2023-жылдын 10-январында өткөн раймамадминистрациясынын аппаратык кеңешмесинде аба — ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу болжолдонуп жаткан маалыматтар боюнча РЭТтин башчысы Мирлан Камалов өзү жетектеген ишкана тарабынан алдын ала баардык даярдыктардын көрүлгөндүгүн айтты. Андан соң райБББнүн башчысы Акуш Асанбаев мектептердеги каникул 16-январга чейин узартылгандыгын белгилеп, айрым билим берүү имараттарында көмүрдөн, буу казандардан көйгөй бардыгын кошумчалады. Бирок, жогорудагы сын — пикир менен Мырзаке, Жылалды, Салам-Алик айыл өкмөттөрүнүн башчылары макул болушпады. Анткени, айтылган көйгөй жеринде такталган эмес.
Жогорудагы маселелерге удаалаш эле аймактардагы үйлөрдү камсыздандыруу 24% аткарылып, көрсөткүчтүн төмөндүгү белгиленди. План 30% болгон. Бул багытта Зергер, Ийри-Суу, Кара-Таш, Көлдүк, Чангет, Мырзаке айыл өкмөттөрү чабалдык кылган.
Кеңешменин жүрүшүндө акимдин орун басары Рахымбек Мырзакулов мамлекеттик идеологияга мамлекеттик кызматкерлерди маани берүүгө чакырып, жогорку органдарга кат жолдоодо тил мыйзамынын так аткарылбаганын кошумчалады.
Кеңешменин жүрүшүн жетекчиликке алган аким Шабдан Абыкаев 2023-жылда аткарыла турган орчундуу маселелерди милдет катары тиешелүүлөргө милдеттендирип, аба -ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу мектептердеги, мекеме-уюмдардагы жылытуу системаларын катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, тиешелүүлөргө милдеттендирди. Ошондой эле көчкү коркунучунда жашап жаткандарды так далилдөө үчүн алдын ала адистер тарабынан комиссия түзүүнү сунуштады.