында жайыт ресурстарын сактап, мал чарбачылыкты узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүгө багыттоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Натыйжада, жайыттардын биологиялык ар түрдүүлүгү корголуп, малдын сапаты жана чарбалардын кирешелүүлүгү жогорулайт.
3.6. 5 жылга болжолдонгон шарттуу малдын саны жана тоютка болгон керектөө
Биз жогоруда бүгүнкү күндөгү малдарды жайыттарга жаюуда жана даярдалган тоют менен камсыз кылуудагы ресурстарыбызды эсептеп алдык. Ал эми келечектеги 5 жылда малдарыбыз өсүп отурса, жайыттарыбыз жана кышкы мал кармоодо тоют менен камсыздоого мүмкүнчүлүгүбүздү эсептеп алабыз. Ал үчүн райондук статистикалык комитетинин буга чейинки 5 жылдык өсүү темпин негиз кылып, келечектеги 5 жылда малдын көбөйүүсүн төмөндөгү таблицанын жардамы менен аныктап алабыз.
21-таблица. Малдын тоютка болгон муктаждыгынын өсүү темпи
| № | Малдын түрү | Жылдык орточо өсүү +\- | 2026-2030-жылдардан алынган маалыматка ылайык, малдын түрү боюнча малдын шарттуу башынын орточо жылдык өсүшү тууралуу маалымат, ШБ | ||||
| % | 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | ||
| C=(В*K%)+В | D=(C*K%)+C | E=(D*K%)+D | F=(E*K%)+E | G=(F*K%)+F | |||
| 1 | Бодо мал | 0,01 | 3 889 | 3 927 | 3 967 | 4 006 | 4 046 |
| 2 | Жаш бодо мал | 0,01 | 905 | 914 | 923 | 932 | 942 |
| 3 | Майда жандык | 0,01 | 1 861 | 1 880 | 1 899 | 1 918 | 1 937 |
| 4 | Жылкы | 0,01 | 1 616 | 1 632 | 1 648 | 1 665 | 1 682 |
| 5 | Тай, кулун | 0,01 | 138 | 139 | 141 | 142 | 143 |
| Жалпы ШБ: | 8 409 | 8 493 | 8 578 | 8 664 | 8 750 | ||
| ШБ кургак затты керектөөсү (кг) | 63 066 | 63 696 | 64 333 | 64 977 | 65 626 | ||
2021-2025-жылдарга малдардын ар кандай түрлөрүнүн өсүү темпинин негизинде малдардын санынын өсүү болжолуна талдоо көрсөткөндөй, орточо жылдык өсүү темпи 0,01% болсо, анда 2030-жылга карата бүгүнкү күндөгү малдын санынан 4%га өсөөрү болжолдонууда. Эгерде, малдын өсүү темпи биз болжолдогондой боло турган болсо, 8750 шарттуу малдын башына, күнүнө 65626кг кургак зат тоют талап кылат. Демек, малдын башы көбөйгөн сайын, жайыт аянты жана кышка даярдалуучу тоют, ошончолук көп керектелээрин эске алып, иш алып баруу зарыл.
3.7. Малдын асылдуулугун жакшыртуу
Салам-Алик айыл аймагы 2012-жылдары айыл чарба министрлиги тарабынан 1 даана жасалма уруктандыруучу жабдуулар менен камсыздалган. Бирок, ошол мезгилдери жасалма уруктандырууга тиешелүү заттар жана каражаттар менен камсыздалбастан, толук кандуу иштебей калган.
Бирок, жергиликтүү тургундар өздөрүнүн демилгеси менен малдын асылдуулугун жакшыртуу максатында, 2023-жылы 2 мал, 2024-жылы дагы 4 мал сатып алып жасалма уруктандыруу жолу менен абердин ангус жана швиц породалары уруктандырылып, музоолорду ала баштаган. Ал эми 2025-жылы да 4 мал сатып алып жалпы 12 мал уруктандырылып, бүгүнкү күндө натыйжасын күтүшүүдө.
Сатылып алынган жана уруктандырылган малдар жөнүндө маалымат төмөндөгү таблицада берилди.
24-таблица. Асыл тукум малдар жөнүндө
| АА боюнча асыл тукум мал | Сатылып алынган малдар | Уруктандырылган малдар, (баш) | Бодо малдын үрөндүк материалы | |||||||
| 2023 | 2024 | 2025 | 2023 | 2024 | 2025 | |||||
| уруктанды рылган баш | музоо | уруктанды рылган баш | музоо | |||||||
| 38 | 2 | 4 | 4 | 2 | 2 | 6 | 6 | 12 | Симменталь, Швиц | |
Жасалма уруктандыруу Өзгөн районундагы жеке уруктандыруучу пунктунун адистери тарабынан жүргүзүлүүдө.
Жогорудагы маалыматтардын негизинде жергиликтүү тургундардын асыл тукум малдарга кызыгуусу жылдан жылга артып бараткандыгын байкоого болот. Демек, малдын тукумун жакшыртуу планын түзүп, асыл тукум малдын сапаттуу үрөндүк материалы менен жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруп, асылданган малдарды көбөйтүү зарылдыгы бүгүнкү күндүн талабы болуп турат.
Малдын асылдуулугун жакшыртуу менен эт, сүт өндүрүмдүүлүгү жогорулайт. Демек, малдан пайда табууга өбөлгө түзүлөт. Асыл тукум малдарды үй шартында кармоо менен жергиликтүү тургундардын киреше булагы көбөйүп, жайыттарга малдар аз жайылып, жайыттардын жакшырышына шарт түзүлөт.
25-таблица. ААдагы саан уйдун жана сүттүн көлөмү
| Саан уйдун жалпы саны | Анын ичинен | Суткалык сүттүн көлөмү, литр | АА боюнча сүттүн суткалык көлөмү (литр) | |||
| жергиликтүү уйлар | асыл тукум уй | жергиликтүү уйлар | асыл тукум уй | жергиликтүү уйлар | асыл тукум уй | |
| 878 | 860 | 18 | 5 | 20 | 4300 | 360 |
Статистикалык маалымат боюнча айыл аймагында учурда жалпы 878 саан уй бар. Анын ичинен 860 баш же 98%ы жергиликтүү тукумдагы уйлар болсо, 18 баш же 2%ы асыл тукум уйлар. Бул көрсөткүч айыл аймагында асыл тукум малдын үлүшү дээрлик аз экенин жана мал чарбасын өнүктүрүүдө селекциялык иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын көрсөтүп турат.
Жергиликтүү уйлардын суткалык орточо сүттүүлүгү 5 литрди, ал эми асыл тукум уйлардын сүттүүлүгү 20 литрди түзөт. Башкача айтканда, асыл тукум уйлардын сүт өндүрүмдүүлүгү жергиликтүү уйлардан 4 эсеге жогору экендигин кордуудобуз. Андыктан асыл тукум уйларды багуу экономикалык жактан кыйла натыйжалуу экенин айкын көрсөтуп турат.
Эсептөөлөр боюнча, жергиликтүү уйлардан суткасына 4300 литр, ал эми асыл тукум уйлардан 360 литр сүт алынат. Натыйжада, айыл аймагы боюнча жалпы суткалык сүт өндүрүшү 4660 литрди түзөт.
Мында, маани берип көңүл бура турган нерсе, асыл тукум уйлар жалпы малдын болгону 2%ын гана түзгөнү менен, жалпы сүт өндүрүшүнүн 8%ын камсыздап жатат. Бул, асыл тукум уйларды багуу экономикалык жактан кыйла натыйжалуу экенин айкын көрсөтөт.
