(Нурмамат Алымкановдун 60 жашына куттук)
Мүнөзүң жумшак жөнөкөй,
Жүрүшүң дайым өзгөрбөй.
Тамашалап сөз айтсак,
Жооп болот сенден күлмүңдөй.
Уул-кызды бактың бөпөлөп,
Тарбия бердиң экөөлөп.
Аяшым Динар акылдуу,
Ооруңду жерден көтөрөт.
Убакыт өтүп арадан,
Күлүктү минип баратсаң.
Алтымыш белес ашыпсың,
Туулган күндү санасам.
Маарекең сенин кут болсун,
Жакшылык дайым топтолсун.
Жүз жашка чейин өмүр сүр,
Каалаган саптар бул досум.
Досторуңдун тобу.