Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу» мыйзамына жана Министрлер Кабинетинин касынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 «Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык Мырза-Аке, Төрт-Көл жана Чаңгет айыл аймактарынан кезектеги 93 жарандын жашап жаткан турак жайына (мунапыс объектилерине) укуктары мамлекеттик каттоого алынып жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер, башкача айтканда мамлекеттик актылары берилди.
Иш-чарага Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, тийиштүү айыл өкмөт башчылары жана турак жайына тиешелүү документ алуу үчүн келген жарандар катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө район башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун аткарылышын мындан ары да күчөтүлгөн тартипте, ыкчам аяктоо жагын белгилеп өттү.