Ошондуктан, келечекте айыл аймагында асыл тукум уйлардын үлүшүн 25–30%га чейин көбөйтүү максатка ылайык болмок. Бул чараларды ишке ашыруу жалпы сүт өндүрүшүн 1,5–2 эсеге чейин көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
Мындай натыйжага жетүү үчүн, биринчиден, асыл тукум уйларды көбөйтүү багытында фермерлерди колдоо зарыл. Бул багытта жасалма уруктандыруу, селекциялык иштерди жакшыртуу жана субсидиялык колдоо механизмдерин киргизүү сунушталат. Экинчиден, саан уйлардын тоют базасын чыңдоо, башкача айтканда, протеинге жана витаминге бай тоюттарды даярдоо ишин жакшыртуу маанилүү. Үчүнчүдөн, өндүрүлгөн сүттү кайра иштетүү жана сатуу каналдарын өнүктүрүү аркылуу фермерлердин реалдуу кирешесин көбөйтүү керек.
Жыйынтыктап айтканда, айыл аймагындагы мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү үчүн сүт багытындагы асыл тукум уйларды көбөйтүү, тоют менен камсыздоону жакшыртуу жана рыноктук байланышты чыңдоо негизги багыттар болуп саналат.
4-бөлүм. жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, аларды жакшыртуу боюнча жамааттын орто мөөнөтүү планы
4.1. Фокус-топтун жыйынтыгы боюнча муктаждыктарды/көйгөйлөрдү баалоону талдоо
Үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айларында, Салам-Алик айыл аймагында долбоор алкагында чечилүүчү көйгөйлөр жана муктаждыктарды аныктоо үчүн 9 айылда 36 фокус-топ өткөрүлгөн. Ага 357 адам катышып, анын 59%ын аялдар жана 37%ын жаштар түздү.
Төмөндө фокус-топтордо аныкталган көйгөйлөрдү бир топ багыттарга бөлүп алдык. Ар бир көйгөйлөр боюнча аткарылуучу иш чараларды белгилеп алабыз да, иш чаралардын планын түзүп чыгып, күтүлүүчү натыйжаларды аныктап алабыз. Ошол иш чаралар планында белгиленген иш-чаралар кайсы мөөнөттө, ким тарабынан аткарылаары белгиленет. Ошондой эле, аткарылуучу иш-чаранын каржы булагы сөзсүз аныкталат. Жыйынтыгында, аныкталган көйгөйлөрдү чечүү менен дени сак, асыл тукум малдарды көбөйтүү аркылуу жеке кирешелерди жогорулатуунун негизинде токойлорду, жайыттарды эффективдүү башкаруу жана пайдалануу менен жаратылышты жакшыртууга багытталат.
СИНС методдору менен айылдарда өткөрүлгөн фокус-топтордо төмөнкү артыкчылыктуу багыттар аныкталган, аларды чечүү менен климаттын өзгөрүү шарттарында адаптациялоого жана туруктуу өнүгүүгө мүмкүндүк берет.
24-таблица. Абалды баалоо анализи
| № | Көйгөйлөр | Иш чаралар | Күтүлүүчү натыйжалар |
| 1.Токойлорду жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча | |||
| 1 | Бак-дарактардын азайышы | · Эски токой аянттарын калыбына келтирүү жана жаңы аянттарга бак тигүү
· Токой/бак аянттарын тосмолоо · Токой/бак аянттарын дарылоо · Сугат системасын калыбына келтирүү |
· Токойлор көмүр кычкыл газын сиңирип, атмосферадагы парник газдарынын деңгээлин азайтат
· Жер бетиндеги температураны жөнгө салууга жана климаттык туруктуулукту камсыздоого жардам берет · Биоартүрдүүлүк сакталат. |
| 2 | Жайыттардын деградациясы/ кунардуулугу төмөндүгү | · Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
· Жайыттарды кезектешип пайдалануу · Чөп уруктарын себүү · Жайыттарды азыктандыруу |
· Жайыттарды жакшыртуу аркылуу жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу менен бирге, мал чарбачылыгы, экология жана коомдук турмуш жакшырат. |
| 3 | Таштанды чыгарууга шарт жоктугу | · Таштанды ташуучу унаа сатып алуу
· Таштанды чогултуу пункттарын уюштуруу |
· Экологиялык абал оңолот – жер, суу жана аба булганбайт, жаратылыш тазаланып, экосистема калыбына келет. |
| 4 | Жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө шарт жоктугу (муниципалдык теплица) | · Муниципалдык теплица куруу
· Гүл жана көчөт өндүрүү |
· Муниципалдык теплица, жергиликтүү бюджетке киреше алып келет жана аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө шарт түзүлөт. |
| 5 | Зыянкечтердин көбөйүшү (дрон) | · Зыянкечтерди аныктоо жана көзөмөлдөө үчүн дрон колдонуу, агротехникалык иш-чараларды күчөтүү | · Айдоо аянттарындагы түшүм көбөйөт, өсүмдүктөрдүн сапаты жакшырат. |
| 6 | Эс алуу паркын уюштуруу | · Эс алуу паркын уюштурууга жер аныктоо
· Долбоорлоо жана куруу |
· Эс алуу паркы тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу эс алуу жайы болуп саналат. Бул жерде үй-бүлөлөр, балдар, жаштар жана улуу адамдар убакытты пайдалуу өткөрө алышат. Коомчулук үчүн спорттук, маданий жана социалдык иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөт. |
| 2.Ветеринардык жана жайыт инфраструктурасы боюнча | |||
| 1 | Ветеринардык кызматтын начардыгы | Ветеринардык пунктту оңдоо жана жабдуу алуу, адистерди окутуу | Мал оорулары азаят, малдын саны жана сапаты көбөйөт. |
| 2 | Айыл чарба техникаларынын жетишсиздиги | Кооператив түзүү, техника ижара системасын киргизүү | Айдоо жана жыйноо иштери тездетилет, тоют камдоого шарт түзүлөт. |
| 3.Мал чарбачылыгы жана малдын ден соолугу боюнча | |||
| 1 | Малдын асылдуулугу төмөндүгү | Малдарды мобилдик жасалма уруктандыруу пунктун уюштуруу.
Жеке уруктандыруучу адистерди окутуу |
Малдын асылдуулугун жогорулатуу үчүн 3 мобилдик уруктандыруу пункту уюштурулат. Натыйжада, айыл чарбасында өндүрүмдүүлүктү жогорулатып, экономикалык, экологиялык жана социалдык жактан бир катар оң өзгөрүүлөргө алып келет. |
| 2 | Малдарды көчүрүүгө шарт жоктугу (скотовоз) | Скотовоз сатып алуу же ижара системасын киргизүү | Мал ташуу жеңилдейт, чарбачылык чыгымы кыскарат. |
| 3 | Тоют базасын чыңдоо | Тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү, тоют кампасын куруу | Малдын тоют менен камсыздалышы жакшырат, түшүмдүүлүк өсөт. |
| 4.ОГУЛдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу боюнча | |||
| 1 | Ийгиликтүү иш үчүн ар багытта билимдин жетишсиздиги | ОГУЛ мүчөлөрүн, АӨ адистерин, АК депутаттарын жайыттарды жана башка жаратылыш ресурстарын башкаруунун укуктук маселелери боюнча окутуу | Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча билимдер жогорулады, бул ОГУЛдун ишин жакшыртат жана ОГУЛду туруктуу түзүмгө айландырууга мүмкүндүк берет. |
| 5.Суу ресурстары боюнча | |||
| 1 | Сугат суунун жетишсиздиги (скважина) | Ички чарбалык арыктарды тазалоо
Тамчылатып сугаруу системасын киргизүү |
Сугат суу жеткиликтүү болуп, айыл чарба түшүмү көбөйөт. |
4.2. Жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу планы.
