Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024 -жылдын 16 –сентябрь № 37/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен
киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы биргелешкен отурумунун №4 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кирешелер планына 9250,0 миң сомго тактоо киргени, анын ичинен: 5000,0 миң сом бюджеттик кирешелерге жана 4250,0 миң сом атайын каражаттарга кошулгандыгы эске алынсын.
- Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 6 айындагы бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен 9250,0 миң сом каржылоону № 1 тиркемеге ылайык жүргүзүүгө макулдук берилсин.
- Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата бекитилген титулдук тизмесиндеги айрым иштерди кыскартып, кошумча аткарылуучу иштерди № 2 тиркемеге ылайык каржылоого макулдук берилсин.
- Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин эмгек акысынан үнөмдөлгөн акча каражатын № 3 тиркемеге ылайык башка статьяларга каржылоого макулдук берилсин.
- Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Өзгөн шаардык мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин, бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А . Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин
(VII чакырылышынын)
2024-жылдын 16-сентябрындагы
кезектеги XXXVII сессиясынын
отурумунун №37/1 токтомунун
1-тиркемеси
№ | Жумуштун аталышы | Сумма (миң) | Мекеме-уюм |
1 | Титулдук тизменин I пунктунун 12-бөлүгүндө каралган Таштак спорт клубун ондоого бөлүнгөн акча каражатын багытын жаңыдан курууга деп өзгөртүп, кошумча акча бөлүү | 1350,0 | Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
2 | №7 Гимназиянын от канасы жана көмүр кампасынын ремонтуна | 1250,0 | Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
3 | С.Шариповдун эстелигин орнотууга | 400,0 | Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
4 | Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн кварталына районду өнүктүрүү фондунан алынып берилген электр жабдууларын орнотууга | 500,0
|
Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
5 | Борбордук аянтка мамлекеттик желек сатып алууга | 500,0 | МММБ департаменти |
6 | 3 Бала бакчанын ижара акысына | 500,0 | МММБ департаменти |
7 | Өзгөн шаарындагы “Орто Коргон” стадионуна жер астынан таза-суу (скважина) чыгаруу үчүн долбоорун жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоого | 500,0 | МММБ департаменти |
8 | Атайын каражат балдар бакчасын тамак-ашы | 4250,0 | Шаардык билим берүү бөлүмүнө |
Жалпы: | 9250,0 |
Өзгөн шаардык кеңешинин
(VII чакырылышынын)
2024-жылдын 16-сентябрындагы
кезектеги XXXVII сессиясынын
отурумунун №37/1 токтомунун
2-тиркемеси
№ | Жумуштун аталышы | Сумма (миң) | Мекеме-уюм |
1 | Титулдук тизменин I пунктунун 1-бөлүгүндө Курманжан Датка атындагы мектебинин аймагына 100 орундуу бала бакча курууга каралган акча каражатынан Өзгөн шаарынын балансына өткөн кинотеатрды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө. | 1500,0 | Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
2 | Титулдук тизменин I пунктунун 1-бөлүгүндө Курманжан Датка атындагы мектебинин аймагына 100 орундуу бала бакча курууга каралган акча каражатынан 1500,0 миң сомду борбордук аянтчадагы “Манас”тын эстелиги орнотулган аянтчаны оңдоп түзөөгөгө жана “Достук” паркын реконструкциялоого | 1500,0 | Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
3 | Титулдук тизменин I пунктунун 2-бөлүгүндө Ленин атындагы мектебинин аймагына 100 орундуу бала бакча курууга каралган акча каражатынан 3000,0 миң сомду Өзгөн Таза-Суу МИна кредит төлөөгө. | 3000,0 | Өзгөн Таза-Суу МИ |
4 | Жолбун иттерди атуу, сапар чыгымдары жана эмерек сатып алуу | 220,0 | “Жашылдандыруу Чарбасы”МИ |
5 | Титулдук тизменин I пунктунун 2-бөлүгүндө Ленин атындагы мектебинин аймагына 100 орундуу бала бакча курууга каралган акча каражатынан 600,0 миң сомду Автобекетке проект-долбоор даярдоого | 600,0 | МММБ департаменти |
6 | 10 даана таштанды таштоочу контейнер сатып алууга каралган 1000,0 миң сом акчаны “Өзгөн Тазалык” МИнын эсебине таштанды ташуу боюнча муниципалдык тапшырмаларды аткаргандыгы учун . | 1000,0 | “Өзгөн Тазалык” МИна |
7 | Титулдук тизменин I пунктунун 15-бөлүгүндө С.Шарипов атындагы орто мектебине ашкана курууга каралган акча каражатынан 1300,0 миң сомду “Өзгөн Тазалык” МИнын тарабынан соттун чечимин аткаруу учун болуп берууга.
|
1300,0 | “Өзгөн Тазалык” МИна |
Жалпы: | 9120,0 |
Өзгөн шаардык кеңешинин
(VII чакырылышынын)
2024-жылдын 16-сентябрындагы
кезектеги XXXVII сессиясынын
отурумунун №37/1 токтомунун
3-тиркемеси
Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин эмгек акыдан үнөмдөлгөн 2030,0 миң сом акча каражатын төмөндөгү жумуштарга бөлүү.
№ | Жумуштун аталышы | Сумма (миң) | Мекеме-уюм |
1 | Өзгөн шаарында түнкү жарыктыктарга жана коопсуз шаар долбооруна ПСД даярдоого (Амур-Темур, Манас, Мирзарахимов жана Маллабеков көчөлөрү | 600,0 | МММБ департаменти |
2 | Мектеп көчөлөрүнө зебра чийдирүү | 100,0 | Капиталдык курулуштар башкармалыгы МИ |
3 | Түнкү жарыктандырууларды сатып алууга | 700,0 | МММБ департаменти |
4 | Светофорлорго запастык бөлүк сатып алуу | 430,0 | МММБ департаменти |
5 | Архитектура жана Кадастр кызматына (муниципалдык жерлерге мамлекеттик акт алуу) | 200,0 | МММБ департаменти |
жалпы | 2030,0 |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024 -жылдын 16–сентябрь №37/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы биргелешкен отурумунун №4 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 6 айындагы киреше бөлүгү 84892,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 73495,1 миң сомго аткарылгандыгы эске алынсын.
- Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кирешелер планына 9250,0 миң сомго тактоо киргени, анын ичинен: 5000,0 миң сом бюджеттик кирешелерге жана 4250,0 миң сом атайын каражаттарга кошулгандыгы эске алынсын.
- Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо жана көбөйтүү боюнча иш жүргүзүү Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
- Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024 -жылдын 16–сентябрь № 37/3 Өзгөн шаары
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасын жоюууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзымынын 65-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-сентябрындагы отурумунун №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасы 2024- жылдын жыйынтыгы менен жоюлсун. 2025- жылдын 1-январынан тарта анын милдеттери тийиштүү тартипте Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасына өткөрүп берилсин.
- Ишкананы жоюуу боюнча Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларына ылайык иш алып баруу жагы Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А.Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024 -жылдын 16–сентябрь № 37/4 Өзгөн шаары
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасын жоюууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзымынын 65-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-сентябрындагы №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасы 2024- жылдын жыйынтыгы менен жоюлсун. 2025-жылдын 1- январынан тарта анын милдеттери тийиштүү тартипте Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментине өткөрүп берилсин.
- Ишкананы жоюуу боюнча Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларына ылайык иш алып баруу жагы Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А.Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXVII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024 -жылдын 16–сентябрь № 37/5 Өзгөн шаары
Муниципалдык менчиктеги жерлердин ижара акыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзымынын ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-сентябрындагы №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жыл 14-апрелиндагы №11/6 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
- Өзгөн шаарындагы муниципалдык жерлердин ижара акылары 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Тарифтерди мыйзамга ылайык ишке түшүрүү жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго тапшырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А.Хасанов
Өзгөн шаардык кеңешинин
(VII чакырылышынын)
2024-жылдын 16-сентябрындагы
кезектеги XXXVII сессиясынын
отурумунун №37/5 токтомунун
1-тиркемеси
Айлык аренда акылары төмөндөгү формула боюнча эсептелинет
Ап=Н*S*К1*К2
Ап-Айлык аренда акы
Н-Ставка (по ППКР)=2,3 Салык кодекси 404-берене
S-Жер аянтынын өлчөмү
К1 -К2— Коэффициенттер
- К1–коэффициент шаардык экономикалык долбоорлоо үчүн зоналары боюнча (тиркелет)
- К2-коэффициент зоналар боюнча функционалдык пайдаланып жаткан багытына карата:
Соода кылынуучу
аянттар |
1-5 кв. метрге
чейин |
6-10 кв. метрге
чейин |
11-15кв
метрге чейин |
16-25 кв метрге
чейин |
26-30 кв
метрге чейин |
31-49 кв
метрге чейин |
50 кв. метрден жогору |
коэффицент | 18,0 | 16,0 | 14,0 | 13,0 | 12,0 | 10,0 | 8 |
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша
S | Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу | 1-50 чарчы метрге чейин | 51-100 чарчы метрге чейин | 101-200 чарчы метрге чейин | 201-300 чарчы метрге чейин | 301-500 чарчы метрге чейин | 501-1000 чарчы метрге чейин | 1001 чарчы метрден жогору |
C | Баасы:чарчы метр (сом м2) | 3,0 | 2,5 | 2,0 | 1,8 | 1,2 | 0,8 | 0,5 |
Сезондук соода-сатыктардын түрлөрү боюнча:
№ | Сооданын аталышы | Ижара келишиминин мөөнөтүү | Ижара акысынын суммасы
(1 күндүк) |
Эскертүү |
1 | Дарбыз, коон | 1 ай | 70х30=2100 | |
2 | Суусундуктар, шербет, балмуздак | 1 ай | 50х30=1500 | |
3 | Промостойка (банк карталары, сим карта сатуучу стол) | 1 ай | 50х30=1500 | |
4 | Дүкөндүн алдына чыгарылган муздаткычтар | 1 ай | 16,6х30=500 | |
5 | Көчмө тез татым ж.б, гриль, тандыр, шашлык бышыруучу мангал жана башка сезондук көчөгө коюлуучу соода точкалары (жайгашкан жери талаптарга жооп берген болсо) | 1 ай | 60х30=1800 |
Шаардын аймагындагы жолдордун жээгиндеги муниципалдык жерлерде убактылуу уюштурулуучу автоунаалар токтоочу жайлар (парквока) үчүн төлөмдөр хранометраждын негизинде эсептелет
Өзгөн шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы
1-зона үчүн- 3,0
- Манас көчөсүндө жайгашкан Борбордук базардын айланасы күн чыгыш жагы Манас көчөсү менен Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин, күн батыш жагы Манас көчөсү менен Свердлова көчөсүнүн кесилишине чейин;
- Мирзарахимов көчөсүнөн Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин;
- Манас көчөсү менен Гагарин көчөсүнүн кесилишинен, Гагарин көчөсү менен Кошиев көчөсүнүн кесилишине чейин;
- Манас көчөсү менен Бегилдинова көчөсүнөн, Манас көчөсү менен Мукумий көчөсүнүн кесилишине чейин;
- Кошиев көчөсүнөн Советская көчөсүнүн кесилишине чейин;
- Манас көчөсү менен Мукумий көчөсүнүн кесилишинен, Манас көчөсү менен Маллабеков көчөсүнүн кесилишине чейин;
- Манас көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилишинен, Кош-Коргон көчөсүнө чейин;
- Ленин көчөсү менен Манас көчөсүнүн кесилишинен, Ленин көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишине чейин;
2-зона үчүн -2,8
- Манас көчөсү менен Котовского көчөсүнүн кесилишинен, Манас көчөсүнөн И.Жусупов көчөсүнүн кесилишине чейин.
- Амир-Темур көчөсү Манастын эстелигинен баштап Маллабекова көчөсүнүн кесилишине чейин;
- Амир Темур көчөсү менен Маллабекова көчөсүнүн кесилишинен, Маллабекова көчөсү менен Манас көчөсүнүн кесилишине чейин;
- Кошиев көчөсү менен Гагарин көчөсүнүн кесилишинен, Абдулла Набиев көчөсүнүн кесилишине чейин;
- А. Набиев көчөчөсүнөн Уч-Дөбө көчөсүнө чейин;
- Кош-Коргон көчөсүнөн Үч-Дөбө көчөсүнө чейин ;
3-зона үчүн-2,3
- Пайзабад, Төрт-Көчө, Жаңы-Турмуш кварталынын ички көчөлөрү.
- Жаңы-Өзгөн кварталынын аймагында жайгашкан көчөлөр;
- Кайрагач кварталынын ички көчөлөрү;
4- зона үчүн-1,8
- Үч-Дөбө, Шарк, Кылыч-Бурхан, Гузар-1 кварталдарында жайгашкан ички көчөлөрү;
5-зона үчүн-1,3
- Гузар, Мажирүм-Тал кварталындагы ички көчөлөрү;
6-зона үчүн-1,0
- Сараксий, Жаңы-Хаяд, Таштак, Калма-Кыя кварталында жайгашкан ички көчөлөрү;
7-зона үчүн-0,70
- Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан чет жактарындагы аты аталбаган көчөлөрү.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу
сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 27 –ноябры № 1/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин VIII-чакырылышынын төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентинин жетекчиликке алуу менен Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3 протоколу бекитилсин.
- Джалилов Азамжан Абдуллажанович Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу
сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 27 –ноябры № 1/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин VIII-чакырылышынын төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясынын эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №5 жана №6 протоколдору бекитилсин.
- Маматкасимов Сарварбек Маматсадыкович жана Чолуков Уран Абдиназарович — Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) төрагасынын орун басарлары болуп шайлангандыгы таанылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу
сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 27 –ноябры № 1/3 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын)
структурасын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясынын отуруму Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаардык кеңешинин алдында төмөндөгүдөй туруктуу комиссиялар түзүлсүн:
— «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясы
— «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы
— «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясы
— «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясы
- Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) структурасы – Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы, 2 орун басары, 4 туруктуу комиссиясы жана кеңештин аппаратынан турушу белгиленсин.
Төрага А.Джалиов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу
сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 27–ноябры № 1/4 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) туруктуу комиссияларын курамын бекитүү, алардын төрагаларын жана орун басарларын шайлоо
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясынын отуруму Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине ылайык Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) туруктуу комиссияларын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
- «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Дадажанов Исакжан Исраилович, орун басары болуп Тажибаев Иброхимжон Юлдашбаевич бекитилсин.
- «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Абдурахманов Хатамжан Номанджанович, орун басары болуп Садыкжан уулу Музаффаржон бекитилсин.
- «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Кадырахунова Данохон Касимжановна, орун басары болуп Чакаева Флюра Жумабаевна бекитилсин.
- «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Мамазайитов Арапжан Жамолдинович, орун басары Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич бекитилсин.
Төрага А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын
27-ноябрындагы кезектеги I уюштуруу сессиясынын №1/4 токтомунун тиркемеси
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТУРУКТУУ КОМИССИЯЛАРЫНЫН КУРАМЫ
- «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясы:
- Дадажанов Исакжан Исраилович
- Тажибаев Иброхимжон Юлдашбаевич
- Кахаров Алишер Абдухалилович
- Абдукаримов Тохтасин Акбаржанович
- Шамаматов Нурилло Маматкаримович
- Низамидинова Манзурахон Гуламидиновна
- Талипов Абытжан
2) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы:
- Абдурахманов Хатамжан Номанджанович
- Садыкжан угли Музаффаржон
- Юлдашев Нишонбай Алибаевич
- Рызакулов Марифжан Панайдинович
- Кадиркулов Кодиржон Махамаджанович
- Имьяминов Йулчибой Таджимахаматович
- Абдырахманов Хатамжан Омаралиевич
3) «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясы:
- Кадырахунова Данохон Касимжановна
- Чакаева Флюра Жумабаевна
- Абдурахманова Мархабахон Номанжоновна
- Абдукаимова Маргубахон Маматкабыловна
- Кадырова Алтынай Мурзабаевна
- Нарматова Мияссархан Адахамовна
- Закирова Барно Абытовна
4) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясы:
- Мамазаитов Арапжан Жамолдинович
- Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич
- Каримова Мухаббатхон Турсинбаевна
- Абдурахманов Махмуджан Машрапжанович
- Ураимова Мухаёхон Махамаджановна
- Калматов Чынгыз Шайлообекович
- Мирзакаримов Мирзамахмуд Сармасович
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) I-уюштуруу
сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 27–ноябры № 1/5 Өзгөн шаары
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №217 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-июлундагы Элдик Курултай жөнүндө №146 Конституциялык мыйзамына жана Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын 2024-жылдын 1-октябрындагы №2 протоколуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы отурумунун № 1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге, жыйындарды жана жыйналыштарды өткөрүү графиги 2-тиркемеге, өкүлчүлүк нормасы 3-тиркемеге, МАБ тардан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча квота 4-тиркемеге ылайык бекитилсин
- Өзгөн шаарында жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындары 17 МАБтарда өткөрүлсүн. Жыйындарга тиешелүү МАБта жашаган тургундардан 50 дөн кем эмес жарандардын катышуусун камсыз кылуу жагы МАБ башчыларына милдеттендирилсин. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү күнү 2024-жылдын 7-декабрына саат 10-00гө белгиленсин жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүү сунушталсын.
- Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү иштерине көмөк көрсөтүү жана сарпталуучу каражаттарды мыйзам чегинде каржылоо жагы Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2024-жылдын – 27-ноябрындагы кезектеги
I уюштуруу сессиясынын №1/5 токтомунун
1- тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
Комиссиянын төрагасы:
1.А.Джалилов – Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы,
Комиссиянын катчысы:
2.М.Розахунов – Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы,
Комиссия мүчөлөрү:
3.Г.Сулайманова — Өзгөн шаардык мэриясынын башкы адиси,
4.А.Ташматов — Өзгөн шаардык мэриясынын башкы адиси
5.Н.Юлдашев – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты
6.К.Кадиркулов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты
- Н.Шамаматов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты
- И.Дадажанов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты
- У.Мамадалиев – Өзгөн шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы (макулдашуу менен)
Өзгөн шаардык кеңешинин
2024-жылдын – 27-ноябрындагы кезектеги
I-уюштуруу сессиясынын №1/5 токтомунун
2-тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйындарды жана жыйналыштарды өткөрүү графиги
№ | МАБдын аталышы | Чогулуш өтүүчү күн | Чогулуш өтүүчү жай |
1 | Жаңы-Хаят
|
2024-жылдын 4 -декабрь күнү
Саат 14:30 |
Үч-Дөбө чайханасы |
2 | Сараксий | ||
3 | Үч-Дөбө | ||
4 | Шарк | ||
5 | Кылыч-Бурхан | ||
6 | Гузар | 2024-жылдын 4 -декабрь күнү
саат 11:30 |
№7 Мектеп гимназия. |
7 | Гузар-1 | ||
8 | Мажирим-Тал | 2024-жылдын 4-декабрь күнү
саат 10:00 |
А.Темур а.о.м. |
9 | Жаңы-Турмуш | 2024-жылдын 4 -декабрь күнү
саат 18:00 |
Ленин а.о.м. |
10 | Борбор | 2024-жылдын 4-декабрь күнү
саат 18:00 |
№32 көп кабаттуу үйдун алдында |
11 | Калма-Кыя | 2024-жылдын 5-декабрь күнү
саат 10:00 |
А.Навой а.о.м. |
12 | Таштак | 2024-жылдын 5-декабрь күнү
саат 14:00 |
А.Навой а.о.м. |
13 | Пайзабад | 2024-жылдын 5-декабрь күнү
саат 14:00 |
К. Датка а.о.м. |
14 | Кайрагач | 2024-жылдын 5-декабрь күнү
саат 14:30 |
Ч.Айтматов а.о.м. |
15 | Төрт-Көчө | 2024-жылдын 5-декабрь күнү
саат 14:30 |
С.Шарипов а.о.м. |
16 | Жаныбек Казы | 2024-жылдын 5 -декабрь күнү
саат 16:30 |
Манас- 197 үйдүн жаны |
17 | Жаңы-Өзгөн | 2024-жылдын 5 -декабрь күнү
саат 17:00 |
Кубаныч үйүнүн жанында |
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2024-жылдын – 27-ноябрындагы кезектеги
I уюштуруу сессиясынын №1/5 токтомунун
3- тиркемеси
Өзгөн шаарынын жергиликтүү курултайына
сунушталуучу делегаттардын өкүлчүлүк нормасы
Өзгөн шаарындагы ар бир Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы 18 жаштан жогору жашоочулардын жалпы саны 1500 адамга чейин болсо, 120 адамга 1 делегат, эгерде Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы жашоочулардын жалпы саны 1500 адамдан ашса, 190 адамга 1 делегат сунушталсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин
2024-жылдын – 27-ноябрындагы кезектеги
I уюштуруу сессиясынын №1/5 токтомунун
4-тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси
№ | МАБдын аталышы | Чогулуш өтүүчү күн | Чогулуш өтүүчү жай | Жооптуу депутаттардын Ф.А.Ж. |
1 | Жаңы-Хаят
|
2024-жылдын 4 -декабрь күнү саат 14:30 | Үч-Дөбө чайханасы | Й.Имьяминов
Н.Юлдашев К.Кадыркулов И.Таджибаев |
2 | Сараксий | |||
3 | Үч-Дөбө | |||
4 | Шарк | |||
5 | Кылыч-Бурхан | |||
6 | Гузар | 2024-жылдын 4 -декабрь күнү саат 11:30 | №7 Мектеп гимназия. | А.Талипов
М.Абдукаимова М.Рызакулов |
7 | Гузар-1 | |||
8 | Мажирим-Тал | 2024-жылдын 4-декабрь күнү саат 10:00 | А.Темур а.о.м. | М.Рызакулов
М.Абдурахманов |
9 | Жаңы-Турмуш | 2024-жылдын 4 -декабрь күнү саат 18:00 | Ленин а.о.м. | Х.О.Абдурахманов
М.Мирзакаримов |
10 | Борбор | 2024-жылдын 4-декабрь күнү саат 18:00 | №32 көп кабаттуу үйдун алдында | Ч.Калматов
И.Таджибаев Ф.Чакаева |
11 | Калма-Кыя | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 10:00 | А.Навой а.о.м. | У.Шамуратов
М.Абдурахманов |
12 | Таштак | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:00 | А.Навой а.о.м. | С.Маматкасимов
А.Мамазаитов |
13 | Пайзабад | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:00 | К. Датка а.о.м. | Т.Абдукаримов |
14 | Кайрагач | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:30 | Ч.Айтматов а.о.м. | Н.Шамаматов |
15 | Төрт-Көчө | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:30 | С.Шарипов а.о.м. | Садыкжан уулу М.
