Кыргыз Республикасынын Президентинин № 56-Жарлыгына ылайык, райондук комиссия курамы Өзгөн районунун аймагындагы эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автоунаа жол жээгиндеги мыйзамсыз соода жана тейлөө обьекттерге бузуу боюнча эскертүүлөрдү беришкен. Учурда Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төрт-Көл айыл аймагында көпчүлүк соода обьекттеринин ээлери тарабынан бузулуууда. Ал эми Жылалды, Мырза -Аке аймактарындагы жана Өзгөн шаарындагы мыйзамсыз соода кылган дүкөн ээлерине кыска мөөнөттө бузуу зарыл экендиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан ары автоунаа жол жээгиндеги тейлөө обьекттеринин мыйзамсыз жайгаштырууга жол бербөөгө, бөгөт коюуга жана уруксат берүүгө туруктуу контроль жүргүзүү боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.