Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протолдук тапшырмасына ылайык, 2022-2023-окуу жылына пайдаланууга берилүүчү пландалып жаткан мектептердин курулуштары менен КРП Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Ү.Манапов, Ош облустук курулуш башкармалыгынын башчысы М.Акназаров жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ш.Абыкаев (Токтогул айылындагы Шопоков, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Алга айылындагы К.Ботобеков, Үч Капчал айылындагы Оморкулов, Салам Алик айылындагы Примкулов) мектептердин курулуш иштери кандай жүрүп жатканы боюнча жеринде карап чыгышты.
Учурда, курулушту көзөмөлдөп туруу үчүн аталган курулуш обьектилерине видео-көзөмөл орнотулуп, облустук курулуш башкармалыгына туташтырылган.