Х.Н.Абдурахманов |
16 | Жаныбек Казы | 2024-жылдын 5 -декабрь күнү саат 16:30 | Манас- 197 үйдүн жаны | А.Кадырова |
17 | Жаңы-Өзгөн | 2024-жылдын 5 -декабрь күнү саат 17:00 | Кубаныч үйүнүн жанында | У.Чолуков |
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2024-жылдын 27-ноябрындагы кезектеги
I уюштуруу сессиясынын №1/5 токтомунун
5-тиркемеси
МАБ тардан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча квота
№ | МАБдын аталышы | Чогулуш өтүүчү күн | 18 жаштан жогору жашоочулардын саны |
Бөлүнгөн квота |
1 | Жаңы-Хаят
|
2024-жылдын 4 -декабрь күнү Саат 14:30 | 1200 | 10 |
2 | Сараксий | 2689 | 14 | |
3 | Үч-Дөбө | 2691 | 14 | |
4 | Шарк | 2163 | 11 | |
5 | Кылыч-Бурхан | 1848 | 10 | |
6 | Гузар | 2024-жылдын 4 -декабрь күнү саат 11:30 | 1698 | 9 |
7 | Гузар-1 | 1560 | 8 | |
8 | Мажирим-Тал | 2024-жылдын 4-декабрь күнү саат 10:00 | 2516 | 13 |
9 | Жаңы-Турмуш | 2024-жылдын 4 -декабрь күнү саат 18:00 | 1753 | 9 |
10 | Борбор | 2024-жылдын 4-декабрь күнү саат 18:00 | 620 | 7 |
11 | Калма-Кыя | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 10:00 | 2345 | 12 |
12 | Таштак | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:00 | 3389 | 18 |
13 | Пайзабад | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:00 | 3402 | 18 |
14 | Кайрагач | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:30 | 2477 | 13 |
15 | Төрт-Көчө | 2024-жылдын 5-декабрь күнү саат 14:30 | 2672 | 14 |
16 | Жаныбек Казы | 2024-жылдын 5 -декабрь күнү саат 16:30 | 1130 | 9 |
17 | Жаңы-Өзгөн | 2024-жылдын 5 -декабрь күнү саат 17:00 | 1261 | 11 |
Жалпы: | 34494 | 200 |
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024 -жылдын 19-декабры № 2/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 17-декабрындагы биргелешкен отурумунун №1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин имаратынын жылытуу системасын капиталдык оңдоого Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1473,1 миң сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
- Жогорудагы долбоорлорду 2025-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024 -жылдын 19-декабры № 2/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 17-декабрындагы биргелешкен отурумунун №1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарындагы Ай-Мээрим балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1300,2 миң сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
- Жогорудагы долбоорлорду 2025-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024 -жылдын 19-декабры № 2/3 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 17-декабрындагы биргелешкен отурумунун №1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин имаратынын эшик терезелерин капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 960,0 миң сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
- Жогорудагы долбоорлорду 2025-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024 -жылдын 19-декабры № 2/4 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетине
тактоо киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө,
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 17-декабрындагы биргелешкен отурумунун №1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2024-жылдын 9-айдын жыйынтыгы менен Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнө 4000,0 миң сом атайын каражаттар планына тактоо киргизилгендиги эске алынсын.
- Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки мекемелеринин 2024-жылга карата тамак ашына бекитилген акча каражатынан үнөмдөлгөн 1207,1 миң сом жана Өзгөн шаардык спорт мектебинен үнөмдөлгөн 224,6 миң сом каражаттар Өзгөн шаарынын бюджеттик мекемелеринин 2024-жылга карата сметасына 1-тиркемеге ылайык 1431,7 миң сом каржылоого макулдук берилсин
- Шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки мекемелеринин керектөөлөрүнө атайын каражаттардын эсебинен 4000,0 мин сом каржылоого макулдук берилсин.
- Өзгөн шаарында 2024-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинен 2-тиркемеге ылайык 9200,0 миң сом кыскартып, 3-тиркемеге ылайык сунушталган иштерге жылдырууга макулдук берилсин.
- Өзгөн Жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасы тарабынан үнөмдөлгө 450,5 миң сом каражаты: Өзгөн райондук салык кызматы тарабынан 17 МАБга салынган штрафты төлөөгө 190,0 миң сом, 2024-жылда дем берүүчү гранттын негизинде аткарылган 3 долбоорду техникалык көзөмөл кызмат акысына 60,0 миң сом жана Өзгөн Таза Суу муниципалдык ишканасына кезектеги кредитти төлөөгө 200,5 миң сом каржылоого макулдук берилсин.
- Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинен үнөмдөлгөн 552,4 миң сом: МММБ департаментине светофорлорго запастык бөлүктөрдү алууга 252,4 миң сом жана Өзгөн Таза Суу муниицпалдык ишканасынын кезектеги кредитин төлөөгө 300,0 миң сом каржылоого макулдук берилсин.
- Максаттуу трансферт катары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча такталган 881,7 миң сом акча каражаты: Өзгөн шаарынын резервдик фондуна 20,7 миң сом, “Өзгөн жылуулук” муниципалдык ишканасына субсидия катары 861,0 миң сом берүүгө макулдук берилсин.
- Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иш жүргүзүү Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
- Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү жана мийзам чегинде каржылоо жагы Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошовге милдеттендирилсин, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
1-тиркеме
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын
19- декабрындагы кезексиз II сессиясынын
№2/4 токтому менен бекитилди
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-жылдын 2-жарым жылында ашыкча аткарылышынын эсебинен бюджеттик мекемелердин сметасына бөлүнгөн кошумча каражаттар
№ |
Аталышы |
Керектелүүчү сумма
(миң сом) |
эскертүү |
“Жашылдандыруу чарбасы” МИ | |||
1 | Кыш мезгилине атайын техниканы даярдоо жана күйүүчү май сатып алууга | 500,0 | |
“Өзгөн Тазалык” МИ | |||
1 | Субсидия | 128,1 | |
Өзгөн шаардык мэриясы | |||
1 | Жыйындар залына микрофон орнотууга | 150,0 | |
2 | Коммуналдык төлөм (жылуулук үчүн) | 200,0 | |
3 | Сапар чыгымдары | 229,0 | |
4 | Курултай жана жаңы жылдык иш чарага (мэрдин резервдик фондуна) | 224,6 | |
Жыйынтыгы | 803,6 | ||
Жалпысы | 1431,7 |
Өзгөн шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы: Н.Жолдошов
2-тиркеме
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024- жылдын
19-декабрындагы кезексиз II сессиясынын
№ 2/4 токтому менен бекитилди
2024-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинен кыскарган иштердин тизмеси
№ | Аткарылуучу иштер | Суммасы
(миң сом) |
|
1 | Манас, Ленин көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол (тротуар) | 2000,0 | |
2 | Таштак спорт клубун оңдоо иштери | 2700,0 | |
3 | С.Шарипов атындагы орто мектебине ашкана куруу | 4500,0 | |
Жыйынтыгы | 9200,0 |
Өзгөн шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы: Н.Жолдошов
3-тиркеме
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024- жылдын
19-декабрындагы кезексиз II сессиясынын
№2/4 токтому менен бекитилди
Өзгөн шаарында 2024-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинен кыскартылып, багыты өзгөргөн иштердин тизмеси
№ | Аткарылуучу иштер | Суммасы
(миң сом) |
|
1 | Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасына субсидия | 2067,0 | |
2 | Өзгөн Таза Суу муниципалдык ишкнасына кезектеги кредитти төлөөгө | 7133,0 | |
Жыйынтыгы | 9200,0 |
Өзгөн шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы: Н.Жолдошов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 2/5 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын аймагында маалыматтык, жарнак курулмаларын жайгаштыруунун жана эксплуатациялоонун эрежелерин жана имараттардын жана курулмалардын фасадынын сырткы көрүнүшү боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 17-декабрындагы биргелешкен отурумунун №1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, Өзгөн шаарынын аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Өзгөн шаардык мэриясы жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы өз ишинде жогорудагы талаптар менен иш алып барышсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
1-тиркеме
Өзгөн шаардык кеңешинин 2024- жылдын
19-декабрындагы кезексиз II сессиясынын
№ 2/5 токтому менен бекитилди
Өзгөн шаарынын аймагында маалыматтык, жарнак курулмаларын жайгаштыруунун жана эксплуатациялоонун эрежелерин жана имараттардын жана курулмалардын фасадынын сырткы көрүнүшү боюнча талаптар
- Жалпы жоболор
- Өзгөн шаарынын территориядагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптар, маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери Өзгөн шаарынын (мындан ары – Эрежелер)» жер участкаларында, имараттарда, курулуштарда жана кыймылсыз мүлк объектилеринде маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана эксплуатациялоонун эрежелерин жана талаптарын, маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын демонтажынын тартибин, ошондой эле Өзгөн шаарынын_ территориядагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшүнө карата аткаруу үчүн милдеттүү жана бирдиктүү талаптарды белгилейт.
- Ушул Эрежелер «Мамлекет аралык «ГОСТ 33027-2014» стандарт. Мамлекет аралык стандарт. Жалпы колдонуудагы автоунаа жолдору. Сырткы жарнама каражаттарын жайгаштыруу талаптарына», Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө», «Жарнама жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкуруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө» Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
- Өзгөн шаарынын территориядагы имараттардын тышкы фасаддардын жасалгалоодо, аларга маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууда жана эксплуатациялоодо менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар ушул Эрежелерди сактоого милдеттүү.
- Өзгөн шаарынын территорияга маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу паспорту бар имараттар менен курулуштарды эске албаганда Архитектура жана шаар куруу боюнча мамлекеттик органдын (мындан ары – Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы) регионалдык жана аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыктарына берилген Шаар куруу корутундуларына (мындан ары — ШК) ылйык жүзөгө ашырылат.
- Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардагы тексттер, анын ичинде ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аталыштары алгач милдеттүү турдө мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде таризделет.
Жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган тексти мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
Расмий тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмү чоңдугу боюнча мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмүнөн кичинерээк болушу керек жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш.
Жарнама тексттеринде белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), типографиялык басмаканада терилген муундук литерлер (логотиптер) түп нускадагы тилде берилиши мүмкүн.
Жарнаманын жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде кыргыз адабий тилинин ченемдери (орфоэпиялык жана орфографиялык эрежелер) так сакталууга тийиш.
- Ушул Эрежелер жол кыймылын билдирүүчү белгилерге жана жол- көчө тармагындагы көрсөткүч белгилерге жайылтылбайт.
- Имараттардын, курулуштардын ээлери жана аларды күтүү милдетин алышкан адамдар аларды эксплуатациялоонун техникалык талаптарын, ушул Эрежелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын сактоого милдеттүү.
- Ушул Эрежелер тарыхый-маданий мурас объектиси болуп саналган жана эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине кирген имараттардын фасадына жайылтылбайт.
- Турак жайлардын, курулмалардын ушул Эрежелердин талаптарына жооп бербеген фасаддары аларды реконструкциялоонун жана капиталдык оңдоонун алкагында талапка ылайык келтирилиши зарыл.
- Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ушул Эрежелерде берилген талаптардын аткарылышына контролдук кылат:
- шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы.
- Ушул Эрежелерди колдонулуучу түшүнүктөр:
акцент – өлчөм, форма, түс аркылуу композиция элементтерин бөлүп көрсөтүү ыкмасы;
шаар куруу корутундусу — маалыматтык-жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча тексттик, графикалык материалдарды жана техникалык талаптарды камтыган документ;
архитектуралык-мейкиндик чөйрө – каралып жаткан территорияны же объектти курчап турган жана территорияны же объектти чөйрөнүн бир бөлүгү катары көрсөтүүчү имараттардын, курулмалардын жана элементтердин чөйрөсү;
архитектуралык чечим — курулуш документациясынын архитектуралык бөлүгүндө жазылган жана курулган архитектуралык объектте ишке ашырылуучу архитектуралык объекттин, анын тышкы жана ички көрүнүшүнүн, мейкиндик-пландык жана функционалдык уюштурулушунун автордук концепциясы;
ачык жана жабык мейкиндиктердин балансы — фасаддын, анын бөлүктөрүнүн, колористикалыык чечимдеринин визуалдык композициялык балансы;
брандмауэр – өрттүн жайылышына жол бербөө үчүн бир же бир нече имараттардын араларын бөлүп туруучу фасаддын бардык элементи аркылуу өтүүчү каптал же короо фасадынын туюк, капиталдык дубалы. Жанаша жайгашкан курулуштардан бийикти жана терезелеринин жоктугу менен айырмаланат;
визуалдык кабыл алуу – фасаддын жана курчап турган шаар куруу чөйрөсүнүн, территориянын пландалган структурасынын (бүтүндөй жана айрым бөлүктөрүнүн) өзгөчөлүктөрүнүн адам тарабынан аныкталышы жана кабыл алынышы, кабыл алуу шарттарына ылайык объект образынын түзүлүшү;
визуалдык маалымат – адам тарабынан визуалдык түрдө кабыл алынган мазмун, маани жана образ. Визуалдык маалымат предметтердин формасы, жайгашуусу, катыштыгы, графикалык белгилердин жана символдордун сүрөттөлүшүнүн мүнөзү, шрифттин формасы, түстүн жана жарыктандыруунун мүнөзү аркылуу берилүүчү спецификалык образдуу мазмунга ээ.
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси – маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын менчик ээси болуп саналган жеке же юридикалык жак, же маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар боюнча буюм укугуна ээ башка жак;
шрифттин гарнитурасы – бир шрифттин жалпы дизайн аркылуу бириктирилген жана белгилүү бир аталышка ээ сүрөттөлүшүнүн жыйындысы.
имараттын, курулманын короо фасады — имараттын линиясынан тышкары жайгашкан жана ачык мейкиндиктер менен визуалдык түрдө байланышпаган фасады;
маалымат талаасы – объекттин түздөн-түз маалымат берүү үчүн арналган конструктивдүү бөлүгү. Маалымат талаасынын түздөн-түз маалымат жайгаштырылуучу аянты (чоңдугу) – аталган конструктивдүү бөлүктүн бийиктиги жана узундугу.
карниз – фасаддын горизонталдуу түрдө чыгып туруучу элементи, дубалдын, бүткөрүлүп жаткан имараттын, курулманын, курулуштун же кабаттын үстүңкү чыгып туруучу бөлүгү; композиция – көркөм чыгарманы тургузуунун негизи, курулуш системасы, негизги элементтерди жана бөлүктөрдү белгилүү бир ырааттуулукта жайгаштыруу, мында бардык бөлүктөр функционалдык жактан гана эмес, автордун идеясы жана ниети менен да байланышкан. Композицияны түзүүдө колдонулган көркөм каражаттар: сызык, тегиздик, түс, көлөм, мейкиндик. Композицияны гармонизациялоонун каражаттары: пропорция, симметрия, ритм, масштаб, контраст, нюанс;
композициялык бүтүндүк — объекттин архитектуралык долбоору, конструкциясы жана мейкиндик долбоору, ошондой эле анын бирдиктүү бүтүндү түзгөн айрым бөлүктөрүнүн өз ара байланышы. Композициялык бүтүндүк композиция элементтеринин кайсы биринин бүтүнгө зыян жаратпастан алмаштырылышы же өзгөртүлүшү мүмкүн эместиги менен мүнөздөлөт;
кернинг — тамгалардын ортосундагы аралыкты формасына жараша тандап өзгөртүү. Кернинг эки тамганын ортосундагы аралык визуалдык жактан бирдей болушун камсыз кылуу үчүн колдонулат;
тактык (лаконичность) — композициянын сапаты, мында сүрөттө байкоочуга маанилүү маалыматты жеткирүү үчүн зарыл болгон элементтер гана камтылган. Негизги композициялык элементтерге карата жасалган керектүү визуалдык басым ашыкча, алагды кылуучу деталдарды алып салуу аркылуу ийгиликтүү жүзөгө ашырылат;
имараттын, курулманын алдыңкы фасады — имараттын линиясында жайгашкан же ачык мейкиндиктер менен визуалдык түрдө байланышкан имараттын фасады;
масштабдуулук (сомасштабдуулук) – объект көлөмүнүн адам боюна карата түзүлүшү: архитектуралык курулманын, скульптуранын, аббатоо элементтеринин же алардын бөлүктөрүнүн;
арип стили – бир гарнитуранын курамына кирүүчү жасалгаланган шрифттин модификациясы. Арип стили тыгыздыгы боюнча айырмаланат – кууш, кадыресе, кең; каныгуусу боюнча – жарык, жарым-жартылай кара, кара; жантаюус боюнча – түз, курсивдүү;
имараттын көлөмдүк-мейкиндиктик чечими — имараттын көлөмүнүн тышкы формасы;
пластика, пластикалуулук – архитектура, графика, живописке мүнөздүү көлөмдүн, форманын көркөм экспрессивдүүлүгү. Пластикалуулук бир форманын, көлөмдүн экинчисине, объекттин, курулманын же ансамбльдин бирдиктүү бир бүтүн образын түзүү үчүн имараттын бир бөлүгүнөн экинчисине ырааттуу түрдө өтүүсүн туюндурат;
имараттын фасадынын паспорту – кыймылсыз мүлк объектисинин бардык башкы параметрлерин чагылдыруучу техникалык документ жана архитектуралык техникалык чечим. Ал аркылуу имараттын көрүнүшү, айлана-чөйрөгө шайкештиги, жалпы көрүнүштү бузбай тургандыгы аныкталат. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын объекттеринин реестри – калктуу конуштардын территориясындагы маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын болгон объекттери боюнча маалымат;
жарнама аянтчасы – жарнактарды чагылдыруу жана жайылтуу үчүн колдонулуучу жарнактык конструкциялардын аянты;
жарнама жайылтуучу – ушул Эрежелерге ылайык түрдө форманы түрдүү каражаттарды колдонуу менен жарнамалык маалыматтык жайгаштыруучу жана (же) жайылтуучу жеке жана юридикалык жак;
ритм – мүнөзү боюнча салыштырылуучу ар кыл элементтердин же формалардын белгилүү бир мыйзам чегинде кезектелиши жана аларды белгилүү бир тартипке келтирүү (алардын жайгаштырылышынын жана кезектелишинин тартиби);
симметрия — бир нерсенин бөлүктөрүнүн борборго, ортого карата пропорционалдуу түрдө жайгашуусу;
пропорционалдык жана шайкештик — бүтүндөй объекттин, анын бөлүктөрүнүн жана алардын элементтеринин ортосундагы белгилүү бир байланыш, мында бардык элементтер өз ара тең салмакта болот;
социалдык жарнак — адамдардын белгисиз бир чөйрөсүнө багытталган маалымат, кайрымдуулук жана коомдук пайдалуу максаттарга жетишүүгө, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталат;
стилдик бүтүндүк – архитектуралык формалардын, фасад элементтеринин жана композициялык каражаттардын тарыхый жана идеялык жактан калыптанып калган биримдиги, социалдык маселелердин, материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жана коомдук идеялык, эстетикалык көз караштардын мүнөзү.
унификация – ар кандай типтеги объекттерди стандарттык өлчөмдөрдүн, формалардын жана касиеттердин рационалдуу диапазонуна жеткирүү. Унификациянын негизги максаты – бул ар бир вариантты өз- өзүнчө долбоолоо жана өндүрүү зарылчылыгын жоюу болуп саналат. Унификация предмметтик-мейкиндик чөйрөнүн композициялык жана конструктивдүү бирдигине жетүү каражаты болуп саналат.
ыйгарым укуктуу орган – жергиликтүү мамлекеттик администрациянын маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, сырткы жарнама жана маалыматтарды жайылтуу маселелерин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укукка ээ кылынган ведомство алдындагы бөлүмү;
фасад – имараттын же курулуштун, курулманын сырткы вертикалдуу кыртышы. Курулманын түрүнө жана анын планынын формасына, жайгашкан ордуна жараша алдыңкы, каптал жана короо фасаддарын айырмалашат.
