1-июнь күнү Өзгөн районунда бир топ жаңы социалдык обьектилердин ачылыш салтанаттары болуп өттү.
Алсак, Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек айылында балдар аянтчасы, Мырза-Аке айыл аймагында 80 орундуу «Канышай апа» балдар бакчасынын, Кароол айыл аймагындагы жайкы бассейн, Дөң-Булак айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы 75 орундуу бала бакчанын, Салам-Алик айыл аймагынын Кызыл-Чарба айылынын айылдык фельдшердик-акушердик пункту ачылып, колдонууга берилди. Ачылыш салтанаттарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев Эльчибек Нуржадыевич, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шабдан Абыкаев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Элмурза Сатыбалдыев, Улугбек Ормонов, Шаирбек Ташиев катышышты.
Ошондой эле Салам-Алик айылындагы балдар жайкы эс алуу лагеринин абалы менен таанышышты.