Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XX—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну №20/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2026-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Өзгөн шаарынын мэри Н. Саипбаевгемилдеттендирилсин:
—Өзгөн шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
—архитектура башкармалыгы менен биргеликте шаардын бүгүнкү күндө пайдаланып келе жаткан чек арасын юридикалык жактан мыйзамдаштыруу боюнча иш алып баруу;
-шаарда туризмди өнүктүрүү боюнча жетиштүү деңгээлде иш жүргүзүү.
3. Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Н.Ташмаматовго милдеттендирилсин:
—текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы жөнүндө 2026-жылдын 1-октябрына чейин Өзгөн шаардыккеңешине маалымат берүү;
—шаардын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү;
—Өзгөн шаарынын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча изилденүү жана конкреттүү сунуштар менен тийиштүү жерлерге кайрылуу;
—акы төлөп кызмат көрсөтүү боюнча бааларды кайрадан карап чыгып, шаардыктардын жашоо шартына ылайыктоо;
-шаардагы автотыгындарды азайтуу боюнча шаар мэриясына жана тийиштүү жерлерге сунуш берүү;
—долбоорлорду даярдоодо шаардын тарыхый мурастарын сактоону эске алуу.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XX—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026 -жылдын 30–июну №20/2 Өзгөн шаары
«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2026-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери кетирилген кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге:
—шаардын тазалыгын камсыз кылуу, шаарды абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу;
—шаарда жайгашкан мекеме-уюмдардын, ишканалардын (менчигинин түрүнө карабастан) аймагын тазалыгын дайыма көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
3. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Б.Шерматовко:
-текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтердижоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышыбоюнча 2026-жылдын 1-августуна чейин шаардык кеңешкемаалымат берүү;
-ишкананын стратегиялык иш-планын иштеп чыгуу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кирешеникөбөйтүү;
-чарбалык эсеп менен иш жүргүзүүнү жандандыруу, өнбөгөн төлөмдөрдү тез арада өндүрүү, эл жанакоммерциялык ишканалар менен түзүлгөн келишимдердинсанын көбөйтүү боюнча конкреттүү чараларды иштепчыгуу;
-төлөмдөрдү санариптештирүү, тийиштүү техникаларга GPS системасын орнотуу;
-жумушчуларга шарт түзүү, кышкы ашкана, душ, дем алуучу кана куруу;
-көрктөндүрүү бөлүмү үчүн питомник жана күнөскана уюштуруу боюнча иш алып баруу;
—таштандыларды ташып чыгарууну графикке ылайык так аткаруу, кызматкерлердин ишке болгон жоопкерчилигин күчөтүү, штаттык бирдиктерди оптималдаштыруу жана шаардын тазалыгын дайыма көзөмөлгө алуу;
—эскилиги жеткен муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү тактап, эсептен чыгаруу боюнча МММБ департаментине тез аранын ичинде сунуш берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XX—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026 -жылдын 30–июну №20/3 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине (Жергиликтүү коомдоштуктардын уставдары) жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 18-июнундагы отурумунун №4 корутундусунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын жергиликтүү жамааттынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүадминистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык “Өзгөн шаарынын жергиликтүү жамааттынын уставынын” негизинде иш алып баруу жагы Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2026-жылдын 30-июнундагы
№20/3 токтомуна тиркеме
“МАКУЛДАШЫЛДЫ” “БЕКИТЕМ”
Өзгөн шаардык кеңешинин Өзгөн шаарынын мэри
төрагасы __________ Н.М.Шамаматов _________ Н. Ж. Саипбаев
“30” июнь 2026-жыл “30” июнь 2026-жыл
Өзгөн шаарынын жергиликтүү жамааттарынын
Биз, Өзгөн шаарынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен өзүбүздүн аймагыбызда жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, шаарыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
1. Жалпы жоболор
1.1.Шаардын аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы — жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушунун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири-бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2.Ушул Устав шаардын аймагында колдонулат жана өзүнүн уюштуруу- укуктук түрүнө карабастан, шаардын аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
администрациялык-аймактык бирдик — бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар;
жергиликтүү жамаат — жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү шаардын же айылдык аймактын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
жергиликтүү маанидеги маселелер — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, шаардын же айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн-түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар — мыйзамдын же келишимдин негизинде, аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;
демилгечи топ — ушул Уставга ылайык шаардык же айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү, шаардын же айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн шаарда же айыл аймагында жашаган 5-7 жарандардын курамындагы ыктыярдуу бирикме, (демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет);
жергиликтүү курултай (жергиликтүү жамааттын курултайы) — айыл аймагында (шаарда) жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо, коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштамаларды берүү максатында өткөрүлүүчү айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;
муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш- милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;
жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси — жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;
жарандардын чогулушу (жыйыны) — жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарынын иши жөнүндө калкка маалымат берүү үчүн колдонулуучу бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын же шаардын аймагында жашаган жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга түздөн-түз катышуусунун формасы.
коомдук угуулар — жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;
жамаатын муктаждыгын чогуу иликтөө — маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу;
каада-салт — кандайдыр бир элдин турмуш-тиричиликтеги, үй-бүлөдөгү жүрүм-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахлак, каада-жөрөлгө, жол-жоболордун жыйындысы. Каада-салттарды жана үрп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт.
салт — жалпы элдик мүнөздөгү менталдык эрежелердин системасы, ал өзүнө нарк, каада, элдик үрп-адаттарды камтыйт жана ырым-жырымдар менен коштолуп турат.
эреже — бул ишмердүүлүктүн кандайдыр-бир түрүн жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоочу процедуралык эрежелерди белгилеген ченемдик укуктук актынын формасы.
3. Шаардын аймагы
3.1.Шаардын аймагы административдик-аймактык бирдиктеги, чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2.Шаардын аймагы он алты муниципалдык аймактык башкаруудан (квартал) турат, төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт:
-№1Кайрагач кварталы
-№7Борбор кварталы
-№3Сараксий кварталы
-№4Жаңы-Хаят кварталы
-№5Шарк,Үч-Дөбө кварталы
-№6Кылыч-Бурханиддин кварталы
-№8Төрт-Көчө кварталы
-№10Жаңы-Өзгөн кварталы
-№11Жаңы-Турмуш кварталы
-№14Пайзабад кварталы
-№15Жаныбек казы кварталы
-№16Калмак-Кыя кварталы
-№17Таштак кварталы
-№18Мажурум тал кварталы
-№20Гүзар кварталы
-№21Гүзар 1 кварталы
4. Жергиликтүү жамаат
4.1.Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүнжоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, шаардын аймагында туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары шаардын аймагынын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.
4.2.Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги субъектиси жана объектиси болуп саналат.
4.3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердүүлүгүнүн бардык негизги маселелерин жергиликтүү жамаат менен макулдашып чечишет, өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында отчет беришет. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы талаш-тартыштарды чечет.
4.4.Жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнүн деңгээлине төмөндөгү белгилердин (прецеденттик мүнөздөмөлөрдүн) негизинде баа берсе болот:
— коомдук өз ара аракеттенүү, коңшулук мамилелер, жүрүм-турумдун жалпы эрежелери жана нормалары;
—чарбалык муктаждык (көпүрө куруу, эс алуу, билим берүү жайларын ремонттоо жана башка) келип чыккандагы жашоочулардын биримдиги;
—жан-дүйнө жана маданий керектөөлөрүн чечүүдө жашоочулардын биримдиги;
—жашаган жерин көрктөндүрүүдө жашоочулардын биримдиги;
—коллективдүү жана жеке укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоодогу биримдик;
—аймактык коомдук башкаруунун болушу жана активдүүлүгү;
—жарандардын өз ара салык киргизүүсүнүн болушу;
—маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдөгү жашоочулардын активдүүлүгү (жылына өткөрүлгөн иш чаранын саны жана катышкандардын саны);
—өндүрүштүк, чарбалык ишмердиктеги өз ара байланыш;
—жарандардын ченем чыгаруудагы активдүүлүгү (чогулуштарда, жыйындарда чечим кабыл алууга катышуусу);
—жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө катышуусу (ЖӨБО отчетторун угууга катышкан жамааттын мүчөлөрүнүн саны);
—жашоочулардын бири-бирине өз ара социалдык жардам көрсөтүүсү (той, маркумду узатуу жана башка иш чараларына катышуусу, ардагерлерге жана багуусуз калгандарга жардам берүүсү).