фирмалык стиль – ишкананын ишмердүүлүгү жана анын продукциясы менен байланышкан белгилүү бир мүнөздөгү туруктуу визуалдык образды түзүү максатында белгилүү бир ишкана же уюм үчүн атайын иштелип чыккан объекттердин, каражаттардын, символдордун жыйындысы;
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын эскиздик долбоору — маалыматтык-жарнак түзүмүнүн так жайгашкан жери, өлчөмдөрү жана андагы сүрөттөр жөнүндө маалыматтарды камтыган тексттик жана графикалык формадагы документтердин жыйындысы (графикалык материал же фотомонтаж);
имараттын фасадынын эскиздик долбоору — терезелерди, витриналарды, кире бериштерди жекече жабдуу жана долбоорлоо, маалымат элементтерин жана түзүлүштөрдү жайгаштыруу, имараттардын жана курулмалардын фасадынын түс схемасы.
2. Зоналаштыруу
- Өзгөн шаарынын территориянын калктуу архитектуралык- эстетикалык чөйрөсү 2 зонага бөлүнөт: Өзгөн шаарынын
так регламенттеги зона — көчөлөр менен чектелген, Өзгөн шаарынын борбордук бөлүгүн, Өзгөн шаарынын борбордук көчөлөрдү камтыйт;
Өзгөн шаарынын көчөлөрү менен чектелген жана калган территорияны камтуучу жалпы регламенттеги зона, так регламенттеги зонаны эске албаганда.
Жарнамалык түзүлүш кайда жайгаштырыла тургандыгы жөнүндө чечим жергиликтүү аймакты зоналаштыруу боюнча кабыл алынат.
- Так жөнгө салуу зонасына Өзгөн шаарынын аймагынын борбордук бөлүгү, борбордук көчөлөр жана негизги магистралдар, эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине кирген тарыхый жана маданий мурастардын эстеликтери кирет.
- Жалпы регламентациядагы зонага так регламенттеги зонаны эске албаганда территориянын калган бардык бөлүгү кирет. Жалпы регламентация зонасындагы көрнөктөрдүн бийиктиги 0,8 метрден ашпоого тийиш.
3. Фасаддын паспортун тариздөө тартиби
- Имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү ушул Эрежелерде жана имараттын, курулманын фасадынын паспортунда (мындан ары — фасад паспорту) белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
- Имарттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшүнө болгон жалпы талаптар ар бир имарат, курулма үчүн өз-өзүнчө даярдала турган фасаддын паспорту тарабынан аныкталат жана анда имараттын, курулманын курулушу боюнча долбоордук документтердин курамында даярдалган архитектуралык чечим эске алынат.
- Имараттын, курулмалардын архитектуралык чечими жок учурларда фасаддын паспорту имараттын, курулманын көлөмдүк-мейкиндиктик чечимине, стилдик өзгөчөлүктөрүнө ылайык даярдалат, мындай шартта архитектуралык-мейкиндик чөйрө жана анын визуалдык мүнөзү, композициялык жана стилдик бүтүндүгү, унификация, пропорционалдуулук, горизонталдык жана вертикалык түркүктөр системасына, симметрияына жана ритмине шайкештиги эске алынат.
- Фасаддын паспортундагы фасаддын түстүк схемасын аныктоо үчүн фасаддын колористикасын эске алуу зарыл. Бул үчүн жана фасаддын комплекстүү түстүк схемасы кайсы бир түс же анын тоналдык градациясы менен бир белгиде болуу үчүн жалаң гана пастельдик түстөрдү пайдалануу менен көчө жана кварталдык курулуштардын контекстиндеги курулуштардын түсүнө анализ өткөрүү зарыл.
- Фасаддын паспорту ушул Эрежелерде белгиленген тартиптеги фасад паспортунун типтүү формасына ылайык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалык тарабынан даярдалат.
- Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалык фасаддын паспортун акы төлөнүүчү негизде даярдайт.
- Фасаддын паспорту башкармалыктын начальниги тарабынан бекитилет.
- Фасаддын паспортун даярдоо үчун жеке жана юридикалык жактар шаар куруу жана архитектура башкармалыгына арыз менен кайрылышат. Арыздарды кабыл алуу жана аларды караштыруу «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча жүзөгө ашырылат.
Арызда көрсөтүлөт:
а) арыз ээси тууралуу маалымат (паспорттогу маалыматтар, байланыш номуру, ишеним кат);
б) имараттын, курулуштардын жайгашкан орду; в) ниеттердин, максаттардын сүрөттөлүшү;
г) кыймылсыз мүлк бирдигине карата (имаратка, курулмаларга) укук берүүчү жана укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү;
д) эскиздик долбоор.
Пайдалануучу/ижарага алуучу фасаддын паспортун даярдоо үчүн шаар куруу жана архитектура башкармалыгына арыз менен өз алдынча кайрыла алат.
Арызда көрсөтүлөт:
Арыз ээси тууралуу маалымат (байланыш телефону, паспорт, эгерде арыз ээси юридикалык жак болсо уюштуруруучунун документтердин көчүрмөлөрү);
Арыз ээси менен имарат же курулма эсэсинин, же анын курамдык бөлүгүнүн ортосундагы ижара келишиминин көчүрмөсү.
- Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалык арыз ээсине арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастама берет.
- Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалык 30 жумуш күндүн ичинде ушул Эрежелердин талаптарына ылайык фасад паспортун даярдап берет.
- Зарылчылыгына жараша Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктын өкүлдөрү имараттарды, курулмаларды жеринен барып көрөт жана бул үчүн арыз ээсинин өкүлдөрүн тартат.
- Имараттар, курулмалар тарыхый-маданий мурастардын объектилеринин корголуучу зонасында жайгашкан учурларда фасад паспортунун долбоору бекитилгенге чейин милдеттүү түрдө эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылуусу керек.
Ошол эле учурда ушул Эреженин 24-пунктунда көрсөтүлгөн фасаддын паспортун даярдоонун жалпы мөөнөтү эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашылуусуна чейин узартылат.
- Фасад паспортун даярдоо бүтүндөй имараттын, курулманын фасады үчүн жүзөгө ашырылат жана анда киреш бериштердин, витриналардын, маалыматтык элементтердин, түзүлүштөрдүн, жарнамалык конструкциялардын ушул Эрежелерге шайкештиги эске алынат.
- Жеке эскиздик долбоордун ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келүүсүндө Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы фасаддын паспортун жеке эскиздик долбоордун негизинде жана ушул Эрежелерде белгиленген тартипте даярдайт жана бекитет.
- Имараттын, курулманын фасадын өзгөртүү фасад паспортуна дал келүүгө тийиш. Фасад паспортуна туура келбеген фасадды өзгөртүүгө жаңы фасад паспорту даярдалып жана бекитилмейинче жол берилбейт.
- Имараттын же курулманын фасадын өзгөртүү үчүн жеке жана юридикалык жактар фасаддын архитектуралык чечиминин эскизи, ошондой эле зарылчылыгына жараша долбоордун авторунун кат жүзүндөгү макулдугу менен шаар куруу жана архитектура башкармалыгына кайрылышат.
4. Терезелер жана витриналар
- Терезе жана витриналардын түзүлүшүнө, жабдылышына карата коюлуучу талаптар төмөнкүлөр аркылуу аныкталат:
фасаддын паспорту;
имараттардын, курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулугу; имараттарды пайдалануу мүнөзү, максаты;
имараттардын жана курулмалардын негизги жүк көтөрүүчү конструкцияларынын техникалык абалы.
- Терезелерди жана витриналарды жекече жабдуу жана жасалгалоо ушул Эрежелердин 28-30-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
- Терезелерди жана витриналарды өзгөртүүгө, анын ичинде дизайнын, сырткы көрүнүшүн, түс схемасын өзгөртүү, терезе ордуларын алып салуу, алардын өлчөмдөрүн жана конфигурациясын өзгөртүү, витриналык конструкцияларын орнотуу менен байланышкан иш-аракеттер ушул Эрежелердин 29-30-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
- Терезелердин түрлөрү жана жайгашуусу имараттын, курулманын конструктивдүү системасы, фасаддын паспорту, имараттын, курулмалардын планировкасы, багыты аркылуу аныкталат.
- Жайгашкан жери боюнча аныкталат:
алдыңкы фасаддын витриналары; алдыңкы фасаддын терезелери; короо фасаддарынын терезелери; подвалдык кабаттын терезелери;
туюк дубалдарда, брандмауэрлерди жайгашкан терезелер; мансарддык терезелер;
чатырда жайгашкан терезелер (слуховые, чердачные).
- Фасаддагы терезелердин жана витриналардын жайгашуусу, алардын габариттери, түзүлүш мүнөзү жана сырткы көрүнүшү фасад паспортуна шайкеш келүүсү керек.
- Ушул Эрежелерде белгиленген учурларды эске албаганда терезе жана витриналарды жайгаштыруу, габариттерин өзгөртүү, жаңы терезе ордуларын орнотуу же түрүнө жана жайгашкан ордуна карабастан мурдагыларын алып салуу менен фасаддын паспортунда аныкталган фасад композициясын бузууга жол берилбейт.
- Көчөдөн көрүнө тургандай кылып туюк дубалдарга, короо фасаддарына терезелерди оюуга, терезе ордуларынын архитектуралык профилин толтурууга, откосторунун тереңдигин өзгөртүүгө, жасалма терезелерди орнотууга, терезе ордуларын бөлүктөргө бөлүүгө жол берилбейт.
- Жоголгон терезе тешиктерин калыбына келтирүү, тосулган тешиктерди ачуу, ошондой эле фасаддын баштапкы архитектуралык дизайнын калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар ушул Эрежелердин 28-30- пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
- Босогодогу терезе ордун реконструкциялоого Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын макулдугунун негизинде ушул Эрежелердин 5-главасындагы талаптарды эске алуу менен имаратты реконструкциялоо, кайра пландоо долбоорунун курамындагы фасаддын архитектуралык схемасына ылайык жүргүзүлөт.
- Имаратты реконструкциялоо, кайра пландоо иштеринин жүрүшүндө фасаддын архитектуралык схемасы бүтүндөй имараттын фасады үчүн аткарылат жана анда фасаддын паспортуна имараттардын, курулмалардын, жарнамалык конструкциялардын шайкештиги эске алынат.
- Имараттарды пайдалануу мүнөзүнүн өзгөрүүсүнө байланыштуу имараттардын биринчи жана экинчи кабаттарындагы эшик-терезе ордуларын өзгөртүүгө жол берилет, мындай шартта алардын түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын мүнөздөмөсүнө (габариттерге, переплѐт сүрөттөрүнө, терезе конструкцияларынын материалдарына) ушул Эрежелердин 28-30- пункттарында белгиленген тартипте өзгөртүү киргизилет жана ушул бөлүмдө каралган өзгөчөлүктөр эске алынат.
- Терезелерди жана витриналарды орнотуу жана жабдуу иштеринин негизги элементтери болуп саналат:
архитектуралык эшик-терезе орду;
эшик-терезе ордуларын (откосторду, сырткы рамаларды, деталдарды, декор элементтерин) архитектуралык мүнөздө жасалгалоо;
терезе жана витриналык конструкциялар (терезе жана витриналык блоктор, терезенин торчо жыгачтары (переплѐттор));
айнектөө, жарык өткөрүүчү бөлүгүн толтуруу; подоконниктер, дренаждык түзүлүштөр.
- Терезелердин жана витриналардын дизайнынын жана жабдууларынын кошумча элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
коргоочу түзүлүштөр (терезе тосмолору, экрандар, жалюзилер); витриналарды тосуу;
чуңкурчалар (подвалдык жана цоколдук кабаттардагы терезелердин); кондициялоо жана желдетүү системаларынын тышкы блоктору; маркиздер;
витриналарды жасалгалоо; көркөм жарыктандыруу;
жашылдандыруу.
- Терезе жана витриналарды орнотуу жана жабдуу иштерине карата жалпы талаптар:
фасаддын архитектуралык жана түстүү чечимине ылайык комплекстүү мүнөз;
оңдоо, монтаждоо, жасалгалоо иштеринин, ошондой эле колдонулуучу материалдар менен конструкциялардын тиешелүү сапаты;
элементтер менен конструкциялардын коопсуздугу;
имараттын, курулманын фасадынын сырткы көрүнүшүнө жана техникалык абалына зыян келтирбей орнотуу жана эксплуатация;
терезелерди жана витриналарды талаптагыдай күтүү.
- Терезелерди жана витриналарды орнотуу жана жабдуу иштери ченемдик актылардын, курулуш эрежелери менен ченем талаптарынын эске алынуусу аркылуу аткарылууга тийиш.
- Жол берилбейт:
эшик-терезе ордуларынын үстүңкү жана каптал боорлорун, наличниктерди сырдоого жана жасалгалоого, эшик-терезе ордуларынын айланасындагы фасад бетин фасад паспортуна дал келбеген колерге же фасад жасалгасына ылайык келбеген фрагментик сырдоого же каптоого;
таш менен шөкөттөлгөн беттерди сырдоо;
эшик-терезе боорлорун, дубалдагы эшик-терезе салынуучу орундардын архитектуралык элементтерин (наличниктерди, профилдерди, декор элементтерин) жасалгалоого жана кыртыштарды бузууга;
туюк витриналарды орнотууга, айнектелген кыртыштарды сырдоого жана плѐнка менен каптоого, айнектелген жерди айнек блоктору менен алмаштырууга, кыртыштардын бууланышына жана конденсаттын пайда болуусуна алып келген сапатсыз айнек түзүлүштөрүн колдонууга, ошондой эле эшик-терезелердин дубал бетиндеги ордуларын жана витриналарды толугу менен жаап кала турган маалымат элементтерин жана түзүлүштөрдү имараттардын, курулмалардын фасаддарына орнотууга.
- Айрым терезе блокторун оңдоо жана алмаштырууда төмөнкүлөргө жол берилбейт:
түс схемасын, сүрөттөрдү, переплѐттордун калыңдыгын өзгөртүүгө жана фасаддын паспортуна ылайык келбеген терезелерди жана витриналарды орнотууга;
терезе блогунун тешикте жайгашкан жерин фасаддын тегиздигине карата өзгөртүүгө, фасаддын паспорту боюнча уруксат берилген учурларды эске албаганда фасаддын бетинен бери чыгып кала турчу витриналарды орнотууга;
терезе рамасы менен тешик ортосундагы тигиштерди фасаддын сырткы көрүнүшүн начарлата тургудай кылып сапатсыз чечүү;
- Эски терезелерди заманбап терезе жана витриналык конструкцияларга алмаштыруу фасаддын паспортуна ылайык жүргүзүлөт жана анда фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшү (сүрөтү жана перплѐттордун калыңдыгы, түс схемалары, материалдардын текстуралары) эске алынууга тийиш.
- Терезелерге күңүрттөлгөн, жарык өткөрбөөчү, күзгү сымал, түстүү терезелерди орнотуу ушул Эрежелердин 20-30-пункттарында көрсөтүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.
- Терезелер жана витриналар терезе конструкцияларынын түсүнө же фасаддын паспортунда көрсөтүлгөн негизги түкө боѐлгон терезе тосмолору, дренаждык системалар менен жабдылышы керек.
- Терезе тосмолору фасаддын паспортуна ылайык жеке же типтүү долбоор боюнча аткарылат.
- Фасаддын паспортунда жок терезе тосмолорун орнотууга, ошондой эле имараттардын, курулмалардын фасаддын паспортунда көрсөтүлгөн терезе тосмолорду алып салууга жол берилбейт.
- Фасадда көрсөтүлбөгөн сырткы коргоочу экрандар менен жалюзилерди орнотууга жол берилбейт.
- Архитектуралык деталдарды, жасалгаларды, фасаддын декорун бузуу менен терезе тосмолорду, сырткы коргоочу экрандарды жана жалюзилерди орнотууга же алып салууга жол берилбейт.
- Терезе тосмолорунун, экран жана жалюзилердин түстүү схемалары фасаддын паспортуна, архитектуралык көрүнүшүнө дал келүүгө тийиш.
- Витриналардын тосмолору фасаддын паспортуна шайкеш келип, бирдиктүү мүнөзгө ээ болууга жана фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө жооп берүүсү керек.
- Эшик-терезенин дубал бетиндеги орду фасаддын паспортуна ылайык келүүсү, бирдиктүү мүнөзгө ээ болуусу жана фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө, жасалалоочу материалдарга, түскө шайкеш келүүсү керек.
- Кондициялоо жана желдетүү системаларынын тышкы блокторун жайгаштыруу ушул Эреженин 7-главасында белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
- Маркиздерди жайгаштыруунун негизги шарттарынын бири – бул бир маркиздин бир эшик же терезе ордуна дал келүүсү. Бардык эшик, терезе ордуларына жана витриналарга маркиз орнотууга уруксат берилет.
- Фасадка маркиздерди жайгаштыруу бир калыпта, иреттүү мүнөзгө ээ болуп, дубал бетиндеги эшик-терезе ордуларына жана контурларына шайкеш келип, архитектуралык деталдардын, декорациялардын, баалуу жасалгалоо элементтердин, дарек белгилеринин визуалдык кабыл алынышын начарлатпашы керек.
- Архитектуралык деталдарга, декоративдик элементтерге, баалуу жасалгалуу жана көркөм таризделген кыртыштарга, фасаддын чегиндеги ар кандай бийиктиктерге маркиздерди бекитүүгө жол берилбейт.
- Маркиздердин түсү фасаддын паспортунда каралган фасаддын түстүү схемасына ылайык келүүгө тийиш.
- Витриналарды жасалгалоо иштери комплекстүү мүнөзгө, бирдей түстөгү схемага жана жарыктандырууга, жогорку сапаттагы көркөм жасалгага жана аткарууга ээ болуу менен фасаддын паспортуна дал келүүгө тийиш.
- Маркиздерге жана витриналарга көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда ушул Эрежелерде белгиленген жарнама конструкцияларын жайгаштыруу боюнча эреже-талаптар сакталууга тийиш.
- Терезелер менен витриналарды жыл мезгилине жараша жашылдандыруу ырааттуу түрдө өтүү менен алардын архитектуралык түзүлүшүнө, фасаддын техникалык абалына зыян жаратпагыдай болуусу зарылш.
- Жашылдандыруу элементтеринин сырткы көрүнүшү жана аларды жайгаштыруу фасаддын эстетикалык сымбатына дал келүү менен аларды жабдуу жана жасалгалоо боюнча комплекстүү чечимди камсыз кылуусу керек.
Жашылдандыруу чараларын өткөрүүдө имараттардын архитектуралык кыртыштары жана гидроизоляция корголууга тийиш.
- Имараттардын, курулмалардын менчик ээлери жана мындай имараттарды, курулмаларды күтүү милдети жүктөлгөн адамдар терезе жана витрина беттериндеги элементтерди үзгүлтүксүз тазалап турууга жана оңдоо- түзөө иштерин өткөрүп турууга милдеттүү.
5. Кире бериш топторду орнотуу жана жабдуу
- Кире бериш топторду жабдуу жана жасалгалоо иштерине коюлуучу талаптар төмөнкүлөр тарабынан аныкталат:
фасаддын паспорту менен;
имараттын, курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулугу менен; имаратты пайдалануу мүнөзү, багыты менен;
имараттын же курулуштун негизги жүк көтөрүүчү конструкцияларынын техникалык абалы менен.
- Кире бериш топторду жекече жабдуу жана каттоо ушул Эрежелердин 27-28-пункттарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
- Конструкцияны өзгөртүү, кире бериш топтордун жана эшик-терезе ордуларын жабдуу, сырткы көрүнүшүн, түс схемасынын өзгөртүү, кире бериш топторун алып салуу, габарит жана конфигурациясын өзгөртүүгө, эшик-терезе ордуларын орнотуу, эшик конструкцияларын, чатырларды жана жабдуу элементтерин орнотуу, тепкичтерди жана чуңкурчаларды (приямки) орнотуу иштери ушул Эрежелердин 27-28-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
- Кире бериш топтордун түрлөрү жана жайгашуусу фасаддын паспорту, имараттын, курулманын конструктивдүү системалары, планы жана мындай имарат менен курулмалардын пайдалануу багыты менен аныкталат.
- Кире бериш топтору жайгашкан жери боюнча айырмаланат: фасаддын алдыңкы бетинде жайгашкан;
короо фасаддарында жайгашкан; биринчи кабаттагы бөлмөдө;
подвал кабатындагы бөлмөлөрдө жайгашкан.
- Кире бериш топторунун фасадда жайгашуусу, алардын өлчөмдөрү, түзүлүштүн мүнөзү жана сырткы көрүнүшү фасаддын паспортуна ылайык келиши керек.
- Имараттардын жана курулмалардын фасадында кире бериш топторду жайгаштыруунун жана архитектуралык долбоорлоонун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
фасадда жайгашуу тартиби жана бирдиктүү мүнөзү; фасаддын негизги композициялык түркүгүнө кошуу;
кире беришти витриналар менен жалгаштыруу мүмкүнчүлүгү.
- Кошумча түрдөгү киреш бериш топторду жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү фасаддын паспортун, имараттын планировкасын, мурдагы киреш бериштин «кызыл сызык» чегинде жайгашкандыгын эске алуу менен имараттын, курулманын фасадынын жалпы концепциясынын негизинде аныкталып, архитектуралык чечимге залакасы тийбегидей аракетте жүзөгө ашырылат.
- Объекттин функционалдык багыты өзгөргөн учурларда (турак жайды турак эмес жайга) бир кире бериш топтогу түзүлүш же жабдуу орнотууга уруксат берилет, мында имаратты кайра пландоо, реконструкциялоо планынын Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашылган имараттын фасадынын архитектуралык түзүлүшүнө шайкештиги, ошондой эле ушул Эрежелердин 76-пунктунда талаптар эске алынат.
- Өрт коопсуздугу боюнча талаптарды сактоо максатында эки кире бериш жерди жабдууга уруксат берилет жана анда ушул Эрежелерде белгиленген талаптардын сакталышы эске алынат.
- Имаратты кайра пландоо, багытын өзгөртүү же реконструкциялоо боюнча документтердин курамындагы имараттын фасадынын архитектуралык чечими кире бериш жерлерди, витриналарды, имараттын маалымат элементтерин жана түзүлүштөрүн, жарнамалык конструкцияларды эске алуу менен бүтүндөй имараттын фасады үчүн аткарылат.
- Кире бериш топторду жайгаштыруу, габариттери менен конфигурацияларын өзгөртүү, кошумча кире бериштерди орнотуу жана фасад паспортунда белгиленген фасад композициясынын бузулушуна алып келгидей кылып түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан мурдагы кире бериш топторду ликвидациялоого жол берилбейт,
- Фасаддын долбоорунда жана паспортунда каралгандагыдай имараттардын фасадындагы кире бериш топтордун архитектуралык түзүлүшү жана композициялык мааниси сакталууга тийиш. Кире бериш топтордун жайгашкан жери, түзүлүшүнүн жана жабдылышынын мүнөзү фасаддагы кире бериштердин фасаддын долбоорунда жана паспортунда каралган композициялык ролун бузбашы керек.
- Имараттын алдыңкы бетине кире бериш топторду орнотуу имараттын ички мейкиндигинин эсебинен жүргүзүлөт жана анда «кызыл сызыкка» жана «курулуш линиясы» менен түзүлгөн фасаддын архитектуралык композициясын максималдуу сактоо принциби эске алынат.
- Кире бериш топторду имараттын, курулманын ички мейкиндигинен сырткары орнотуу Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык макулдугу жүзөгө ашырылат жана алардын «кызыл сызыкка», тротуарларга, өтмөктөргө жана фасаддын архитектуралык чечиминин негизиндеги жашыл территорияга өтүп кетүүсүнө жол берилбейт.
Фасаддын көрсөтүлгөн архитектуралык чечими имарарттардын, курулмалардын фасадындагы мурдатадан турган кире бериштерди, витриналарды, маалымат элементтерин жана түзүлүштөрдү, жарнамалык конструкцияларды эске алуу менен менен аткарылат.
- Керектүү долбоордук негиздемелерге жана ушул Эрежелерде каралган курулуш нормаларына жана эрежелерге ылайык туюк дубалдарга жана брандмауэрахтарга кире бериш топторду орнотууга жол берилет.
- Көп кабаттуу үйдө жайгашкан бөлмөгө түздөн-түз көчөдөн кирүү үчүн обочолонгон кире бериш конструкциясын орнотууга жол берилбейт.
- Имараттын же курулманын алдыңкы фасадында жертөлөнүн же биринчи кабаттын жайларына кире бериш түзүлүшүн орнотуу архитектуралык композицияны максималдуу сактоо принцибин сактоо менен имараттын же курулманын ички мейкиндигинин эсебинен ишке ашырылууга тийиш.
- Зарыл долбоордук негиздемелерге жана курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык, фасаддын архитектуралык композициясын мүмкүн болушунча сактоо жана жөө адамдар басуучу тротуардын, өрт өчүрүү үчүн өтүүчү өтмөктүн кеңдигин сактоо менен имараттын каптал фасадындагы подвалдык же цоколдук кабаттардагы жайга киреш бериш топторду орнотууга жол берилет.
Подвалдык же цоколдук кабаттардагы имарат жайдын кире бериши бүтүндөй фасад чегиндеги бирдей чечимге ээ болууга, биринчи кабаттын кире беришине, фасаддын паспортуна ылайык келүүгө жана жөө жүргүнчүлөр менен транспорттун кыймылына тоскоолдук жаратпоосу керек.
- Биринчи кабаттан жогору, терезе жана каалга тешиктеринин үстүндө же учурдагы терезе жана каалга тешиктеринин деңгээлинен жогору кирүү топторун орнотууга жол берилбейт.
- Бардык кире бериш топтор бүтүндөй фасад чегинде каралган бирдиктүү архитектуралык көрүнүшкө ээ болуу менен фасаддын архитектуралык композициясын бузбоого, жүргүнчүлөр менен автоунаалардын кыймылына тоскоолдук жаратпоого тийиш.
- Соода жана тейлөө объектилеринин кире бериш топтору витриналарды орнотуу, фасаддын жарнамалык жана маалыматтык бөлүгүн жасалгалоо менен бирдиктүү комплексте чечилүүсү керек.
Соода жана тейлөө объектилерине таандык фасад бөлүгүнүн комплекстүү чечими фасаддын паспортунда аныкталган жалпы композицияга ылайык келүүсү керек.
- Имарат жайды пайдалануу мүнөзү (эшиктердин, тепкичтердин) өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу имарттар менен курулмалардын биринчи кабатындагы кире бериш жерлерди өзгөртүүгө жол берилет, мында аларды орнотуу жана жабдуу мүнөзү ушул Эрежелердин 28-29-пункттарында белгиленген тартипте өзгөртүлөт.
- Фасаддын архитектуралык чечимине ылайык шартта каалга тешигин терезе тешиги катары кайра жасап чыгууда шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашылган имарат жайды кайра пландоо, оңдоп түзөө же реконструкциялоо боюнча документтердин негизинде жүргүзүлөт.
- Кире бериш топторду орнотуунун жана жабдуунун негизги элементтери болуп саналат:
архитектуралык эшик-терезе ордулары;
эшик-терезе ордуларын архитектуралык мүнөздө жасалгалоо (эшик- терезе боорлорун, наличниктерди, деталдарды, декор элементтерди);
эшик ордулары;
чатырчалар, бастырмалар;
шатылар, тепкичтер, бастырмалар; чуңкурчалар (подвалдык бөлмөгө кирүү үчүн);
жарыктандыруу.
- Кире бериш топтордун түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын кошумча элементтери болуп саналат:
коргонуучу түзүлүштөр (терезе тосмолору, экрандар, жалюзилер); багыт берүүчү маалымат элементтери (көрнөктөр, подъезддердин,
батирлердин тепкичтердин номурлары көрсөтүлгөн табличкалар);
- Кире бериш топторунун конструкциясы жана жабдылышы фасаддык паспортко ылайык бирдиктүү мүнөздө болууга тийиш.
- Кире бериш топторду орнотуунун жана жабдуунун жалпы талаптары болуп саналат:
фасаддын жалпы архитектуралык жана түстүү схемасына ылайык комплекстүү мүнөз;
оңдоо, монтаждоо, жасалгалоо иштеринин, колдонулган материалдардын жана конструкциялардын тийиштүү сапаты;
элементтердин жана конструкциялардын ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу;
фасаддын техникалык абалын жана сырткы көрүнүшүн бузбастан, жөө жүргүнчүлөр менен унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратпастан орнотуу жана пайдаланууга берүү.
- Кире бериш топторду долбоорлоо жана жабдуу ченемдик укуктук актылардын, курулуш эрежелер менен норалардын талаптарын эске алуу менен ишке ашырылууга тийиш.
- Уруксат берилбейт:
кире бериштин айланасындагы фасад бөлүгүнүн бетин, эшик-терезе боорлорун жана наличниктерди фасад паспортунда белгиленген колерге сырдоого, бөлүп-бөлүп сырдоого, жасалгалоого;
таш менен капталган фасад беттерин сырдоого;
эшик-терезе боорлорун керамикалык плиткалар менен жасалгалоого; чуңкурча элементтерин (наличтиктер, профилдер, декор элементтери),
эшик-терезе боорлорун бузууга.
- Эшик боштуктарын толтуруучу материалдарды орнотууда, оңдоодо жана алмаштырууда жол берилбейт:
имараттардын, курулмалардын алдыңкы фасаддарына туюк металл полотнолорду орнотууга;
фасад ичиндеги терезе жана витрина конструкцияларынын, эшик боштуктарын толтуруучу материалдардын түрдүү түскө сырдалышына;
кире беришке витриналарга жалгашкан туюк эшик панелдерин орнотууга;
фасад бетине карата дубал бетиндеги эшик блогунун жайгашуусун өзгөртүүгө;
имараттын фасадынын бетинен бери чыгып калуучу кире бериштерди орнотууга.
- Эски эшиктерди заманбап эшиктер менен алмаштыруу фасаддын паспортуна ылайык жүргүзүүгө тийиш.
- Чатырча менен бастырма жүйөлүү себептер менен байланышкан шарттарда гана орнотулат жана фасаддын паспортуна ылайык жеке жана типтүү долбоор боюнча аткарылат.
- Турак жайдын терезелеринин астына чатырларды жана тенттерди орнотууга өзгөчө учурларда, түйүндөгү чатырдын деңгээли жогоруда жайгашкан имараттын негизги бөлүгүндөгү турак жай (турак эмес) жайлардын полунун деңгээлинен ашпаган шартта жол берилет.
- Фасад паспортунда каралган имараттардын, курулмалардын чатырчаларын жана бастырмаларын алып салууга, ошондой эле фасад паспортунда каралбаган чатырча жана бастырмаларды орнотуу менен фасаддын сырткы көрүнүшүн, коопсуздук талаптарын бузууга жол берилбейт.
- Тепкичтердин, чатырчалардын жана чуңкурлардын конструкциясы ченемдик талаптарга ылайык келүүгө жана колдонуунун жеңилдигин жана коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Түзүлүштүн мүнөзү, материалдары жана түс схемасы фасаддык паспортко ылайык келиши керек.
- Жер алдындагы инженердик тармактар жайгашкан зоналардан алысыраак жердеги короо фасаддарында орун алган подвалдык кабаттагы терезе орду бар имарат жайга кире беришти орнотууда тротуардын жана өтмөктүн нормативдик кеңдиги эске алынат.
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кирип- чыгуусун жеңилдетүү максатында имараттардын жана курулмалардын кире беришине пандустар жана кармоочтору бар тепкичтер орнотулууга тийиш. Пандусту орнотууга мүмкүн болбосо көтөрүүчү түзүлүштөр жана «чакыруу» баскычы бар коңгуроолук түзүлүштөр орнотулат.
- Тепкичтердин үстүңкү кыртышы быдыркай болуу менен жылдын кайсы мезгилинде болбосун тайгаланбоого тийиш. Адамдарга коркунуч жараткан материалдарды жана конструкцияларды пайдаланууга жол берилбейт.
- Короонун фасаддарына көчөдөн көрүнбөй тургандай кылып, ар кандай тегиздиктеги конструктивдүү элементтер менен металл тепкичтерди жана аянтчаларды (крыльцо) орнотууга жол берилет.
- Короонун фасадынын биринчи кабатындагы турак эмес жайлардын кире беришине тышкы коргоочу экрандарды жана жалюзи орнотууга жол берилет.
- Кире бериштеги сырткы коргоочу экрандардын жана жалюзилердин түстүк схемасы фасаддын паспортуна дал келүү менен фасадда бирдей мүнөзгө ээ болууга жана фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө жооп берүүгө тийиш.
- Архитектуралык деталдарды, жасалгаларды, фасаддардын декорун бузуу менен сырткы коргоочу экрандарды жана жалюзилерди орнотууга, ошондой эле дубал бетиндеги эшик-терезе ордуларынын архитектуралык жасалгаларын бузууга жол берилбейт.
- Кире бериш жарыктандыруу имараттын архитектуралык долбоорунун алкагында каралууга жана фасаддык паспортко ылайык келүүгө тийиш.
Кире беришке жарыктандыруучу түзүлүштү орнотууда фасаддын көркөм жарык берүү системасы эске алынууга тийиш (эгерде фасаддык паспорт боюнча бар болсо).
- Кире бериш жерлерди жыл мезгилине ылайык жашылдандыруу жерге, дубалга орнотулуучу жана асма приборлорду колдонуу менен жүргүзүлөт.
Жерге орнотулуучу жана асма приборлор фасаддын техникалык абалы үчүн зыян жаратпагыдай, ишенимдүү бекитүүчү конструкцияга ээ болуусу керек.
- Кире бериштеги түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын элементтерин алмаштырууда, оңдоп-түзөөдө, эксплуатациялоодо алардын мүнөздөмөсүн ушул Эрежелердин 29-30-пункттарында каралган тартипте өзгөртүүгө жол берилет.
6. Балкондор жана лоджиялар
- Балкондорду жана лоджияларды орнотуу жана жабдуу учурунда коюлуучу талаптар төмөнкүлөр аркылуу аныкталат:
фасаддын паспорту;
имараттардын, курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулугу;
имараттын же курулуштун негизги жүк көтөрүүчү конструкцияларынын техникалык абалы.
- Балкондорду жана лоджияларды орнотууга жана сырткы көрүнүшүн өзгөртүүгө (айнектөө, тосмолорду оңдоо же алмаштыруу, түс схемасы) байланыштуу иш-аракеттер ушул Эрежелердин 28-29- пункттарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
- Балкондордун жана лоджиялардын түрлөрү жана жайгашуусу, мурда бузулуп же алынып салынган балкондорду жана лоджияларды калыбына келтирүү, тосмонун конструкциясы фасаддык паспорт, имараттын конструктивдик системасы, долбоордо каралган конструкциясы аркылуу аныкталат.
- Жайгашкан орду боюнча айырмаланат:
алдыңкы фасаддын балкондору жана лоджиялары; короо фасаддарынын балкондору жана лоджиялары; биринчи кабаттын лоджиялары;
мансарддык балкондор жана лоджиялар.
- Фасаддардагы балкондордун жана лоджиялардын архитектуралык дизайнынын негизги принциптери болуп саналат:
фасаддын (фасаддардын) бүтүндөй бетинин бирдей мүнөздө болуусу;
кабаттык топ (фасадды кабат боюнча бөлүштүрүүдөгү бирдиктүү мүнөз);
вертикалдуу топ (вертикалдуу ички коммуникацияларды, эркерлерди жайгаштырууга ылайык бирдиктүү мүнөз);
фасадды толугу менен айнектөө (фасад бөлүгүн).
- Балкондорду жана лоджияларды орнотуу, аларды айнектөө, жарыктандыруу фасад паспортуна ылайык жүргүзүлөт.
- Габариттерди өз алдынча өзгөртүүгө жана айнектөөгө, түсүн, тосмо беттериндеги сүрөттөрдү, ошондой эле балкон жана лоджия орнотмолорундагы элементтерди өзгөртүүгө, жаңы балкон жана лоджияларды орнотууга же мурдагыларды алып салууга, мындай иш- аракеттер менен фасад паспорту аркылуу аныкталган бүтүндөй композицияны бузууга жол берилбейт.
- Имараттардагы балкондорду жана лоджияларды өзгөртүп жасоо, формасын өзгөртүү, реконструкциялоо жана капиталдык түрдө оңдоп- түзөөдө курулуш ченемдери менен эрежелерди, ошондой эле ушул Эрежелердин 28-29-пункттарында белгиленген талаптарды сактоо зарыл.
- Имараттарды пайлануу мүнөзү жана багыты өзгөргөндүгүнө байланыштуу имараттардын, курулмалардын биринчи кабатындагы лоджияларды ушул Эрежелердеги талаптарга ылайык реконструкциялоого, жабдуу жана түзүлүштөрүнүн айрым мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө жол берилет.
- Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
архитектуралык эшик-терезе ордулары; тосмолор;
эшик-терезе ордуларын архитектуралык түрдө жасалгалоо; айнектөө конструциясы;
вертикалдуу жашылдандыруу түзүлүшү.
- Балкондордун жана лоджиялардын жабдууларынын жана дизайнынын кошумча элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
декоративдик панжаралар (решетки); коргоочу панжаралар;
тосмолор;
кондициялоо жана желдетүү системаларынын тышкы блоктору; маркиздер;
көркөм жарыктандыруу; жашылдандыруу.
- Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын жалпы талаптары болуп саналат:
Фасаддын жалпы архитектуралык жана түстүү чечимдерине ылайык комплекстүү мүнөздөмө;
оңдоп-түзөөчү, монтаждык, жасалгалоо иштеринин, пайдаланылуучу материалдар менен конструкциялардын жогорку сапаты;
элементтердин жана конструкциялардын ишенимдүүлүгү, коопсуздугу; фасаддын техникалык абалын жана сырткы көрүнүшүн бузбастан
орнотуу жана эксплуатациялоо; тиешелүү абалда кармоо.
- Фасаддын архитектуралык жалпы көрүнүшүнөн алганда балкондорду жана лоджияларды долбоорлоонун жана жабдуунун эң маанилүү мүнөздөмөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
дубалдагы эшик-терезелердин ордунун архитектуралык формасы; терезелердин жана витриналык конструкциялардын түсү; переплѐттогу сүрөттөр;
терезе түзүлүштөрүнүн профилинин кеңдиги жанан анын айнектелген тегиздикке дал келиши;
эшик-терезе ордуларынын үстүңкү жана астыңкы боорлорун жасалгалоо;
терезе жана витриналык конструкциялардын материалы.
- Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
эшик-терезелердин архитектуралык формасын өз алдынча өзгөртүүгө;
тосмолордун мүнөзүн (түсүн, сүрөтүн, тунуктугун) өз алдынча өзгөртүүгө;
айнектөө, тосмо конструкцияларды орнотуу, фасад бөлүгүнүн архитектуралык дизайнын өзгөртүү менен балкондорду жана лоджияларды өз алдынча реконструкциялоого;
балкондун же лоджиянын ичиндеги фасаддын бир бөлүгүн фрагменттүү сырдоо же каптоо.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте экспертизадан өткөн долбоордук документтердин негизинде имараттын жана курулманын коопсуздугунун конструктивдик мүнөздөмөлөрүнө таасир этүүчү балкондорду жана лоджияларды реконструкциялоого жол берилет.
- Жабдуулардын кошумча элементтерин орнотуу жана балкондорду жана лоджияларды долбоорлоо ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
- Имараттардын, курулмалардын менчик ээлери жана имараттарды жана курулмаларды күтүү милдети жүктөлгөн адамдар жабдуулардын элементтерин үзгүлтүксүз тазалоого, балкондорго, лоджияларга жана тосмо конструкцияларга күнүмдүк оңдоо иштеринин өткөрүлүп турушун камсыз кылууга милдеттүү.
- Балкондордун жана лоджиялардын конструкцияларынын жана жабдууларынын элементтерин алмаштырууда, оңдоодо же эксплуатациялоодо алардын фасаддык паспортунда белгиленген мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө жол берилбейт.
7. Фасаддардын кошумча жабдуулары
- Имараттардын, курулмалардын ички эксплуатациясын техникалык жактан камсыздоо системасы жана фасаддарда жайгашкан жабдуу элементтери фасаддардагы кошумча жабдуулар болуп саналат.
- Фасаддарга кошумча жабдууларды орнотууга коюлуучу талаптар төмөнкүлөр аркылуу аныкталат:
фасаддын паспорту менен;
имараттардын, курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулуктары менен;
имараттардын, курулмалардын негизги жүк көтөрүүчү конструкцияларынын техникалык абалы менен.
- Фасаддардагы кошумча жабдуулардын түрү:
а) имараттардын ички эксплуатациясын техникалык жактан камсыздоо системасы:
кондициялоо жана желдетүү системаларынын тышкы блоктору; антенналар;
б) жабдуулар:
почта ящиктери; таксофондор;
банкоматтар жана төлөм терминалдары; сааттар;
в) техникалык жабдуулар:
сырткы видеокамералар;
жүргүнчүлөрдү ташуучу электр транспортунун кыймылын камсыз кылуучу жабдуулар, аймакты жарыктандыруу, кабель линиялары, дубалдын электр панелдери, фасад үчүн көркөм жарык берүү системалары.
- Кошумча фасаддык жабдуулар бирдиктүү көрүнүшкө жана белгилүү бир максатка ээ болуусу керек.
- Фасаддагы кошумча жабдуулардын курамы жана жайгаштырылуучу жери фасаддын архитектуралык дизайнына жана жасалгалануусуна байланыштуу болууга тийиш.
- Имараттардын, курулмалардын фасаддарына кошумча жабдууларды жайгаштыруудагы жалпы талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
фасаддардын сырткы көрүнүшүнө жана техникалык абалына зыян келтирбестен фасад паспортунда көрсөтүлгөн жерлерге жайгаштыруу;
архитектуралык беттер менен минималдуу байланыш, бекиткичтердин рационалдуу конструкциясы жана технологиялык эффективдүүлүгү, стандарттуу бекитүүчү конструкцияларды колдонуу;
адамдар үчүн коопсуздук;
фасаддардын кошумча жабдууларын жайгаштыруу боюнча комплекстүү чечимдер;
жүргүнчүлөрдүн жашоо шарттары менен унаалардын кыймылын начарлатпай тургандай жайгаштыруу;
эксплуатациялоонун жана тейлөөнүн ыңгайлуулугу.
- Имараттарды ички эксплуатациясынын техникалык камсыздоо элементтерин жайгаштыруу үчүн төмөнкү талаптарды сактоо керек:
короо ичиндеги жана каптал фасаддарга жайгаштыруу; техникалык түзүлүштөрдүн фасад бетине минималдуу таасири; компакттуу орнотулган түзүлүш;
сырткы блокторду, деталдарды маскировкалоо;
бир катар элементтерди жалпы кармап туруучу негизге топтоо; фасаддагы түркүктүн (ось) бирдиктүү системасына байлоо.
- Жабдуу үчүн жай тандоо төмөнкүдөй аныкталат:
райондун, кварталдын, көчөнүн чектеринде жабдууларды жайгаштыруунун тармактык системасы;
жайгаштыруучу орундарды унификациялоо менен;
визуалдык жана физикалык жеткиликтүүлүк, колдонуунун жөнөкөйлүгү менен;
фасаддын паспорту, кошумча жабдуу элементтерин жайгаштыруу менен.
- Техникалык жабдууларды жайгаштыруу параметрлери фасаддык паспорт менен бирге инженердик тармактарды орнотуу боюнча ченемдик талаптар менен аныкталат.
- Дубал бетиндеги диаметри 0,15 метр өлчөмдөгү тешик аркылуу аба берүүчү жана тосмо тор менен корумдалган кондициялоо жана желдетүүчү системаны (тышкы блоксуз) орнотууга чек коюлбайт.
- Кондициялоо жана желдетүү системаларынын тышкы блокторун жайгаштырууга жол берилбейт:
фасаддардын алдыңкы беттерине (ниша, лоджия, чүмбөттөөчү элементтер – декоративдик торлор өңдүү атайын бөлүнгөн жайларды эске албаганда);
көчө жактан көрүнө турган короо ичиндеги жана каптал беттеги фасаддарга (ниша, лоджия, чүмбөттөөчү элементтер – декоративдик торлор өңдүү атайын бөлүнгөн жайларды эске албаганда);
жөө адамдар өтүүчү тротуарлардын үстүнө;
чүмбөттөөчү тосмолорду пайдаланбай туруп фасад бетинен сырткары чыгып турган терезе ордуларына;
архитектуралык деталдарга, декоративдик элементтерге, баалуу архитектуралык жасалгалары бар беттерге жайгаштырууга, ошондой эле архитектуралык беттердин бузулушуна алып келүүчү бекитмелерге.
- Антенналарды орнотууга уруксат берилет:
Бирдиктүү жүк көтөрүүчү негизди пайдалануу менен компактуу иретке келтирилген топтор менен имараттардын, курулмалардын чатырына (зарылчылыгына жараша – тосмо түзүлүштөрү менен);
лоджияларга жана балкондорго, лоджиялардын жана балкондордун тегиздигинен чыкпастан — көрүнбөгөн жерлерге орнотууга жол берилет.
- Антенналарды орнотууга уруксат берилбейт:
имараттардын, курулмалардын фасаддарына;
жекече долбоорлордун негизинде курулган жана калктуу конуштардын ансамблинде чоң орунду ээлеген заманбап имараттардын фасадына;
экспрессивдүү силуэти бар имараттардын чатырына, имараттардын, курулмалардын (мунаралардын, куполдордун) силуэт четтерине, парапеттерге, чатырдын тосмолоруна, желдетүүчү түтүктөргө;
балкондордун, лоджиялардын тосмолоруна.
- Кондициялоо жана желдетүү системаларынын тышкы блоктору фасад пасорту аркылуу аныкталган жерлерге ирээти менен жайгаштырылууга тийиш. Мындай шартта бекиткичтер менен тосмолордун стандарттык конструкциялары колдонулуп, бирдиктүү ось системасына байланат. Ал эми бир катар элементтерди жайгаштырууда жалпы түркүктүк негизге орнотулат.
- Сырткы байкоо жүргүзүү камералары балкон, эркер алдына, архитектуралык деталдар, декор, баалуу жасалга элементтери жок жерлерге жайгаштырылат.
- Тышкы байкоо камераларын колонналарга, фронтондорго, карниздерге, пилястрларга, порталдарга, чатырларга жана балкондордун түбүнө коюуга жол берилбейт.
- Почта ящиги жана таксофондор архитектуралык деталдар, декор, баалуу жасалга элементтери жок жерлерге, фасад бөлүктөрүнө, фасадга жанаша жаткан 1,5 метрден кем эмес тротуар аймагында жайгаштырылат.
- Почта ящигин жана таксофондорду орнотууга жол берилбейт: архитектуралык-көркөм баалуулукту түзүүчү имараттардын,
курулмалардын фасадына;
жөө адамдар менен транспортун кыймылына жолтоо болуучу жерлерге;
турак жайлардын терезелеринин түбүнө;
фасаддын порталында, колонналарына жана пластикалык элементтерине.
- Сааттар фасаддын көзгө көрүнүктүү жерлерине орнотулат: биринчи же экинчи кабаттардын деңгээлиндеги фасаддын бурчтук
жерине, фасаддын сыртты көздөй чыгып туруучу элементтерине (эркелерге, балкондорго) консолдук түрдө, фасаддагы консолдук объектиден кеминде 5 метр алыс;
имараттын кире беришине же кире бериш жанына;
мамычылардын (простенкалардын) огуна ылайык фасадга консолдук объектилерди вертикалдуу жайгаштыруу менен.
- Банкоматтарды жана төлөм терминалдарын фасаддарга жайгаштырууга төмөнкү учурларда уруксат берилет:
Витриналык түзүлүштүн бирдиктүү тыгыздыгы жана жалпы мүнөзү сакталганда;
Дубалдагы оюк (ниша) же каалга тешигине, мында анын кирип-чыгуу үчүн арналбагандыгы эске алынат жана жалпы архитектуралык түзүлүшү, каалга тешигинин габариттери сакталат;
фасад бетине жанаша орнотулган банкоматтардын жана төлөм терминалдарынын кандайдыр бир кошумча тосмолору болбоого тийиш.
- Территорияны жарыктандыруу үчүн фасадга орнотулган бекиткичтер фасаддын техникалык абалына жана тышкы көрүнүшүнө зыян жаратпашы керек. Көрсөтүлгөн жабдууларды архитектуралык деталдарга, декоративдик элементтерге жана фасаддын жасалгасына бекитүүгө жол берилбейт.
- Кошумча фасаддык жабдуулардын сырткы көрүнүшүнө коюлган жалпы талаптар:
унификация; компакттык габариттер;
заманбап техникалык чечимдерди колдонуу;
жогорку декоративдик жана эксплуатациялык сапаттагы материалдарды пайдалануу.
- Кошумча фасаддык жабдууларды даярдоо үчүн колдонулуучу материалдардын декоративдик жана эксплуатациялык сапаттарынын жогору болуусу, климаттык шарттарга ылайыкталып, коррозияга узак мөөнөт каршы турууга жөндөмдүү жана салмагы жеңил болуусу керек.
- Кошумча фасаддык жабдууларды бекитүүчү конструкциялар архитектуралык кыртышка карата аз өлчөмдө болууга тийиш. Монтаждоо, демонтаждоо иштери жеңил аткарылып, эксплуатация коопсуздугун камсыз кылынуусу кажет. Өндүрүш технологиялары кошумча жабдуулардын механикалык таасирлерге карата туруктуулугун камсыз кылуусу шарт.
- Кондициялоо жана желдетүү системаларынын жана техникалык жабдуулардын тышкы блоктору архитектуралык фонго (фасаддын түсү, айнек тону) мүмкүн болушунча жакын, нейтралдуу түскө ээ болууга тийиш.
- Дубалдын ачык түстөгү фонуна же чатырга орнотулган антенналар ачык түстө болуусу керек. Дубалдын күңүрт фоннуна орнотулган антенналар архитектуралык кыртыштын өңү сымал күңүрт түстө болуусу зарыл.
- Кошумча фасаддык жабдууларды бекитүүчү конструкциялар фасаддын түсү ымал бейтарап түстө болуусу зарыл.
- Кошумча жабдуулар эксплуатациялоо учурларында тиешелүү абалда сакталат жана ага оңдоо, тазалоо иштери өткөрүлүп туруусу керек.
- Кошумча фасаддык жабдуулардын иштеши фасаддын сырткы көрүнүшүнө жана техникалык абалына зыян келтирбеши жана башкаларга ыңгайсыздык жаратпашы керек.
8. Маалыматтык конструкциялар
- Маалыматтык конструкциялар – жарнамадан сырткары маалыматтарды жайылтуу үчүн арналган конструкциялар, курулмалар, техникалык түзүлүштөр, көркөм элементтер.
- Ушул Эрежелер аркылуу маалымат конструкцияларынын төмөнкү түрлөрү аныкталды:
- Көрнөк – компаниянын логотибин жана аталышын камтыган ири маалыматтык конструкция. Ал имараттын, курулманын, курулуштун фасадына жана стационардык мүнөздө эмес соода объектилерге, жеке жана юридикалык жактар иш алып баруучу жерлерге орнотулат.
Көрнөк белгисиз бир адамдардын тобуна жеке жактардын маалыматтарын же юридикалык жактардын аталышын иш өңүтү менен бирге көрсөтүү, маалымдоо максатында жайгаштырылат.
Дубал конструкциялары кире беришке же имараттын фасад чегине белгиленген дубал конструкцияларына карата бирдиктүү горизонталдык окто жайгашкан терезелеринин үстүнө, биринчи жана экинчи кабат ортосундагы калка деңгээлине же көрсөтүлгөн линиядан төмөн эмес жерге жайгаштырылат.
Эгерде көрнөк жайгашкан жердеги имараттын же курулманын тышкы беттеринде газ менен жабдуунун жана/же сууну агызуу тутумдарынын (дренаждык түтүктөрдүн) элементтери бар болсо, дубал конструкцияларын жайгаштыруу аталган системалардын коопсуздугун камсыз кылуу шартында жүргүзүлөт.
Объекттин бир фасадына бир эле учурда бир нече уюмдун көрнөктөрүн жайгаштырууда аталган уюмдардын көрнөктөрү бирдиктүү горизонталдык линиядагы бир катарга (бир деңгээлде, бийиктикте) жайгаштырылат.
Объекттин фасадына фриз бар болсо дубал конструкциясы дубал көрнөктөрүнүн конструкциясындагы фризге жайгаштырылат жана ал көлөмдүү символдордон турат (төшөлмө материалды (подложка) пайдануу менен жана пайдаланбай). Дубал конструкциясына төшөлмө материалды пайдаланууда подложка тиешелүү уюмдар, жеке ишкерлер ээлеген имарат жайдын физикалык көлөмүнө ылайык узундукта фризге жайгаштырылат. Дубалдын конструкцияны фризге жайгаштыруу үчүн колдонулуучу подложканын бийиктиги фриздин бийиктигине барабар болуусу керек. Маалымат талаасынын (тексттик бөлүктүн), ошондой эле дубал конструкциясынын ири символдор катары фризге жайгаштырылуучу декоративдик-көркөм элементтеринин жалпы бийиктиги фриздин бийиктигинин 70 пайызынан ашпоого (негизги шрифттин өлчөмүнөн ашкан кичине жана чоң тамгалардын бийиктигин, ошондой эле декоративдик жана көркөм элементтердин бийиктигин эске алуу менен), ал эми алардын узундугу фриздин узундугунун 70 пайызынан көп болбоого тийиш. Фриздеги дубал конструкциясында пайдаланылуучу көлөмдүү белгилер (символдор) бирдиктүү горизонталдык окто жайгаштырылууга тийиш. Бир фризге бир нече дубал конструкциясын жайгаштырууда көлөмдүү символдорду жайгаштыруу үчүн бирдей подложка уюштурулушу керек.
Объект фасадында чатырча объектиси бар болсо дубал конструкциясы көрсөтүлгөн фриздин габаритине ылайык чатырча фризине жайгаштырылат.
Дубал конструкциясын түздөн-түз чатырчанын (козырѐк) конструкциясына жайгаштырууга тыюу салынат.
Тарыхый-маданий мурастар объекттилеринин коргоого алынган зонасынын чектеринде жайгашкан тарыхый-маданий мурастар объекттилеринин фасаддарында жайгаштырылган дубал конструкцияларынын маалымат талаасы айрым элементтер (тамгалар, белгилер, декоративдик элементтер) менен аткарылуусу кажет.
Подложканы тунук негиз түрүндө пайдалануу мүмкүнчүлүгү көрнөктү жайгаштыруунун эскиздик долбоору менен аныкталат жана маданий мурастардын объектисин коргоо боюнча орган менен макулдашылат.
Уникалдуу маалыматтык конструкциялар:
Монументалдык-декоративдик искусство объектиси болуп саналышкан көрнөктөр (барельефтер, горельевтер, айкелдер);
Живопись техникасын, мозаикалык панно техникасын колдонуу менен жасалган көрнөктөр;
Тарыхый көрүнүшү ушул Эрежелер күчүнө кирген күнгө чейин ишке киргизилген имараттын архитектуралык долбоору менен аныкталган белгилер;
Объекттин тышкы бетинин декору жана архитектуралык элементтери болуп саналган көрнөктөр;
Уникалдуу маалымат конструкцияларын (көрнөктөрдү) орнотуу көрнөктөрдү жайгаштыруунун эскиздик долбооруна ылайык жүргүзүлөт.
Объекттин бир фасадына бир эле учурда бир нече ишкананын көрнөктөрүн жайгаштырууда көрсөтүлгөн уюмдарга тиешелүү көрнөктөр бирдей бийиктикте жана бирдей горизонталдык линияда (бир деңгээлде, бийиктикте) жайгаштырылат.
Көрнөк үйдүн архитектуралык көрүнүшүнө шайкеш келүү менен имараттын биринчи жана экинчи кабаттарынын ортосуна жайгаштырылып, кечки сааттарда жекече ички же тышкы жарык булактарынын жардамы менен жарыктандырылууга тийиш. Көрнөккө орнотулган жарык жылтылдабашы жана жарыгы турак жайлардын терезесине багытталбашы керек.
Көрнөктөргө декоративдик элементтерди, товардык белги же тейлөө белгиси катары катталган тексттик, графикалык сүрөттөрдү же комбинацияларды жайгаштырууга жол берилет.
Көрнөк төмөнкү максаттарда колдонулбайт:
жарнама катары;
экинчи кабаттын терезе тешиктеринин түбүнөн жогору чыгууга; терезе, декор жана архитектуралык элементтерди жабууга.
- Маалымат тактачасы – уюм жана анын иш тартиби тууралуу маалыматтарды чагылдырат, келген адамдарга жакшы көрүнө тургандай бийиктиктеги абалда кире бериштеги каалгага, витриналардын айнегине орнотулат.
Тактачалардын үч түрү бар: жеке жана топтоштурулган. Жеке тактачаларда уюмдун аталышы, логотиби, ишмердүүлүгүнүн түрү, иш убактысы, дареги жайгаштырылат. Топтоштурулган тактачаларда уюмдун аталышы, логотиби, ишмердүүлүгүнүн түрү, имараттын кабаты, кеңсе номуру жазылат.
Көп сандаган ижара берүүчүлөр жайгашкан имараттарда топтоштурулган тактачаларды пайдалануу абзел. Бул үчүн ижара берүүчү уюмдун тактачалары үчүн бирдиктүү модулдук жер бөлүп берүүгө тийиш. Мыдай шартта алардын бардыгы бир материалдан жана бир стилистикада даярдалып, бирдей көлөмдө болуулары зарыл.
Негизги талаптар:
тактачалар сөзсүз түрдө имараттын кире беришине орнотулат;
тактачалар үйдүн фасадына же кире бериштеги айнектелген жерге орнотулушу мүмкүн;
имараттын ар бир кире беришинде экиден ашык бир типтүү тактачалардын жайгашуусуна жол берилет;
имараттын бир кире беришине эки бирдей белги коюуга жол берилбейт;
кире бериштеги айнектелген жерге бир гана тактачаны орнотууга жол берилет;
кире бериштеги эшиктердин айнектерине тирөөчсүз белгилерди коюуга жол берилет;
кире бериштеги эшиктердин айнектерине уюмдун аталышын, дарегин жана иш убактысын жана үйдүн фасадына аты гана жазылган башка жазууну коюуга жол берилет;
маалыматтык конструкциялар дарек-дайыны жазылган жеке адамдар же юридикалык жактар отурган (ишмердүүлүк менен шугулданган) имараттын, курулманын же жайдын кире бериш эшиктерине (оң же сол тарабына), фасаддын көзгө так жана даана көрүнө турган жерлерине жайгаштырылат;
бир уюм, жеке же юридикалык жак үчүн бир объектте бир гана мааллымат конструкциясы (тактача) орнотулушу мүмкүн;
маалымат конструкцияларын (тактачаларды) терезе ордуларына орнотууга жол берилбейт.
Кайсы бир бегилерди тактикалык кабыл алуу үчүн киргизүү маалымат тактачасынын мазмунунун милдеттүү шарты болуп саналат. Тактачада чагылдырылган бардык нерселер (уюмдун аталышы, ишмердүүлүк түрү, иш ырааты) Брайлдын рельевтүү-чекиттик ариби менен аткарылууга тийиш. Кызматкерди чакыруу үчүн тактачага кошумча баскыч орнотулат. Чакыруу баскычты жана тактача полдон жогору 1,2 — 1,6 метр бийиктикке орнотулат;
- Маркиздер — мекемелердин жана имараттардын витриналарына жана киребериштерине же имараттын оюктарына, козырек же бастырма түрүндө жасалып ага сырткы жарнактык маалыматтар сүрөттөлүп орнотулган обьекттер.
Маркиздер, кармап туруучу элементтерден, каркастан жана жумшак же катуу негизден жасалган маалыматтык аянттан турат.
Маркиздер биринчи кабаттагы терезе жана эшик үстүлөрүнө орнотулат. Аларга компаниянын логотибин жана аталышын гана жазууга болот. Кошумча макулдашууларга ылайык маркиздер үйдүн бардык терезелерине орнотулушу мүмкүн.
Маркиздер имарат жайдын терезелеринин үстүндө, тактап айтканда биринчи жана экинчи кабаттын ортосундагы сызык тушка бир горизонталдык ок боюнча жайгаштырылат.
Маркиздер бир конструкциянын өз ара байланыштагы бирдей элементтери түрүндө жайгаштырылат жана витрина, терезе же эшик ордунун 30%дан көп эмес аянтын ээлейт, узун маркиздерди орнотууга жол берилбейт.
Түстүү гамма имараттын, курулманын түстүү гаммасы менен шайкеш келүүсү же аны дал өзүндөй кайталоосу керек.
Жыл мезгилине карата орнотулуучу көчмө ишкананы – коомдук тамактануучу жайды жайгаштырууда маалымат конструкцияларын (көрнөктөрдү) орнотууга жана аталган сезондук кафени жасалгалоо үчүн пайдалануучу маркиздерге жана зонтторго ар кандай жазууларды жайгаштырууга жол берилет.
- Кронштейн – имараттарга жана курулмаларга перпендикулярдык түрдө орнотулган, ички же тышкы жарыктандыруусу бар жана объект жөнүндө коомчулукка маалымат берүү үчүн арналган чакан эки тараптуу маалыматтык түзүлүш.
Кайсы бир себептерден улам уюмдун маалыматтык негиздеги көрнөгү үчүн белгиленген орун жоктугуна байланыштуу кронштейн орнотулушу мүмкүн.
Кронштейндеги бүтүндөй маалымат көрнөктө жайгашкан маалыматтарга дал келүүсү керек. Кронштейнге уюмдун логотиби, аталышы жана жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнүн түрү жайгаштырылат. Маалымат жайгашуучу орундун аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.
Кронштейнде өчүп-күйүп туруучу жарык булактары болбоого тийиш жана ал маалымат такталарынын деңгээлинде жайгашат. Бир беттүү кронштейдерди орнотууга жол берилбейт.
Бирден ашык кронштейн орнотууга жол берилбейт.
- Витрина – имараттын, курулманын сырткы айнектелген бөлүгү, товарларды жана кызматтарды экспозициялоо, алардын курамы жана өзгөчөлүктөрү тууралуу сатып алуучуларга маалымат берүү үчүн арналат. Витрина имараттын ичиндеги товарлардын экспозициясын көчөдөгү элдин көрүүсүнө жана ишкана тууралуу маалыматтарды жайгаштырууга шарт түзөт.
Витринага коюучу жалпы талаптар:
Витрина мидеттүү түрдө профилин ачып берүүчү коммерциялык буюмдар менен кооздолушу жана кечинде жарыктандырылышы керек;
Витриналарга сатылып жаткан товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр тууралуу бардык маалыматтарды жайгаштырууга уруксат берилет, ошол эле учурда товар жөнүндө маалымат саны жана көлөмү боюнча үстөмдүк кылуусу керек (70% жана андан көп);
Витриналарга жалпы мамлекеттик жана коомдук иш-чараларга арналган майрамдык маалыматтарды жайгаштырууга жол берилет.
Витринанын ички бетиндеги айнектелген жерден тартып витриналык конструкцияга чейинки аралык кеминде 0,15 метрди түзүүсү керек.
Витринанын ички айнектелген бетине жайгаштырылган витриналык конструкциялардын максималдуу өлчөмү (электрондук алып жүрүүчүлөрдү – экрандарды жана таблолорду кошкондо) витринанын айнектелген бөлүгүнүн жарымынан ашоого тийиш. Ошол эле учурда витриналык конструкциялар сөзсүз турдө переплѐттордун чегинде жайгашуусу кернек.
Витриналар үйдүн жана көчөнүн жалпы сырткы көрүнүшүн аныктайт, ошол себептүү алар ачык-жарык болуу менен имараттын ички мейкиндигин көрсөтүп тургандай сезим жаратуулары кажет.
Толук жабылган же бүтүндөй плѐнка чапталган витриналарды орнотууга тыюу салынат.
