2023-жылдын 16-июнунда Ош облусундагы 7 райондук газеталардын редакторлору салтка айланып бараткан иш-тажрыйба алмашуу максатында Өзгөн райондук “Өзгөн нуру” газетасынын редакциясында болушту.
Алгач калемгерлерди Өзгөн районунун акими Шабдан Абыкаев иш бөлмөсүндө жылуу кабыл алып, мамлекеттин өнүгүшүндө ММКлардын ордун баса белгилеп, бийлик тарабынан жергиликтүү басылмага колдоо көрсөтүлүп, кабарлардын оперативдүүлүгүн эске алуу менен редакциянын алдында сайт ачылгандыгын айтып, калемгерлердин жооптуу ишинде калыстык менен тактыкты каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Чоң-Алай, Араван райондук “Чоң-Алай жаңырыгы”, “Достук” газеталарынын редакторлору Патидин Ноомаев, Зулайка Каратаевалар аймак башчысынын жылуу кабыл алуусуна ыраазычылыктарын билдиришип, ишине ири ийгиликтерди каалашты.
Андан соң жазмагерлер редакциянын иши менен кеңири таанышышып, жакшы саамалыктарды жөрөлгө катары өздөрүнө алышса, басылманын бүгүнкү окурман табитине жараша чыгуусуна омоктуу ой-пикирлерин кошушту. Кийинки сапарлары “Өзгөн” мамлекеттик тарыхый-маданий музей коругунан уланып, тарых бүктөмүндө өз орду бар мунара, музей комплекси жана экспонаттар менен аталган коруктун директору Султанбек Абдыракмановдун тааныштыруусунда маалымат алышты. Сезим козгогон таанышуулардан соң, аска тоолор менен курчалган Салам-Алик айыл аймагындагы Көк тондунун мазарына зыярат кылышып, мазар булак суусунан ооз тийишти.
Ошентип, башталган иштин аягы болот дегендей калемгерлердин өрүштүү Өзгөн аймагына болгон бир күндүк сапарлары Турбаза эс алуу жайында акимдин орун басары Рахымбек Мырзакуловдун мазмундуу сөзү менен жыйынтыкталып, облустун чар тарабынан келишкен калемгерлер тарыхта өз орду бар Өзгөн жөнүндө жылуу ой-пикирде кайтышты.