Бүгүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич өзүнүн иш сапарынын алкагында Өзгөн районуна келди. Район жетекчиси К.Апбасов менен биргеликте Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында районубуздагы Ооган, Чернобль окуясынын катышуучулары жана Баткен окуясынын ардагерлери менен жолугуп, суроо-жооп, талкуулар болду.
Иш сапарынын жүрүшүндө Коргоо министри Б.А.Бекболотов райондук аскер комиссариядынын имараты менен жана №30629 аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө келген жаңы жоокерлеринен кабар алды.