- Мекемелик такталар – уюмдун толук каттоодон өткөн юридикалык аталышын, ведомстволук таандыгын чагылдырат. Мекемелик такталар имараттын кире беришине жайгаштырылат.
- Мемориалдык (эскертме) такта – тексттик эскертме жанрын билдирүүчү монументалдык искусствонун бир түрү жана ал тарыхтын, ошондой эле адамдардын жашоо турмушунун, ишмердүүлүгүнүн урунттуу учурларын так, кыскача түрдө туюндурууга багытталган. Ал фасаддарга, имараттардын, курулмалардын интерьерлерине жана тосмо коюлган же жабык территорияларга, курулмаларга жана башка жерлерге орнотулат.
Мемориалдык такта жакшы көрүнгүдөй болууга тийиш жана эки метрден кем эмес бийиктикке илинүүсү керек. Мемориалдык такта илинип турган имараттын дубалында мемориалдык тактадагы маалыматка эч кандай тиешеси жок маалыматты (жарнама, кулактандыруу) жайгаштырууга жол берилбейт.
Тексттен сырткары мемориалдык тактанын композициясына портреттик сүрөттө жана декоративдик элементтер дагы киргизилиши мүмкүн.
Мемориалдык такталар өтө бышык материалдардан гана жасалууга тийиш.
- Мемориалдык белгилер – тарыхый окуялардан кабар берген же тарыхый, маданий же архитектуралык эстелик катары кызмат кылып, бирок сакталбай калган имараттардын жана объектилердин жайгашкан ордун көрсөтүүчү же көчөлөрдүн аталышы, ошондой эле кайсы бир көчөнүн аты эмне себептен улам өзгөрүүгө дуушар болгондугу жөнүндө түшүнүк берүүчү маалымат такта (табличка);
- Көрсөткүчтөр – көчөлөрдүн, аянттардын, өтмөктөрдүн, кыска көчөлөрдүн, долбоорлонгон (номердик) өтмөктөрдүн, проспектилердин, шосселердин, суу жээгиндеги көчөлөрдүн, скверлердин, туюк көчөлөрдүн, бульварлардын, саябандардын, көпүрө линияларынын, жол көрсөткүчтөрдүн, эстакадалардын аталыштары жана үй номурлары (көчө аншлагдарынын) жөнүндө маалымат, ошондой эле картографиялык маалымат, жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын кыймылы (схемасы) жана ырааттамасы, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жайгашкан орду жөнүндө маалыматтар камтылган объекттер.
Турак жайга ылайыкташтырылган көмөкчү жана убактылуу курулмаларга (сарайлар, кампалар, чыгдандар, котельныйлар) номур коюлбайт.
Табличкаларды, көчө аншлагдарын, имараттардын, подъезддердин жана батирлердин номурларын тиешелүү абалда кармоо милдети алардын ээлерине жүктөлөт.
Жаңы аншлагдарды жана номурларды илүүдө имараттардагы бардык эски аншлагдар жана номурлар алып салынат.
Аншлагдарды жана номурдук белгилерди жайгаштыруу жана алардын сырткы көрүнүшү боюнча талаптар:
түштүктөн түндүктү көздөй багытталган көчөлөр үчүн имарат номурлары түндүккө карай өсүп жүрүп отурат;
чыгыштан батышты көздөй багытталган көчөлөр үчүн имарат номурлары батышка карай өсүп жүрүп отурат;
түштүктөн түндүктү көздөй багытталган көчөнүн батыш жагында жайгашкан имараттарга, ошондой эле чыгыштан батышты көздөй багытталган көчөнүн түштүк тарабында жайгашкан имараттарга так сандар берилет. Так эмес сандар көчөлөрдун чыгыш жана түндүк тарабында жайгашкан имараттарга берилет.
Саябандардын, проспекттердин, көчөлөрүн, кыска көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан бурч имараттар эки номурдук белгиге жана көчө аншлагына ээ болууга тийиш, алардын бири имараттын башкы фасадында, ал эми экинчиси анын торц бөлүгүндө жайгашат. Калган имараттар бирден номурга ээ болуусу керек. Квартал ичиндеги имараттарда аншлаг болбойт;
менчигинин түрүнө жана алардагы жарандардын санына карабастан бардык имараттар жана үй ээликтери катар номур ээ болууга тийиш;
унаа багыты бир тараптуу көчөлөрдө аншлагдар менен номурдук белгилер имараттын, курулманын фасадынын бурчуна, транспорт кыймылынын багытына жакын жерге жайгаштырылат;
бульварлардын, проспекттердин, көчөлөрдүн жана кыска көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан имараттарга номурдук белги көчөлөрдүн кесилишине чыккан имарат бурчуна илинет.
короо фасаддарындагы аншлагдар жана номурдук белгилер квартал ичиндеги өтмөктөгү эки терезе аралыгына жайгаштырылат;
өнөр жай ишканаларынын тосмолордуна жана корпустарында аншлагдар жана номурдук белгилер башкы кире бериштин оң тарабына жайгаштырылат;
фасаддын сыртка чыгып турган архитектуралык деталдары жана декоративдик элементтери жок бөлүгүндө, фасаддын жасалгасын кошпогондо;
бирдиктүү курулуш фронтун түзүп турган имараттардын, курулмалардын чектеш фасаддарына бирдей вертикалдуу өлчөмдө дарек белгилерин коюу;
подъезддердин жана андагы батирлердин номурларын билдирүүчү тактакчалар каалганын үстүнө же каалга туштагы импостко (горизонталдуу тактача), же эшиктин оң тарабына (вертикалдуу тактача) жайгаштырылат;
үйлөрдүн номерлерин көрсөтүүчү номурлар көчөлөрдүн жана аянттардын аталыштары менен бирге жайгаштырылат;
аншлагдар эки жерге, кварталдын баш жана аяк жагына жайгаштырылат, эгерде кварталдын узундугу 500 метрден ашык болсо — кошумча түрдө кварталдын ортосуна да жайгаштырылат;
аншлагдар жана номурдук белгилер калыңдыгы 1,8 миллиметр цинктелген темир листке жасалат жана сырдоо үчүн жогорку сапаттагы эмаль колдонулат. Аншлагдар менен номурдук белгилердин түстүү схемасы эскизге ылайык болот: фон – ак, белгилер көк. Булар башы жумуру декоративдик шуруптар менен бурчтарга бекитилет.
- Навигациялык белгилер – тирөөчтөргө (өздүк тирөөчтөрдө, жарык берүүчү мамы-тирөөчтөрдө, байланыш тармагынын тирөөчтөрүндө), жер участкаларына орнотулуучу жана калктуу конуштардын аймагын пландаштыруу, инфраструктура объектилеринин, тарыхый-маданий мурас объектилеринин, мекеме жана ишканалардын, уюмдардын, ишкана жана керектөө рыногунун объектилеринин жайгашкан орду жөнүндө маалыматтарды камтуучу эки тараптуу конструкциялар.
- Маалыматтык стенд – өздүк мамычаларда өз алдынча турган жылмакай тегиздиктеги маалыматтарды көрсөтүүчү элемент болуп саналат.
Маалыматтык стенддер көп кабаттуу үйлөрдүн, турак жайлардын, мекемелердин жана ишканалардын имараттарынын кире бериштерине жана сырткы беттерине, ошондой эле муниципалдык жер тилкелерине жайгаштырылат жана калкка маалымат берүү үчүн арналган.
9. Жарнамалык конструкциялар
- Жарнамалык конструкциялар – жарнакты кандай гана кыртышка болбосун чагылдыруу үчүн арналган щиттер, стенддер, плакаттар, кермелер, жарыктандырылуучу жана электрондук таблолор, учуучу шарлар,
аэростаттар жана жарнаманы жайылтуу максатында территорияга орнотулган теникалык каражаттар.
- Жарнамалык конструкциялар жайгаштыруу түрү боюнча төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнүшөт:
менчиктин бардык түрүнө таандык жер участкаларында жайгашкан өз адынча конструкциялар;
менчиктин бардык түрүнө таандык кыймылсыз мүлк объектилерине (имараттарга, курулмаларга) биригүүчү каражаттар;
жекече долбоордун негизинде даярдалган стандарттык эмес мүнөздөгү конструкциялар (учуучу шарлар, аэростаттар).
- Өзүнчө турган жарнамалык конструкциялар төмөнкүдөй түргө бөлүнүшөт:
кичи форматтуу; орто форматтуу; чоң форматтуу; ири форматтуу.
- Жарнак конструкцияларын тиешелүү иштерди жүргүзүүгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдарда жылына кеминде бир жолу техникалык кароодон өткөрүп туруу зарыл.
- Бардык жарнак конструкцияларында маалыматтык-жарнак конструкцияларынын ээсинин маалыматы (уюмдун аталышы, дареги, телефону, ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылган инвентарлык номери) белгиленүүгө тийиш.
- Жарнама аянтынын көлөмү 6 квадрат метрди түзгөн жарнамалык конструкциялар кичи форматтык болуп саналат:
- Флагшток – фирмалык желектерди илүү үчүн имараттардын, курулмалардын атайын кронштейдеринде жана жер участкаларындагы өзүнчө турган мамыларга орнотулуучу конструкция.
Флагштокторго төмөндөгүдөй талаптар коюлат:
флагшток пайдубалдан, тирөөч рамадан, тик мамылардан жана желектин бийиктигин жөнгө салуу үчүн түзүлүштөр менен жабдылган жумшак панелдерден турат;
пайдубал бетон негизден тургузууга тийиш;
жарнак аянты анын курамындагы айрым желектердин бардык тараптарынын аянты менен аныкталат;
фирмалык желектер такай илинип туруусу мүмкүн.
эскилиги жеткендигине байланыштуу желектер жаңыланат же алып салынат.
- Сити-формат – ички жарыктандыруучу түзүлүшү бар өзүнчө турган эки тараптуу жарнамалык конструкция, негизинен тротуарларда орнотулат.
- Пиллар – үч бурчтуу же төрт бурчтуу призма формасындагы өзүнчө турган жана ички жарыктандырууга ээ жарнамалык конструкция, ар бир вертикалдуу бурчунда 3 метрге 1,4 метр өлчөмүндөгү жарнамалык тегиздик жайгаштырылат.
Жарнамалык тегиздиктин аянты колдонулган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
- Афишалык стенддер жана тумбалар – тротуарларда жайгашкан бир же эки маалымат талаасына ээ жарнамалык конструкциялар.
Афишалык стенддер жана тумбалар жалаң гана театрлардын, кинотеатрлардын репертуарлары, спорттук жана массалык иш-чаралар, коомдук, маданий-оюн зоок, спорттук-ден соолукту чыңдоочу окуялар жөнүндөгү жарнамаларды жана маалыматтарды жайгаштыруу үчүн арналган.
Афишалык стенддерге жана тумбаларга төмөнкү талаптар коюлат: афишалык стенддерге же тумбаларга жайгаштырылуучу жарнамалык
материалдар тиешелүү иш-чаралардын демөөрчүлөрү тууралуу маалыматтарды камтуусу мүмкүн;
афишалык стенддин же тумбанын маалыматтык талаасынын бир тарабынан өлчөмү 1,4 метрден 3 метрге чейин жетүүсү мүмкүн;
афишалык стенддин же тумбанын маалыматтык талаасынын аянты анын тараптарынын жалпы аянтына жараша аныкталат.
- Кичи форматтык жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу үчүн ШК даярдоо жөнүндө арыз жекече мүнөздө каралат.
- Орто форматтык болуп жарнама аянты 12 квадрат метрди түзгөн төмөнкүдөй жарнамалык конструкциялар саналат:
- Ситиборд – атайын жарнама жайгаштыруу үчүн арналган сырткы түзүлүшкө ээ ички же тышкы жарыктандыруучу түзүлүшү бар жана өзүнчө туруучу жарнамалык конструкция.
Ситиборддун жарнамалык тегиздигинин бир бети 3 метрден 4 метрге чейинки көлөмдөн ашпоого тийиш.
Ситиборддун жарнамалык тегиздигинин аянты пайдаланууга берилген тарабынан жалпы аянты менен аныкталат.
Конструкцияны айнектөө үчүн колдонулуучу материалдар коопсуздук чараларын эске алуу менен керектелет.
- Жарык кутуча (лайтбокс) – ички жарыктандыруу системасына ээ жана бети жарнама алып жүрүүчү катары саналган жарнамалык конструкция, имараттардын, курулмалардын фасадына орнотулат.
Жарнамалык тегиздиктин аянты пайдаланылып жаткан аянт аркылуу аныкталат.
Жарык кутучасы имараттын фасадынын бетине параллель жайгашат жана фасаддын тегиздигинен 0,25 метрден ашык чыкпоого тийиш.
- Стелалар – объекттин жайгашкан жерин, иштөө убактысын жана негизги кызматтардын тизмесин көрсөтүү үчүн иштелип чыккан эркин жарнамалык конструкциялар. Стелалар пайдубалдан, тирөөчтөрдөн, каркастан, маалымат талаасынан турат жана ички же сырткы жарыктандырууга ээ.
Стеланын капталдарынын саны төрттөн ашпоого тийиш. Төмөнкү түрдөгү стелаларды орнотууга жол берилет: ири – 5 метрге 1,5 метрден ашпаган габариттери менен;
орточо – 3 метрге 1,2 метрден ашпаган габариттери менен; кичи — 2 метрге 1 метрден ашпаган габариттери менен;
индивидуалдуу – габариттери объекттин жайгашкан ордуна жараша макулдашылат.
Стеланын пайдубалы жол кыртышынын же жер бетинен өйдө чыкпайт. Стелалар электр менен жабдуу тармагынын авариялык өчүрүү системасы менен жабдылышы жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.
Жарнамалык тегиздиктин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.
- Орто форматтагы жарнак конструкциялары колдонуудагы жарнак конструкцияларынан кеминде 200 алыс аралыкта жайгаштырылат.
- Ири форматтагы жарнак түзүмдөрүнө жарнама аянты 36 чарчы метрге чейинки жарнак түзүмдөрү кирет.
Билборд (жарнак тактасы) – өзүнчө турган такталык конструкция.
Сырткы кыртышка ээ жана атайын жарнак жайгаштырууга арналган.
Билборддун жарнамалык тегиздигинин аянты 3 метрге 6 метрди жана 9 метрге 4 метрди түзөт.
Билборддун жарнамалык тегиздигинин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.
- Ири форматтагы жарнак конструкциясынын пайдубалы жол катмарынын же газон деңгээлинен 150 миллиметрден ашык чыкпоого тийиш. Ошол эле учурда пайдубал милдеттүү түрдө жарнамалык конструкциянын дизайынына шайкеш келүүчү декоративдик материал менен шөкөттөлүүгө тийиш.
- Бир түрдүү вариантта аткарылган конструкциялардын арткы бети декоративдик түрдө жасалгаланып, ички же тышкы жарыктандырууга ээ болуусу керек.
- Ири форматтагы жарнамалык конструкциялар шахматтык тартипте жайгаштырылат жана колдонуудагы жарнак конструкцияларынан кеминде 300 алыс аралыкта болуусу керек.
- Ири форматтагы жарнамалык конструкциялар жалпы регламентациядагы зонага гана жайгаштырылат, калктуу конуштун борбордук бөлүгүн жана борбордук көчөлөрүн камтыган туруктуу регламентация зонасына киргизилбейт.
- аянты 36 чарчы метрден ашык төмөнкүдөй жарнамалык конструкциялар ири форматтагыларга жарнамаларга киришет:
- Суперборд – өзүнчө турган калкам сымал конструкция. Сырткы кыртышка ээ жана атайын жарнак жайгаштырууга арналган.
Суперброддун жарнамалык тегиздигинин бир тарабы 4 метрге 12 метрден ашпоого тийиш.
Суперброддун жарнамалык тегиздигинин аянты анын тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.
- Мегаборд, (суперсайт) – өзүнчө турган калкам сымал конструкция. Сырткы кыртышка ээ жана атайын жарнак жайгаштырууга арналган.
Суперсайттын маалымат талаасынын бир тарабынан көлөмү 5 метрге 15 метрден ашпоого тийиш.
Суперсайттын жарнамалык тегиздигинин аянты анын тараптарынын жалпы аянты менен аныкталат.
- Арка (П-сымал) – пайдубалдан, каркастан жана жарнамалык тыгыздыктан турган жарнамалык конструкция. Жер кыртышында өзүнчө турат жана жарнак жайгаштырууга арналган сырткы кыртышка ээ.
Тирөөчтөр ортосундагы аралык технологиялык, инженердик шарттарга жана жарнамалык конструкциялар орнотулган жердин ландшафтына жараша өзгөрүп туруусу ыктымал, ошону менен бирге жарнамалык аянттын габаритине карабастан бул конструциялар түрүнө ири форматтагы жарнамалык каражаттардын түрүнө белгиленген бардык талаптар тиешелүү.
Арканын жарнамалык тегиздигинин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.
- Медиафасаддар – түздөн-түз имараттардын, курулмалардын дубал беттерине же дубалдын пластикасы кайталаган металл түзүлүшкө (медифасад имараттын, курулманын, курулуштун айнек бөлүгүнө жайгаштырылган учурларда) жайгаштырылып, маалымат материалдардын көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ири форматтагы жарык өткөрүүчү конструкциялар (дисплейлер).
Территорияга жайгаштырылган медиафасаддар сырткы архитектуралык келбетти бузбоосу керек.
Медиафасаддын конструкциясы сүрөттөрдү чагылдыруучу светодиоддук түзүлүштөр менен жабдылган металл же полимердик базадагы тордон турат.
Медиафасаддын жарнама талаасынын аянты жарнама талаасынын өлчөмүнө жана көрсөтүлгөн сүрөттөрдүн санына жараша жекече аныкталат.
Медиафасад түрүндөгү жарнамалык конструкцияны жайгаштырууда терезелердин табигый жарыгы, ченемдик инсоляциясы сакталууга тийиш.
Медиафасадды белгилүү бир имаратка жайгаштырууда милдеттүү түрдө бүтүндөй имараттын жарнактын түзүлүшүнүн комплекстүү мүнөздөгү эскиздик долбоору жана техникалык документтери иштелип чыгат жана ал эксплуатация учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатын көздөйт.
Медиафасаддар электр менен жабдуу тармагынын авариялык өчүрүү системасы менен жабдылышы жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.
Медиафасаддардагы сүрөттөрдү күндүзү демонстрациялоо үчүн динамикалык эффекттер колдонулушу мүмкүн. Караңгыда бул өңдүү динамикалык эффекттерди колдонуу менен медиафасаддардагы сүрөттөрдү көрсөтүүгө тыюу салынат.
Караңгыда медиафасаддардагы сүрөттөрдү алмаштыруу мүнөтүнө бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш, сүрөттөр 10 секунддан ашык мөөнөттө бир алмаштырылат, мындай аракет экран жарыгынын нөлдүк баскычка чейинки күңүрттөлүшү жана акырындап мурдагы калыбына келүүсү менен жүзөгө ашырылат.
Медиафасаддар бир гана соода түйүндөрүнүн фасадына жайгаштырылышы мүмкүн.
- Май куюучу бекеттеги баа таблосу – сатып алуучуларга май куюучу бекеттеги (мындан ары — МКБ) күйүүчү-майлоочу материалдардын ар кандай түрлөрүнүн учурдагы баасы тууралуу маалымат берүүгө арналган маалымат конструкциясы, пайдубадан, каркастан жана сырткы кыртыштардан турат.
МКБ турган жер участкасынын чегине бир баа таблосу жана МКБ турган жер участкасынан сырткары чектерге бир МКБ баа таблосун орнотууга жол берилет. Ошол эле учурда жер участкасынан сырткары чектердеги МКБ баа таблосу көрсөтүлгөн жер участкасынын чегинен 100 метрден алыс эмес аралыкка жана кыймылдын багытына ылайык орнотулат.
МКБ баа таблосу МКБ аталышы (фирмалык аталышы, коммерциялык багыты), жайгашкан жери (иш алып барып жаткан жери), сатылып жаткан күйүүчү майдын түрү, экологиялык классы, баасы, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын наркы, төлөм системалары тууралуу маалыматтарды камтыйт. МКБ баа таблосун МКБ турган жер участкасынын чегинен сырткары жайгаштыруу МКБнын бекитилген курулуш долбооруна же ушул Эрежелерге ылайык иштелип чыккан жана макулдашылган МКБ баа таблосун жайгаштыруу боюнча дизайн-долбоорго ылайык жүзөгө ашырылат.
Көрнөктүн МКБ баа таблосун жайгаштыруудагы дизайн-долбоору транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү аймактык бөлүм менен макулдашылууга тийиш.
МКБ баа таблосун жайгаштыруунун дизайн-долбоорун баалоо критерийи болуп саналат:
автоунаа жолунун так, даана көрүнүшүн камсыз кылуу;
жол белгилеринин, светофорлордун жана жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарынын так, даана көрүнүүсүн камсыз кылуу;
МКБ баа таблосунун жол белгилерине жана жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарына окшошпоосу;
жол кыймылынын катышуучуларын алагды кылбоосу, көз көрүүсүн начарлатпоосу.
- Ири форматтык жарнамаларга коюлуучу талаптар:
ири форматтагы жарнамалык конструкциялар жалпы регламентациядагы зонага гана жайгаштырылат, калктуу конуштун борбордук бөлүгүн жана борбордук көчөлөрүн камтыган туруктуу регламентация зонасына киргизилбейт;
жер участкаларына жайгаштырылган ири форматтагы конструкцияларга долбоордук документтер иштелип чыгат жана алар белгиленген тартипте экспертизадан өткөрүлүүсү керек;
ири форматтагы конструкциялар тышкы же ички жарыктандырууга ээ болуулары зарыл.
