Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Абыкаев Шабдан Алмасбековичтин 23-июнь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик күнүнө карата куттуктоосу.
Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, Сиздерди 23-июнь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!
Элдин бийликке ишенимин бекемдөө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүнөн, кынтыксыз ишинен, ошондой эле адамдык сапаттарынан көз каранды. Өлкөбүздү өнүктүрүү максатында кабыл алынып жаткан Улуттук стратегияларды, мамлекеттик программаларды аткарууда, аймагыбызда болуп жаткан жетишкендиктерге жетишүүдө Сиздердин салымыңыздар зор.
Сиздердин аткарып жаткан ишиңиздер мамлекет тарабынан да баа берилип, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүн өнүктүрүү багытында көп жигердүү аракеттер жасалды. Сиздерге белгилүү болгондой, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишмердүүлүгүнө материалдык дем берүү максатында өткөн жылдын август айынан баштап эмгек акы жогорулаган. Бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерине материалдык дем берүү менен кызматкердин жоопкерчилигинин деңгээли, талап да жогорулаган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөөдө Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын этикасын сактоо менен кызматтык ыйгарым укуктарыңарды ак ниет аткарасыздар деп ишенемин.
Эл кызматын аркалаган ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм, калкыбыздын алкышына ээ болуп жүрө бериңиздер. Баарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!