Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо бөлүмү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун чегерүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июндагы № 307 токтому жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция минстрлигинин 2019-жылдын 16-апрелиндеги №58 буйругу менен бекитилген усулдук-көрсөтмөсүнө ылайык иш жүргүзүлүп келет.
2023-жылдын 9-январынан 14-январына чейин 811 жаран кайрылып, алардын арасынан 594нүн документи кабыл алынып, «Түндүк» ведомостволор аралык маалымат алмашуу базасы аркылуу документтери такталып, чогултулуп жатат. Ал эми калган 217 жаран болсо, ооз эки маалымат алышып, жөлөкпулдун мыйзамы боюнча кызматкерлер тарабынан түшүндүрмөлөрдү алып кетишти. Тактап айтсак “Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу чегерилген ар бир балага 1200 сомдон төлөнүп келет. Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдорго ылайык үй-бүлөнүн минималдык кирешеси 1000 сомдон ашпаган жарандарга жөлөкпүл чегерилет.
Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы.