Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезекcиз IX сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 25 — сентябры № 9/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарында тынчтыкты уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 16-сентябрындагы № 9 отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамы аткарууга алынсын.
- Өзгөн шаарынын аймагында мыйзамды сактоо боюнча жер-жерлерде жыйындарда, элдерге, жеке ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Калктуу конуштарда же болбосо коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетине түшүүсү сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезекcиз IX сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 25 — сентябры № 9/2 Өзгөн шаары
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 16-сентябрындагы №9 отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Мадаримова Табассум Зияидиновна сунушталсын.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдун өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан көрсөтүлгөн талапкерди Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизүү суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезекcиз IX сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 25 — сентябры № 9/3 Өзгөн шаары
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнөн 123,18га жер аянтын Өзгөн шаарына мөөнөтсүз пайдаланууга алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 01-21/1263 сандуу катын карап чыгып, Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы биргелешкен отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн чегарасындагы 123,18га жер аянты Өзгөн шаарына мөөнөтсүз пайдаланууга алууга макулдук берилсин.
- Жогорудагы жерлерди тактап Өзгөн шаарына мөнөтсүз пайдаланууга кабыл алуу Өзгөн шаарынын мэрине (Э.Таевге) милдетендирилсин.
- Аталган жер аянты Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө кайтарып алына турган учурда ал жерге Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржыланган акча каражаттары Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетине кайтарылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезекcиз IX сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 25 — сентябры № 9/4 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги №5/2 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги №5/3 сандуу токтомунун 2-пунктундагы 2-тиркемесиндеги асфальттарды төшөө тизмесине П.Матросов, Кыргызстан 60-жылдыгы, Банковский, Хлопкомский, Ветеринарный, Төлөбердиев жана (парктын алдынан чыга турган) Ленин тилке көчөлөрү менен толукталсын.
- Ушул токтомду аткарууга алуу Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезекcиз X сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 30 — сентябры № 10/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарындагы социалдык объекттердин курулушуна келип түшкөн максаттуу трансферттерди каржылоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы №782-т сандуу тескемесин жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №8 отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жалпысынан 103219,6 (бир жүз үч миллион эки жүз он тогуз миң алты жүз) сом өлчөмүндө келип түшкөн максаттуу трансферт төмөндөгү иштерге каржылоого макулдук берилсин:
- Пайзабад кварталында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакчага – 41 229,4 миң сом,
- Жаңы-Турмуш кварталында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакча – 39 158,5 миң сом,
- З.М.Бабур атындагы № 3 жалпы били берүү орто мектебинин спорт залы – 22831,7 миң сом.
- Жогорудагы социалдык объекттерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Ы.Таевге тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезекcиз IX сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 30 — сентябры № 10/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-февралындагы №3/3 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №8 отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-февралындагы №3/3 сандуу токтомунун 8-пунктундагы “МММБ департаментинин” деген сөздөн кийин “Өзгөн жылуулук муниципалдык ишканасынын” деген сөздөр менен толукталсын.
- Ушул токтомду аткарууга алуу Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика инвестицияларды тартуу боюнча»туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз IX сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025 — жылдын 9 –октябры №11/1 Өзгөн шаары
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө № 270 Жарлыгы
Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” Конституциялык мыйзамына жана Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы протоколуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 9-октябрындагы отурумунун №10 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарында коомдоштуктун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге, жарандардын жыйындарын өткөрүү графиги 2-тиркемеге, өкүлчүлүк нормасы 3-тиркемеге, жарандардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Өзгөн шаарында жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындары баардык МАБтарда өткөрүлсүн. Жыйындарга тиешелүү МАБта жашаган адамдардан 50 дөн кем эмеси катышсын. МАБ тардан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча квота 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Өзгөн шаарында коомдоштуктун жыйынын өткөрүү күнү 2025-жылдын 1-ноябрына саат 10:00гө белгиленсин. Коомдоштуктун жыйыны Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүү сунушталсын.
- Өзгөн шаарында коомдоштуктун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү иштерине сарпталуучу каражаттарды мыйзам чегинде каржылоо жагы Өзгөн шаарынын мэри Э.Ы.Таевке тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2025-жылдын 9-октябрындагы кезексиз XI сессиясынын №11/1 токтомунун 1- тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
Комиссиянын төрагасы:
- А. Джалилов – Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы,
Комиссиянын катчысы:
- М.Розахунов – Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы,
Комиссия мүчөлөрү:
- У.Чолуков – Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары,
- Н.Юлдашев – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
- К.Кадиркулов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
- Н.Шамаматов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
- И.Дадажанов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
- А.Кадирова — Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
- Н.Соорбекова — Өзгөн шаардык мэриясынын сектор башчысы,
- К.Кочкоров — Өзгөн шаардык мэриясынын адиси,
- У.Мамадалиев – Өзгөн шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы (макулдашуу менен),
Өзгөн шаардык кеңешинин
2025-жылдын 9-октябрындагы кезексиз XI сессиясынын №11/1 токтомунун 2-тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйындарды жана жыйналыштарды өткөрүү графиги
| № | МАБдын аталышы | Чогулуш өтүүчү күн | Чогулуш өтүүчү жай |
| 1 | Гузар | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 10:0 | №7 Мектеп гимназия. |
| 2 | Гузар-1 | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 10:00 | №7 Мектеп гимназия. |
| 3 | Жаңы-Хаят
|
2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | Үч-Дөбө чайханасы |
| 4 | Сараксий | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | Үч-Дөбө чайханасы |
| 5 | Үч-Дөбө | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | Үч-Дөбө чайханасы |
| 6 | Кылыч-Бурхан | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | Үч-Дөбө чайханасы |
| 7 | Жаныбек Казы | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 18:00 | Манас- 185 үйдүн жаны |
| 8 | Мажирим-Тал | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 10:00 | А.Темур а.о.м. |
| 9 | Жаңы-Турмуш | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | №2 Ленин а.о.м. |
| 10 | Борбор | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | №2 Ленин а.о.м. |
| 11 | Төрт-Көчө | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | №2 Ленин а.о.м. |
| 12 | Пайзабад | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 16:00 | К. Датка а.о.м. |
| 13 | Калма-Кыя | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 10:00 | А.Навой а.о.м. |
| 14 | Таштак | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 10:00 | А.Навой а.о.м. |
| 15 | Кайрагач | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 14:30 | Ч.Айтматов а.о.м. |
| 16 | Жаңы-Өзгөн | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 16:00 | Жаңы мектептин жанында |
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2025-жылдын 9-октябрындагы кезексиз XI сессиясынын №11/1 токтомунун 3-тиркемеси
Өзгөн шаарынын жергиликтүү курултайына
сунушталуучу делегаттардын өкүлчүлүк нормасы
Өзгөн шаарындагы ар бир Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы 18 жаштан жогору жашоочулардын жалпы саны 1500 адамга чейин болсо, 170 адамга 1 делегат, эгерде Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы жашоочулардын жалпы саны 1500 адамдан ашса, 235 адамга 1 делегат сунушталсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин
2025-жылдын 9-октябрындагы кезексиз XI сессиясынын №11/1 токтомунун 4-тиркемеси
Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси
| № | МАБдын аталышы | Чогулуш өтүүчү күн | Чогулуш өтүүчү жай | Жооптуу депутаттардын Ф.А.Ж. |
| 1 | Гузар | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 10:00 | №7 Мектеп гимназия. | А.Талипов
М.Абдурахманова М.Рызакулов |
| 2 | Гузар-1 | |||
| 3 | Жаңы-Хаят
|
2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | Үч-Дөбө чайханасы | Й.Имьяминов
Н.Юлдашев К.Кадиркулов И.Тажибаев А.Кахаров |
| 4 | Сараксий | |||
| 5 | Үч-Дөбө | |||
| 6 | Кылыч-Бурхан | |||
| 7 | Жаныбек Казы | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 18:00 | Манас- 185 үйдүн жаны | А.Кадырова
У.Чолуков Ф.Чакаева |
| 8 | Мажирим-Тал | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 10:00 | А.Темур а.о.м. | М.Рызакулов
М.Абдурахманов И.Дадажанов |
| 9 | Жаңы-Турмуш | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | №2 Ленин а.о.м. | Х.О.Абдурахманов
М.Мирзакаримов Ч.Калматов И.Тажибаев Ф.Чакаева Садыкжан уулу М. Х.Н.Абдурахманов |
| 10 | Борбор | |||
| 11 | Төрт-Көчө | |||
| 12 | Пайзабад | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 16:00 | К. Датка а.о.м. | Т.Абдукаримов
Садыкжан уулу М. М.Нарматова |
| 13 | Калма-Кыя | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 10:00 | А.Навой а.о.м. | У.Шамуратов
М.Абдурахманов С.Маматкасимов А.Мамазаитов |
| 14 | Таштак | |||
| 15 | Кайрагач | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 14:30 | Ч.Айтматов а.о.м. | Н.Шамаматов
М.Каримова Д.Кадырахунова |
| 16 | Жаңы-Өзгөн | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 16:00 | Жаңы мектептин жанында | У.Чолуков
Ч.Калматов
|
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: А.Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2025-жылдын 9-октябрындагы кезексиз XI сессиясынын №11/1 токтомунун 5-тиркемеси
МАБ тардан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча квота
| № | МАБдын аталышы | Чогулуш өтүүчү күн | 18 жаштан жогору жашоочулардын саны |
Бөлүнгөн квота |
| 1 | Гузар | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 10:00 | 1456 | 9 |
| 2 | Гузар-1 | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 10:00 | 1560 | 7 |
| 3 | Жаңы-Хаят
|
2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | 1305 | 7 |
| 4 | Сараксий | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | 1606 | 7 |
| 5 | Үч-Дөбө | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | 1838 | 8 |
| 6 | Кылыч-Бурхан | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 14:30 | 1920 | 8 |
| 7 | Жаныбек Казы | 2025-жылдын 17 -октябрь күнү саат 18:00 | 1310 | 8 |
| 8 | Мажирим-Тал | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 10:00 | 2259 | 10 |
| 9 | Жаңы-Турмуш | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | 1978 | 9 |
| 10 | Борбор | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | 635 | 5 |
| 11 | Төрт-Көчө | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 14:30 | 2506 | 11 |
| 12 | Пайзабад | 2025-жылдын 20 -октябрь күнү саат 16:00 | 3421 | 15 |
| 13 | Калма-Кыя | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 10:00 | 2345 | 10 |
| 14 | Таштак | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 10:00 | 3235 | 14 |
| 15 | Кайрагач | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 14:30 | 3589 | 15 |
| 16 | Жаңы-Өзгөн | 2025-жылдын 21 -октябрь күнү саат 16:00 | 1663 | 7 |
| Жалпы: | 32126 | 150 | ||
Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы: А.Джалилов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги XII-сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28 –октябры № 12/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин VIII-чакырылышынын төрагасын шайлоо жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 2025-жылдын 28-октябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) XII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Джалилов Азамжан Абдуллажановичтин кызматынан бошотуу жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылсын.
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2025-жылдын 28-октябрындагы XII сессиясынын эсептөө комиссиясынын № 3 протоколу бекитилсин.
- Шамаматов Нурилло Маматкаримович Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төраганын у.м.а. С.Маматкасимов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезектеги XII-сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28 –октябры № 12/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин VIII-чакырылышынын төрагасынын орун басарлары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 41-беренесине ылайык, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары Маматкасимов Сарварбек Маматсадыкович жана Чолуков Уран Абдиназарович көпчүлүк депутаттардын ачык добуш беруусунун жыйынтыгы менен ээлеген кызмат орундарынан бошотулсун.
- Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич жана Маматкасимов Сарварбек Маматсадыкович — Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп шайлангандыгы таанылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Н.Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025 -жылдын 28 –октябры № 12/3 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен
киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 20-октябрындагы биргелешкен отурумунун № 6-протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кирешелер планына 9228,7 миң сомго тактоо киргени, анын ичинен: 7228,7 миң сом бюджеттик кирешелерге жана 2000,0 миң сом атайын каражаттарга кошулгандыгы эске алынсын.
- Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 9 айындагы бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен 9228,7 миң сом каржылоону № 1 тиркемеге ылайык жүргүзүүгө макулдук берилсин.
- Өзгөн шаарынын 2025-жылга карата бекитилген титулдук тизмесиндеги айрым иштерди кыскартып, кошумча аткарылуучу иштерди № 2 тиркемеге ылайык каржылоого макулдук берилсин.
- Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин эмгек акысынан үнөмдөлгөн акча каражатын № 3 тиркемеге ылайык башка статьяларга каржылоого макулдук берилсин.
- Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Өзгөн шаардык мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин, бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге тапшырылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2025-жылдын 28 -октябрындагы
кезектеги XII сессиясынын
отурумунун №12/3 токтомунун
1-тиркемеси
| № | Мекеменин аталышы | Багыты | Сумма (миң сом) | эскертүү |
| 1 | Өзгөн Тазалык МИ | Субсидия (бюджетти толуктоо, негизги төлөм эмгек акы) | 4000,0 | |
| 2 | МММБ департаменти | 2024-жылдан асфальт төшөө жумуштарынан болгон карызды төлөө. | 2000,0 | |
| 3 | Өзгөн шаардык мэриясы | Өзгөн шаарында журуп жаткан “Таза-суу жана саркынды суу системаларын орнотуу” долбоорунун кошумча жумуштарына технадзор кызматына | 380,8 | |
| 4 | МММБ департаменти | Мектеп жана балдар бакчаларына күз-кыш мезгилине даярдык көрүү | 828,7 | |
| 5 | Өзгөн шаардык мэрия | Күйүүчү май сатып алуу | 19,2 | |
| 6 | Өзгөн райондук, шаардык билим берүү башкармалыгына | Бала бакчалардын ысык тамак ашы үчүн | 2000,0 | Атайын каражат |
| Жалпы: | 9228,7 |
Жооптуу катчы М. Розахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2025-жылдын 28 -октябрындагы
кезектеги XII сессиясынын
отурумунун №12/3 токтомунун
2-тиркемеси
Билим берүү башкармалыгына 2025-жылдын 9 айына карата бөлүнгөн акча каражатынан 2707,4 миң сом төмөнкү чыгашалардан үнөмдөлдү,
- Ун сатып алуудан 1100,0 миң сом.
- Көмүр сатып алуудан мектептерге 4200,0 миң сом каралыып, 934,0 миң сом.
- Бала бакчаларга 2034,0 миң сом каралып, 535,0 миң сом.
- ДОЦ жана ДТЦ жоюлуп кеткендиктен 138,4 миң сом.
| № | Мекеменин аталышы | Багыты | Сумма (миң сом) |
| 1 | Өзгөн райондук, шаардык билим берүү башкармалыгы | Пилоттук долбоордун негизинде Өзгөн шаардык билим берүү башкармалыгы, Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгына кошулгандыктан, мектептер жана бала бакчаларды кайра каттоодон өткөрүү кызматына | 180,0 |
| 2 | Өзгөн райондук, шаардык билим берүү башкармалыгы | Өзгөн-Тазалык МИнан болгон карызды төлөөгө | 302,6 |
| 3 | Өзгөн райондук, шаардык билим берүү башкармалыгы | Өзгөн Таза-Суу МИнан болгон карызды төлөөгө | 276,8 |
| 4 | МММБ департаменти | МММБ департаментиндеги портер авто унаасын капиталдык оңдоо | 150,0 |
| 5 | МММБ департаменти | Өзгөн шаарында 2025-жылда пландан ашыкча жумуштар аткарылгандыктан, 4-кварталга күйүүчү май сатып алуу | 149,0 |
| 6 | МММБ департаменти | Борбордук аянтка КРнын желегин сатып алуу | 150,0 |
| 7 | МММБ департаменти | Манас көчөсүндөгү светофорлорду оңдоп кайра орнотуу | 350,0 |
| 8 | МММБ департаменти | Өзгөн шаарында жайгашкан Амур-Темур атындагы орто мектебине көмүр кампа куруу | 187,5 |
| 9 | МММБ департаменти | Цемент сатып алуу (627,9 миң сомго келишим түзүлүп 200,0 миң сом төлөнгөн) | 427,9 |
| 10 | МММБ департаменти | А.Навои мектебине кошумча класстык бөлмө уюштуруу | 116,5 |
| 11 | МММБ департаменти | Шагыл сатып алуу | 167,1 |
| 12 | Н.Азнабакиев атындагы “ Достук” эс алуу балдар паркы | Субсидия (эмгек акысына) | 250,0 |
| Жалпы | 2707,4 |
Жооптуу катчы М.Розахунов
Өзгөн шаардык кеңешинин
2025-жылдын 28 -октябрындагы
кезектеги XII сессиясынын
отурумунун №12/3 токтомунун
3 тиркемеси
Социалдык коргоо беренесинен үнөмдөлгөн 1500,0 миң сом акча каражатын, төмөнкү жумуштарга бөлүү.
| № | Аткаруучу
|
Багыты | Сумма (миң сом) | эскертүү |
| 1 | МММБ департаменти | В.И.Ленин жана А.Навои атындагы орто мектептериндеги ажатканаларды оңдоо | 400,0 | |
| 2 | МММБ департаменти | 2024-жылдан асфальт төшөө жумуштарынан болгон карызды төлөө | 936,5 | |
| 3 | Өзгөн шаардык кеңеши | Эмгек акы фондуна толуктоо (2111-эмгек акы 139,4 миң сом, 2121- соц фонд 24,1 миң сом.) | 163,5 | |
| Жалпы: | 1500,0 |
2026-жылдын эсебинен карызга жумуш жасоого.
| № | Аткаруучу
|
Багыты | Сумма (миң сом) | эскертүү |
| 1 | МММБ департаменти | Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү коп кабатуу үйлөрдүн алдындагы жер тилкесине аллея куруу үчүн | 13000,0 | Тышкы инвестициянын эсебинен |
| 2 | МММБ департаменти | Өзгөн шарынын Амур-Темур көчөсүнөн борбордук стадионго чыгуучу жолду тосмолоо | 1528,0 | Тышкы инвестициянын эсебинен |
| Жалпы: | 14528,0 |
Жооптуу катчы М.Розахунов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025 -жылдын 28 –октябры № 12/4 Өзгөн шаары
Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен Өзгөн шаарына латок сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкарууу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 20-октябрындагы биргелешкен отурумунун № 6-протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында латок сатып алуу үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен 1000,0 миң сом акча каражатын алууга макулдук берилсин.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу үчүн тийиштүү иш-аракеттерди аткаруу Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025 -жылдын 28 –октябры № 12/5 Өзгөн шаары
Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен Өзгөн шаарына асфальт төшөөгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкарууу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 20-октябрындагы биргелешкен отурумунун № 6-протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында шаардын көчөлөрүн асфальттоо үчүн Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен 1126,5 миң сом акча каражатын алууга макулдук берилсин.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу үчүн тийиштүү иш-аракеттерди аткаруу Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезекcиз XII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 28 — октябры № 12/6 Өзгөн шаары
Өзгөн райондук аскер комиссариатынын оперативдүү башкаруусунда турган 2162 м2 жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы №5 биргелешкен отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын Манас көчөсүнүн № 100 дарегинде жайгашкан Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги Өзгөн райондук аскер комиссариаты пайдаланып жаткан 2162 м2 жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н. Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезекcиз XII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 28-октябры № 12/7 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарында студенттер үчүн катуу таштандылар үчүн тариф киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2025-жылдын 20-октябрындагы № 6 отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарында окуу жайларынын студенттери үчүн катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдүн тарифи ар бир студентке айына 50 сом жана жылына 450 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Өзгөн шаарынын окуу жайларынын студенттери үчүн катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү төлөө ар бир студенттин контрактынын эсебинен жүргүзүлүүсү сунушталсын.
- Ушул тарифти 2026-жылдын 1-январынан ишке киргизүү Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасынын директору Т.Козуевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика инвестицияларды тартуу боюнча»туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н. Шамаматов

Өзгөн шаардык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезекcиз XII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2025–жылдын 28 — октябры № 12/8 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарындагы “Өзгөн- Бишкек” автобекетин шаардын Жаңы-Өзгөн кварталында жайгашкан муниципалдык жерге көчүрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Өзгөн шаарынын борборунда автотыгынды жөнгө салуу максатында, Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-октябрындагы № 11 отурумунун чечимин эске алып, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Өзгөн-Бишкек” маршуруту боюнча каттаган таксилердин автобекетин шаардын “Жаңы-Өзгөн” кварталында жайгашкан муниципалдык жерге көчүрүүгө макулдук берилсин.
- Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго, аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Э.Таевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча » туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Н.Шамаматов


