Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Токтогул айылында 225 орундуу, Жалпак-Таш айыл аймагынын Үч-Капчал айылында 150 орундуу , Төрт-Көл айыл аймагынын Шоро-Башат айылында 200 орундуу мектептер жана Өзгөн райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунун 3 кабаттуу поликлиникасы курулуп, пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Апбасов, КРнын Саламаттыкты сактоо министри Г.Баатырова, КРнын Финансы министринин орун басары У.Календеров, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Толтоев катышып, билим уясынын ачылышы жана билим күнү менен куттуктап, келечек мууну болгон окуучуларга жана агай, эжекелерге ийгиликтерди каалады.
Район аймагында 1-сентябрь билим күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.