4.2.1. Жайыт пайдалануунун учурдагы абалы
Жайыт – мал чарбасынын негизги тоют булагы болуп эсептелет. Аларды туура жана сарамжалдуу пайдалануу айыл чарбасын өнүктүрүүнүн, экологиялык тең салмактуулукту сактоонун жана калктын жашоо деңгээлин жакшыртуунун маанилүү шарты. Ошондуктан, жайыттарды пайдалануунун учурдагы системасы жергиликтүү өзгөчөлүктөргө, жайыттардын абалына жана малдын сандык көрсөткүчтөрүнө жараша пландалып, төмөндөгү негизги принциптерге таянуубуз зарыл:
Сезондуулукка жараша бөлүштүрүү – жайыттар жаздоо, жайлоо жана күздөө болуп пайдаланылат. Ар бир сезондо жайыттын сыйымдуулугуна жараша, малдын саны жана жайыт аймагы так аныкталып, чарбанын тоют муктаждыгы камсыз кылынат.
Ротациялык система – жайыт аймактары бир нече бөлүккө бөлүнүп, белгилүү убакытта бир гана бөлүгүндө мал жайылат. Калган бөлүктөрү эс алып, чөп кайра калыбына келет. Мындай ыкма жайыттын деградациясын алдын алып, мал үчүн туруктуу жана сапаттуу тоют базасын камсыздайт.
Сыйымдуулукка жараша пайдалануу – ар бир жайыт участогунун сыйымдуулугу аныкталат. Малдын саны, жайыт сыйымдуулугунан ашпоого тийиш, бул болсо жайыттын түшүмдүүлүгүн жана туруктуулугун сактоого өбөлгө түзөт.
Жергиликтүү шарттарды эске алуу – жайытты пайдаланууда аймактын климаттык өзгөчөлүктөрү, айыл чарба эгиндерин айдоо жана оруп-жыйноо мезгилдери эске алынат. Бул болсо, жайыт менен дыйканчылыктын ортосундагы тең салмактуулукту камсыздайт.
Демек, жогорудагы принциптерге таянуу менен биздин шартта жайыт пайдалануунун учурдагы жана пландалган системасы аныкталып, анын негизги максаты – жайыт ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, туруктуу мал чарбасын камсыз кылуу жана келечек муундарга дени сак жайыттарды өткөрүп берүү болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө, жайыттарды пайдаланууда алардын сыйымдуулугу так эсептелбегендиктен, жайыттар сыйымдуулук нормалары эске алынбастан, бөлүштүрүлүп, пайдаланылып келген. Жайыт пайдалануунун пландалган системасын киргизүү аркылуу, жайыттарга болгон ашыкча басым азайып, алардын рационалдуу жана туруктуу пайдаланылышы камсыз кылынат.
Жайыттарды оптималдуу пайдалануу үчүн төмөнкүдөй чараларды көрүү сунушталат:
Ашыкча мал жайылган жайыттарды жөнгө салуу.
- Мал ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жайыт ресурстарынын чектелүү экендигин, ашыкча пайдалануунун келечектеги кесепеттерин жеткиликтүү түшүндүрүү.
- Малдын санын кыскартуу боюнча сунуштарды берүү жана ар бир жайыт үчүн белгиленген сыйымдуулук нормаларын тааныштырууу.
Малды которуу чаралары.
- Басым аз жайыттарга ашыкча басым түшкөн жайыттардан малды которуу.
- Бул үчүн мал ээлери менен жайыт адисинин ортосунда уюштуруучулук иштерди жүргүзүү.
- Жайыт жүгүн тең салмактуу бөлүштүрүү аркылуу деградацияга дуушар болгон аймактарды калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.
Жайыттарга мониторинг жана баалоо жүргүзүү.
- Ар бир жайыт категориясы жана участок боюнча өзүнчө мониторинг жүргүзүп, жыл сайын басым көрсөткүчтөрүн тактап туруу.
- Малдын жайгашуусу боюнча электрондук карта түзүп, кайсы аймакта ашыкча пайдалануу бар экенин так белгилөө.
Жыйынтыктап айтканда, жайыттарда ашыкча басымдын болушу – айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө олуттуу коркунуч жаратат. Ошондуктан, жайыттарды оптималдуу пайдалануу үчүн сандан сапатка өтүү жана жайыт басымын тең салмактуу бөлүштүрүү зарыл. Бул чаралар ишке ашса, жайыт ресурстарынын узак мөөнөттүү сакталышына жана мал чарбасынын туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүлөт.
4.2.2. Жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу планы
Акыркы жылдардагы мониторингдин жыйынтыктары көрсөткөндөй, калктуу пункттарга жакын жайгашкан жазгы жайыт участокторунда малдын жүктөмү белгиленген нормадан кыйла ашыкча болуп жатат. Бул жагдай жайыттын деградация процесстеринин күчөшүнө алып келүүдө.
Аталган көйгөйдү жоюу максатында бул участоктор үчүн мал жаюунун системасы иштелип чыгып, ар бир жайыт аймагы малдардын сыйымдуулугуна жараша бөлүштүрүлөт. Ошондой эле, жайытка чыгуунун тартиби жана графиги так аныкталып, жайыт пайдалануучуларга убагында жеткирилет.
Деградациянын жайылуу коркунучу бар участоктордо интенсивдүү которуштуруп пайдалануу системасы киргизилет. Бул ыкма аркылуу жайыттардын чарба жүктөмү тең салмактуу бөлүштүрүлүп, өсүмдүктөрдүн кайра калыбына келүү мүмкүнчүлүгү камсыздалышы керек.
Мониторинг жана баалоо иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча жайыттардын абалы так аныкталат жана анын негизинде жайыттарды которуштуруп пайдалануу, эс алдыруу жана жакшыртуу боюнча чаралар жүргүзүлөт. Бул чаралар жайыт ресурстарын узак мөөнөттүү жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылат.
Жайыттарды нормадан ашык пайдалануу алардын деградациясына, өсүмдүктөрдүн түрдүк курамынын өзгөрүшүнө жана топурактын түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келери белгилүү. Ошондуктан:
- малды, жайыттын сыйымдуулугуна жараша бөлүштүрүү;
- жайытка чыгуунун тартибин жана графигин так сактоо;
- интенсивдүү которуштуруп пайдалануу системасын иш жүзүндө колдонуу –
булардын баары жайыт ресурстарын сактоонун жана калыбына келтирүүнүн негизги шарттары болуп саналат.
Мониторингдин негизинде алынган так жана системалуу маалыматтар жайыттарды илимий негизде башкаруу, рационалдуу пайдалануу жана узак мөөнөткө сактоо үчүн ишенимдүү маалымат базасын түзөт.
Мындан тышкары, жайыттарды эс алдыруу планы алдын ала макулдашылып, айылдык кеңеш тарабынан бекитилет. Бул план бардык жайыт пайдалануучуларга жеткиликтүү түрдө түшүндүрүлүп, ар бир малчы жана айыл тургуну тарабынан так аткарылышы зарыл.
Жайыттарды эффективдүү жана жоопкерчиликтүү пайдалануу – бул мал чарбасын туруктуу өнүктүрүүнүн, экологиялык коопсуздукту сактоонун жана келечек муундарга табигый ресурстарды сактап өткөрүүнүн башкы кепилдиги болуп саналат.
