Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында 2023-жылдын 16-сентябрында Өзгөн районунун аймагында жалпы райондук ишембилик өткөрүлдү.
Улуттук тазалык күнүн өткөрүүнүн алкагында калктуу конуштардын, менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишканалардын аймактарын, токойлорду, парктарды, туристтик аймактарды, мамлекеттик коруктарды жана тарыхый обьектилерди таштандылардан тазалоого басым жасалып тазаланды.
Ишембиликке райондордун аймагындагы бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын кызматкерлери, шаар, айыл тургундары катышты.
Ишембилик өткөрүлдү
Share This Article
Пикир билдирүү