Өзгөн райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-акимдин биринчи орун басары Шакир Мамадалиев баштаган райондогу мекеме-уюм жетекчилери, эл 2023-жылдын 9-майында Улуу Жеңиш күнүнүн 78 жылдыгынын урматына шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына тургузулган эстеликке гүл коюшту.
Гимн ырдалып, согушта курман болгон аскерлерибиздин урматына куралдан эскерүү залпы атылды.
Райондогу аскер комиссариатынан офицерлер, мекеме жетекчилеринен эскерүү сөздөрү сүйлөндү.
Кары бул согушта курман болгондорго атап куран окуп, катышкан жаш-кары калк дуба кылышты.
Өмүр берип, бабалар алып берген жеңишибиз кут болуп, анын аркасында жашап жаткан тынчтык турмушубуз узак болсун!