25-таблица. Жайыттарды эс алдыруу
| Жайыт участогу | аянты, га | сезону | жылдар | ||||||
| 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | |||||
| Кош-Этер | 340 | жаз-күз | 15-апрелден-15-сентябрга чейин | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | |||||
| Кызыл-Байрак | 300 | жаз-күз | 15-апрелден-15-сентябрга чейин | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | |||||
| Ара-Кол (Бектемир) | 700 | жаз-күз | 15-апрелден-15-сентябрга чейин | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | |||||
| Ара-Кол | 300 | жаз-күз | 15-апрелден-15-сентябрга чейин | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | |||||
| Котурбаш | 400 | жаз-күз | 15-апрелден-15-сентябрга чейин | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | |||||
| Талды-Булак, Кара-Дөбө | 400 | жаз-күз | 15-апрелден-15-сентябрга чейин | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | |||||
| Балкамыш | 800 | жаз-күз | 15-апрелден-15-сентябрга чейин | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | |||||
| Билдир | 200 | жаз-күз | 15-апрелден-15-сентябрга чейин | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | |||||
| Туюк Суу | 101 | жайлоо | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | 50% эс алдыруу | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | ||||
| Конурбай-Саз | 414 | жайлоо | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | 50% эс алдыруу | ||||
| Торгой добо | 990 | жайлоо | 50% эс алдыруу | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | ||||
| Кол, Туура суу | 761 | жайлоо | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | 50% эс алдыруу | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | ||||
| Четин | 171 | жайлоо | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | 50% эс алдыруу | ||||
| Шор | 1 447 | жайлоо | 50% эс алдыруу | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | ||||
| Жүрөк | 1 104 | жайлоо | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | 50% эс алдыруу | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | ||||
| Кайынды | 1 079 | жайлоо | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | 50% эс алдыруу | ||||
| Годоо | 349 | жайлоо | 50% эс алдыруу | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | ||||
| Ничке-Сай | 381 | жайлоо | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | 50% эс алдыруу | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | ||||
| Байбиче | 600 | жайлоо | Мал жаюу эрежесин сактоо менен пайдалануу | Жайыттарды которуштуруп пайдалануу | 50% эс алдыруу | ||||
Мал жаюуну көзөмөлдөө үчүн жайыттарды пайдалануу графиги түзүлөт. Графикти так сактоо боюнча ар бир жайыт пайдалануучуга алдын ала маалымдалып, эскертүүлөр берилет.
Жайыт пайдалануучулар жайлоо жайытынан кайткандан кийин күздөө жайытынан сырткары чөп орок жерлерине жана аңыздарга жайышат. Ошондуктан, күздөө жайыттарына анчалык көп жүктөм болбойт.
4.3. Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү планы
Жайыттарды туруктуу пайдалануу жана деградацияны алдын алуу максатында алардын абалына үзгүлтүксүз мониторинг жана баалоо жүргүзүү зарыл. Бул иш-чаралар комплекстүү түрдө уюштурулуп, төмөнкү багыттарды камтыйт.
Эң алгач, ар бир жайыттын аянты, жайгашкан жери жана учурдагы абалы боюнча маалымат базасы түзүлөт. Андан кийин жыл сайын, эки жолу (жаз,күз) жайыттарга мониторинг жүргүзүлүп, жайыттардын абалына баалоо жүргүзүлүп турулат.
Мониторинг жана баалоо иштеринин жыйынтыгында, жайыттардын түшүмдүүлүгү эсептелип, чөптүн көлөмү жана сапаты боюнча маалыматтар алынат. Ошону менен катар, эрозия деңгээли бааланып, шамал жана жамгырдын таасири менен топурактын бузулуу процесси аныкталат.
Мындан тышкары, жайытты ашыкча пайдалануу көрсөткүчү такталып, жайыттарга болгон басым жана жайыттын сыйымдуулугу аныкталат. Ошол эле учурда, биотүрдүүлүктүн азайышы өзүнчө фактор катары каралып, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрүнүн өзгөрүүсү боюнча маалымат топтолот.
Жогорудагы маалыматтардын негизинде жайыттардын абалы толук талданып, кайсы аймактарда деградация күчтүү экени жана кайсы жайыттар жакшыртууну талап кылары так аныкталат. Бул өз кезегинде, жергиликтүү бийликке жана жайыт адисине туура чечимдерди кабыл алууга, келечектеги башкаруу жана жакшыртуу пландарын түзүүгө негиз болот.
Мындан тышкары, жайыт инфраструктурасынын абалы аныкталып, тиешелүү иш чаралар белгиленет. Мониторинг процессине жергиликтүү коомчулуктун катышуусу да өзгөчө маанилүү: жайыт пайдалануучулардын пикирлери жана сунуштары эске алынат.
Жыл сайын, жайыт жана жайыт инфраструктурасынын абалы боюнча жыйынтык отчет даярдалып, айыл өкмөтүнө жана жайыт адисине сунуштар берилет. Бул отчеттун негизинде жайыттарды башкаруу боюнча жаңы чечимдер кабыл алынып, муктаж болгон жерлерде кошумча иш-чаралар пландаштырылат.
Ошондой эле, заманбап ыкмаларды колдонуу да пландалууда. Атап айтканда, GPS, дрон жана спутник сүрөттөрү аркылуу жайыт абалы так көзөмөлдөнүп, алынган маалыматтар жогорку тактык менен талданат.
Жыйынтыктап айтканда, бул мониторинг жана баалоо планы жайыттардын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турууга, алардын туруктуу пайдаланылышын камсыз кылууга жана жергиликтүү коомчулуктун жашоо-шартын жакшыртууга багытталат.
Долбоордун адистери тарабынан ар бир жайыт участогунда мониторинг жана баалоо жүргүзүлүүчү атайын чекиттер (пункттар) алдын ала аныкталат. Бул чекиттер жайыттын географиялык жайгашуусуна, рельефине жана өсүмдүк каптоосунун өзгөчөлүктөрүнө жараша тандалат. Ар бир тандалган чекит боюнча так координаттар GPS түзмөктөрүнүн жардамы менен өлчөнүп, атайын мониторинг картасына киргизилет.
Бул маалыматтар жайыттардын абалын туруктуу көзөмөлдөөгө, өзгөрүүлөрдү салыштырууга жана келечекте пландуу жакшыртуу иш-чараларын жүргүзүүгө негиз болуп кызмат кылат. Натыйжада ар бир жайыт участогу боюнча абалдын динамикасы так аныкталып, рационалдуу башкаруу үчүн ишенимдүү маалымат базасы түзүлөт.
26-таблица. Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча иш-чаралар
| № | Жайыт участогунун аталышы | Пайдалануу сезону | аянты, га | тандалып алынган жайыт участогу | Жылдар боюнча МжБ жүргүзүү | ||||
| 2026 | 2027 | 2028 | 2029 | 2030 | |||||
| 1 | Кош-Этер (Кен Жылга, Бек Кырчын) | жаз-күз | 340 | х | х | х | х | х | |
| 2 | Кызыл-Байрак (Сасык) | жаз-күз | 300 | х | х | х | х | х | |
| 3 | Ара-Кол (Бектемир ) | жаз-күз | 700 | х | х | х | х | х | |
| 4 | Ара-Кол (Талды-Булак) | жаз-күз | 300 | х | х | х | х | х | |
| 5 | Котурбаш | жаз-күз | 400 | х | х | х | х | х | |
| 6 | Талды-Булак, Кара-Дөбө | жаз-күз | 400 | х | х | х | х | х | |
| 7 | Балкамыш | жаз-күз | 800 | х | х | х | х | х | |
| 8 | Билдир | жаз-күз | 200 | х | х | х | х | х | |
| 9 | Туюк Суу | жайлоо | 101 | х | х | х | х | х | |
| 10 | Конурбай-Саз | жайлоо | 414 | х | х | х | х | х | |
| 11 | Торгой добо | жайлоо | 990 | х | х | х | х | х | |
| 12 | Кол, Туура суу | жайлоо | 761 | х | х | х | х | х | |
| 13 | Четин | жайлоо | 171 | х | х | х | х | х | |
| 14 | Шор | жайлоо | 1 447 | х | х | х | х | х | |
| 15 | Жүрөк | жайлоо | 1 104 | х | х | х | х | х | |
| 16 | Кайынды | жайлоо | 1 079 | х | х | х | х | х | |
| 17 | Годоо | жайлоо | 349 | х | х | х | х | х | |
| 18 | Ничке-Сай | жайлоо | 381 | х | х | х | х | х | |
| 19 | Байбиче | жайлоо | 600 | х | х | х | х | х | |
4.4. Жайыт ресурстарын башка максаттар үчүн пайдалануу жана башкаруу планы
Жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башка багыттарда пайдалануу аркылуу кошумча киреше алуу жана коомчулуктун муктаждыктарын камсыз кылуу маанилүү болуп саналат. Бул максатта бир нече иш-аракеттерди ишке ашыруу пландалууда.
