“Мамлекеттик тил –достуктун жана биримдиктин тили” аттуу салтанаттуу иш-чара Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзаибраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда болуп өттү.
Иш-чараны райондун башчысы Каныбек Апбасов ачып, 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, ошол кездеги саясий, тарыхый жана укуктук кырдаалда кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары кайрадан расмий макамга ээ болушу, чоң ийгилик болгонун бул — кыргыз элинин зор жеңиши экенин белгиледи.
Ошондой эле иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдөгү жетишкендиктери үчүн айрым кызмат адамдарына Ардак грамоталарды тапшырды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев жана облустагы мекеме уюмдардын өкүлдөрү катышты.