Салам-Аликтеги балдар лагери Мырзаке айыл аймагында жайгашкан М. Раззаков атындагы жатак мектебинин окуучуларынын эс алуулары үчүн өзүнүн жыйырма жетинчи жайкы сезонун ачты. Ал жерде 67 окуучу 28-августка чейин дем алдырылып, күнүнө 5 маалдан тамак каралган.
Салтанаттын жүрүшүндө аталган окуу жайынын окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, Баймоңол Каримов башында турган жаш өнөрпоздорго алкоо сөздөр айтылып, алакандар чабылды.
Саамалыктын башталышын аталган жатак мектебинин директору Токтали Айтыкурманов алып барып, өз сөзүндө союз таркагандан кийин талоонго учураган лагерди сактап калууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльмурза Сатыбалдиевдин эмгеги опол тоодой экендигине токтолду. Анткени, өз каржысы менен кароосуз калган жайды кайрадан көркүнө чыгарып, инсан катары улуу сооп иш жасаганын белгилеп өттү.
Эл өкүлү Эльмурза Сатыбалдиев 16-17-жылдан бери ушул жерге каттап, ата-эне мээрими жетишпеген жаш жеткинчектерге болгон белегин тартуулап, жылуу сөзүн айтып келгендигин жашырбады. Ошондой жакшы жөрөлгөнүн башталышында Салам-Алик эли, жергиликтүү кеңештин депутаттары, өкмөт жамааты тургандыгын, колдогондугун кошумчалады.
Андан соң КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнист Толтоев, Өзгөн районунун акиминин орун басары Рахымбек Мырзакулов, Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров, РЭТтин башчысы Мирлан Камалов, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары Акуш Асанбаев, Таалай Жусупов жана КРнын ЖКнын депутаты Улугбек Ормоновдун атынан сүйлөгөн Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Зулпукаровдор (эл өкүлүнүн атынан муздаткыч) белектерин тапшырышты.
Мекеме-уюм жетекчилери да чын жүрөктөн ак кептерин айтышып, элден чыккан эл уулу Эльмурза Ракиевичтин дарегине жылуу сөздөрдү жолдошуп, белектерин беришти. Соңунда Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Равшанбек Сатыбалдиев күнүмдүк жеке жашоолорунан сооп ишти жогору коюшкан азаматтардан учубуз куру эместигин белгилеп, оңдоп, түзөө иштерине кол кабыш жасагандарга ыраазычылык билдирип, айрымдарына айыл өкмөттүн Ардак грамоталарын тапшырды.