19-августта район жетекчиси Ш.Абыкаев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Бюджет комитетинин төрагасы Төлөнов Данияр Эрмекович Өзгөн райондагы Кызыл-Октябрь, Куршаб, Кароол айыл аймагындагы Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан курулуш, соц обьектилер менен жеринен таанышып,
Кызыл-Октябрь, Куршаб айыл аймагынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, эл арасындагы чечилбей келген маселелер алдыга болгон кадамдарын талкуулап, элдин көйгөйүн угушту.
Жергиликтүү тургундар өздөрүнүн суроолоруна Д.Төлөнов жана район жетекчиси Ш.Абыкаев тарабынан жеткиликтүү жоопторун ала алышты.