4.5.Жергиликтүү жамааттын зарылчылыгына жараша башка жергиликтүү жамааттар менен түздөн-түз алакага кирүүгө укугу бар.
4.6.Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укуктуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби жергиликтүү кеңештин токтому менен белгиленет.
5. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн
чыгуунун тартиби
5.1.Жашы 16 дан жогору, Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаардын аймагында өзү жашаган дареги боюнча каттоодон өтүү фактысы, аны шаардын аймагынын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп саналат.
5.2.Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелбеген (каттоосу боюнча), бирок шаардын аймагында 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
5.3.Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.
5.4.Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:
—ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
—ал каза болгондо;
—аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
—ал шаардын аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.
6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары
6.1.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, улутуна, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу:
—жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
—Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
—жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого
—мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгечи топторду түзүүгө;
—жамааттын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;
—шаардын мэриясына жана шаардык кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө, жамаатка тийешелүү бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө жана коюлган суроолоруна ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө;
—жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;
—муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестринин мазмуну менен таанышууга;
—айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана сынактарга) катышууга;
—жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен күч аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамааташтыктан ортолук менчигинде уюм, мекеме ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга:
—жергиликтүү курултайларга, айылдык жыйындарга, чогулуштарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүнсунуштарын киргизүүгө;
—Уставда каралган ушул укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды кароо максатында тиешелүү органдарга кайрылууга;
—жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга; жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк
акцияларына, иш-чараларга, марафондорго) катышууга;
—шаардын аймагындагы турак-жай конуштары, үй, көчө, кварталдык комитеттер аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды, жамаатты, коммерциялык эмес уюмду Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбегендей түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;
—жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада маалымат алууга (жарандык бюджет);
—мыйзамдын чегинде өндүрүштүк тейлөөчүлүк (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;
—адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамаат, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушун талап кылууга;
—ушул Уставда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;
—Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга.
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.2 Жергиликтүү жамааттын милдеттери
-Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргө милдеттүү:
—Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;
—жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүнукуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;
—жынысы, улуту, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;
—этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка мүнөздөгү пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;
—этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;
—жамаатын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;
—жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү, арыктарды, көчөлөрдү ондоого, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катышууга,
аларды ишке ашыруу боюнча (бекитилген шарттарды) нормаларды, өзгөчө кырдаалдарда жана башка шарттарда коомдук тартипти, жарандык коргонуунун талаптарын сактоого жана башка коомдук кызматтарды милдетүү түрдө аткарууга;
—жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Уставдын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга;
—жамааттын белгиленген ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;
—жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга.
—өз үйүн, короо-жайын таза кармоого жана өз убагында оңдоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү алууну камсыз кылууга;
—калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;
—курчап турган табиятка (айлана-чөйрөгө) камкордук, сарамжалдуулук менен мамиле жасоого, токой, бак-дарак жана башка өсүмдүктөргө жана жан- жаныбарларга кыянат мамиле кылгандар менен аёосуз күрөшүүгө, тарыхый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;
—калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүнжыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоого;
—мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;
—турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;
—мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына зыян келтирүүчүлөргө жана адептүүлүккө көңүл коштук менен мамиле жасабай ага каршы күрөшүүгө милдеттүү.
Жергиликтүү жамааттын ар-бир мүчөсү, өз аймагынын калыптанып калган шарттарына жараша, кошумча төмөндөгү өзгөчө милдеттерди жана парздарды аткарууга милдеттүү:
—ар бир ата-эненин милдети катары баланын өсүп-өнүгүүсүнө жана билим алуусуна кам көрүүгө, туура тарбия берүүгө жооп берүүгө;
—эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир бала ата-энелерине камкордук көрүүгө;
—жалпы калктын ыйык парзы катары жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукердик менен мамиле жасоого, жетимдерди жана ата- энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок кары- картаңдарды, майыптарды, эмгекке жарамсыздарды камкордукка алууга жана багууга;
—улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүүгө, араккечтике, уурулукка, баңгиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпоздукка барбоого, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоого, коомдук тартипти сактоого катышууга;
— ар бир үй-бүлө башчысы өз үй-бүлөөсүндө ынтымактуу, бейпил турмушту камсыз кылууга, кошуна-колоңдор менен тынчтыкта жашоого, үй-бүлөө мүчөлөрүн, айрыкча жаш
муундарды эмгектенүүгө, Ата-Мекенин, өз турак-жай конушун, шаарын сүйүүгө, патриоттуулукка, интернационализмге, достукка тарбиялоого;
—ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, маданиятын өркүндөтүүгө, этностор аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоого көмөк көрсөтүүгө;
—шаардын аймагындагы коомдук жайларда жамааттын беделин түшүрүүчү жосунсуз жоруктарды жасабоого, намысты бекем кармоо ыйык парз экендигин унутпоого;
—маркумду акыркы сапарга узатууда жоосунсуз жоруктарды жасоого, атап айтканда көңүл айтуу сыяктуу шылтоолоп ичкилик ичүүлөргө, уруксат берилгенден ашык мал союуга, жыртыш таратууга, кийит кийгизүүгө, доорон акы берүүгө катуу тыюу салынат;
—кызды күйөөгө берүү, келин алуу эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлөт жана ашыкча чыгымга жол берилбейт;
—ичкиликке, бангиликке (наркоманияга) өтө берилген атуулдарга коомдук жаза чаралары менен таасир кылууга катышууга;
—шаардагы ар бир атуул кыргыз элинин кайрымдуулук салттарын улап, бей-бечараларга, жардамга муктаждарга жардам көрсөтүү максатында шаар мэриясынын алдында фонд ачылат, түшкөн каражат комиссия аркылуу бөлүштүрүлүп турулат;
—уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөөгө;
—шаардагы жол жээктериндеги муниципалдык менчиктеги бак-дарактарды мэриянын уруксатысыз кыюуга тыюу салынат;
—ар бир турак жай конушунда бош жүргөн мал,болбоого тийиш. Эгин жана чөп чабынды, үлүш, тамарка жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат.
—Орозо айт, Курбан айт, Ноорузду спирт ичимдиксиз белгилөө ар адамдын ыйык милдети деп эсептелинет.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
7.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу — бул жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүлүгү.
7.2.Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жарандардын жергиликтүү жамааттары түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү (шаардык кеңеш) жана аткаруу (шаардын мэриясы) органдары аркылуу жүзөгө ашырышат.
7.3.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү өз демилгеси, өз каражаттарынын, ошондой эле башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырышат.
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.1.Өзгөн шаарынын аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — шаардык кеңеш, шаардын мэриясы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жергиликтүү жамааттын атынан ачык, анын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат жана анын алдында жооптуу болушат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ( шаардык мэрия, шаардык кеңеш) Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги
маселелерди чечүүгө, катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.
8.2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары жылына бир жолудан кем эмес, зарылдыгына жараша мезгил-мезгили менен жергиликтүү жамааттын алдында отчет берип турушат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттин жана жергиликтүү жамааттын алдында жоопту.
8.3.Шаардын мэриясы маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, шаардык кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү учурунда жергиликтүү жамааттын пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жергиликтүү жамаатты кабарландырууга милдеттүү.