- Индивидуалдуу долбоор боюнча аткарылган стандарттык эмес жарнамалык конструкциялар – ушул Эрежелерди каралган форматтан башкача форматтагы жарнамалык конструкциялар.
Индивидуалдуу долбоор боюнча аткарылган стандарттык эмес жарнамалык конструкцияларга жарнамалык маалыматтарды жайылтуу үчүн объекттин көлөмү менен катар эле анын үстүңкү бети дагы пайдаланылуучу жарнамалык конструкциялар (анын ичинде учуучу шарлар, аэростаттар, көлөмдүк-мейкиндик моделдер) – көлөмдүк-мейкиндик конструкциялар кирет.
Көлөмдүк-мейкиндиктик түзүлүштөрдүн маалымат талаасынын аянты эсептөө жолу менен аныкталат.
- Көчмө жарнак конструкциялары (штендерлер) – соода уюмунун иш мөөнөтүндө товар сатылуучу жерден алыс эмес аралыкка жайгаштырылуучу көчмө жарнамалык түзүлүш.
Штендерлер эки тараптуу, жеке жарыктандыруусу жок, бир тарабынан аянты 1 квадрат метрден ашпоого тийиш. Штендерлер имараттын кире беришинен 2 метрд аралыкта жайгашуусу керек.
Жөө адамдардын өтүүсүнө жолтоо болуучу, ошондой эле жолдун унаа өтүүчү бөлүгүнөн гана көрүүгө боло турган штендерлерди орнотууга жол берилбейт.
- Ташылып жүрүүчү жарнак конструкциялары — техникалык каражаттарды колдонбостон жеке адамдар тарабынан көчүрүлө турган тышкы жарнактын жана маалыматтын убактылуу каражаттары.
Жарнама аянты ташылып жүрүүчү конструкциянын жарнама таласынын өлчөмүнө жараша болот.
Жөө адамдар өтүүчү аймактарда жана тротуарларда ташылып жүрүүчү жарнамалык конструкцияларды эксплуатациялоого уруксат берилет. Жөө адамдардын өтүүсүнө жолтоо болуучу жана жолдун унаа өтүүчү жагынан гана көрүүгө боло турган жарнамалык конструкцияларды (ташылып жүрүүчү) пайдаланууга тыюу салынат.
- Проекциялык орнотмолор – сүрөттөрдү жерге, туюк дубал беттерине чагылдыруу үчүн арналган жарнамалык конструкциялар, проекциялык түзүлүштөн жана тегиздиктен (экрандан) же жарнак чагылдырылуучу көлөмдөн турат.
Жалпак сүрөттөр үчүн маалымат талаасынын аянты проекцияланган беттин өлчөмдөрү менен, ал эми көлөмдүү сүрөттөр үчүн ал эсептөө жолу аркылуу аныкталат.
Проекциялык түзүлүштөрдү жер участокторуна да, имараттарга, курулмаларга жана курулмаларга да жайгаштырууга жол берилет.
- Электрондук экрандар (LED экрандар, электрондук табло) — экрандын бетиндеги лампалардын, светодиодтордун, же башка жарык булактардын жарык нурданууларынын эсебинен чыгылдырылуучу конструкциялар.
Маалыматтык талаанын аянты жарык нурдануучу беттин көлөмүнөн (габаритинен) аныкталат.
Электрондук экрандар эркин туруучу конструкциялар түрүндө да, имараттардын жана курулуштардын фасадына жайгаштырылган конструкциялар түрүндө да жайгаштырылышы мүмкүн.
Электрондук экрандардын маалыматтык-жарнамалык аянты маалыматтык жана жарнамалык талаанын өлчөмүнө жараша же түздөн-түз эфирдик сүрөттүн көлөмүнө жараша жекече эсептөө жолу менен аныкталат.
Электрондук экрандарга (LED экрандар, электрондук табло) коюлуучу талаптар:
электрондук алып жүрүүчүдө сүрөттөрдү көрсөтүү статикалык сүрөт технологиясын колдонуу менен, аудиовизуалдык чыгармаларды камтыган динамикалык эффекттерди колдонбостон (медиафасаддарды кошпогондо) ишке ашырылууга тийиш;
Күндүзү сүрөттөрдү алмаштыруу 5 секундда бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш, сүрөттөр 2 секунддан ашык мөөнөттө бир алмаштырылат, мындай аракет экран жарыгынын нөлдүк баскычка чейинки күңүрттөлүшү жана акырындап мурдагы калыбына келүүсү менен жүзөгө ашырылат.
Акча алмаштыруучу жайлардагы электрондук таблодогу сүрөттөрдү демонстрациялоо статикалык сүрөт технологиясын колдонуу менен динамикалык эффектерден сырткары жүргүзүлөт. Сүрөттөрдү алмаштыруу 30 секундда бир жолу жүргүзүлөт жана алмаштыруу аралыгы 2 секунддан ашпоосу керек.
Караңгы учурларда электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү сүрөттөрдү демонстрациялоодо фондун ак болуусуна жол берилет.
турак жай имараттарынын фасадына, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин имараттарына электрондук экрандарды коюуга жол берилбейт;
электрондук экрандар соода-оюн зоок борборлорунун фасаддарына орнотулат.
бир имараттын, курулуштун сырткы бетине жеке же юридикалык жак төмөнкү түрдөгү бирден ашпаган маалымат конструциясын орнотууга укуктуу:
дубал бетиндеги конструкциялар (көрнөк конструкциялары объекттердин фасад бетине жана (же) анын конструктивдүү элементтерине параллель жайгашат);
акча алмаштыруучу жайдагы табло стандарттык өлчөмдө – 0.8 метрге 1,2 метр өлчөмүндө болуусу кажет.
- Курулуш объектилериндеги жарнама – курулуп же реконструкцияланып жаткан объекттин убактылуу тосмолоруна же курулуп,
реконструкцияланып жаткан имараттын фасаддарына жайгаштырылуучу жарнак.
Курулуш тосмолорунда курулуп жаткан объект тууралуу маалымат жайгаштырылышы мүмкүн.
Курулуп жаткан имараттарга, курулмаларга убактылуу жарнамалык конструкцияларды – курулуш торчолорун жайгаштырууга жол берилет.
Курулуш торлорун жайгаштыруу жана анын сырткы көрүнүшүнө талаптар ШК тарабынан белгиленет.
Курулуш торлоруннун сырткы көрүнүшү бир түстүү же сүрөттөрдүн фону фронталдык проекциянын 1:1 масштабында курулуп, реконструкцияланып, оңдолуп жаткан имараттын, курулманын фасадынын түсүн колердик бланкка ылайык кайталоосу зарыл.
10. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды орнотуунун жалпы эрежелери
- Маалыматтык, жарнамалык конструкциялар коопсуз болуу менен ушул Эрежелердин, ШКнын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талаптарына ылайык даярдалууга жана орнотулууга тийиш.
Конструкцияларды даярдоо үчүн колдонулуучу материалдар замандын талабына ылайык сапатта болуусу зарыл. Маалыматтык, жарнамалык конструкциялар бүтүн болуу менен механикалык бузууларга кириптер болбоосу керек.
- Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын сырткы көрүнүнүшүнө коюлуучу жалпы талаптар:
маалыматтык, жарнамалык конструкциялар калктуу конуштардын сырткы архитектуралык-көркөм табиятын бузбашы керек;
сырткы көрүнүшү бүтүн, каркастары дыкат сырдалган, конструкциялар түнкү убактарда жарык чыгарып турууга тийиш.
дат жана топурактын, ашыкча элементтердин (аркан), чапталган жарнактардын жана башка маалыматтык билдирүүлөрдүн болуусуна, бет кыртышынын бузулушуна, жарнак полотнолорундагы жыртыктарга, ошондой эле бардык бөлүктөрүндө жана конструкциялык элементтеринде бөтөн жазуулардын жана сүрөттөрдүн болуусуна жол берилбейт;
конструкцияларды жарнама жок учурларда калктуу конуштун көркөм- эстетикалык табиятын сактоо максатында жарнак таратуучу конструкцияларга социалдык жарнамаларды жайгаштырууга милдеттүү;
конструкциялык элементтер (бекиткичтер, болттуу байланыштар, таяныч элементтери, технологиялык бурчтар) декоративдик элементтер менен капталууга тийиш, же эстетикалык жактан жасалгаланган көрүнүшкө ээ болуусу керек.
- Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды эксплуатациялоо боюнча жалпы талаптар:
Территорияда өзүнчө турган конструкцияга маалмат же жарнама жайгаштыруу же аны алмаштыруу түнкү саат 22.00дөн тартып эртең мененки 6.00гө чейин өткөрүлүүсү керек.
Коомдук жайлардагы жарнамалык конструкциялар жөө адамдардын баскан-турганына, көчөлөр менен тротуарларды жыйнап-тазалоого тоскоолдук жаратпашы керек.
Конструкцияларды жууп-тазалап, акыр-чикирден тазалап туруу зарыл.
Конструкцияны тазалоо зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
- Калктуу конуштардын территорияларындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларга карата коюлуучу талаптар:
Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларда камтылган тексттер мамлекеттик жана расмий тилдерде берилиши керек;
Жарнама тексттеринде белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), типографиялык басмаканада терилген муундук литерлер (логотиптер) түп нускадагы тилде берилиши мүмкүн;
Жарнаманын жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде кыргыз адабий тилинин ченемдери (орфоэпиялык жана орфографиялык эрежелер) так сакталууга тийиш;
Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардагы мамлекеттик тилдеги текст маалыматтык, жарнамалык конструкциянын көрүнүктүү бөлүгүндө жайгашуусу керек. Расмий тилдеги тексттин өлчөмү мамлекеттик тилдеги шрифттин өлчөмүнөн кичинерээк болуу менен оң же төмөн жагында жайгашат.
Эгерде жарнама берүүчүнүн ишмердүүлүгү лицензияланууга тийиш болсо, жарнамалык конструкциялар лицензия номурун, ошондой эле лицензия берген органдын аталышын камтууга тийиш;
Милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон товарларды жарнамалоодо жарнамалык конструкциялар «товар тастыкталган» деген белги менен коштолуусу керек.
жарнак түзүмдөрүнүн ээлери жылына 18 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө социалдык жарнактардын акысыз жайгаштырылышын камсыз кылууга милдеттүү;
маалыматтык, жарнамалык конструкциялар
маалыматтык, жарнамалык конструкциялар ар кыл добуштун, вибрациянын, жарыктын, электр магниттин жана башка нурдануунун белгиленген ченемдерине дал келүүсү керек.
- Жарнактарды, үгүт материалдарын, транспаранттарды, баннерлерди конструкцияларга, инфраструктуранын жана көрктөндүрүү объектилеринин структуралык элементтерине (коомдук транспорттун аялдамаларына, кичи архитектуралык формаларга (КАФ), жол жээгиндеги жарыктандырууга жана троллейбус таянычтарына) жайгаштырууга тыюу салынат.
- Жарнамалык конструкцияларды имараттардын, тарыхый-маданий мурас объектилери болуп саналган курулмалардын, диний жана ритуалдык
объектилердин, билим берүү мекемелеринин, мектептердин жана мектепке чейинки балдар мекемелеринин, медициналык мекемелердин аймагына, фасаддарына, чатырларына жана конструкциялык элементтерине жайгаштырууга тыюу салынат.
- Маалыматтык, жарнамалык текстте төмөнкүлөр болбоосу керек:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чектөө киргизилген маалыматтар;
жарнамалык товарларды колдонбогон адамдарга карата терс маанайды жаратуу же аларды талкуу кылуу;
- Жеңил түрдөгү объектилердеги (кыймылсыз мүлк объектиси болуп саналбаган павильон, киоск) маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды (көрнөктөрдү) объекттин башкы фасадынын фриз бөлүгүнө жайгаштыруу зарыл. Көрнөктү тирөөчсүз, ички жарыктандыруу менен жасап, тамгаларды бир сапка коюу сунушталат. Көрнөк фасаддын борбордук огуна карата түздөлөт.
Жеңил түрдөгү объектилердин тышкы бетине жарнамалык конструкцияларды (баннерлерди) жайгаштырууга тыюу салынат.
- Көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээси шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын талаптарына оперативдүү түрдө көңүл бурууга, ошондой эле электрондук технологиялуу жарнамалык конструкциялар аныкталган учурларда жеке турак жайлар менен коомдук имараттардын табигый жана жасалма жарыктандыруу талаптарын бузуу менен пайдаланылып жаткан сүрөттөрдү алмаштырууга милдеттүү.
Маалыматтык-жарнак түзүмүнүн ээси аныкталган бузууларды жоюу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү. Эгерде аныкталган бузууларды четтетүү мүмкүн болбосо, маалыматтык-жарнамалык түзүмдүн ээси сүрөттү өзгөртүү технологиясын өзгөртүүгө милдеттүү.
- Территорияга маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууда тыюу салынат:
көрнөктөрдү жайгаштыруучу жерлерге карата белгиленген талаптарды; көрнөктөрдүн маалымат жайгаштырылуучу бөлүгүндөгү тамгалардын
вертикалдуу түрдө жайгашуусуна;
биринчи жана экинчи кабаттардын ортосундагы шыптын сызыгынан жогору белгилерди коюуга;
балкондорду, лоджияларды, терезе жана эшик ордуларын, ошондой эле витраждарды жана витриналарды толук чүмбөттөөгө (жаап салуу);
көрнөктөрдү турак жайлардын чектерине, ошондой эле фасаддардын туюк беттерине жайгаштырууга;
лоджиялардын жана балкондордун чатырына жана (же) лоджиялар менен балкондорго көрнөктөрдү жайгаштырууга;
объектилердин фасаддарынын архитектуралык деталдарына (ошону менен бинге колонналарга, пилястрларга, орнаменттерге, лепнинге) көрнөктөрдү жайгаштырууга;
мемориалдык такталарга 2-10 метрге чейин көрнөктөрдү жакын жайгаштырууга;
көчөлөрдүн аталышын жана үй номурларын көрсөтүүчү белгилерди жабууга (жашырууга);
тамга илинүүчү көрнөктүн бирин экинчисинин үстүнө илүүгө; консолдук белгилерди бири-биринен 10 метрден аз аралыкта, ошондой
эле бир консолдук белгини экинчисинин үстүнө жайгаштырууга;
картандордун, чүпүрөктөрдүн, баннердик ткандардын жардамы менен көрнөктөрдү курулмаларга жайгаштырууга;
неондук чырактарды, өчүп-күйүүчү (жылтылдоочу) элементтерди колдонуу аркылуу көрнөктөрдү жайгаштырууга;
экинчи кабаттын терезе тешиктеринин түбүнүн деңгээлинен өйдө чыгуучу көрнөктөрдү коюуга;
көрнөктөрдү жайгаштыруу үчүн терезелерди, декорлорду жана архитектуралык элементтерди жаап салууга;
фасад бетине декоративдик-көркөм жана (же) тексттик сүрөттөрдү (боѐо, чаптоо жолу менен) түздөн-түз колдонуу аркылуу көрнөктөрдү жайгаштырууга (уникалдуу маалыматтык конструкцияларды эске албаганда);
көрнөктөрдү жүгүрмө саптарды колдонуу менен жайгаштырууга; витриналарды сырдоого жана декоративдик плѐнкалар менен каптоого,
витриналардын айнектерин жарык кутучулары менен алмаштырууга, көрнөктөрдү неондук чырактарды, өчүп-күйүүчү (жылтылдоочу) элементтерди, электрондук алып жүрүүчү-экрандарды (LED экран) колдонуу аркылуу витринанын бүтүндөй айнектелген бетине жайгаштырууга, картондорду, ткандарды, баннердик ткандарды пайдалануу менен жайгаштырууга;
социалдык жарнактарды жана маалыматтарды, көркөм ишмердүүлүктү эске албаганда жарнамалык максатта имараттардын, курулмалардын фасаддарын сырдоого, сүрөт тартууга жана боѐк сүртүүгө (граффит, стрит- арт);
жарык берүүчү мамыларга стрит-баннерлерди (баннерлерди илүү үчүн конструкция) жайгаштырууга;
брандмауэрдик панно жайгаштырууга. Брандмауэрдик панно – терезе тешиктери, витриналары, архитектуралык деталдары, декоративдик дизайны жок имараттардын жана курулмалардын каптал бетиндеги дубалга сүрөт катары түшүрүлгөн же бекиткичтери бар, каркастан жана жарнамалык аянтчадан турган жарнамалык конструкция.
жарнамаларды жана маалыматтарды курчап турган конструкцияларга (дубалдарга, дарбазаларга, шлагбаумдарга, тосмолорго), ошондой эле мамыларга, троллейбустук тирөөчтөргө, электр жарыгынын тирөөчтөрүнө, бак-дарактарга) жайгаштыруу, чаптоо же бекитүү;
көрнөктөрдү чогултулуп-чечилип алынуучу (бүктөлмө) жана өзүнчө туруучу конструкциялар-штендерлер түрүндө жайгаштыруу;
макулдашылган долбоор боюнча көрнөктөрдүн жайгашуучу ордун башка жарнактарды жайгаштыруу үчүн пайдалануу;
курулуп бүткөрүлө элек объектилердин тышкы беттерине көрнөктөрдү жайгаштыруу.
- Объектинин стилобаттык (жалгануучу) бөлүгүнө жайгаштырылган маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын (көрнөктөрдүн) параметрлери (өлчөмү) объектинин стилобаттык (жалгануучу) бөлүгүнүн кабаттарынын санына жараша аныкталат.
- маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды орнотууга тыюу салынат:
жол кыймылын жөнгө салуучу техникалык каражаттарга жана атайын белгилерге окшош (сырткы көрүнүшү, түзүлүшү же добуш чыгаруучу эффекти менен), жол-транспорттук кырдаалды баалоого тоскоолдук жараткан, ошондой эле жолдо жөө адамдар, транспорт каражаттары, жан- жаныбарлар же предметтер, объекттер жүргөндөй таасир калтырган;
жол кыймылын жөнгө салуу үчүн орнотулган жана жол белгилери илинип турган мамыларга, светофордук мамыларга;
жолдун авариялык-кооптуу жерлерине;
темир жол өтмөктөрүнө жана аларга 50 метр жакындыкта, ошол эле учурда ал эми эстакадаларга жайгаштыруу темир жол башкармалыгына караштуу тиешелүү органдын макулдугу менен жүзөгө ашырылат;
ар кандай деңгээлдеги транспорт түйүндөрүнүн чектеринде, көпүрө курулмаларында, эстакадалардын астында, ошондой эле алардан 25 метрден кем эмес аралыкта;
колдонуудагы мамлекеттик стандарттарга жана эрежелерге ылайык аныкталган «транспорт-транспорт» жана «транспорт-жөө жүргүнчү» үч бурчтук-белги чегинде;
жол тосмолорунда жана багыттоочу түзүлүштөрдө;
эңкейиш бөлүгү 4%дан ашкан көчөлөрдүн жана жолдордун участокторунда;
маршруттук транспорт каражаттарынын аялдамасына 25 метр жакын аралыкка;
кыймылдуу элементтерди камтыган сүрөттү колдонуу, айрыкча бардык маалымат же жарнак толугу менен бир мезгилде көрүнбөй жол кыймылынын катышуучуларынын аны окууга кеткен убактысын көбөйтүлсө;
курулуш материалдарын, сырларды, жол белгилерин киргизүү аркылуу автоунаа жолдорунун, тротуарлардын, аянкчалардын жана автоунаа токтоочу жайлардын, жөө адамдар жүрө турчу жерлердин беттерине товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, соода объектилери, чарбакер субъекттер жөнүндө жазуулар же сүрөттөр, жарнамалар;
гүл коюу үчүн пайдаланылган жерлерде, ошондой эле тротуарларда, эгерде алар орнотулгандан кийин жөө жүргүнчүлөр үчүн, ошондой эле механикалаштырылган тазалоо үчүн өтмөктүн туурасы 2 метрден кем болсо;
жер астындагы жана жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн тышкы (көчө) конструкцияларында;
мезгил-мезгили менен алмаштырылып туруучу жарнамалык билдирүүлөрдү жайгаштыруу үчүн арналган имараттын фасаддарынын консолдорунда;
турак жайлардын терезелерине жарык чачыратуучу, такай күйүп туруучу жарык түзүлүштөрүн орнотуу;
жер алдындагы коммуникацияларга;
жеңил конструкцияда аткарылып, көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүгүнө жайгаштырылган троллейбустар менен электр чубалгыларынын керме системасына траспаранттарды, асма жана керме системаларды;
троллейбустардын байланыш тармагындагы кронштейндерге, электр чубалгыларына жана көчөлөрдү жарык кылуу үчүн орнотулган мамыыларга.