Биринчи кезекте, жайыттарды агроэкотуризм жана эс алуу максатында пайдалануу каралат. Туристтик маршруттарды уюштуруу, чатыр тигүү жана эс алуу жайларын куруу, ат минүү сыяктуу кызматтарды киргизүү аркылуу жергиликтүү калк үчүн кошумча киреше булагы түзүлөт.
Экинчиден, айрым жайыттар чөп өндүрүү жана тоют даярдоо үчүн пайдаланылат. Бул мал чарбага жетиштүү тоют базасын түзүп, жайыттарга болгон ашыкча басымды азайтууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле, бал аарыларын багуу үчүн гүлдүү аймактарды пайдалануу да пландалууда. Бул багыт жергиликтүү фермерлерге бал өндүрүүнү кеңейтүүгө жана кошумча киреше табууга шарт түзөт.
Үчүнчү багыт – жаратылыш ресурстарын пайдалануу. Айрым жайыт аймактарында жапайы мөмө-жемиш жана дарылык өсүмдүктөрдү мыйзамдуу чогултуу аркылуу элге кошумча киреше жана табигый дары-дармек булагы камсыз кылынат.
Жыйынтыгында, бул планды ишке ашыруу менен жайыт ресурстары туруктуу жана ар тараптуу пайдаланылып, жергиликтүү калктын жашоо-шарты жакшырат жана коомдук кызыкчылыктар камсыздалат.
4.5. Малдын ден соолугун коргоо боюнча иш-чаралар
Салам-Алик айыл аймагында малдын санынын жыл сайын өсүшү менен бирге, малдын ден соолугун сактоо жана ветеринардык кызматтын сапатын жогорулатуу маселеси өзгөчө мааниге ээ болуп келет. Айыл аймагындагы мал чарбачылыгынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо үчүн төмөнкү негизги иш-чаралар сунушталат жана жүргүзүлүшү зарыл:
Ветеринардык алдын алуу иш-чаралары:
- Ар түрдүү жугуштуу жана жугушсуз оорулардын алдын алуу максатында жыл сайын пландуу түрдө эмдөө иштерин жүргүзүү;
- Өзгөчө кооптуу оорулардын (кыргын, күйдүргү, кара оору ж.б.) чыгуу коркунучу бар аймактарда профилактикалык вакцинацияны өз убагында аткаруу;
- Малдын кан анализин алуу жана лабораториялык көзөмөлдү күчөтүү.
Ветеринардык тейлөө кызматын жакшыртуу:
- Айылдык ветеринардык пункттардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо (дары-дармек, муздаткыч, транспорт каражаттары, эмдөө шаймандары ж.б. менен камсыздоо);
- Ветеринардык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу жана тажрыйба алмашуу иш-чараларын өткөрүү;
- Ар бир айылда малдын ден соолугун каттоо жана мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү.
Малдын санитардык шарттарын жакшыртуу:
- Кыштоо жана жайыт мезгилинде мал кармоочу жайларды санитардык талаптарга ылайык кармоо;
- Малдын жугуштуу оорулары чыккан учурда тез арада обочолонтууну жана дезинфекция иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуу.
Коомдук маалымдоо жана түшүндүрүү иштери:
- Мал ээлерине ветеринардык-гигиеналык талаптар, оорулардын алдын алуу чаралары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Айыл тургундары арасында ветеринардык маданиятты жогорулатуу, ооруларга байланыштуу маалыматты өз убагында билдирүү механизмин түзүү.
Малдын асылдуулугун жана тукум сапатын жакшыртуу:
- Асыл тукум бука жана кочкорлорду пайдалануу аркылуу малдын тукумдук сапатын жогорулатуу;
- Генетикалык жактан туруктуу жана ооруларга туруктуу мал породаларын жайылтуу.
4.6. Айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар
Айлана-чөйрөнү коргоо – коомдун жана мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана келечек муундар үчүн таза чөйрөнү сактоо бүгүнкү күндө эң актуалдуу маселелерден болуп калды.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар, бир нече негизги багыттарга бөлүнөт.
Биринчиден, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу. Жайыттарды, токойлорду жана суу ресурстарын рационалдуу колдонуу, ашыкча пайдалануунун алдын алуу жана алардын жаратылыш балансын сактоо милдеттүү. Бул үчүн жергиликтүү деңгээлде ресурстарды көзөмөлдөө жана натыйжалуу башкаруу механизмдери ишке ашырылышы зарыл.
Экинчиден, булгануунун алдын алуу жана азайтуу. Атмосферага зыяндуу газдардын чыгышын азайтуу, таштандыларды кайра иштетүү, суунун жана топурактын булгануусун алдын алуу боюнча чаралар көрүлүшү керек. Айыл жергесинде өзгөчө мал чарбасынан чыккан калдыктарды туура утилдештирүү жана санитардык эрежелерди сактоо маанилүү.
Үчүнчүдөн, биотүрдүүлүктү сактоо. Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрүн коргоо, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрдү көбөйтүү, табигый экосистемаларды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүгө тийиш. Бул багытта заказниктерди, корук аймактарын түзүү же кеңейтүү маанилүү роль ойнойт.
Төртүнчүдөн, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жана алдын алуу чаралары. Жайыттарды жана айыл чарбасын туура башкаруу аркылуу көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн азайтуу, энергиянын альтернативдүү булактарын (күн, шамал) киргизүү жана жергиликтүү калкты бул маселелер боюнча маалымдоо зарыл.
Бешинчиден, экологиялык билим берүү жана маалымат таратуу. Калкты айлана-чөйрөнү коргоо маданиятына тартуу, мектептерде жана коомдук уюмдарда экологиялык сабактарды өткөрүү, маалыматтык кампанияларды жүргүзүү айлана-чөйрөнү сактоо боюнча туруктуу адаттарды калыптандырат.
Жыйынтыктап айтканда, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын системалуу түрдө ишке ашырылышы – ресурстардын туура пайдаланылышына, калктын ден соолугуна жана жашоо сапатынын жакшырылышына өбөлгө түзөт. Бул аракеттер жергиликтүү жана улуттук деңгээлде экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга, ошондой эле келечек муундар үчүн таза жана жашоого ыңгайлуу чөйрөнү сактоого чоң салым кошот.
- Инвестициялар жана иш-чаралар
Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планын ишке ашыруу максатында, төмөндөгү перспективдүү план түзүлдү. Перспективдүү планда CS-FOR долбоору жана башка булактар тарабынан каржылануучу кичидолбоорлор ишке ашырылат.
