2023-жылдын 3-майында Өзгөн раймамадминистрациянын чоң жыйындар залында 5-май күнү кабыл алынган Конституциябыздын 30 жылдык тарыхына арналган жыйын-кече аймактагы билим берүү жана мекеме-уюм кызматкерлеринин, студенттердин катышуусу менен өткөрүлдү.
Өзгөн раймамадминистрациянын башчысы-акимдин орун басары Рахымбек Мырзакулов жыйынды алып барып жана катышуучуларды куттуктап баш мыйзамдын өлкө жашоосундагы ордун белгилеп айтып өттү.
Райондогу академик Б.Мурзабраимов атындагы билим берүү жана технология институтунун директорунун орун басары, тарых илимдеринин кандидаты Гүлжамал Темиралиева, аталган окуу жайдын юристи Улан Жумабаев, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Каныбек Эргешов, «Өзгөн нуру» гезитинин редактору Жолдошбай Анашов, аймактагы мамлекеттик балык чарбасынын жетекчиси Закир Козубаевдер куттуктоо сөздөрү менен бирге Конституциябыздын мааниси, мазмуну тууралуу айтып беришти.
Жыйын- кечени райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери, КРнын маданиятынын мыктылары Абдыманап Нышанов, Бегайым Жапаркуловалар салтанатты ыргагы күчтүү обондору менен көркүнө чыгарышты.