8.4.Шаардык кеңеш өзүнүн сессиясынын өткөрүү күнү жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү. Конституцияга жана мыйзамга каршы келген, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттерди жасоого укугу жок.
9. Жергиликтүү маанидеги маселелер
9.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер — бул шаардын аймагынын жашоо- турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер. Алар тиешелүү мыйзам жана жергиликтүү жамааттын Уставы менен белгиленет, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен өзгөртүлөт жана токтотулат.
9.2.Жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси Мыйзамда белгиленген тизме менен биротоло бүттү деп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.
9.3.Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын Уставы менен белгиленет.
9.4.Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын жарандарынын сунушу боюнча өз алдынча түзүлгөн демилгечи топтору тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.
10. Жергиликтүү коомдук уюмдар
10.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү аймакты өнүктүрүү максатында ардагерлер, аксакалдар, аялдар, жаштар жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.
10.2. Бул уюмдардын уюштуруу формалары ушул Уставда же алардын ички жоболорунда аныкталат.
11.Жарандардын тикелей эрк билдирүү формалары
11.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү маанилүү жергиликтүү маселелер боюнча курултайларды, жыйындарды (чогулуштарды) жана коомдук угууларды өткөрүүгө укуктуу.
11.2. Жыйындардын жана курултайлардын кабыл алынган сунуштамалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кароого жиберилет.
11.3. Жамааттын мүчөлөрү менен кеңири талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү коомчулук төмөнкү тикелей эрк билдирүү формаларын колдонууга укуктуу:
— жыйындар (чогулуштар);
— коомдук угуулар;
ушул Уставда каралган башка формалар.
11.4. Тикелей эрк билдирүүнүн формалары коомчулуктун ачык-айкындуулугун жана мүчөлөрдүн кеңири катышуусун камсыз кылууга багытталат.
11.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин уюштуруу, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка кызмат көрсөтүү үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет (КР“Жергиликтүү мамлекеттик админристрация жана жергиликтүү өз алдынча башкару жөнүндө” Мыйзамы, (27-берене).
11.6. Мамлекеттик органдардын ыйгарым укугуна кирбеген жана мыйзамдарга каршы келбеген, жергиликтүү жамаат өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө (географиялык, салттык, этностук ж.б.) жараша кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында аныктоого укуктуу.
12. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
12.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча токтом долбоорун демилгелөө укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана айылдык кеңешке киргизилген токтомдун долбоору, милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
12.2. Чет элдиктер, эркиндигинен ажыратылган, мыйзамсыз аракетке жөндөмсүз жарандар демилгеге катыша албайт.
12.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында — шаарда же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
12.4. Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорлору жергиликтүү кеӊешке киргизилбейт.
13. Демилгелүү топтун иши
13.1. Жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топту түзүшөт. Шаарда же айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат (Демилгечи топтун мүчөлөрүнүнсаны жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).
13.2. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн керектүү санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп бүткөндөн кийин, токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңешке киргизет.
Эскертүү:
(Жергиликтүү ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн саны Бишкек, Ош шаарларында 5000 адамды, калкынын саны 20001ден жана андан жогору шаарларда жана айылдык аймактарда 1000 адамды, калкынын саны 6001ден 20000 ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 600 адамды, калкынын саны 6000ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 300 адамды түзөт).
13.3. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:
— токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;
— токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
— маалымкат-негиздеме;
— жергиликтүү кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
— төмөндөгү маалыматтар (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, жергиликтүү кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн (коюлган колу) камтылган кол коюу барагы.
13.4. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана жергиликтүү кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
13.5. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңеш тарабынан каралууга жатат.
13.6. Элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күчколдонуу, коркутуу, бурмалоо же бөгөт коюу аракеттери мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылат.
14. Элдик жыйынды (чогулушту)
14.1. Элдик жыйын (чогулуш) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын пикирлерин эске алуу, шаардын мэринин жана шаардык кеңештин депутаттарынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында өткөрүлөт.
14.2. Элдик жыйын (чогулуш) бир көчөнүн, кварталдын, катышуусу менен өткөрүлөт жана анын жыйынтыгында сунуштар кабыл алынат.
14.3. Элдик жыйын (чогулуш) ачык-айкын өткөрүлөт. Түшкөн суроолорго жана сунуштарга мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде жооп берилет, жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралып, жыйынтыгы жазуу жүзүндө билдирилет.
14.4. Элдик жыйындарды (чогулуш) өткөрүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылат.
15. Элдик жыйында (чогулушта) каралуучу маселелер
15.1. Элдик жыйында (чогулуш) төмөнкү маселелер каралат:
— жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору жана ага өзгөртүүлөр;
— аймакты өнүктүрүү программалары жана пландары (СЭӨП ж.б.);
— шаардын, көчөнүн, кварталдын көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттер;
— этностор аралык ынтымакты бекемдөө жана алдын алуу иштери;
— муниципалдык менчикти пайдалануу маселелери;
— коммуналдык кызматтар жана тарифтер боюнча сунуштар;
— көрктөндүрүү, турак жай жана инфраструктура маселелери;
— курулуш, архитектура жана башкы план маселелери;
— элдик демилгелер;
— шаар мэринин жана шаардык кеңештин депутаттарынын отчеттору;
— административдик-аймактык өзгөрүүлөр боюнча маселелер;
— жергиликтүү жамааттын жашоосуна байланышкан башкамаселелер.
16. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн демилгеси жана мезгилдүүлүгү
16.1. Элдик жыйын (чогулуштар) шаардык мэр, жергиликтүү кеңеш, депутаттар же жергиликтүү жамааттын демилгеси менен, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
16.2. Кечиктирилгис маселелер боюнча чогулуштар шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
16.3. Демилгелүү топтун минималдуу саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
16.4. Демилге жазуу жүзүндө мэрге же шаардык кеңештин төрагасына берилет.
17. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө кайрылуу
17.1. Кайрылууда жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүннегиздемеси, болжолдуу катышуучулардын саны, өткөрүлүүчү орду жана каралуучу маселелер көрсөтүлөт.
17.2. Кайрылуу 14 күндүн ичинде каралат.
17.3. Кайрылуу мыйзам талаптарына туура келбеген учурда, же маселени башка жол менен чечүүгө мүмкүн болсо, чогулушту өткөрүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
17.4. Жыйынды (чогулуш) өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
18. Элдик жыйынды (чогулушту) уюштуруу
18.1. Жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө чечимде өткөрүлүүчү орду, датасы, убактысы жана күн тартиби көрсөтүлөт.
18.2. Жашоочуларга жыйын (чогулуш) боюнча маалымат кеминде 5 күн мурда маалымдалат.
18.3. Шаардык мэрия, жыйынды (чогулушту) уюштурууну, катышуучулардын эркин келүүсүн, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтык документтерди даярдоону камсыз кылат.
19. Элдик жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн тартиби
19.1. Жыйында (чогулушта) төрага жана катчы шайланат, күн тартиби көпчүлүк добуш менен бекитилет.
19.2. Жыйында (чогулушта) баяндамалар угулат, суроолор жана сунуштар айтылат.
19.3. Чечимдер жана сунуштар ачык добуш берүү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш аркылуу кабыл алынат.
19.4. Жыйындын (чогулуштун) жыйынтыктары протокол менен таризделип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлөт.
19.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алынган сунуштар боюнча бир айдын ичинде калкка маалымат берүүгө милдеттүү.
19.6. Жыйындын (чогулуштун) укук ченемдүүлүгү катышуучулардын минималдуу саны менен аныкталат, алжергиликтүү жамаат тарабынан белгиленет.
20. Коомдук угуулар
20.1. Коомдук угуулар — жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча калктын пикирин угуу, сунуштарды жана сын-пикирлерди алуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси менен өткөрүлүүчү ачык талкуу.