27-таблица. Перспективдүү план.
| № | Кичидолбоордун аталышы | Жайгашкан жери | Мөөнөтү | Жалпы сумма, миң сом | Каржылоо булагы, миң.сом | ||
| АӨ/МИ | Башка булактар (ӨФ, ОКӨФ, долбоор) | Башка (демөөрчү, жамаат) | |||||
| 1 | Токойлорду жана жайыттарды башкаруу пайдалануу | ||||||
| 1 | Асылдуулугу төмөн жайыттарга чөп уругун себүү | Жаз-күз, жайлоо жайыттары | 2026-2030 | 1 200,0 | 200,0 | 1 000,0 | |
| 2 | Токойлорду жана жайыттарды дарылоо үчүн дрон сатып алуу | Жаз-күз, жайлоо жайыттары | 2026 | 1 400,0 | 200,0 | 1 000,0 | 200,0 |
| 3 | Кунарсыз жайыттарды өздөштүрүп, бак-дарак тигүү | Жакынкы жайыттар | 2026-2030 | 750,0 | 250,0 | 500,0 | |
| 2 | Ветеринардык жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу | ||||||
| 1 | Жакынкы жана алыскы жайыт жолдорун оңдоо жана калыбына келтирүү | 15 жаш Заңылдама Кум кайкы | 2026-2030 | 250,0 | 200,0 | 50,0 | |
| 2 | Ветеринардык кызматты жакшыртуу | Салам-Алик айыл аймагында | 2027 | 2000,0 | 300,0 | 1700,0 | |
| 3 | Көпүрө куруу | Талды Булак Шор | 2028-2029 | 900,0 | 200,0 | 700,0 | |
| 4 | Яма Беккари куруу | Торгой, Көл Шор, Годоо, Кайыңды, Байбиче | 2027-2030 | 1 000,0 | 300,0 | 700,0 | |
| 5 | Жуут пунктун ондоо | Кайыңды | 2029 | 800,0 | 150,0 | 650,0 | |
| 3 | Малдын асылдуулугун жана тоют базасын жакшыртуу | ||||||
| 1 | Тоют даярдоочу жабдууларды сатып алуу цех уюштуруу | Кош-Этер | 2026-2029 | 3 500,0 | 500,0 | 3 000,0 | |
| 2 | Жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу | Салам-Алик айылына | 2026-2028 | 1 400,0 | 200,0 | 1 200,0 | |
| Бардыгы: | 14 600,0 | 2 700,0 | 10 150,0 | 1 750,0 | |||
4.8. Жайытты пайдалануу режими жана бузуулар үчүн жоопкерчилик.
Жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук планы – айылдык Кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин бардык жайыт пайдалануучулар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Жайыт пайдалануучулар жайыттарды жаюунун жана пайдалануунун белгиленген режимин бузгандыгы үчүн укуктук жол-жоболорго ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Тиешелүү айылдык аймактын чегинде зарыл болгон жол-жоболорду ишке ашырууга негиз түзүү максатында жайыттарды пайдалануунун режими айылдык Кеңештин сессиясында бекитилет
. 4.8.1. Ички тартип эрежелери
- Мал жаюу мөөнөттөрү
— Жайыт сезону 10-апрелден башталат.
— Жайыт сезону 20-ноябрдан аяктайт.
— Жайлоолорго көчүрүү 20-майдан, 10-июнга чейин .
— Жайлоолордон көчүп келүү 20-августтан 15-сентябрга чейин.
- Жайыт акы төлөөнүн мөөнөттөрү
Жайыт билети үчүн:
50% — 15-апрелден кечиктирилбестен;
50% — 1-ноябрдан кечиктирилбестен;
- Жайытты башка максатка пайдаланган учурда:
50% — келишим түзүлөөрү менен;
50% — келишим түзүлгөндөн 3 ай аралыгында;
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу үчүн жыйым 100% төлөнөт.
- Жайыт билетинде көрсөтүлгөн малдын саны мал санактын маалыматтарына дал келиши керек;
- Жайыттарга сырттан алынып келинген малдарды жаюуга тыюу салынат.
- Малчылар жайыт билетинде көрсөтүлгөн гана участокторго мал жаюуга милдеттүү;
Бардык жайыт пайдалануучулар, жайытты пайдалануунун жогоруда көрсөтүлгөн режимдерин аткарууга милдеттүү.
Жогорудагы жайыт режимин бузгандар Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарынын негизинде жоопко тартылышат.
4.8.2. Бузуулар үчүн жоопкерчилик
- Ушул жылдын 15-мартына чейин, айдоо аянттарына кирген малдарга эскертүү берилет.
- Эгерде мал жандыктар айдоо аянтына 15-марттан кийин түшө берсе, иш аксакалдар сотуна өткөрүлөт, аксакалдар соту Административдик айыпты аныктап, келтирилген зыянды толотот.
- Эгерде мыйзам бузуу экинчи жолу кайталанса, төлөмдүн суммасы эки эсеге көбөйөт. Алар мыйзамга ылайык, айып пулду төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн тийиштуу органдарга откорулуп берилет.
- Айылдык кеңеш жергиликтүү тургундардын малын баккан чабандарга төмөнкүдөй төлөмдү белгилейт:
- 1 баш ИММга айына 800 сом, кой-эчкиге 1 башка айына – 150 сом.
Ар бир жалданма чабан менен 3 тараптуу келишим түзүлөт (МИ, жайыт адиси жана чабан). Чабандар тарабынан малдын акысын өзүм билемдик менен көтөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
5-бөлүм. жайыт ресурстарын башкаруудагы гендердик аспекти
5.1. Гендердик теңчилик жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу
Жайыт башкаруу планын түзүү үчүн гендердик-сезимтал форматта маалыматтарды талдоо жүргүзүү зарыл-башкача айтканда, жаратылыш ресурстарга жетүүдө жана контролдоодо, экономикалык ишмердүүлүктө жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу методдорунда аялдар менен эркектердин тажрыйбасын талдоо. Ошондой эле, улуу муундун тажрыйбасын эске алуу, жаштарды даярдоо жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана аялдар жетектеген үй-бүлөлөр сыяктуу аялуу топторду колдоо маанилүү. Ошентип, бардык топтордун, анын ичинде аялдардын пикирин жана муктаждыктарын эске алуу, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруунун комплекстүү планын даярдоонун маанилүү элементи болуп саналат.
5.2. Гендердик бөлүштүрүлгөн маалыматтарды чогултуу
Жайыт ресурстарын туруктуу башкаруунун гендердик-сезимтал планын түзүүнүн алкагында талдоо жүргүзүү үчүн эркектер менен аялдардын тажрыйбасындагы жана муктаждыктарындагы көйгөйлөрдү жана айырмачылыктарды аныктоо үчүн эркектер жана аялдар боюнча бөлүнгөн маалыматтарды (гендердик-бөлүнгөн же гендердик-дезагрегацияланган маалыматтар) чогултуу жана пайдалануу зарыл.
