Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 19-июнь № 115 Мырза-Аке айылы.
Мырза-Аке айылынын тургуну Камбаралиев Кутунун жеринин багытын өзгөртүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 21 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Мырза-Аке айылынын тургуну Камбаралиев Кутунун арызынын негизинде индентификациялык 5-06-15-1001-3825 номери менен өз огородунун 2300 м2 жер аянты өндүрүштүк багытына которууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 19-июнь № 116 Мырза-Аке айылы.
Калпак участкасындагы 4 га жер аянтын муниципалдыкка алуу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 21 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Мырза-Аке айыл аймагындагы Калпак участкасындагы № 509 контурдагы 2 га ыңгайсыз жерди, № 972 контурдагы 2 га ыңгайсыз жерди муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 19-июнь № 117 Мырза-Аке айылы.
Мырза-Аке айылынындагы Ш.Койлубаев жана А.Карашев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жерди муниципалдыкка алуу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 21 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Мырза-Аке айылындагы Ш.Койлубаев жана А.Карашев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 300 м2 жер аянтын муниципалдыкка алууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 19-июнь № 118 Мырза-Аке айылы.
Калпак участкасындагы 2 га жерди муниципалдыкка алуу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 21 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Мырза-Аке айыл аймагындагы Калпак участкасындагы 2 га,бүгүнкү күндө жеке тараптардын аракети менен бак болгон.Ыңгайсыз жерди муниципалдыкка алууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 19-июнь № 119 Мырза-Аке айылы.
Мырза-Аке айылынын тургуну Оморов Медербектин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 21 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Мырза-Аке айылынын тургуну Оморов Медербектин арызынын негизинде идентификациялык 5-06-15-1001-1901 номери менен өзүнүн огородунун ичинен 65м2 жер аянтын калкты тейлөө багытына которууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 19-июнь № 120 Мырза-Аке айылы.
Муниципалдык турак жайларда жашаган жарандарды убактылуу каттоого алуу жөнүндө
Мырза-Аке айыл аймагындагы 2018-жылы демөөрчүлөр тарабынан курулуп, 2020-2021-жылдары жарандарга берилген турак жайлар боюнча тиешелүү иш кагаздары толук бүткөрүлбөгөндүктөн, аталган үйлөрдө жашаган жарандар туруктуу каттоого тура албай жаткандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн өтүнүч катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, Мырза-Аке айылдык кеңеш токтом кылат:
- Төмөнкү жарандарды убактылуу каттоого алууга макулдук берилсин:
- Матанова Гүлгаакы
- Бакирова Гулжамал
- Караева Чолпон
- Жарандарды убактылуу каттоого алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү Мырза-Аке айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “социалдык маданий жаштар спорт дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 19-июнь № 121 Мырза-Аке айылы.
Толук бүтпөй калган турак жайлардын пайдубалын пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл аймагындагы 2018-жылы демөөрчүлөр тарабынан башталып, толук бүтпөй калган турак жайлардын пайдубалдарын социалдык жактан колдоого муктаж жарандарга пайдаланууга берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн өтүнүч катын карап чыгып, Мырза-Аке айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Төмөнкү жарандарга толук бүтпөй калган турак жайлардын пайдубалдарын өз эсебинен (тууган-урук, демөөрчү) курулуш иштерин жүргүзүү үчүн пайдаланууга уруксат берилсин:
- Осмонова Ырыскан
- Ширинбек к Нуржамал
- Бул чечимдин негизинде курулуш иштерин мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү жарандардын өздөрүнө жүктөлсүн.
- Тиешелүү документтерди даярдоо жана жогорку органдарга сунуштоо үчүн Мырза-Аке айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы“социалдык маданий жаштар спорт дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 19-июнь № 122 Мырза-Аке айылы.
Кандава айылындагы 18 сотых жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жана Абжапаров Жеңишке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып,
Мырза-Аке айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кандава айылындагы Б.Моңолов атындагы орто мектептин жаңы имаратын курулуп жаткан жеринин жанынан 0,18 га (18 сотых) жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Аталган жер аянтын курулуп жаткан мектепке, жеке менчиктеги жерин берген, мыйзам талаптарына ылайык муниципалдык менчиктеги 0,18 га (18 сотых) жер аянтын,жаран Абжапаров Жеңишке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жер аянтын кабыл алуу жана өткөрүп берүү боюнча тиешелүү документтерди даярдоо, мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин жүргүзүү Мырза-Аке айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 19-июнь № 123 Мырза-Аке айылы.
Мырза-Аке айылындагы Ш.Койлубаев көчөсүндөгү эски универмагдын жанындагы жерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 21 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Мырза-Аке айылындагы Ш.Койлубаев көчөсүндөгү эски универмагдын жанындагы 52 м2 жерди муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 19-июнь № 124 Мырза-Аке айылы.
С.Мойдунов орто мектебинин эски окуу корпусунун багытын өзгөртүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 21 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Бабыр айылындагы С.Мойдунов орто мектебинин эски окуу имаратынын жерин, бала бакча багытына которууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 19-июнь № 125 Мырза-Аке айылы.
Мырза-Аке айылынын тургуну Маметов Урматбектин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 21 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Мырза-Аке айылынын тургуну Маметов Урматбектин арызынын негизинде идентификациялык 5-06-15-1001-3851 номери менен өзүнүн огородунун ичинен 800 м2 жер аянтын калкты тейлөө багытына которууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 19-июнь № 126 Мырза-Аке айылы.
РЭСтин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 15.06.2026-жылдагы №17 кайрылуу катын жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат :
1.Мырза-Аке айыл аймагындагы подстанция курула турган жер тилкесин РЭСтин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 19-июнь № 127 Мырза-Аке айылы.
Мырза-аке айылынын А.Султанов көчөсүнүн 800м жолун асфальттоого акча каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 — 117-беренелерине жана финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши токтом кылат :
- Мырза-Аке айылындагы А.Султанов көчөсүнүн 800 м жолун асфальттоого өздүк салым 4000,0 (төрт млн ) сомду 2026-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчы Талантбек уулу Русланга мелдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г.Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 20-июль № 128 Мырза-Аке айылы.
Мырза-Аке айылынын тургуну Аширов Эмильбектин арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 21 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Мырза-Аке айылынын тургуну Аширов Эмильбектин арызынын негизинде идентификациялык 5-06-15-1001-4035 номери менен өзүнүн огородунун ичинен 300м2 жер аянтын калкты тейлөө багытына которууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 20-июль № 129 Мырза-Аке айылы.
Мырза-Аке айылынын тургуну Ажимаматова Гульмиранын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 21 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Мырза-Аке айылынын тургуну Ажимаматова Гульмиранын арызынын негизинде идентификациялык 5-06-15-1001-4021 номери менен өзүнүн огородунун ичинен 100 м2 жер аянтын калкты тейлөө багытына которууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 20-июль № 130 Мырза-Аке айылы.
Мырза-Аке айылынын тургуну Маметов Даниярдын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 21 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Мырза-Аке айылынын тургуну Маметов Даниярдын арызынын негизинде идентификациялык 5-06-15-1001-3852 номери менен өзүнүн огородунун 1200 м2 жер аянтын калкты тейлөө багытына которууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 20-июль № 131 Мырза-Аке айылы.
Спортзал салууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 21 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Мырза-Аке айылынын А.Көккөзов көчөсүнүн аягындагы Ловчий каналдын түштүк тарабынан 1500 м2 жер аянтына спортзал курууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 20-июль № 132 Мырза-Аке айылы.
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жарым жалдагына карата ашыкча аткарылган планды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 — 117-беренелерине жана финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1 июль айына карат жергиликтүү бюджеттин эсеп счетундагы (2026 жылдын 6 айына карата ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен түзүлгөн ) 3000,0 миң сом акча каражатын, жергиликтүү бюджеттин аткарылышын алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылыдык кеңеши токтом кылат:
- 2026 жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү жыл ичинде кошумча аткарылган кирешелердин жана үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен калган 3000,0 миң сом 2026 жылдын 1 июльга карата калдык деп табылсын жана ал 2026 жыл ичинде төмөндөгү чыгымдарга ылайык жумшалсын.
