Өзгөн районунун Кара-Шоро жайлоосунда жылкычы,малчы,чабандарга арналган иш-чара болуп өттү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Джантаев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ш.Абыкаев,
Айыл өкмөт башчылары, жайыт комитеттеринин төрагалары, малчы-фермерлер, жалпы жайыт пайдалануучулар катышты.
Иш чаранын негизги максаты Өзгөн району агрардык район болгондуктан жакынкы, алыскы жайыттарды туура пайдалануу боюнча жогоруда аталган мекеме уюмдардын ортосундагы жетишкендиктерди жайылтуу жана кемчилдиктерди жоюуу боюнча пикир алмашуу.
Алдынкы малчы-фермерлердин, үлгүлүү жайыт пайдалануучулардын эмгегин эске алуу менен аларга сыйлыктар тапшырылды.