28-таблица. Жайыт ресурстарын башкаруунун гендердик аспектисинин жыйынды таблицасы
| Багыттар | Жыйналган маалыматтар | Эркектер менен аялдардын тажрыйбасындагы аныкталган айырмачылыктар | Аялдар үчүн аныкталган тоскоолдуктар |
| Жаратылыш ресурстарына жетүү | Аялдар жана жаштар уюмдарынан алынган маалыматтар | Аялдар көбүнчө жаратылыш ресурстарын күнүмдүк тиричилик жана үй-бүлөлүк муктаждыктар үчүн пайдаланышат, мисалы, суу, отун, чөп жана азык-түлүк өндүрүү. | Аялдар көп учурда жаратылыш ресурстарына жетүүдө гендердик жана маданий тоскоолдуктарга туш болушат |
| Чечим кабыл алууга катышуу | ОГУЛдун жыйналыштарында, фокус-топтордон алынган маалыматтар | Эркектер: өз алдынча чечим кабыл алышат
Аялдар: башка адамдардын пикирин эске алуу менен чечим кабыл алышат |
Чечим кабыл алуу процессинде эркектердин үстөмдүгү алардын өз ордун табуусун жана таасир этүү мүмкүнчүлүгүн азайтат. |
| Иш менен камсыз болуу деңгээли жана экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү | Айыл өкмөтү, ОГУЛ жумушчу тобу | Аялдар көпчүлүк учурларда үй-бүлөлүк жана социалдык ролдорго байланыштуу иш менен камсыз болууда эркектерге караганда төмөнкү деңгээлде болушат | Аялдар көбүнчө үй чарбасындагы же балдарга кам көрүү сыяктуу социалдык милдеттерди аткарышат. Ал, бизнес жүргүзүүгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн. |
| Билим берүү жана финансылык ресурстарга жетүү | Айыл өкмөтү, ОГУЛ, билим берүү мекемелери | Аялдар көп учурда үй-бүлөлүк милдеттерин аткаруу менен чектелип, билим алууда кыйынчылыктарга туш болушат. Алар көбүнчө иш жана үй-бүлө ортосундагы тең салмактуулукту сактоо үчүн көп күч жумшашат. | Билим алууда жана жеке ишкердик жүргүзүүдө үй-бүлөнүн колдоосунун жетишсиздиги |
5.3. Жайыт ресурстарын башкаруунун гендердик планын иштеп чыгуу
Бул пунктта максаттар жана милдеттер белгиленет жана жаратылыш ресурстарын гендердик-сезимтал башкаруунун планы келтирилет, ал төмөнкү таблица түрүндө таризделет.
29-таблица. Жайыт ресурстарын башкаруунун гендердик планын иштеп чыгуу
| Аныкталган көйгөйлөр
(багыттар боюнча) |
Иш-чаралар | Күтүлгөн жыйынтыктар | Индикаторлор | Ишке ашыруу мөөнөтү |
| Жайыт ресурстарына жетүү | ||||
| Жайыт ресурстарын башкарууда аялдардын катышуусунун төмөндүгү | Аялдардын демилгелерин колдоо | Аялдардын демилгелери колдоого алынат | Долбоорду ишке ашырууда аялдардын катышуусу 30%дан кем эмес | 2026-2030 |
| Чечим кабыл алууга катышуу | ||||
| Көйгөйлөрдү аныктоодо жана тандоодо, чечим кабыл алууда аялдардын катышуусунун төмөндүгү | Фокус-топтор, отурумдар | Аялдардын катышуусун камсыз кылуу | Чечимдерди кабыл алууда аялдардын катышуусу 30%дан кем эмес | 2026-2030 |
| Иш менен камсыз болуу деңгээли жана экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү | ||||
| Айылдарда жеке ишкер-дик менен алектенген аялдар же/жана алардын тобуна ар тараптуу колдоонун жоктугу | Жеке ишкердиктин багыттарын аныктоо | Бир нече үй бүлөлөрдү жумуш орду менен камсыз кылуу аркылуу, социалдык экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу | Мүмкүнчүлүгү жакшыртылган үй бүлөлөрдүн саны | 2026-2030 |
| Билим берүү жана финансылык ресурстарга жетүү | ||||
| 1.Финансылык сабаттуулуктун төмөндүгү
|
Аялдар үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча атайын окууларды уюштуруу | Финансылык сабаттуулук жана долбоор жазуу боюнча билим, көндүмдөр берилет | Ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлор аркылуу социалдык экономикалык шарттарды жакшыртылат | 2026-2030 |
| 2.Бизнес чөйрөсүндө аялдардын катышуусунун төмөндүгү | Аялдар ишке ашырган бизнес долбоорлорду колдоого басым жасоо | Аялдар же/жана аялдар тобу демил-гелеген бизнес долбоорлор ишке ашырылат | Аялдар же/жана аялдар тобу жетектеген 25 чакан бизнес жолго коюлат | 2026-2030 |
6-бөлүм. мониторинг жана баалоо.
6.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча орто мөөнөттүү пландын аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча иш-чаралар
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча орто мөөнөттүү пландын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн туруктуу мониторинг жана баалоо системасын киргизүү зарыл. Бул система пландын максаттарына жетүү деңгээлин текшерип, алсыз жактарын аныктап, келечектеги иш-аракеттерге оңдоолорду киргизүүгө шарт түзөт.
30-таблица. ЖБПП аткарылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү планы
| № | Иш-чаралар | методдор | мөөнөтү | жооптуу адамдар | Аткаруу далилдери | Индикаторлор |
| Даярдоо этабы | ||||||
| 1 | ЖБПП иштеп чыгууга, анын ичинде жайыттардын абалын жооптуу адамдарды аныктоо. Малдын анык санын эсептөө боюнча комиссияны түзүү (ар бир үйдө жана мал короолордо сурамжылоо жүргүзүү). | Талкуулар/су-нуштар | 1 күн | Айыл өкмөтү | Протокол, жооптуу адамдардын тизмеси | ЖБППны иштеп чыгуу жана жайыттардын абалын баалоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу адамдары аныкталды жана комиссия түзүлдү. |
| 2 | Расмий статистикалык маалыматты жыйноо | Документтерди карап чыгуу | 1 жума. | Айыл өкмөтү | А/А статистика бөлүмүнөн алынган маалыматтар. | Статистикалык маалыматтар |
| 3 | Жооптуу адамдарды окутуу, консультация берүү | Тренинг, консультация берүү, коштоо | 2-3 күн | Айыл өкмөтү | Отчет | 1-3 тренинг/консультациялар |
| 4 | Мониторинг жүргүзүлө турган участокторду аныктоо | Документтерди, карталарды, ж.б. кароо
|
0,5 күн | Айыл өкмөтү | Отчет | Участоктордун саны |
| 5 | Жайыттардын абалына баа берүү | Талаа жумуштары | 3-7 күн | Айыл өкмөтү | Отчет | Бардык керектүү маалыматтар жыйналды |
| 6 | Жыйналган маалыматты киргизүү жана иштеп чыгуу, жайыттардын абалы боюнча маалыматтарды талдоо | Кабинеттик жумуш | 2-3 күн | Айыл өкмөтү | Маалымат базасы (Excel электрондук таблицасы) | Маалымат базасы, түшүмдүүлүк, жайыт участоктордун абалы жөнүндө маалымат |
| Иштеп чыгуу стадиясы | ||||||
| 7 | 5 жылдык ЖБППнын аналитикалык/стратегиялык бөлүктөрүн төмөнкү бөлүктөрдү кошуу менен иштеп чыгуу:
§ Жалпы маалыматтар. § Жайыт ресурстары, инфратүзүмдөр жана алардын абалы. § Малдардын саны, алардын жайытка жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждыктары. § 5 жылга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, аларды жакшыртуу жана реабилитациялоо боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планы. |
Кабинеттик жумуш | 1-3 жума | Айыл өкмөтү | 5 жылдык ЖБППнын болушу | Негизги бөлүктөр камтылган 5 жылдык ЖБППнын болушу |
| Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы (мындан ары- ЖПЖП) | ||||||
| 8 | ЖПЖПны төмөнкү бөлүктөрдү кошуу менен иштеп чыгуу:
§ Айыл өкмөтүнүн иш аракеттеринин графиги. § Жайыттарды пайдалануу § сезону. § Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү планы. § 2026-жылга карата шарттуу мал башынын иш жүзүндөгү саны. § Жайыт пайдалануунун учурдагы жана пландаштырылган системасы. § Жайыттарды, инфраструктурасын жана мал чарбасын өнүктүрүүнүн жана жакшыртуунун планы. § Малдын ден соолугун коргоо тобунун иш- планы. § 2026-жылга карата бюджет. § Жайыттарды мал жаюу жана башка максаттарда пайдалангандык үчүн жыйым. § Жайыттарды пайдалануу режими жана бузуулар үчүн жоопкерчилик. |
Кабинеттик жумуш | 1-3 жума | Айыл өкмөтү | Жылдык ЖБППнын болушу | Негизги бөлүктөр камтылган жылдык ЖБППнын болушу |
| Макулдашуу стадиясы | ||||||
| 9 | Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынында (чогулушунда) ЖБППнын алдын ала вариантын талкуулоо жана макулдашуу. | Жыйын, сунуштар, комментарий-лер | 0,5 күн | Айыл өкмөтү,
Жергиликтүү коомдоштук |
Протокол. Комментарийлер жана сунуштар көрсөтүлгөн документ | Талкуулардын протоколу. Документ макулдашылган.
