14-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы №270 токтому “2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программасынын” алкагында элет жергесиндеги калктын экономикалык жыргалчылыгын жогорулатууда элеттик айымдардын орду жана аларды колдоо жөнүндө Өзгөн райондук аялдар кеңешинин иш-чарасы Жылалды айыл аймагында өткөрүлдү.
Өзгөн райондук аялдар кеңешинин төрайымы Г. Жороева семинардын негизги максаты аялдар ишкердигин жайылтуу, тажрыйба алмашуу, ишкерлик жүргүзүүдө жетишкендиктери менен катар көйгөйлөрү, аларды чечүү жолдору жана сунуштарды айтуу багытында өтүп жатканына токтолду.
Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан Эркин Каныбек уулу, облустук аялдар кеңешинин төрайымы Айкөкүл Мырзакаримова жана мүчөлөрү, ошондой эле облусубуздун райондорундагы аялдар кеңештеринин төрайымдары чакырылган.
Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин орун басары Р.Мырзакулов өтүп жаткан семинардын максатын колдоп, аялдардын экономикалык коопсуздугун, укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ишкердикти өнүктүрүү жана бизнеске тартуу үчүн мамлекет тарабынан колдоолор боло турганын эскертти.
Иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөрүүгө райондогу аялдар кенештеринин төрайымдары, жергиликтүү тургундар жана Жылалды айыл өкмөтүнүн жалпы эмгек жамааты активдүү катышып, колдоо көрсөтүштү.