Кымбаттуу чек ара кызматынын ардагерлери!
Сиздерди Чек арачынын күнү — Ата Мекендин чектеринде күнү-түнү кызмат өтөгөндөрдүн кесиптик майрамы менен куттуктайм!
Мамлекеттик чек ара жана анын бекем кайтарылышы өлкөнүн көз карандысыздыгынын негизги элементтеринин бири.
Эгемендик жылдарында Кыргызстандын чек ара ведомствосу жакшы тарыхый салттарды өзүнө сиңирип, жаңы, Мекенге болгон сүйүү жана аскердик милдет сезимдерине негизделген салттарды калыптандыра алды.
Чек арада кызмат өтөө –жооптуу жана абдан татаал милдет. Дал ушул жерде мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарды, аймактык бүтүндүгүн коргоп калуу, өз жарандарын учурдун ар кандай чакырыктары менен коркунучтарынан сактап калуу жөндөмдүүлүгү текшерилет. Чек ара өлкөнүн чыныгы мекенчил азаматтарынын эркин чыңап, курчутат. Мамлекеттик чек араны коргоо ишине бүт өмүрүн арнаган адамдар эрдиктин, Мекен алдындагы өз милдетине бек туруу, абийирдүүлүктүн жана айкөлдүктүн үлгүсүн көрсөтүшүүдө.
Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бак-таалай, бакубатчылык жана кызматыңыздарда жаңы жетишкендиктерди каалайм.