- Сырткы жарнама каражаттары:
жол кыймылынын катышуучуларынын жолдогу кырдаалды кабыл алуусуна же транспорт каражатын эксплуатациялоого, ошондой эле жөө жүргүнчүлөр менен велосипед тебүүчүлөрдүн кыймылы үчүн тоскоолдук жаратпоого тийиш;
жасалга элементтеринин көрүнүшүн чектебеши керек;
жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражатарына жана атайын сигналдарга окшошпоого (тышкы көрүнүшүнө жана түспөлү боюнча), алардын көзгө көрүүнүсүн начарлатпоого, ошондой эле жол үстүндө транспорт каражаты, жөө жүргүнчү же объект бара жаткандай таасир калтырбоого тийиш;
- Өңдоп-түзөө (реставрация) боюнча белгиленген тартипте бекитилген жана аталган маалымат конструкцияларын (көрнөктөрдү) ордунан жылдыруу аракеттери караштырылган долбоорду эске албаганда, атайын объект болуп саналган жана тарыхый-маданий объектилердин коргоого алынган чектеринде жайгашкан имараттардын, курулмалардын чатырларында маалымат конструкцияларын (көрнөктөрдү) жайгаштырууга жол берилбейт.
- Территорияга маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды орнотууда төмөнкүлөргө жол берилет:
маалыматтык конструкцияларды ушул Эрежелердин талаптарына ылайык имараттардын жана курулмалардын фасаддарына же тышкы беттерине жайгаштырууга;
ушул Эрежелерде каралган талаптарга ылайык асма маалымат конструкцияларын жайгаштырууга. Асма маалымат конструкцияларынын сырткы көрүнүшү, габариттери, ошондой эле имараттардын, курулмалардын бир галереясында жайгашкан асма маалымат конструкцияларынын саны Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашылган эскиздик долбоордо аныкталат;
дубал жана асма маалыматтык түзүлүштөрдү (белгилерди) бирдиктүү конструкция жана (же) бир маалыматтык түзүлүштүн окшош жана (же) өз ара байланышкан элементтеринин комплекси түрүндөгү жайгаштырууга;
консолдук белгилерди бир гана структура катары жайгаштырууга. 202.Имараттын фасадына же чатырга жайгаштырылуучу жарнамалык
конструкциялар төмөнкү элементтерден турат:
жарнама аянты (тексттик бөлүк) – тамгалар, тамгалык символдор, аббревиатура, сандар;
көркөм элементтер (логотиптер, белгилер);
бекитүү үчүн элементтер (мейкиндин тосмолору).
- Имараттын фасадына же чатырга жайгаштырылуучу конструкцияларга коюлуучу жалпы талаптар:
имараттардын, курулмалардын чатырына жайгаштырылуучу көрнөктөрдүн конструкциялары ички жарыктандыруу менен гана жабдылуучу көлөмдүү символдор болуп саналат;
чатырдын конструкциясы – соода борборунун долбоордо каралган аталышынын өзү блоктордун санына карабастан башкы фасаддык бөлүктөгү соода борборунун чатырында гана жайгаштырылышы керек;
логотиптерди, ошондой эле аталган турак жайдын курулушу менен алектенген курулуш фирмасынын аталыштарын эске албаганда чатырдык конструкцияларды турак жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.
- Имараттын фасадына же чатырга жайгаштырылуучу жарнамалык конструкциялар үчүн төмөнкү эрежелер белгиленет:
жарнак аянты жана көркөм элементтер ички жарык менен гана жабдылууга тийиш;
жарнама конструкциянын жарнамалык талаасынын аянты конструкциянын габариттери менен аныкталат;
имараттардын фасадында же чатырында жайгаштырылган жеке тамгалар жана логотиптер түрүндөгү жарнак конструкцияларында сүрөттү өзгөртүүчү технологияларды, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүлөрдү, кыймылдуу бөлүктөрдү, ошондой эле медиафасаддарды уюштуруу технологияларын колдонууга жол берилбейт;
объекттин чатырына орнотулган жарнамалык каражаттардын узундугу алар жайгаштырылган фасаддын узундугунун 70%нан ашпоого тийиш;
жарнак конструкциясынын бекитүүчү элементтери бул конструкциянын периметринин капталдарынан жана үстүңкү жагынан чыкпоого тийиш. Чатырдын жарнак конструкциясынын маалымат талаасынын парапетинен төмөнкү четине чейинки аралык 1 метрден ашпоого тийиш;
орнотуу, монтаждоо жана эксплуатациялоо учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында айрым тамга жана логотип түрүндөгү жарнамалык конструкциялар үчүн милдеттүү түрдө долбоордук документация иштелип чыгат;
жеке тамгалар жана логотиптер түрүндөгү жарнамалык конструкциялар электр менен жабдуу тармагынын авариялык түрдө өчүрүү системасы менен жабдылып, өрт өчүрүү системасына ээ болуу менен өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келүүсү зарыл.
- Имараттын фасадында же чатырында жайгаштырылуучу маалымат конструкциялары (көлөмдүү тамгалар) үчүн төмөнкүдөй эрежелер белгиленет:
объекттердин чатырларына орнотулган белгилердин маалымат талаасы алар орнотулган объекттердин фасаддарынын бетине параллель, объекттин карнизинин, парапетинин сызыгынан жогору жайгаштырылат.
- Имараттын же курулманын чатырына жайгаштырылган маалыматтык-жарнамалык конструкциялардын сырткы көрүнүшү шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген эскиздик долбоорго ылайык аныкталат.
Каттоого алынган товардын белгилердин эскиздик долбоорун иштеп чыгууда: оозеки, көркөм, көлөмдүү жана же алардын маанилик комбинациялары Кыргыз Республикасынын «Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товар өндүрүлгөн жердин аталышы жөнүндө» Мыйзамынын 7-статъсынын талаптары эске алынат.
- Эгерде фасаддарда маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга жолтоо болуучу архитектуралык-көркөм элементтер бар болсо, ошондой эле турак эмес объекттердин сырткы бетине жайгаштырылуучу конструкциялардын параметрлери аталган маалымат конструкциясын (көрнөктөрдү) жайгаштыруу учурунда маалымат талаасынын жана архитектуралык-көркөм элементтердин пропорционалдуулугуна жана ушул Эрежелердин талабына ылайык келбесе, анда эскиздик долбоор милдеттүү түрдө иштелип чыгып, макулдашуудан өтөт.
- Жарнактык конструкциялар жыл сайын кеминде бир жолу техникалык кароодон өткөрүлүүсү керек жана ал мындай иштерди жүргүзүү боюнча лицензиясы бар адистештирилген уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
11. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маалыматтык, жарнамалык конструкцияларга карата коюлуучу талаптар
- Жарнамалык конструкциялар:
жол белгилерине жана көрсөткүчтөрүнө окшошпоосу, алардын көрүнүүсүн начарлатпашы жана жол кыймылынын коопсуздугун төмөндөтпөшү керек;
жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратпоосу, көчөлөрдү, тротуарларды тазалоого жолтоо болбоосу, жана башка курулуштарды жаап калбоосу керек;
жол кыймылын уюштурууда техникалык каражаттардын көрүнүүсүн чектебеши керек же алардын жол кыймылынын катышуучуларынын кабылдоосуна тоскоол болбошу керек;
жол кыймылынын катышуучуларын көрүү мүмкүнчүлүгүн жарык жана конструкциялардын бетинин жарыкка чагылуусу менен чектебеши керек;
инженердик курулмалардын аралыгына жайгаштырылганда алардын өлчөмдөрүн азайтпашы керек;
көрүү үчүн жөө жүргүнчүлөр көчөнүн жана жолдун унаа жүрүүчү бөлүгүнө чыккыдай тартиптеп жайгаштырылбашы керек;
кадыресе угуу жөндөмү бар адамдарга автоунаа өтүүчү жолдун чегинде угула тургандай добуш чыгарбоосу керек;
- Маалыматтык-жарнамалык конструкциянын ылдыйкы четинен жолдун үстүнкү катмарына чейинки аралык жолдун жээгине орнотулганда 2,5 метрден, ал эми жолдун үстүндө орнотулганда — 4,5 метрден кем эмес болууга тийиш.
- Жарнакты ички жана сырткы бетинен жарыктандырууда жарык берүүчү приборлордон чыккан жарык нурлары түздөн-түз жолдун унаа жүрүүчү бөлүгүнө чагылбашы керек.
- Жарнамалык конструкциядан сфетофорго чейинки аралык 50 метрди түзүүсү керек.
- Жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууда жолдорду жана көчөлөрдү күтүүнүн ыңгайлуулугу жана жол кыймылын жана алардын иштешин жөнгө салуучу каражаттарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу керек.
- Жарнамалык конструкциялардын тирөөчтөрү унаа менен сүзүп алууда жана катуу шамаалга туруштук бере алгыдай ар кандай сапаттуу материалдардын даярдалууга тийиш.
12. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды монтаждоо боюнча өткөрүлө турчу иштерге коюлуучу талаптар
- Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды монтаждоо иштери архитектуралык-техникалык документтердин негизинде жүзөгө ашырылат;
- Жер участкаларында жайгашкан маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын пайдубалын куруу жана башка аткарыла турчу жер менен байланышкан иштер жер иштерин жүргүзүү боюнча белгиленген тартипте таризделген ордердин негизинде ишке ашырылат.
- Маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды орнотууда жолдун бөлүгүн, көчөнү, жол тилкесин ээлөө зарылчылыгы жана кыймылды убактылуу жабуу же чектөө зарылчылыгы жөнүндө маалымат мындай иштер башталардан 5 күн мурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү аймактык бөлүмгө билдирилүүгө тийиш.
- Маалыматтык-жарнамалык конструкциялар орнотулгандан же демонтаждалгандан кийинки 3 сутканын ичинде жанаша жаткан территориянын жана объекттин жасалгасын мурдагы калыбына келтирүүгө милдеттүү.
- Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси жарнак конструкциясын тиешелүү техникалык жана эстетикалык абалда кармап турууга, өз учурунда оңдоо иштерин өткөрүүгө, конструкцияны сырдоого, өңү өчүп калган жана бузулууга душар болгон жарнаманы алмаштырып турууга милдеттүү;
- Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды монтаждоо боюнча иштер аягына чыккандан баштап 3 күн ичинде маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси бул тууралуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органына, ошондой эле шаар куруу жана архитектура башкармалыгына билдирүүгө милдеттүү.
Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды алмаштыруу иштери ушул Эрежелерге ылайык мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылышы керек.
13. Сырткы жарнаманы маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын объектилеринин Реестрине киргизүү үчүн
арызды караштыруу тартиби
- Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Ыйгарым укуктуу органы ушул Эрежелердин талабын жүзөгө ашыруу максатында:
Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын объекттерининин Реестрин жүргүзөт (мындан ары — Реестр);
Мамлекеттик жана социалдык жарнактарды жайгаштыруу маселелери боюнча жарнак берүүчүлөр, маалыматтык-жарнак түзүмдөрүнүн ээлери, мамлекеттик органдар, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр, муниципалдык ишканалар менен өз ара иш алып барат;
Жарнамалык ишмердүүлүктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүү үчүн техникалык каражаттарды долбоорлоого, курууга жана башкарууга жеке өнөктөштөрдү тартат;
ушул Эрежелердин талаптарын бир нече жолу бузган адамдар менен маалыматтык жана жарнак түзүмдөрүн жайгаштыруу укугу боюнча келишимдик милдеттенмелерди токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
маалыматтык, жарнактык конструкцияларды орнотуу же демонтаждоо мөөнөтү боюнча келишимдик милдеттемелердин аткарылышына контролдук кылат;
жарнак боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына контролдук кылат;
төмөндөгүлөр боюнча ушул Эрежелердин талаптарынын аткарылышына контролдук кылат: маалыматтык жана жарнактык конструкцияларды жайгаштыруунун мыйзамдуулугу; маалыматтык- жарнамалык структуралардын долбоордук документтерге ылайык келүүсү; жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен зарыл макулдашуулардын болушу; маалыматтык-жарнамалык түзүлүштөрдүн абалы, мазмуну, сырткы көрүнүшү жана алар орнотулган аймактын абалы; жарнак ишин жүргүзүү үчүн техникалык каражаттарды түзүү жана пайдалануу.
- Менчигинин түрүнө карабастан объекттилерге, жер участкаларына, территорияларга маалыматтык, жарнактык конструкцияларды жайгаштырууда алардын Реестрге киргизилгендиги эске алынат.
- Реестрге киргизүү жарнама ээсинин кат жүзүндөгү арызынын негизинде жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген формага ылайык жүзөгө ашырылат.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жеке жактар үчүн: фамилиясы, аты, атасынын аты; арыз ээсинин почта дареги; жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же жеке жактын экономикалык иш жүргүзүү укугун ырастоочу документ; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН); маалыматтык-жарнак конструкциясынын максаты жана негизги параметрлери, маалыматтык-жарнак конструкциясынын жайгашкан дареги, Реестрге киргизүү үчүн суралган мөөнөт;
- юридикалык жактар үчүн: уюмдун аталышы, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат; жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты; почта дареги; салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру (ИНН); маалыматтык-жарнак түзүмүнүн максаты жана негизги параметрлери, маалыматтык-жарнак түзүмүнүн жайгашкан дареги, Реестрге киргизүү үчүн суралган мөөнөт;
арызга төмөнкү документтер тиркелет:
жер участкасына же имаратка, курулмага укук берүүчү жана/же күбөлөндүрүүчү документтер;
паспорттун көчүрмөсү – жеке жактар үчүн, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү – юридикалык жактар үчүн;
конструкция стационардык түрдө жайгаштырылганда – маалыматтык, жарнамалык конструкцияларга карата – ШК (ГЗ);
жарнамалык конструкциянын эксизи.
- Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы арыз берилген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде: арыз канааттандырылган учурларда маалыматтарды Реестрге киргизет; терс чечим кабыл алынса, арыз ээсине баш тартылгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтөт.
- Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы чечим кабыл алынгандан тартып 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүүдөн баш тартылгандыгы тууралуу жүйөлүү чечим кабыл алынгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт. Арыз ээсинин ушул Эрежелердин талаптарын аткарбоосу маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
- Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүү арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык бир айдан бир жылга чейинки мөөнөткө, бирок жер участогун ижарага берүү же жарнакты ижарага берүү мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө жүзөгө ашырылат.
- Маалыматтык же жарнак түзүмдөрүнүн эскизи өзгөргөн учурда жарнак берүүчү 3 жумушчу күндүн ичинде Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органына билдирүү жөнөтөт.
- Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизбестен төмөнкүлөргө тыюу салынат: документтерди пайдаланууга укугу жок башка адамдарга берүүгө; документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө; маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын техникалык элементтерин өзгөртүүгө.
14. Реестрге киргизүү тартиби
- Реестрде эсепке алуу объектилери болуп төмөнкүлөр саналат: маалыматтык, жарнамалык конструкциялар, аларда жайгаштырылган
плакаттар, стенддер, жарыктандырылуучу таблолор жана туруктуу аймактык жайгаштыруунун техникалык каражаттары;
транспорт каражаттарында жайгаштырылуучу жарнактык конструкциялар.
- Реестрди жүргүзүү жарнама ээсинин кат жүзүндөгү арызына ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлөт.
- Ыйгарым укуктуу органдын милдеттери:
Реестрге киргизүү тартибин жана Реестрге киргизүү үчүн коюлган талаптардын сакталышын камсыз кылуу;
Реестрге кирүү укугунун жана коммерциялык сырдын корголушун камсыз кылуу;
белгиленген тартипте маалыматтык-маалыматтык кызматтарды көрсөтүү, Реестрден көчүрмөлөрдү берүү.
- Реестрге төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын эскизи;
дареги (жайгашкан орду), маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын кадастрдык номуру, жарнама автоунаага жайгаштырылган учурларда – автоунаа каражатынын мамлекеттик номуру;
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын көлөмү жана аянты; маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу мөөнөтү
жана аяктоо мөөнөтү;
юридикалык жакты катоо жөнүндө күбөлүк, маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээсинин паспорттук маалыматтары;
укук берүүчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин реквизиттери;
маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээлери же автоунаалары жөнүндө маалымат;
маалыматтык, жарнамалык конструкцияларга жайгаштыруу боюнча архитектуралык-техникалык корутундулар жөнүндө маалыматтар;
негизи, келип чыккан, токтотулган датасы менен бирге жарнамага жана маалыматтарга карата белгиленген чектөөлөр жөнүндө маалымат.
- Реестр кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн алып жүрүүчүдөгү маалыматтар бири-бирине дал келбеген учурда кагаздагы маалыматка артыкчылык берилет.
- Реестр чоочун адамдар жетпей турган жерлерде сакталат жана иштетилет, маалыматтардын уурдалышына, жоголушуна, бузулушуна жол бербөө боюнча алдын алуу шарттары сакталат.
- Маалыматтык, жарнамалык конструкциялар жөнүндө маалыматтарды жана алардыгы маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө жазууларды Реестрге киргизүү маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээлеринин кат жүзүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт.
- Документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү кошо тиркелген арыз маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугу келип чыккан, өзгөргөн жана токтотулган күндөн тартып эки жумалык мөөнөт ичинде ыйгарым укуктуу органга берилет (маалыматтар өзгөргөндүгү тууралуу).
- Эгерде маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ушул Эрежелердин талаптарына дал келбестиги, кайсы бир жактын маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу боюнча укугу ырасталбагандыгы, ошондой эле зарыл документтердин бардыгы толук өлчөмдө берилбегендиги аныкталган учурларда Ыйгарым укуктуу орган Реестрге киргизүүдөн баш тартат.
15. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо
- Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга дал келбестиги, ошондой эле маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээсинин аракеттери жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч, ал эми айлана-чөйрөгө зыян жаратаары аныкталса Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы аныкталган мындай бузуулар жөнүндө жана 30 календардык күнгө маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугун токтото туруу тууралуу маалыматты жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органына жиберет.
- Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы бузуу фактысы аныкталгандан тартып 5 жумуш күндүн ичинде маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээсине маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугунун токтошуна алып келген мындай бузууларды жоюу тууралуу кат жүзүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
- Аныкталган бузуулар маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси тарабынан жоюлгандан кийин жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы 3 жумуш күндүн ичинде маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугун жаңылайт.
- Эгерде бузуулар билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө четтетилбесе, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы бузууларды четтетүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде маалыматтык-жарнамалык конструкцияны демонтаждоо боюнча жол- жоболорду баштайт.
- Конструкцияны ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык келтирүү маалыматтык, жарнамалык конструкциянын ээси тарабынан өздүк каражатарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
- Конструкцияны ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга ылайык келтирүү мүмкүн болбосо, маалыматтык, жарнактык конструкциянын ээси ыктыярдуу түрдө демонтаж иштерин жүргүзөт жана аналогиялык материалдарды жана технологияларды колдонуу менен ал жайгашкан объекттин сырткы бетин конструкция жайгашканга чейинки калыбына жана жер участкасынын баштапкы абылына келтирет.
- Эгерде маалыматтык же жарнактык конструкция анын ээси тарабынан он күндүн ичинде өз ыктыяры менен демонтаждалбаса, анда бул конструкцияны мажбурлап демонтаждоону уюштуруу жеңил объекттерди демонтаждоо үчүн белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
- Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо, сактоо үчүн аларды жеңилдетилген түрдөгү объекттерди демонтаждоо жана сактоо үчүн атайын уюштурулган жерге белгиленген тартипте көчүрүү иштерин уюштурат.
- Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органы маалыматтык-жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча иштерди өткөргөндөн кийин шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыкка өткөрүлгөн демонтаждык иштер тууралуу маалымат жөнөтөт.
- Демонтаждоо, ташуу жана сактоо боюнча чыгымдар жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органынын талабы боюнча маалыматтык-жарнамалык түзүлүштүн менчик ээси же пайдалануучу тарабынан төлөнүүгө тийиш.
- Маалыматтык-жарнамалык конструкциянын менчик ээси же пайдалануучу маалыматтык-жарнамылык конструкцияны демонтаждоо, ташуу жана сактоо менен байланышкан чыгымдарды төлөгөндөн кийин, демонтаждалган маалыматтык-жарнак түзүмдөрү менчик ээсине белгиленген тартипте кайтарылып берилет.
- Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын ыйгарым укуктуу өкүлү маалыматтык, жарнамалык конструкцияны жана аны менен байланышкан жабдууларды мажбурлап демонтаждоодо жана атайын уюштурулган сактоочу жайларга көчүрүүдө анын абалы жана коопсуздугу үчүн жоопкерчилик тартпайт.
- Бекитилген документи жок жана ушул Эрежелерди бузуу менен имараттын, курулманын фасадына жайгаштырылган маалыматтык, жарнамалык конструкциялар демонтаждалууга тийиш.
16. Ушул Эрежелерди бузуу менен байланыштуу жоопкерчилик
- Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды зарыл документтерди албай туруп жана (же) Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актыларынын талаптарын жана ушул Эрежелерди бузуу менен жайгаштыргандыгы үчүн маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
- Маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси коопсуздук эрежелерди сактабагандыгы, ошондой эле маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды эксплуатациялоо, монтаждоо жана демонтаждоо шарттарын бузгандыгы жана мындан улам келип чыккан авариялык кырдаалдар үчүн жоопкерчилик тартат.
- Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды начар абалда кармагандыгы, конструкциялардын сырткы көрүнүшү боюнча талаптарды сактабагандыгы, ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
- Маалыматтык жана жарнак түзүмдөрүнүн ээлерине жоопкерчилик чараларын колдонуу укук бузуучуларды кетирилген бузууларды четтетүү милдетинен бошотпойт.
- Реестрге киргизүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктуу органынын чечими Кыргыз Республикасынын «Административдик ишмердүүлүк жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө» Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга алынышы мүмкүн.