Мамадалиев Шакир Шамшидинович
акимдин биринчи орун басары
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 211 тескемесинин негизинде Мамадалиев Шакир Шамшидинович Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Ал 1986-жылы 7-февралда Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңгакты айылында жарык дүйнөгө келген.
2005-2010-жылдары ОшМУнун филология факультетинде орус тили жана адбияты, 2015-2021-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция адистиги боюнча билим алган.
2013-2018-жылдар аралыгында КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын компьютердик оператору, курьер- архивариусу, социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, 2018-2021-жылдары Өзгөн шаарынын биринчи вице-мэри, 2021-2022- жылдары КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн уюштуруу-инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адис кызматтарында эмгектенген.
2022-жылдын 30-апрелинен жаңы кызматка дайындалганга чейин Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы жооптуу ишти аркалаган.
Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Көптөгөн Ардак грамоталардын, төш белгилердин ээси.
Үй-бүлөлүү. 1 уул, 2 кыздын атасы.