1). Аппарат тармагынын ТОП жана МОП кызматкерлердин айлык маянасы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу 324,0 миң сом
2). Аппарат кызматкерлеринин кызматтык сапары үчүн 56,0 миң сом
3). ПСД жасатууга 200,0 миң сом .
4). Ваучердик окутууга тамак аш сатып алууга 600,0 миң сом
5) Спорттук иш чарага 50,0 миң сом
6) Мырза-Аке китепканасына стеллаж сатып алууга 50,0 миң сом
7) ӨК(ЧС) иштерине 300,0 миң сом
8) Шагыл төгүү иштерие 400,0 миң сом
9) Сатып алуу иштерине 20,0 миң сом
10) Курманжан Датка көчөсүнө тротуар салуу үчүн өздүк салым 1000,0 миң сом
2.ЖКХ Тармагындагы 2222 беренесиндеги 1000,0 миң сом акча каражатын 3112 беренесине жылдырылсын
3.Токтом кабыл алынып, бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 20-июль № 133 Мырза-Аке айылы.
Мырза-Аке айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фонду жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Мырза-Аке айыл өкмөт башчысынын жана депутаттарынын сунушун угуп, Мырза-Аке айыл аймагынын аймагында Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фондун уюштуруу жөнүндө, ошондой эле Мырза-Аке айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын 2026-жылдагы протоколунун негизинде, Мырза-Аке айылдык кеңеши токтом кылат:
- Мырза-Аке айыл аймагында Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фондунун ишин уюштурууга макулдук берилсин.
- Мырза-Аке айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фонду жөнүндө Жобо бекитилсин.
- 2026-жылга жергиликтүү бюджеттен Фонддун ишинин алкагында жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоого 1 млн сом бөлүү жөнүндө сунуш киргизилсин.
- 2026-жылга жергиликтүү жамааттардын демилгелери төмөнкү багыттар боюнча аткарууга кабыл алынаары белгиленсин: билим берүү – 300000 сом, маданият жана спортко 300000 сом, социалдык маселерге – 400000 сом.
- Айыл өкмөт башчысы Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фонду жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык долбоорлорду тандоо жол-жоболору боюнча ишти баштасын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы“финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду жөнүндө
ТИПТҮҮ ЖОБО
- Ушул Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерине ылайык иштелип чыккан жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин каржылоо тартибин аныктайт.
- Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
демилгелүү топ – Фонддун эсебинен каржылануучу долбоорду ишке ашыруу боюнча бирдиктүү кызыкчылыгы бар жарандар жана башка кызыкдар тараптардын тобу;
1)өтүнмө ээси – Фондго долбоор сунуштаган жарандардын жана башка кызыкдар тараптардын демилгелүү тобу;
2)жарандардын жыйындары (чогулуштары) – бир көчөнүн, кварталдын, микрорайондун же айылдын тургундарынын жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелерди талкуулоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши боюнча маалымат угуу максатында өткөрүлгөн жыйындары.
3.Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду (мындан ары Фонд) – бул жергиликтүү бюджеттин каражаттары, алар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн же тиешелүү шаардын/айыл аймагынын аймагында жашаган же жайгашкан жеке жана юридикалык жактардын демилгеси боюнча жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн жыйындарында (чогулуштарында), курултайларында көрсөтүлгөн башка максаттуу ишчараларды каржылоого багытталат.
4.Фонддун максаты – тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө, социалдык биримдикти бекемдөөгө жана муниципалдык аймактын жашоочуларынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдоо.
5.Фонд юридикалык жак статусуна ээ эмес.
6.Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылана турган жергиликтүү демилгелердин түрлөрү:
1)жарандык демилгелер – бул 18 жашка толгон жарандар же 18 жашка толгон жарандардын топтору тарабынан коомдук маанилүү маселелерди чечүү, жашоо сапатын жакшыртуу жана жарандык коомду бекемдөө максатында демилгеленген аракеттер же долбоорлор;
2)жаштар демилгелери – бул жаштардын өкүлдөрү же жаштар тобу тарабынан ишке ашырылган, ийгиликтүү өзүн-өзү ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу жана жаштардын потенциалын ачуу үчүн багытталган иш-чаралар же долбоорлор;
3)мектептик демилгелер – бул жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин) мугалимдери тарабынан мектептин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча демилгеленген иш-аракеттер же долбоорлор.
