Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов Салам Алик айыл аймагынын 15 жаш айылындагы Жолдошбек Примкулов атындагы орто мектебинин курулушу менен жеринде таанышты.
150 орундуу мектептин имараты мамлекеттик бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык баасы 75 млн түзөт. Бүгүнкү күндө имараттын 90% бүткөрүлгөн.
Андан сырткары район жетекчиси көмүр кенин казып өндүрүүчү ишканаларын жеринде көрүп, ишмердүүлүгү менен таанышты. Кышка даярдык көрүү максатында калкыбызга көмүрдү арзан, ыңгайлуу баада сатыка чыгаруусун айтып, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.