20.2. Коомдук угуулар калктын талкууланып жаткан чечимге болгон мамилесин аныктоого, жарандардын суроо берүүсүнө, сунуш киргизүүсүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга багытталат.
20.3. Коомдук угуулар жергиликтүү жамааттын пикири өзгөчө мааниге ээ болгон маселелер боюнча өткөрүлөт.
20.4. Коомдук угуулар төмөнкү маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн:
— жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
— өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (СЭӨП, ж.б.);
— муниципалдык менчикти башкаруу;
— коммуналдык кызматтарга тарифтерди бекитүү;
— жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушуна байланышкан башка маселелер.
20.5. Коомдук угуулар, мүмкүн болушунча, бир гана маселе боюнча өткөрүлөт.
20.6. Коомдук угуулар жергиликтүү бюджет жана өнүктүрүү программалары боюнча милдеттүү түрдө, ал эми тарифтер жана башка маселелер боюнча зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.
20.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү шаардык мэрия, айыл өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
20.8. Коомдук угуулар катышуучулардын минималдуу саны камсыз болгондо укук ченемдүү болуп саналат. Катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
21. Коомдук угууларды өткөрүүнүнтартиби
21.1. Коомдук угуунун датасы, орду, убактысы жана талкуулануучу маселеси алдын ала аныкталып, калкка жарыяланат.
21.2. Талкуулануучу документтердин долбоорлору коомдук угууга чейин калкка маалымат жеткирилет.
21.3. Коомдук угууда алып баруучу жана катчы дайындалып, сунуштар жана пикирлер протоколго киргизилет.
21.4. Коомдук угунун жыйынтыгы протокол менен таризделип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эске алынат.
21.5. Шаардык мэрия жана коомдук угунун жыйынтыктары жөнүндө 10 күндүн ичинде калкка маалымат берет.
22. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу
22.1. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө шаардык мэрия, айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңеш менен өз ара аракеттенүү аркылуу катышууга укуктуу.
22.2. Жергиликтүү жамааттын катышуусу муктаждыктарды биргелешип иликтөө, талкуулоо жана артыкчылыктуу маселелерди аныктоо аркылуу жүзөгө ашырылат.
22.3. Муктаждыктарды биргелешип иликтөө калктын ой-пикирин эске алуу менен өнүктүрүү программаларын жана пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багытталат.
22.4. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:
— жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
— мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү;
— жергиликтүү кеңештин депутаттары;
— шаардык мэриянын, аппаратынын кызматкерлери.
23. Жергиликтүү жамааттын негизги принциптери:
— Жергиликтүү жамаат элдин биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты сактоону, жашоо шартын жакшыртууну максат кылат.
— Аймакта жашаган элдин үрп-адаттын, салттын сактап, заман талабына ылайык өнүктүрөт.
— Ар бир жамаат мүчөсү коомдук жашоого активдүү катышууга, эрежелерди сактоого, жергиликтүү бийликке талап коюу менен бирге жардам берүү.
— Аймактын өнүгүшүнө салым кошуу — жамааттын толук кандуу жашоосунун негизги шарты.
23.1. Жергиликтүү жамаатты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери:
— Жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу менен төмөндөн жогору карай (үй, көчө, кварталдан же шаарга чейин) түзүлөт. Катышуу таанышуу жана маалымат алмашуудан башталып, талкууга, андан кийин биргелешкен ишке өтөт.
— Биринчи этапта жашоочулар чогулуп таанышып, аймактагы көйгөйлөрдү аныкташат жана аларды чечүүгө даяр активдүү жарандар тандалат.
— Жергиликтүү жамааттын мүчөсү – шарттарды жакшыртуу үчүн бийликке гана талап коюу эмес, жамааттын ишине өз алдынча активдүү катышууну да талап кылат.
— Демилгечи жана активдүү жарандар жолугуп, тажрыйбалуу башка жамааттар менен таанышып, алардын ишин үйрөнүшөт.
— Бардык катышуучулар менен бирге эмгек акциясы (тазалоо, көрктөндүрүү, оңдоо) өткөрүлөт.
23.2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери:
— Уставда мыйзамда так аныкталбаган же ишке ашыруусу татаал болгон, ошондой эле жергиликтүү бийликтин түз компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү тартиби белгилениши мүмкүн.
Ички эрежелерди бузган учурда төмөнкү жаза чаралары колдонулат:
— эскертүү;
— Эрежелердин бузулушун каттоо өндүрүү иштери жамааттын кичи кеңеши тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүлөт.
23.3. Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттууларды кармоо эрежелери:
— Мал-жандыктарды жана канаттууларды кармоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
— Ар бир кожолук малын, ит-мышыгын өз убагында каттоодон өткөрүп, ветеринардык кароодон жана эмдөөдөн өткөрүүгө милдеттүү.
— Мал ээлери малын, шаар мэри белгилеген жайыттарга, көрсөтүлгөн мөөнөттө гана жаюуга тийиш.
— Жаныбарларды көчөлөрдө, сейил бактарда, аянттарда жана эс алуу жайларында бош багууга тыюу салынат. Ит-мышык кожоюну менен жипке байланган абалда болушу керек.
— Кароосуз калган жаныбарлар зыян келтирсе, эскертүү берилет.
— Тыюу салынган жайыттарга мал жаюуга, белгиленген убакыттан кеч же эрте көчүүгө болбойт. Кароосуз мал убактылуу кармоочу жайга айдалат.
— Айылдарда малды көзөмөлдөө үчүн бада уюштурулат. Эгинге же жер тилкелерине зыян келтирилсе, мал ээси же бадачы мыйзам чегинде жоопкерчилик тартат.
23.4. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин эрежелери:
— Жалпы пайдалануудагы жерлер – бардык адамдар эркин пайдалана алган коомдук аймактар.
— Жолдор, көчөлөр, тротуарлар, парктар, скверлер, аянттар, таштанды жайлары, көп кабаттуу үйлөрдүн кирмелери, лифттер, чатыр, подвал, үйдүн айланасы, көлмөлөр жана пляждар кирет.
— Бул жерлерди тазалоо жана сактоого жергиликтүү эл биргелешип жооп берет.
— Жалпы пайдалануудагы жерлердин чек-аралары так аныкталууга тийиш.
— Бул жерлерди жеке менчикке сатууга тыюу салынат.
— Убактылуу соода же тамак-аш жайларын коюуга уруксат берилиши мүмкүн.
— Жалпы пайдалануудагы жерлер өз багытына ылайык колдонулушу керек.
23.5. Калктуу конуштарда сугат суусун биргелешип пайдалануу эрежелери:
— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты сугат суусу менен камсыз кылууга милдеттүү.
— Суу пайдалануучулар болуп жарандар, уюмдар жана жеке жана юридикалык жактар эсептелет.
— Сугат суусу, тамарканы, эгинди жана малды сугаруу үчүн пайдаланылат.
— Шаардык мэрия суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) менен бирге сууну бөлүштүрөт, сугаруу убактысын жана кезектүүлүгүн бекитет жана көзөмөлдөйт.
— Сууну туура жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн мураб дайындалат.
— Сууну максатсыз же ысырап менен пайдалануу эрежени бузуу болуп эсептелет жана айып пул салынат. Бузуу жоюлбаса, суу пайдалануу укугу чектелет.
— Бул укук бузуулар үчүн айып пулдар тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан салынат.
23.6. Калктуу конуштарда ичүүчү сууну биргелешип пайдалануу эрежелери:
— Ичүүчү сууну колдонуу “Ичүүчү суу жөнүндө” КРМыйзамы менен жөнгө салынат.
— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга милдеттүү.