3.Фонддун акча каражаттары конкурстук негизде берилет, ал эми Фонддун каражаттарынын башкы тескөөчүсү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болуп эсептелет.
4.Демилгелүү топ долбоорду ишке ашыруудан пайда ала турган жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
5.Демилгелүү топ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) демилгелүү топтун курамынан ыйгарым укуктуу өкүлдү аныктоо;
2) долбоорду даярдоонун жана ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жана подрядчыдан суроо;
3) долбоорду ишке ашыруу процессинде мониторинг жүргүзүү;
4) долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө жарандарды маалымдоо;
5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен макулдашуу аркылуу долбоорду даярдоодо жана ишке ашырууда башка тиешелүү аракеттерди аткарууга.
6.Демилгелүү топтун мүчөлөрү ушул Жобонун талаптарына ылайык долбоордук өтүнмө берген жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар боло алышат.
- Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорго коюлуучу талаптар.
1.Төмөнкү:
1) долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну талап кылган;
2) долбоор каржылоонун кошумча булактарын тартуу менен ишке ашырылган учурларды кошпогондо, наркы 500 000 сомдон жогору болгон;
3) аларды ишке ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирбеген долбоорлор каралбайт.
- Өтүнмө ээси Арыз ээси 1-тиркемеде берилген форманы колдонуу менен долбоордук арызды толтурат.
- Өтүнмө ээси демилгелүү топту жана долбоордук арызды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында каттайт. Демилгелүү топту каттоо формасы 2-тиркемеде келтирилген.
- Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фондунун эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандап алуу максатында аларды каттоо учурдагы жылдын 1-мартын 1- июнга чейин жүргүзүлөт.
- Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фондуна сунушталган долбоорлор ушул Жобонун талаптарына ылайык болушу керек.
- Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбеген долбоорлордун тизмеги боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы каттоонун мөөнөтү аяктагандан кийин 10 календардык күндүн ичинде өтүнмө ээлерине жазуу жүзүндө маалымат берет.
- Демилгелүү топ долбоорлорду каттоо аяктаган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде аныкталган кемчиликтерди жоюп, документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайра тапшырууга укуктуу.
III. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин каржылоо жана ишке ашыруу тартиби.
- Фонддун акча каражаттарынын жалпы көлөмү жыл сайын жергиликтүү Кеңештин чечими менен тиешелүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүүдө каралат.
- Фонддун акча каражаттарын эл аралык жана башка уюмдардын жана ыктыярдуу кайрымдуулук уюмдарынын каражаттарынын эсебинен көбөйтүүгө жол берилет, эгерде алар жергиликтүү бюджетке киргизилген болсо. Фонддун каражаттарынын көлөмүн жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу шартында гранттардын, демөөрчүлүк жардамдын жана башка бюджеттен тышкаркы булактардын эсебинен көбөйтүүгө жол берилет.
- Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү кенештин чечими менен тиешелүү жылга өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жыл сайын аныкталат жана бюджеттик (функционалдык) классификациянын: экономикалык маселелер, турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүү, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, эс алуу, маданият, айлана-чөйрөнү коргоо ж.б. бөлүмдөрүнө ылайык келет. Негизги багыттар социалдык мааниге, кызыкдар адамдардын санына жана узак мөөнөттүү таасирдин мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталат.
- Долбоорлорду каржылоо жергиликтүү бюджетти аткаруу тартибине ылайык, чыгымдарды бюджеттик классификациялоо элементтери боюнча бөлүштүрүү менен ишке ашырылат.
