Райондун башчысы К.Апбасов Мырза-Аке айыл аймагындагы Марат Разаков атындагы жетим жана ата-энесинен кароосуз калган балдардын мектеп-интернатына жана Ак-Жар айыл аймагындагы “Ташмамат” атындагы үй-бүлөлүк жетим жана кароосуз калган балдар үйүнөн кабар алды.
Алардын жашоо шарттары жана окуу тарбиялоо иштери менен жеринен таанышып, кышка карата даярдыктарын көрдү.
Балдар үйлөрүнүн эмгек жамааттары жана балдар менен баарлашып, аларга ар дайым колдоо көрсөтүп турарын билдирди.
Учурда Марат Разаков атындагы жетим жана ата-энесинен кароосуз калган балдардын мектеп-интернатында 181 окуучу окуп-тарбияланып, 36 мугалим-тарбиячы эмгектенет. Мектеп-интернатынын кубаттуулугу 320 орунга эсептелген. Мектеп-интернаты бир комплекске бириккен бир окуу корпустан, 2 жатаканадан, 90 орунга эсептелген ашканадан, 200 орундуу актовый залдан, 1 спорт залдан, 1 медпункт, 8 орундуу 2 изолятордон, 1 мончодон жана 1 кир жуучу жайдан турат.
“Ташмамат” атындагы үй-бүлөлүк жетим жана кароосуз калган балдар үйү 2005-жылдын сентябрь айынан өз ишмердүүлүгүн баштаган.
Балдар үйү 2013-жылга чейин Өзгөн районунан жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген. 2013-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржыланып келет.
Ушул жылдар аралыгында балдар үйүндө 27 бала тарбияланып, 15 баласын балакатка жеткизип, андан бешөө жогорку жана алтоо атайын окуу жайларын аяктап, өз алдынча үй-бүлө куруп, иштеп кетишкен. Азыркы күндө аталган балдар үйүндө 12 өспүрүм тарбияланып келүүдө.