-Ичүүчү суу менен камсыздоо шаарларда “Сууканал”, шаарда ичүүчү суу бирикмелери тарабынан келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
-Суу керектөөчүлөр ичүүчү суунун сапаты жана анын стандарттарга ылайыктыгы жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
Абоненттер милдеттүү:
— суу эсептегичти (водомерди) орнотууга, сактоого жана тоңуудан коргоого;
— керектелген суу үчүн эсептегичтин көрсөткүчү боюнча өз убагында акы төлөөгө.
— Суунун сапаты кооптуу болсо, тиешелүү кызматтар калкты дароо кабардар кылууга тийиш.
— Бул укук бузуулар үчүн айып пулдар тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан салынат.
23.7. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгындагы иш-чараларга катышуу эрежелери:
— Жамааттык иш-чаралар жарандардын руханий, физикалык жана социалдык муктаждыктарын калыптандыруу, элди бириктирүү жана ынтымакты чыңдоо үчүн өткөрүлөт.
— Бул иш-чараларга ишембиликтер, эмгек акциялары, маданий (майрамдар, фестивалдар, концерттер, жарманкелер) жана спорттук иш-чаралар кирет.
— Иш-чаралар жамааттын сунуштарынын негизинде мэрия менен макулдашылып, алдын ала бир жылдык план боюнча уюштурулат. Зарыл болсо планга өзгөртүү киргизилет.
— Иш-чаралар жөнүндө маалымат (максаты, убактысы, орду ж.б.) уюштуруучулар тарабынан кулактандыруу, WhatsApp топтору жана башка жолдор менен жамаатка жеткирилет.
— Ишембиликтер жана эмгек акциялары – жалпы кызыкчылыктагы расмий иш-чаралар болуп саналат жана тазалоо, оңдоо, көрктөндүрүү менен катар жамааттык жоопкерчиликти күчөтөт.
— Жамаат мүчөлөрү мындай иш-чараларга катышууга милдеттүү. Катышууга мүмкүн болбосо, үй-бүлө мүчөсүн жиберүү же акча/тамак-аш менен компенсациялоо мүмкүн.
23.8. Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого катышуу эрежелери:
— Коомдук тартипти сактоо ички иштер органдары менен жамааттын биргелешкен аракеттери аркылуу жүргүзүлөт.
— Жергиликтүү жамааттар жергиликтүү бийлик менен бирге коомдук тартипти сактоого катышат.
— Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу негизде 10–15 адамдан турган элдик дружиналар түзүлөт.
-шаардык кеңеш дружинаны каттайт жана ички иштер органдары менен бирге мүчөлөрүнүн укук-милдеттерин түшүндүрүп, күбөлүк жана айырмалоочу белги менен камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
— Элдик дружина патрулдук маршруттарды жана графикти түзөт: жайкысын – дем алыш күндөрү, чукул кырдаалда – күн сайын.
— Элдик дружина милиция жана аксакалдар соту менен тыгыз иштеп, коомдук коопсуздук боюнча маалымат алмашып турат.
23.9. Жергиликтүү жамаатта адеп-ахлакты, салт-санааны жана коомдук биримдикти бекемдөө эрежелери:
— Каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактоо – жамаатта ынтымакты, тынчтыкты, адеп-ахлакты жана улуттук баалуулуктарды (меймандостук, боорукердик, мекенчилдик ж.б.) бекемдөө.
— Жаш муунду ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликке, улууларды сыйлоого жана эл-журтка кызмат кылууга тарбиялоо.
— Саат 22:00дөн 07:00гө чейин турак жайларда, ага жакын аймактарда, коомдук жана социалдык мекемелерде ызы-чууну күчөтүүгө тыюу салынат.
— Жылына бир жолу “Шаар күнү” өткөрүлүп, жетишкендиктер, жалпы жамаат мүчөлөрү менен белгиленет.
— Бул эрежелерди аткарбоо үчүн уставга ылайык жоопкерчилик каралат
23.10. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн эрежелери:
— Жамаат баланын төрөлүшү, кыз узатуу, келин алуу, кудалашуу, конок күтүү жана белек берүү сыяктуу үй-бүлөлүк салтанаттарды улуттук салтка ылайык, заман талабына жараша өткөрүүнү колдойт.
— Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби жамаат мүчөлөрүнүн пикирлери жана мыйзамдарда көрсөтүлгөн эрежелер эске алынып, жыйындарда жана курултайларда ЖОБО иштелип чыгып, бекитилет. Ысырапкорчулукка жана ашыкча мактанууга жол берилбейт.
— Мыйзамдарды жана Президенттин Жарлыктарын жетекчиликке алып, салтанаттын убактысы, орду, узактыгы, катышуучулардын саны, автоунаалар, союлуучу мал жана белектер боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан аныкталат.
23.11. Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чараларын өткөрүү эрежелери:
— Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү иш-чаралары жамаат мүчөлөрүнүн пикирлери эске алынып, ашыкча шаңданууга жана мактанууга жол бербөө максатында жыйындарда жана курултайларда жобо иштелип чыгып, бекитилет.
— Маркумга байланышкан иш-чараларга сөөк коюу, кыркмаареке жана аш берүү кирет.
— Мыйзамдарды жана Президенттин Жарлыктарын жетекчиликке алып, ысырапкорчулукка жол бербөө үчүн булиш-чаралардын убактысы, орду, узактыгы, союлуучу малдын саны, белек жана тартуулардын түрү менен көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан кабыл алынган жобонун негизинде аныкталат.
23.12. Жергиликтүү жамаатта пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды чечүү эрежелери:
— Жамаат өз аймагындагы жана ички жашоого байланышкан пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды кароого укуктуу.
— Чыр-чатактар ар кандай себептерден чыгышы мүмкүн жана алар терс да, оң (көйгөйдү чечүүгө жардам берген) мүнөздө да болот.
— Эки же андан көп топтун ортосунда чыр чыкса, аны кароо үчүн калыс топ түзүлөт. Калыс топко жергиликтүү кеңеш, мэрия, аксакалдар соттору, ардагерлер, аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү кирет.
— Калыс топ тараптарды кезеги менен угат, суроо-жооп уюштурат жана ачык талкуу жүргүзөт. Топтун мүчөлөрү пикирлерин билдирип, улуусунун жыйынтык чечими менен бүтүм чыгарат.
Эгер тараптар макул болбосо, жаңы калыс топ түзүлүп, маселе кайрадан ошол эле тартипте каралат.
23.13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук түзүмдөрдүн отчетторун угуунун эрежелери:
— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл тарабынан шайланган же түзүлгөн коомдук уюмдар мыйзамдарда жана жоболордо көрсөтүлгөн тартипте эл алдында отчет беришет.
— Отчет угуу убактысы жамаат (кичи кеңеш) жана жергиликтүү бийлик тарабынан элдин пикири эске алынып, жарым жылда же жылына бир жолу белгиленет. Отчет берүү күнү жана убактысы алдын ала жетекчилерге жана элге кабарланат.
— Отчетторго жамааттын бардык аймактарынан өкүлдөрдүн катышуусу камсыздалат жана суроо-жооп жана талкуу жүргүзүлөт. Жыйынтыгы боюнча «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деген баа берилет.
23.14. Жергиликтүү жамааттын башка жамааттар менен алака жүргүзүүсү:
— Жамаат коңшулаш же башка жергиликтүү жамааттар менен ынтымакта жашоо, кызматташтык, чарбалык жана башка маселелер боюнча алака түзө алат.
— Ушул Уставга жана катышуучу жамааттардын Уставдарына, ошондой эле жазуу жүзүндөгү же оозеки макулдашууларга ылайык жүргүзүлөт.
24. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
24.1. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү жүргүзүлөт.
24.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүнмаксаттары:
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү;
— социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын, долбоорлордун жана демилгелердин ишке ашырылышын көзөмөлдөө;
— кызматтарды жана иш-аракеттерди жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
— этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
24.3. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү үчүн жергиликтүү кеңеш жумушчу топторду түзүүгө укуктуу.