- Фонддун эсебинен төмөнкү чыгашаларды каржылоого жол берилбейт: талапкер тарапка эмгек акы же башка сый акы төлөө, камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктарды, жыйымдарды төлөө, кредиттик жана карыздык милдеттенмелерди жабуу жана тейлөө, ошондой эле долбоорду ишке ашыруу менен түздөн-түз байланышпаган башка чыгашалар. Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу менен байланышпаган административдик чыгымдарды Фонддун эсебинен каржылоого жол берилбейт.
- Долбоорлор боюнча товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алуу тартиби мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
- Жергиликтүү Кеңеш тарабынан кезектеги бюджеттик жылга бюджет бекитилгенден кийин жана Демилгелерди колдоо фондун ишке ашырууга бөлүнүүчү каражаттардын өлчөмдөрү аныкталгандан кийин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн расмий сайты, массалык маалымат каражаттары аркылуу жана башка жеткиликтүү жолдор менен долбоордук өтүнмөлөрүн кабыл алуунун башталышы жана мөөнөтү жөнүндө муниципалдык аймактын тургундарына маалымдашат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы долбоорлорду каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин 30 календардык күндүн ичинде ар бир айылда жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоорлорун тандоо максатында жергиликтүү коомчулуктун жарандарынын жыйынын (чогулушун) уюштурат.
- Жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин долбоорлорун тандоо жергиликтүү коомчулуктун жарандарынын жыйынында (чогулушунда). Жыйындын катышуучуларынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жүзөгө ашырылат.
- Жергиликтүү коомчулуктун жарандарынын жыйынын (чогулушунун) кворуму жергиликтүү коомчулуктун 50 жана андан көп тургундарынын болушун билдирет.
- Жергиликтүү коомчулуктун жарандарынын жыйынын (чогулушу) протокол менен таризделет, ага жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин тандалып алынган долбоорлору киргизилет жана бир жумалык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайтына жарыяланат.
- Жергиликтүү коомчулуктун жарандарынын жыйынынын (чогулушунун) протоколу чечим кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жөнөтүлөт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары артыкчылыктуу долбоорлорду жактыруу боюнча протоколду карайт, тандалган долбоорлордун реалдуулугуна жана негиздүүлүгүнө талдоо жүргүзүлөт жана долбоорлорду жактыруу жөнүндө чечим кабыл алат. Баш тартуу үчүн негиз катары долбоордук өтүнмөлөрдүн каржылоо көлөмүнүн бекитилген контролдук суммадан ашып кетиши же долбоордун техникалык жактан ишке ашпастыгы саналат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы келип түшкөн өтүнмөлөрдү карап чыгуу жана тандоо боюнча комиссия түзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы долбоорлорду баалоо жана акыркы тандоо үчүн 3 адамдан турган курамда комиссия түзөт:
- ЖӨБдүн аткаруучу органынын өкүлү,
- Жергиликтүү кеңештин депутаты,
- Коммерциялык эмес уюмдун өкүлү.
- Долбоорлорду тандоо критерийлерге ылайык, долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан балл түрүндө коюлган баанын негизинде жүргүзүлөт. Баллдар менен критерийлердин тизмеси 3-тиркемеде берилген.
- Комиссия төрагасынын чечими боюнча долбоорлорду баалоо боюнча комиссиянын жыйындарын онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.
- Ар бир долбоор үчүн комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн конкреттүү долбоорго карата толтурган баалоо баракчаларынын негизинде орточо баллдык маани аныкталат. Баалоонун негизинде 50 жана андан жогору балл топтогон долбоорлор аныкталат. Эң жогорку баллдан төмөнкү баллга карай принциби боюнча долбоорлордун рейтинги түзүлөт.
- Комиссия рейтингдин негизинде эң жогорку балл топтогон жана жалпы бюджети Фонд үчүн каралган бекитилген көлөмдөн ашпаган долбоорлордун тизмесин аныктайт.
- Комиссия тандалып алынган долбоорлордун тизмесине баалоо рейтингинде кийинки орундарды ээлеген резервдик долбоорлорду киргизүүгө укуктуу. Резервдик долбоорлордун санын комиссия өзү аныктайт. Бул резервдик долбоорлор, эгерде кандайдыр бир объективдүү себептер менен тандалган долбоорлор ишке ашпай калса, зарыл болот.
