Өзгөн райондук мамлекеттик адмнистрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов Өзгөн Таза суу, Тазалык муниципалдык ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери боюнча толук маалымат алды. Калкыбызды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда керектелүүчү насос, суу кампаларынын абалы боюнча жеринде таанышты. Азыркы учурда Өзгөн шаарында таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу курулманын (канализация), Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы (ЕБРР) тарабынан 11млн 250миң евро каржыланып курулуш иштери жүрүүдө. Район жетекчиси К.Апбасов долбоордо көрсөтүлөн деталдарга өзгөчө көңүл бурууну жана стандарттардын сакталышын, иштин сапаттуулугун көзөмөлгө алууну Өзгөн шаарынын мэрине тапшырды
Өзгөн Таза суу, Тазалык муниципалдык ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери
Share This Article
Пикир билдирүү