24.4. Жумушчу топтордун курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун өкүлдөрү, жарандык коом жана жергиликтүү жамааттынн мүчөлөрү кире алат. Курамы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
24.5. Жумушчу топтор:
— маалыматтарды жана документтерди талдоого;
— сурамжылоолорду жүргүзүүгө;
— долбоорлордун жана кызматтардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө;
— сунуштамаларды берүүгө укуктуу.
24.6. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүнжыйынтыктары калкка жеткиликтүү түрдө жарыяланат жана талкуулоого чыгарылышы мүмкүн.
25. Муниципалдык менчик
25.1. Муниципалдык менчик — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги.
25.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.
25.3. Муниципалдык менчикке кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, акча каражаттары жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамында каралган башка мүлктүк укуктар кирет.
25.4. Муниципалдык менчик объекттеринин реестри жүргүзүлөт жана ал жарандар үчүн жеткиликтүү болот.
26. Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду
Фондду түзүү жана каржылоо:
— Жамааттын мүчөлөрү ыктыярдуу түрдө белгиленген өлчөмүндө өздөрүнө салык салып, фондго салым кошушат.
— Бул маселе жамааттын чогулуштарында, квартал, көчө жана көп кабаттуу үйлөрдүн жыйналыштарында талкууланып чечилет.
Кошумча салымдар:
— Фондго жамааттын мүчөлөрү гана эмес, башка жеке адамдар жана юридикалык жактар да салым кошо алышат.
Каттоо:
— Фонд «Коомдук фонд» катары коммерциялык эмес уюм болуп, мамлекеттик каттоодон өтүп, мыйзамга ылайык иштейт.
Фонддун каражаттарын колдонуу:
— Каражаттар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана кайрымдуулук иштерине жумшалат.
Долбоорлор ар түрдүү багытта болушу мүмкүн:
— Ишкерчилик (Бизнес-Инкубатор);
— өнөр жана кесипке үйрөтүү;
— адеп-ахлактык тарбиялоо.
Долбоорлорду тандоо жана каржылоо:
— Конкурстук комиссия (абройлуу адистер жана жергиликтүү кеңештин депутаттары) долбоорлорду карайт.
— Жактырган долбоорлор фонд тарабынан каржыланат.
27. Жергиликтүү бюджет
27.1. Жергиликтүү бюджет – жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет жана шаардык мэрия тарабынан аткарылат.
27.2. Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгашалардан турат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
27.3. Жергиликтүү бюджеттин долбоору жана анын аткарылышы ачык каралат, алар боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт.
27.4. Бекитилген бюджет жана аткаруу боюнча отчет расмий түрдө жарыяланат.
28. Сыйлоо чаралары
28.1. Сыйлоо үчүн негиздер:
-Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаруу;
— Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө активдүү катышуу;
— Жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-турум;
— Кайрымдуулук жана спонсорлук ишмердүүлүк;
— Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу;
— Жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышуу;
Сыйлоо түрлөрү:
— Алкыш жарыялоо;
— Баалуу белектер, акчалай сыйлыктар, грамоталар;
— Ардактуу наамдар:
— “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү аймак”;
— Шаардын ардактуу атуулу
— Ардак тактага илүү, Ардак китепчесине киргизүү;
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүү.
Сыйлоо тартиби:
Сыйлоого сунуштоо: жашоочулар чогулушу, аксакалдар соту, коомдук уюмдар, шаар/айылдык администрация, жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан.
Жогорку наамдардын өзгөчөлүгү:
— Шаардын/ аймактын ардактуу атуулу” – эң жогорку наам;
— Өнүгүүгө өзгөчө салым кошкондорго берилет.
28.2. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жарандарга моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
28.2. Сыйлоо чараларын колдонуу тартиби шаардык мэриянын, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин чечимдери менен аныкталат.
29. Уставды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
29.1. Кызмат адамдары Уставды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
30. Уставды кабыл алуу жана өзгөртүү тартиби
30.1. Устав жыйындарда же курултайларда талкуулангандан кийин жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат (өзгөртүлөт, толукталат) жана депутаттардын көпчүлүк добушу менен бекитилет. Уставга өзгөртүү жана толуктоолор жамааттын мүчөлөрүнүн же жергиликтүү кеңеш депутаттарынын кеминде үчтөн бири тарабынан демилгелениши мүмкүн.
30.2. Устав белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында милдеттүү түрдө каттоодон өтөт. Уставды бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук акт расмий жарыялангандан кийин уставдын тексти менен бирге Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
Аппарат жетекчи Э.Т.Назарматова
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XX—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026 -жылдын 30–июну №20/4 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешине жана Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканаларга лизинг аркылуу атайын техникаларды сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-79-беренелерине ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 26-июнундагы отурумунун чечиминин негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
-Өзгөн шаардык кеңешине кызматтык унаа Chevrolet Tracker 1 927 900 (бир миллион тогуз жүз жыйырма жети миң тогуз жүз) сомго.
-Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментине 1 даана Hyundai R60W-9S үлгүсүндөгү дөнгөлөктүү эксковатор 8 228 000 (сегиз миллион эки жүз жыйырма сегиз миң) сом,
-“Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасына:
2. Атайын техникаларды сатып алуу боюнча баштапкы төлөмдөр 2026-жылда аткарылуучу жумуштардын титулдук тизмесине ылайык, калган төлөмдөр муниципиалдык ишканалардын бекитилген бюджетинин сметалары аркылуу каржылансын
3. Мыйзамга ылайык атайын техникаларды сатып алуу боюнча иш алып баруу жагы Өзгөн шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XX—сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну 20/5 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин сыйлыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана када салттар боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 18-июнундагы №4 отурумунун корутундусунун негизинде, күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин төмөнкү сыйлыктары белгиленсин:
а) Өзгөн шаардык кеңешинин ыраазычылык каты;
б) Өзгөн шаардык кеңешинин ардак грамотасы;
2. Төмөнкү жоболор бекитилсин:
а) 1-тиркемеге ылайык, “Өзгөн шаардык кеңешинин ыраазычылык каты жөнүндө”;
б) 2-тиркемеге ылайык, “ Өзгөн шаардык кеңешинин ардак грамотасы жөнүндө”;
в) 3-тиркемеге ылайык, сыйлоо барагынын формасы;
г) 4-тиркемеге ылайык сыйлыктарды кароо боюнча комиссиясынын ЖОБОсу.
