«Жер жузуно чайпалып,
Толкуп чыккан аккан суу.
Жети кабат жер астын,
Жарып чыккан аккан суу» (Жеңижок)
Өзгөн районунун суу чарба башкармалыгынын тарыхынан
Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгы 1920-жылы Кыргыз АССРинин эл комиссариаты Советинин алдында түзүлгөн.
1996-жылдан бери КРнын айыл чарба, өнөр жай, тамак-аш жана мелиорация ми- нистрлигине караштуу СЧжМДнин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгы деп ата- лып келет.
Башкармалыкты А.Семенов, Н.Шевченко, Ж.Карабаев, А.Осмоналиев, К.Бакиров, А.Каныметов сыяктуу ирригация тармагына салым кошкон адамдар башкарган.
Өмүрзаков Кеңешбек Эргешович. Ал 1958-жылы 8-октябрда районубуздун Кызыл-Сеңир айылында туулган. 1976-жы- лы ушул эле айылдагы орто мектепти аякта- ган.1976-1977-жылдары Фрунзе шаарынын Аламүдүн даярдоо конторасында, 1977-жы- лы ЮКОС совхозунда жумушчу болуп иш- теген. 1977-1982-жылдары К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтунун гидромелиорация факультетин аяктап, инженер-гидротехник адистигине ээ болгон.1982-1988- жылдары аталган совхоздо гидротехник, 1988-1990-жылдары Куршаб гидроучастогу- нун башчысы, 1990-1996-жылдары башкы инженер, 1996-жылдан бери Өзгөн РСЧБнын башчысы кызматында эмгектенип келет.
Өзгөн райондук, Ош облустук мамлекет- тик администрацияларынын, КРнын Суу чарба жана мелиорация департаментинин, КРнын Айыл чарба министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 2004-жылы «Кыргызстандын агрардык элитасы» прези- денттин улуттук сыйлыгынын, КРнын «Суу чарбасынын мыктысы», «Айыл чарбасынын мыктысы» төш белгилеринин, КРнын Ардак грамотасынын ээси.
Чарбанын бүгүнкү иши жана техникалык абалы
Суу чарба башкармалыкты каржы- лоо КРнын суу ресурстарынын агентти- гинин бекитилип берилген бюджетинин жана атйын каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2022-жылдын сугат мезгилине суу чарба курулмаларын жазгы сугат мезги- лине даярдоо үчүн райондук мамлекет- тик администрациянын башчысы-аким- дин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 364-б буйругу чыккан. Ошол буйрукту аткаруу максатында суу чарба башкарма- сы жазгы сугат мезгилине даярдануунун
календардык иш планына ылайык иш- чараларды жүргүзүп келет.
Башкармалыктын эсебинде 288,69 км. чарбалар аралык каналдар, 126 даана суу бөлүштүрүүчү курулмалар, 66 даана суу өлчөөчү гидропосттор, 3 насостук станция бар.
Район аймагында 20856 га. сугат жер бар. Анын ичинен 14768 га. суу чарба башкармалыктын чарбалар аралык ка- налдары аркылуу, калган 6088 га. жер ички чарбалар аралык каналдар аркы- луу сугат суу менен тейленет. Каналдарга Куршаб-Сай, Кара-Дарыя, Жазы, Кара- Кулжа, Зергер жана Көлдүк дарыялары- нан суу алынат.
2022-жылдын сугат мезгилине даяр- дык көрүү 2021-жылдын октябрь айын- да башталган. Каналдарды механикалык жол менен тазалоого план боюнча 40,5 км., капиталдык оңдоо иштерине 2,4 км. каралган. Аткарылганы 63,1 км. Анын ичинен 2022-жылдын январь айынан май айына чейин 42 км. чарбалар ара- лык каналдар чаап тазаланган. Атап айт- канда Кара-Кыя каналы 1,8 км., Атамкул каналы 2,5 км., Кара-Дыйкан каналы 850 метр, Өзгөн каналы 3600 метр, Козу-Уулу каналы10 км., Мырза-Куршаб каналы 6500 метр, Яссы-Өзгөн каналы 3,5 км., Могол каналы 10 км., Кара-Жыгач каналы 3,5 км., Мырза каналы 5,0 км., Кочкор- Ата каналы 5,4 км., Баш-Дөбө каналы 3,5 км., Жамантай каналы 4,0 км., Жаңы каналы 3 км. чаап тазаланган. Өзгөн, Кара- Дыйкан, Жаман-Адыр, Мырза каналда- рында жана Жаман-Адыр, Шоро-Башат, Талаа насостук станцияларында капи- талдык оңдоо жумуштары аткарылган. Ошондой эле, Шоро-Башат насостук станциясына 2 млн. 185 миң сомго жаңы насостук агрегат алынып келинген.
2022-жылга мамлекеттик бюджет- тен 13 млн. 882 миң сом каралган, бүгүн- кү күнгө бөлүнүп берилгени 13 млн. 612 миң сомду түзөт.
Өтүп кеткен апрель, май айларында
тынымсыз катуу жааган жамгырдын ке- сепетинен Жаңы, Кочкор-Ата, Могол каналдарына сел суусу түшүп, ылайка,- кум, шагылга толтуруп, болжолдуу эсеп менен 521 миң 700 сом зыян келтирген. Башкармалык селден жапа чеккен суу чарба обьектилерин өз убагында калы- бына келтирип, үзгүлтүксүз сугат суу ме- нен камсыз кылууда. Аткарылганы 424 миң 200 сомду түзгөн. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин калыбына келтирүүгө кет- кен акча каражаты чарбага бөлүнүп бе- риле элек.
