Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги «Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилөө жөнүндөгү» Жарлыгынын алкагында райондун өсүп-өнүгүүсүнө салым кошкон энелерге арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш — чарага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шабдан Абыкаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, Ош облустук аялдар кеңешинин төрайымы Айкөкүл Мырзакаримова, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы, аялдар кеңешинин төрайымы катышты.
Иш- чаранын жүрүшүндө майрамдык маанай тартууланып, жагымдуу белектер тапшырылды.