3. Жогоруда аталган сыйлыктарды даярдоо боюнча чыгымдар, мыйзамга ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын чыгымдар сметасынын чектеринде жүзөгө ашырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, дпутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
|
|
Төрага Н.Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңештин ыраазычылык каты жөнүндө 1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө«, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Өзгөн шаардык кеңештин ыраазычылык каты менен сыйлоо шартын жана тартибин белгилейт. 2. Өзгөн шаардык кеңештин ыраазычылык каты (мындан ары — Ыраазычылык кат) — бул майрам күндөрүнө, кесиптик майрамдарга карата жарандарды жана Өзгөн шаарынын уюмдарынын жамааттарын шаардын жана борбордун тургундарынын келечегине тармактык ишинин багыттары боюнча белгилүү жетишкендиктери үчүн сыйлоо формасы. II. Ыраазычылык каттын сүрөттөлүшү Өзгөн шаардык кеңештин ыраазычылык каты А4 форматындагы (300×210 өлчөмүндөгү) ак түстөгү катуу жылтырак баракка (кошумча баракка) жол-жоболоштурулат. Барактын жогорку жана төмөнкү бөлүгүндө кагаздын жогорку жана төмөнкү четтеринен 7 жана 5 мм аралыкта кочкул-көк түстөгү кыргыз элдик оймо салтындагы орнамент жайгашкан. Барактын ортосунан баш тамгалар «ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ» деген жазуу жайгашкан. Ортодон төмөнүрөөк 2 сапта, баш тамгалар менен, 8 мм өлчөмдөгү, «Times New Roman» шрифти менен көгүш түстө «ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ» деген сөз жайгаштырылат, андан ары барактын ортосуна баш тамгалар менен, тексттен төмөнүрөөк 8 мм өлчөмдөгү «Times New Roman» шрифти менен сыйлануучунун аты — жөнү, төмөнүрөөк кара түстө 4 мм өлчөмдөгү «Times New Roman» шрифти менен сыйлоо үчүн негизди көрсөтүү менен текст мамлекеттик тилде көрсөтүлөт. Төмөнүрөөк кол коюу үчүн орун калтыруу менен, Өзгөн шаардык кеңештин төрагасынын аты-жөнү жазылат, андан ары барактын он бурчуна кара түстөгү, 4 мм өлчөмдөгү «Times New Roman» шрифти менен берилген жылы көрсөтүлөт. Ыраазычылык каттын барагы (кошумча барагы) жабылган түрдө 455х310 мм өлчөмдө папкага салынат. Ортодон төмөнүрөөк 5 мм өлчөмдөгү, «Times New Roman» шрифти менен, кара түстөгү баш тамгалар менен «ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ» деген сөздөр жайгашат. III. Ыраазычылык кат менен сыйлоого сунуштоо тартиби 1. Ыраазычылык кат төмөнкүлөр үчүн тапшырылат: -олуттуу эмгектик, чыгармачылык, материалдык-финансылык салым, шаардык чарбаны, маданиятты, илимди, билим берүү, саламаттык сактоо, шаар куруу, монументалдык искусствону, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программаларын -аз камсыз болгон жарандарды, жетим балдарды жана ата-энелеринин кароосусуз калган балдарды социалдык жактан колдоого, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана ооруканаларды, мектептерди, приюттарды, маданий жана -жарандарды кылмыштуу кол салуулардан коргоодогу өздүк салымы, эрдиги, сатылбастыгы үчүн. 2. Ыраазычылык кат менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат тапшыруунун пландалган датасына чейин 2 жумадан кеч эмес киргизилет. 3. Ыраазычылык кат менен сыйлоого сунушталган жактар үчүн төмөнкүлөр талап кылынат: -кесиптик майрам же белгилүү дата учурунда — 1 жылдан кем эмес жалпы эмгек стажысынын болуусу; -мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тийиштүү кызматта 1 жылдан кем эмес эмгек стажысы менен. 4. Ыраазычылык кат менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат менен төмөнкү документтер киргизилет: -жактын сыйлануусуна карата сунуштама, паспорттун көчүрмөсү; -белгиленген үлгүдөгү сыйлоо барагы; -чогулуштун протоколдору, коллегиалдык органдардын (коллегиалдуу орган жок болгондо — жетекчинин чечими) сыйлоого сунуштоо жөнүндө чечими; -ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүч. 5. Документтерди сапатсыз даярдоо жана ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө комиссияда кароосуз жеткиликтүү иштеп чыгууга документтерди кайтаруу үчүн негиз болуп саналат. 6. Тартиптик жазалар белгиленген тартипте алынып салынбаган кызматчыларды сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт. 7. Ыраазычылык кат бир эле жакка же уюмга эки жолу берилбейт. 8. Ыраазычылык каттын бланктарын даярдоо жана сактоо укугу Өзгөн шаардык кеңешке гана таандык IV. Ыраазычылык катты тапшыруу тартиби 1. Ыраазычылык катты тапшыруу Өзгөн шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, депутаттар же алардын тапшыруусу боюнча аппарат жетекчи тарабынан Өзгөн шаардык кеңеште же түздөн-түз уюмдарда жана жамааттарда салтанаттуу 2. Ыраазычылык каттын тексти белгиленген үлгүдөгү бланкта жол-жоболоштурулат, Өзгөн шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт. 3. Ыраазычылык катты даярдоо Өзгөн шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалат. 4. Ыраазычылык каттын бланктарын сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Өзгөн шаардык мэриясынын башкы бухгалтери тарабынан жүзөгө ашырылат. 5. Ыраазычылык кат менен сыйлангандарды эсепке алуу Өзгөн шаардык кеңешинин аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Өзгөн шаардык кеңештин ардак грамотасы жөнүндө I. Жалпы жоболор 1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө«, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Өзгөн шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлоо шартын жана тартибин белгилейт. 2. Өзгөн шаардык кеңештин Ардак грамотасы (мындан ары — Ардак грамота) — бул жарандарды Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык, маданий өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы, кайрымдуулук иши жана билим берүүнү, илимди, спортту, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча жетишкендиктер үчүн сыйлоо формасы. II. Ардак грамотанын сүрөттөлүшү Өзгөн шаардык кеңештин Ардак грамотасы кочкул-кызыл түстөгү, кагаздын жогорку жана төмөнкү четтеринен 7 жана 5 мм аралыкта жайгашкан барактын жогорку жана төмөнкү бөлүгүндө кыргыз элдик оймо салтындагы орнамент менен кооздолгон, А4 форматындагы (300×210 өлчөмүндөгү) ак түстөгү катуу жылтырак баракка (кошумча баракка) жол-жоболоштурулат. Барактын (кошумча барактын) жогору бөлүгүндө ортодо мамлекеттик тилде, кара түстөгү 4 мм өлчөмдөгү «Times New Roman» шрифти менен сыйлоо үчүн негизди көрсөтүү менен текст жайгаштырылат, ортодон төмөнүрөөк кара түстөгү 10 мм өлчөмдөгү, «Times New Roman» шрифти менен сыйлануучунун аты-жөнү көрсөтүлөт, андан ары ортодо 2 сапта кызыл түстөгү баш тамгалар менен, 5 мм өлчөмдөгү, «Times New Roman» шрифти менен «ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АРДАК ГРАМОТАСЫ» деген сөз жайгаштырылат, төмөнүрөөк кара түстөгү 4 мм өлчөмдөгү «Times New Roman» шрифти менен «менен сыйлансын» деген сөздөр жазылат, андан ары барактын ортосуна баш тамгалар менен, тексттен төмөнүрөөк 8 мм өлчөмдөгү «Times New Roman» шрифти менен сыйлануучунун аты-жөнү, төмөнүрөөк кара түстө 4 мм өлчөмдөгү «Times New Roman» шрифти менен сыйлоо үчүн негизди көрсөтүү менен жазылат. Төмөнүрөөк «Өзгөн шаардык кеңештин төрагасы» деген сөз жазылып, кол коюу үчүн орун каптыруу менен, Өзгөн шаардык кеңештин төрагасынын аты-жөнү жазылат, андан ары барактын оң бурчуна кара түстөгү, 4 мм өлчөмдөгү «Times New Roman» шрифти менен берилген жылы көрсөтүлөт. Ардак грамотанын барагы (кошумча барагы) — 455х310 мм катуу картондон жасалган папкага салынат.