Азыркы күндө бардык каналдарга СПАлардын сурануусунун (заявкасы- нын) жана келишимдин негизинде сугат суу берилүүдө.
Башкармалыктагы көйгөйлөр
- Жаңы каналы. Каналдын узунду- гу 16 км. Суунун сыйымдуулуг 1,1м3/с. Көлдүк, Ак-Жар айыл өкмөттөрүнүн 382 га. жерин сугат суу менен камсыз кылат. Канал тоо боорунан өткөндүктөн жыл- да жамгыр жааган мезгилде көчкү түшүп, кокту-колоттордон агып түшкөн сел суу- лары каналды ылайкага толтуруп, канал- дан суу берүүгө мүмкүнчүлүк болбой калат. ылайка толуп калган участкаларды чаап тазалоо үчүн көп кыйынчылыктар жаралып, кээ бир учурда өз убагында су- гат суу берүү кечигет.
- Каналдарга суу берүү үчүн техника жетишсиз. Ошол себептен кээ бир учурлар- да каналдарга суу берүү үзгүлтүккө учурап, дыйкандарда нааразычылык пайда болот. Ошондуктан, Өзгөн райондук суу чар- ба башкармалыгына 2 экскаватор 12,5-14 метр, суу буруу үчүн бир жүктөгүч (погрузчик) 3 м3, бульдозер жана 1 даана КАМАЗ, 1 даана трейлер бөлүп берүү жагын суу чар- ба тиешелүү жактардан суранат.
- 2022-жылдын март, май айларында катуу жааган жамгырдан жана жапа чек- кен обьектилерди калыбына келтирүүдө аткарылган 424,200 сомдук жумушка бө- лүнө турган акча каражаты бүгүнгө чейин
бериле элек.
Башкармалыкта 78 киши эмгектенип, анын ичинен 4 адам жетекчилик аппаратта, 28 киши линияда, 9 айдоочу — мехнизатор, 32 жумушчу.
Ал эми техникадан 2 экскаватор, 1 бульдозер, 1 жүктөгүч (погрузчик) , 2 самосвал, 1автокран бар.
Р.8. Кыргызстан Борбордук Азиядагы агын сууга бай, суу менен өзүн-өзү кам- сыздай алган жана дүйнөлүк адам ичүүчү табигый таза суунун бир бөлүгү жайгаш- кан мамлекет. Өлкөдөгү бир нече ГЭСти суу менен камсыздаган Нарын дарыясынан тарта аймагыбыздагы ондогон ири дайра- лар жана биздин жердеги Жазы, Куршаб, Кара-Дарыя дарыялары бул атка күбө. Ал эми ошол дарыялардын башаты болгон тоолорубуздун ар бир колот, жылгалары- нан чыккан булактардын ар бири мамле- кеттин байлыгы.
Суу жөнүндө өзгөчө биздин элде жого- рудагыдай шедевр ырлар жаратылып, уч- кул сөздөр айтылган.
«Чымчык сойсо да касапчы сойсун» дейт күжүрмөн калкта. Анын сыңары тоо этегиндеги чоң дарыя боюнда туулуп, чо- ңоюп, дал ушул суунун затын жогорку окуу жайда 5 жыл окуп, 25 жылдан бери сууга бай районубуздун суу чарбасын башкарып келаткан К.Өмүрзаков ошол суулардын баасын, атын (кашка суу, ак суу, көк суу, кара суу,сары суу, шор суу) ажырата таанып, суунун химиялык формуласы Н2Ону или- мий жактан өздөштүргөн, айылдарыбызды аралап агып өткөн 10догон тентек дарыя- ларыбызга көнүп (Тентек-Сай, Көлдүктөгү жинди суу), аларды башкарып, нугуна са- лып келатканынын өзү анын прфессионал адис экенин далилдейт.
«Жалгыз дарак токой болбойт де- сек, башчынын иш-аракетине, кызматы- на өзүнүн адистик сөзүн кошуп келаткан башкармалыктын гидротехник инженери Жаркымбай Полотбеков, бухгалтер-эсеп- чи Самат Макешов, мыкты наамга жет- кен Асылбек Бообеков, гидроучасток башчысы Захиридин Мамасалиев, инженер Сапар Мураталиев, инженер Гульнара Нарматова, насостук станция башчысы Шарабжан Полотов, гидроучасток баш- чысы Абдиламит Султанов, бөлүм баш- чы Нурлан Уметалиевдер ошол добул- дуу күндөгү ээнбаш суулардын тизгинин тарткандар.
Африканын закымга кубулган Сахарасы менен Түркмөндөрдүн бөкөн гана жашай алган Кара-Кумун, жейрен туягы күйгөн Кытайдын Такла-Макан чөлүн эстегенде гана көк кашка суу эске түшүп, 17-июнь- суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрам күнүндө биз Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерле- рин майрамы менен куттуктап, аларга суу- дай өмүр, бекем ден соолук, үй-бүлөдөгү тынчтык менен кызматтагы ийгиликтерди каалайбыз!
Залкар ыр саптары менен башталган сөзүбүздү залкардын ыр саптары менен аяктайбыз.
«Жаркырап жердин койнунан, Жайнап чыккан аккан суу.
Булак болуп тоолордон, Кайнап чыккан аккан суу» (Барпы).
Канчоро Айдаров.