1-июнь-Балдарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүндө КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев районубуздагы иш сапарында Өзгөн раймамадминистрациянын башчысы-аким Шабдан Абыкаев менен биргеликте Салам-Алик айыл өкмөтүндө жайгашкан «Салам-Алик» балдар эс алуучу лагеринде болушту.
Иш сапарга КРнын ЖКнин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Шаирбек Ташиев, Улугбек Ормоновдор келишип, лагердин балдардын жайкы эс алуусусуна даярдалганын көрүштү.
Лагерь 1974-жылы курулуп, облус борборунан 95 км., район борборунан 34 км. аралыкта турат. Муниципалдык обьект. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан. Ээлеген аянты 3,60 га. Балансалык баасы 18748 сом. Курулуштары фин тибинде. 3 котедж, 1 ашкана. Жылытуу системасы талап кылынбайт. Табигый тоо булагынан тартылган суу менен камсыздалган.
1997-жылдан бери бул лагерде Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү М.Разаков атындагы жетим балдар жана ата-эненин көзөмөлүсүз калган балдардын жатак мектебинин окуучулары жайкысын эс алуусун өткөрүп келген.
50 жылга чамалаган мезгил ичинде балдар лагери оор техникалык абалында да балдарды кабыл алып келген.
Бул маселе эми өлкөнүн ошол мезгилдеги экономикалык турмушуна, өрөөндүн атуулдарынын аракетине байланыштуу сөз.
Лагердин обьектин аталган өрөөндүн кулуну, КРнын ЖКнин депутаты Эльмурза Сатыбалдиев демөөрчүлүккө алып, ушул жылдын жаз алды менен Адан Яга чейинки оңдоп-түзөө (капиталдык ремонтун) иштерин жүргүзгөн.
Азыркы турмуштун мыкты имаратындай жасалгаланган, таш төшөлгөн жаңы жолу, ыңгайлуу ашканасы, жаңы тандырдан бери курулуп, кичинекей үстү жабык (беседка) сөрүлөрү даярдалып, буларга кыска мөөнөттө кеткен мээнет, финансылык каражат, эң негизгиси балдарды тосуп алууга даяр жаркыраган жай болуп калганында.
Келген мамлекеттин чоң кызматындагы жетекчилери, жергиликтүү эл өкүлдөрү Эльмурза Ракиевичке ак сөздөрүн айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Өз кезегинде Эльмурза Сатыбалдиев аталган мектептин 181 жетим баласы үчүн бул кайрымдуулук сыңары иш жасалганын, жетимин журтка таштабаган элибиздеги турмуштун бул тарабы, көрүнүшү жакшы жөрөлгө эмес экени жөнүндө жана мектеп каникулга жабылгандан кийин жол караган ушунча балдардын үмүтү тууралуу кеп козгоп… аягына чейин баянын айтпады…
Балдар күнүндө баалуу сөздөр айтылса да, бир балага белек тартуулоону машакат кылган инсандар болсо да, бул күнү жүздөгөн балага белек тартуулаган үлкөн адамга үлкөн сөз татыктуу.
Аким Шабдан Абыкаев балдар үчүн жасалган мындай мактоого татырлык иштерге район атынан жылуу сөздөр менен жооп айтты.
Облус башчысы да бул күндүн урматына кур кол келбей, балдар үчүн спорттук шаймандарын белекке тапшырды.
Сөз аягында Эльмурза Сатыбалдиев өрөөндүн белдүү азаматы экенин көрсөтүп, бир гана материалдык жөлөк эмес, руханий баалуулуктарга карата багыттарга да өз таасирин тийгизип келет.