Август кеңешмеси өткөрүлдү
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында райондук билим берүү кызматкерлеринин 2023-жылдын август кеңешмеси болуп өттү.
Кеңешмеде 2022-2023-окуу жылында райондун билим берүү мекемелеринде окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, тарбия берүү жана мектептердин материалдык техникалык базасын чыңдоодогу билим берүү кызматкереринин аткарган иш аракеттери жана жаңы 2023-2024-окуу жылына карата милдеттери. Райондун билим берүү мекемелеринде “Мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди 2023-2024-окуу жылына карата өз убагында сапаттуу даярдоо” боюнча өткөрүлгөн кароо-сынактарынын жыйынтыгы чыгарылды.
Шабдан Абыкаев: Мугалимдин билимдүүлүгү гана эмес, сөзү жана маданияттуулугу айрыкча бааланат. Инсандын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимдерге кандай алкыш айтсак да жарашат. Сиздер интеллигенциянын туу чокусусуздар.
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын атынан Ардак грамота, Диплом жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.