III. Ардак грамота менен сыйлоого көрсөтүү тартиби 1. Ардак грамота менен сыйлоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: Өзгөн шаарында мыйзамдуулукту, парламентаризмди, демократияны өнүктүрүүдө, Өзгөн шаарынын тургундарынын укуктарын жана эркиндигин коргоодо олуттуу эмгеги; Өзгөн шаарынын тургундарынын шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүүдөгү демилгеси жана жетишкендиктери, жараткыч иши; ишкерлик ишти уюштуруудагы олуттуу жетишкендиктер; шаардык чарбаны, маданиятты, билим берүү, саламаттык сактоо, шаар куруу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программаларын, ошондой эле башка шаардык программаларды ишке ашыруудагы олуттуу эмгектик, чыгармачылык, материалдык-финансылык салым; жалпыга маалымдоо каражаттарындагы иште демократиялык башталууларды өнүктүрүүдөгү, шаардын жана Өзгөндүктөрдүн жашоо-турмушун объективдүү чагылдыруудагы жетишкендиктер. 2. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч тапшыруунун пландалган датасына чейин 2 жумадан кеч эмес киргизилет. 3. Ардак грамота менен сыйлоого көрсөтүлгөн жактар үчүн төмөнкүлөр талап кылынат: -кесиптик майрам же белгилүү дата учурунда жалпы эмгек стажысынын же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес стажысынын болуусу; -мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тийиштүү кызматта 3 жылдан кем эмес эмгек стажысы менен. 4. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчү менен төмөнкү документтер киргизилет: -жактын сыйлануусуна карата сунуштама, паспорттун көчүрмөсү; -белгиленген үлгүдө сыйлоо барагы; -чогулуштун протоколдору, коллегиалдык органдардын (коллегиалдуу орган жок болгондо — жетекчинин чечими) сыйлоого сунуштоо жөнүндө чечими; -ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун; -депутаттын, комиссиянын суроо-талабы боюнча — сыйлоого сунушталып жаткан жактын, уюмдун иши жана эмгектик жетишкендиктери жөнүндө маалымдама-маалыматтык материалдар жана маалыматтар. 5. Документтерди сапатсыз даярдоо жана ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө комиссияда кароосуз жеткиликтүү иштеп чыгууга документтерди кайтаруу үчүн негиз болуп саналат. 6. Тартиптик жазалар белгиленген тартипте алынып салынбаган кызматчыларды сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт. 7. Өзгөн шаардык кеңештин ардак Грамотасы бир жакка же уюмга эки жолу, ошондой эле Өзгөн шаардык кеңештин ыраазычылык каты менен сыйланбаган жактарга берилбейт. 8. Ардак грамотанын бланктарын даярдоо жана сактоо укугу Өзгөн шаардык кеңешке гана таандык. IV. Ардак грамотаны тапшыруу тартиби 1. Ардак Грамотаны тапшыруу Өзгөн шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, депутаттар же алардын тапшыруусу боюнча аппарат жетекчи тарабынан Өзгөн шаардык кеңеште же түздөн-түз уюмдарда жана жамааттарда 2. Өзгөн шаардык кеңештин Ардак грамотасынын тексти белгиленген үлгүдөгү бланкта жол-жоболоштурулат, Өзгөн шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт. 3. Ардак грамотаны даярдоо Өзгөн шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери тарабынан даярдалат. 4. Өзгөн шаардык кеңештин Ардак грамотасынын бланктарын сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Өзгөн шаардык мэриясынын башкы бухгалтери тарабынан жүзөгө ашырылат. 5. Ардак грамота менен сыйланган жактарды эсепке алуу Өзгөн шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
СЫЙЛОО БАРАГЫ 1. Аты-жөнү________________________________________________________ _______________________________________________________________________ 2. Иштеген кызмат орду, кызматы_____________________________________ _______________________________________________________________________ 3. Туулган жылы, күнү, айы__________________________________________ 4. Жарандыгы _____________________________________________________ 5. Үй дареги жана телефону _________________________________________ 6. Жалпы иш стажы ________ жыл, анын ичинде: 6.1. Муниципалдык кызматтагы иш стажысы _________ жыл; 6.2. Бул жамааттагы иш стажысы _________ жыл; 6.3. Бул кызматтагы иш стажысы _________ жыл. 7. Мамлекеттик жана башка сыйлыктар: _____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ (сыйлыктын аталышы, сыйлоо датасы) 8. Сыйлоого көрсөтүлүп жаткан өзгөчө сиңирген эмгектер, кыскача мүнөздөмө ______________________________________________________________________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ 9._________________________________________________________________ (талапкердин аты-жөнү) _______________________________________________________________________ (ишкананын, мекеменин, уюмдун аталышы,
талкуулоо датасы, протокол номуру) жыйыны (кеңеш, башкармалык) тарабынан______________________________________________________________ _______________________________________________________________________ (сыйлыктын түрү) сыйлыгына көрсөтүү үчүн сунушталды.
10. Сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынды ____________________________________________________________ 20____-жылдын «___» __________ № _____протоколу
20__-жылдын «_____» __________________
Өзгөн шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Өзгөн шаардык кеңештин комиссиясы жөнүндө 1. Өзгөн шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Өзгөн шаардык кеңешишин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, дпутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясына (мындан ары — комиссия) жүктөлөт. 2. Комиссия өз ишинде Өзгөн шаардык кеңештин «Өзгөн шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө» токтомун так жетекчиликке алат. 3. Комиссия отурумдары Өзгөң шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттардын түшүүсүнө жараша өткөрүлөт. 4. Комиссия өзүнүн отурумдарында Өзгөң шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды, ошондой эле өз ишинин уюштуруу маселелерин карайт. 5. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. 6. Өзгөн шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары, депутаттары Өзгөн шаардык кеңештин аппаратынын муниципалдык кызматчыларын (мурунку муниципалдык кызматчыларын) сыйлоо сунушун комиссияга киргизүүгө укуктуу. 9. Сыйлоо жөнүндө сунуштамалар жана өтүнүчтөр жекече так болуусу керек. Сыйлануучу жактын аты-жөнү, ошондой эле сыйлана турган уюмдун толук аталышы комиссиянын протоколунда көрсөтүлөт. 10. Тийиштүү эмес жол-жоболоштурулган сунуштамалар комиссия тарабынан каралбайт жана жеткиликтүү иштеп чыгууга кайтарылып берилет. 11. Комиссиянын сыйлоолор жана сыйлыктарды тапшыруу жөнүндө чечими сунуштамалардын жана өтүнүч каттардын түшүүсүнө жараша кабыл алынат. Алар майрамдарга жана белгилүү күндөргө, юбилейлик даталарга карата болушу мүмкүн. 12. Өзгөчө учурларда, комиссия Өзгөн шаарынын жана Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги үчүн жогоруда аталган сыйлыктарысыз, сыйлоого карата өтүнүч каттарды жана сунуштамаларды кароого укуктуу. 13. Уюмдарды, анын юбилейи менен сыйлоодо комиссияга уюмдун түзүлүшүнүн датасы жөнүндө архивдик маалымкат берилет. 14. Сыйлануучуларды кошумча талдап чыгуу үчүн комиссия уюмга, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сыйлоо боюнча сунуштар жөнүндө сурамаларды жасайт. 15. Комиссиянын протоколун жол-жоболоштурууну, сыйлангандарды эсепке алууну жана каттоону, комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыздоону Өзгөн шаардык кеңештин аппаратынын адистери жүзөгө ашырат.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз
ТОКТОМУ 2026-жылдын 06-июлу №21/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарына муниципалдык ишканаларына атайын техникаларды сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-79-беренелерине ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 26-июнундагы №4 отурумунун корутундусунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарына 2026-жылга лизинг аркылуу 31 939 252(отуз бир миллион тогуз жүз отуз тогуз миң эки жүз элүү эки) сомго 5-атайын техника сатып алуу пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу Өзгөн шаардык мэриясына караштуу муниципиалдык менчикдеги мүлктү башкаруу ишканасынын балансына жалпы сметалык суммасы 15 835 376 (он беш миллион сегиз жүз отуз беш миң үч жүз жетмиш алты) сомго лизинг аркылуу эки атайын техника сатып алуугажергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты жетишсиз экендиги эске алынсын.
2. Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен бериле турган 30% б.а. 4 750 613 (төрт миллион жети жүз элүү миң алты жүз он үч) сом акча каражатын шаарда пландаштырылып жаткан башка долбоорлорго көмөк көрсөтүү жагы Ош облустук мамлекеттик администрациясынан суралсын. 3. Токтомдун мыйзам чегинде аткаруу боюнча иш алып баруу жагы Өзгөн шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин директору М.Койчукуловго милдеттендирилсин, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Н.Саипбаевге тапшырылсын. 4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н. Шамаматов
|
||||||||||||||||||||||||||||