Бардык сунуштар эске алынды. |
| 10 | ЖБППны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы (мындан ары-РАӨБ) кем жерин иштеп чыгуу менен макулдашууга жөнөтүү | — | 2 күн | Айыл өкмөтү,
РАӨБ |
Протокол. Комментарийлер жана сунуштар эске алынган документ | Талкуулардын протоколу. Документ макулдашылган.
Бардык сунуштар эске алынды. |
| Бекитүү стадиясы | ||||||
| 11 | ЖБППнын финалдык долбоорун жергиликтүү кеңештин сессиясына бекитүүгө жөнөтүү. ЖБППны презентациялоо жана финалдык вариантын жактоо жана бекитүү | — | — | МИ | Сессияга сунуштоо каты | Жергиликтүү кеңештин сессиясынын отуруму,
Бекитилген жана мөөр басылган ЖБПП. |
| Ишке ашыруу стадиясы (ЖБППны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тизмеги) | ||||||
| 12 | Жергиликтүү коомдоштуктун жылдык жыйыны (чогулушу) | Чогулуш | 1 күн | Айыл өкмөт | Протокол | Чогулуш |
| 13 | Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди түзүү, жайыт билеттерин берүү, төлөмдөрдү жыйноо | — | Мал жаюуга чейин | Айыл өкмөтү, бухгалтер | Келишимдер, квитанциялар | Келишимдердин/би-леттердин, квитанциялардын саны |
| 14 | Ветеринардык-профилактикалык иштердин аткарылышын контролдоо | Справканын болушун текшерүү | Ар дайым | үзгүлтүксүз | ЖДСП, ЖВ | Отчеттор |
| 15 | Мониторингдик топту түзүү, мониторинг боюнча иш-сапарлары чакан долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча базалык көрсөткүчтөрдү жыйноо | Байкоо жүргүзүү, сурамжылоо, интервью | 1 жолу, ЧД башталганга чейин | ЧДТ | Отчет | Ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу отчет |
| 16 | Чакан долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча орто мөөнөттүү көрсөткүчтөрдү чогултуу үчүн мониторинг боюнча иш-сапарлары | Байкоо жүргүзүү, сурамжылоо, интервью | 1жолу, ЧД боюнча иштин ортосунда | ЧДТ | Отчет | Иштин жүрүшү боюнча отчет |
| 17 | Чакан долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрдү чогултуу үчүн мониторинг боюнча иш-сапарлары | Байкоо жүргүзүү, сурамжылоо, интервью | 1жолу, ЧД боюнча иштин аягында | ЧДТ | Отчет, АКТ | Отчет жана эгерде курулуш долбоору болсо, подрядчиктин өткөрүү акты |
| 18 | Чыр-чатактарды чечүү жана жоюу боюнча иш-аракеттер | Сүйлөшүүлөр, жолугушуулар | үзгүлтүксүз | ЖӨБО | Тартип бузуулардын саны | Ички эрежелер тууралуу маалымат берүү боюнча чогулуштардын жана консультациялардын саны;
Тартип бузуулардын саны |
| 19 | Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнө мониторинг жана баалоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берүү. | Чогулуш
|
Жылына бир жолу | Айыл өкмөтү | Протокол | Чогулуш |
| 20 | Зарыл учурда иш планына мониторинг жана баалоонун жүрүшүндө алынган жыйынтыктарды эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү | Кабинеттик жумуш | Жылына бир жолу | Айыл өкмөтү | ЖБПЖП | Өзгөртүүлөрдүн, толуктоорлордун саны |
Жыйынтыктап айтканда, мониторинг жана баалоо иш-чаралары жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландын натыйжалуулугун жогорулатуу, анын туруктуулугун камсыз кылуу жана жергиликтүү коомчулуктун жашоо деңгээлин жакшыртууга өбөлгө түзөт. Бул система жайыт ресурстарын туура пайдаланууну гана эмес, айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүшүн да камсыздайт.
Салам-Алик айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-декабры № 48 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган жерди, кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүү, аукцион аркылуу сатуу боюнча Жобосун бекитүү жана жеке менчикке жер участогун берүү боюнча турак жай комиссия курамын бекитүү жана жер тилкесин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион аркылуу берүү боюнча аукциондук комиссия курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган жерди жана кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берүү, түз жана аукцион аркылуу сатуу боюнча Жобосун бекитүү жана жеке менчикке жер участогун берүү боюнча турак жай комиссия курамын бекитүү жана жер тилкесин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион аркылуу берүү боюнча аукциондук коммиссия курамын бекитүү жөнүндөгү Салам-Алик айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 169-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевдин маалыматын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши токтом кылат
- Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерге жана кыймылсыз мүлккө менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо бекитилсин.
2.Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Салам-Алик айылдык кеңешинин 2023жылдын 15-ноябрындагы №169-токтому менен кабыл алынган Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жеке менчикке жер участогун берүү боюнча турак жай комиссия курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Чыпаев Сыргабай -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты,
Комиссиянын төрагасы:
2) Калбаев Шермамат -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
комиссиянын мүчөсү;
3) Осмонкулов Нуржигит -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
4)Жеңишбек уулу Кыялбек -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
5) Курманалиев Жанарбек -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
6) Кожошова Алиман -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу
катчысы;
7) Нуралиев Жылдызбек -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге
жайгаштыруу боюнча башкы адиси;
8) Айдарканов Адисбек -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аскер иштери
боюнча инспектору:
9) Термечиков Байыш -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча
10) Айыл башчы — Ар бир айылдын тийиштүү айыл башчылары;
3.Жерге жана мүлккө муниципалдык менчик обьекттеринин реестрин бекитип, менчиктештирүү программасынын долбоорун Салам-Алик айылдык кеңешинин кароосуна киргизсин;
-күчүндөгү муниципалдык мүлктү жана жерди ижарага берүү боюнча келишимдерди ушул токтомго ылайык келтирүү маселеси ижарачылар менен макулдашуу жолу менен каралып чыксын;
-өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуусу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисинин милдетин убактылуу аткаруучу Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
5.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык
Салам-Алик айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын
кезектеги 8-сессиясынын
ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-декабры № 49 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айына карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө кошумча план алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселери боюнча туруктуу комиссиясы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айына карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө кошумча плпн киргизүүгө айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде иштетүү үчүн Салам-Алик айыл аймагынын айылждык кеңеши токтом кылат
1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12 айлык отчетуна карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн ЖКХ бөлүкчөсүнүн 2215статьясына 150,0 сом, 2 статьясына 2025,0миң сом, башкаруу аппарат бөлүкчөсүнүн2211статьясына 30,0 миң сом, 2215статьясына 40,0 миң сом, 2214 статьясына 40,0 миң сом. 2222статьясына 20,0 миң сом, 3113статьясына 51,0 миң сом, билим берүү бөлүкчөсүнүн 2215 статьясына 100,0 миң сом, 224 статьясына 845,0 миң сом, 3112 статьясына 50,0 миң сом акча каражаттарга бөлүнүү менен смета түзүлүп иштетилсин.
- Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Чолпонбай уулу Сагындык