- Тандалып алынган долбоордук өтүнмөлөр тиешелүү финансылык (сметалык) документтерди даярдоо жана колдонуудагы мыйзамдардын техникалык жана финансы-сметалык багыттагы талаптарын эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу үчүн финансы органдарына жиберилет. Долбоордук өтүнмөнү толуктап иштеп чыгуу жана финансылык (сметалык) документтерди даярдоо демилгелүү топтор менен түздөн-түз өз ара аракеттенүүдө 30 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
- Долбоорлордун мониторинги жана ишке ашыруу
- Долбоорлорду ишке ашыруу демилгелүү топтун мүчөлөрүн жана долбоорду ишке ашырууга кызыкдар башка тараптарды тартуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы квартал сайын кийинки айдын 20-күнүнө карата же демилгелүү топтун суроо-талабы боюнча аткарылган иштердин актысы менен долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
- Аткарылуучу иштердин сапатын контролдоо жана жергиликтүү коомчулуктардын долбоорлорунун объекттерин пайдаланууга кабыл алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жүктөлөт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы долбоордун натыйжаларына жетүү жана Фонддун каражаттарын натыйжалуу сарптоо үчүн жергиликтүү кеңешке отчет берет.
- Долбоорлорду ишке ашыруу мониторингинин жана баалоонун төмөнкү деңгээлдери белгиленген:
1) жергиликтүү кеңеш ушул Жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы долбоорду ишке ашыруунун алкагында жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүчү тарабынан ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
3) өтүнмө берүүчү жана долбоордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн акыркы керектөөчүлөрү Долбоорду ишке ашыруунун Биргелешкен мониторингин жана баалоону (БМБ) жүзөгө ашырат .
- БМжБ тобун түзүү жана анын курамы жөнүндө чечимди демилгелүү топ кабыл алат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Фонддун иши боюнча маалыматтын ачык-айкын жана жарандарга жеткиликтүү болушун камсыз кылат.
- Долбоорлору ишке ашыруудагы жоопкерчилик
- Долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөндөгүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) Мыйзамдардын ченемдерин, анын ичинде “Мамлекеттик Сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жумуштарды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жүзөөгө ашыруу боюнча жол-жоболорду сактоо;
2) долбоорлорду ишке ашырууга багытталган финансылык каражаттарды максаттуу пайдалануу
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 20-июль № 134 Мырза-Аке айылы.
Мырза-Аке айыл аймагына жеке инвесторлордун эсебинен заманбап жалпы билим берүүчү мектеп куруу жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнө «МБА Групп КГ» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2026-жылдын 1-июлунда келип түшкөн кайрылууну карап чыгып, Мырза-Аке айыл аймагына жеке инвесторлордун эсебинен заманбап жалпы билим берүүчү мектеп куруу боюнча сунушту талкуулап, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- «МБА Групп КГ» жоопкерчилиги чектелген коомунун Мырза-Аке айыл аймагына жеке инвесторлордун эсебинен заманбап жалпы билим берүүчү (жеке) мектеп куруу боюнча сунушу колдоого алынсын.
- Заманбап жалпы билим берүүчү (жеке) мектепти куруу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жана мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү Мырза-Аке айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Мектеп курула турган жер тилкесин Калпак участкасындагы №509 контурдан 1га жер аянты берилсин, анын укуктук статусун тактоо жана тиешелүү тартипте бөлүп берүү маселеси Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн.
- Мектептин курулушу жана долбоорду ишке ашыруу учурунда бардык уруксат берүүчү, шаар куруу, архитектуралык жана башка тиешелүү талаптардын сакталышы камсыз кылынсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Г. Жороева
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү XV сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жыл 20-июль № 135 Мырза-Аке айылы.
Мырза-Аке айылынын тургуну Калбаева Гүлзийна Курманбаевнанын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 21 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Мырза-Аке айылынын тургуну Калбаева Гүлзийнанын арызынын негизинде идентификациялык 5-06-15-1001-2118 номери менен өзүнүн огородунун 200 м2 жер аянтын калкты тейлөө багытына которууга макулдук берилсин.