«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2023-жылдын 22-февралында Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда кабыл алынган.
Жарандардын кайсы категориясы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) Полисин милдеттүү түрдө сатып алууга тийиш:
1. 18 жаштан жогору иштебеген жарандар (иш менен камсыз кылуу кызматында катталбаган жумушсуздар, үй кожойкелери).
2. Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан (дистанттык) окуу формаларынын, ошондой эле 21 жаштан жогорку күндүзгү окуу формаларынын студенттери.
3. Аларга карата милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр келип түшпөгөн жеке уюмдарда, ишканаларда, базарларда иштегендер (тигүүчүлөр, куруучулар, такси, маршруткалардын айдоочулары, базарлардын соодагерлери ж. б.)
4. Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Республиканын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк жактар.
Жарандардын кайсы категориясы мамлекет тарабынан камсыздандырылган жана ММК полисин сатып албайт:
1. Калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында расмий катталган жумушсуз жарандар.
2. Пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлери.
3. Бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана социалдык жөлөкпул алгандар.
4. 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары окуусун аяктаганга чейин, бирок алар он сегиз жашка чыкканга чейин).
5. Күндүзгү окуу формасындагы орто жана жогорку окуу жайларынын 21 жашка чейинки курактагы студенттери.
6. Аскер кызматчылары.
Жарандардын кайсы категориялары камсыздандырылган деп эсептелет, аларга ММК полисин сатып алуунун кажети жок:
1. Иштеген жарандар, иш берүүчү алар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2% төгүм төлөйт.
2. Фермердик (дыйкан) чарбалардын мүчөлөрү социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн учурда.
3. ММК полиси бар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөгөн адамдар.
ММК полисинин баасы канча турат?
Кыргызстандын жарандары үчүн – 12 календардык айга 1722 сом (же ай сайын 143 сом 50 тыйын).
Чет өлкөлүк жарандар үчүн –12 календардык айга 16 391 сом, 6 айга 8196 сом.
ММК полиси болгон учурунда кандай кошумча кызматтар көрсөтүлөт?
1. Амбулаториялык деңгээлде 40тан ашык лабораториялык-диагностикалык жана аспаптык изилдөөлөр.
2. Баалардын прейскуранты боюнча 50%га чейин арзандатуу менен физиотерапия, укалоо, дарылоочу дене тарбия, күндүзгү стационарда дарылоо (тамчылаткычтар, инъекциялар – булчуңга, кан тамырга).
3. Төмөнкү учурларда жеңилдетилген 500 аталыштагы дары-дармек каражатына жана медициналык буюмдарга 50%га чейин арзандатуу берилет: жүрөк-кан тамыр ооруларында (артериялык гипертония, миокард инфаркты ж.б.), кан ооруларында (анемия), өпкө ооруларында (бронхиалдык астма), ичеги-карын ооруларында (ашказан жарасы, он эки эли ичегинин жарасы, өнөкөт гастрит), нерв системасы (талма), кант диабетинде, онкологиялык ооруларда, мите курт ооруларында ж.б.
4. Стационарга жаткырууда камсыздандырылгандар кошумча төлөмдүн орточо деңгээлин төлөшөт, камсыздандырылбаган жарандар дарылануунун толук наркын төлөшөт.
КР ССМне караштуу ММК Фондунун Ош аймактык башкармалыгына караштуу Өзгөн жалпы дарыгердик практикалык борбору.