2023-жылдын 1-майында Өзгөн шаарынын борбордук стадионунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адап-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына жана Зулпукар Ормоновдун жаркын элесине арналган 20 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан спорттук мелдештер өткөрүлүп, Өзгөндүн өлкөгө белгилүү ырчы уул-кыздарынын катышуусундагы чоң программадагы концерти элге тартууланды.
Майрамдык күндү мамлекеттик «Кыргыз тили» коомунун төрагасы Райымжан Курбанов баштап, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Шабдан Абыкаев райондун калкын, келген конокторду бул эки майрам менен куттуктап, ынтымак, биримдик жана ушундай маданий, спорттук үлкөн иштер атуулдарды мекенчилдикке тарбиялап, мамлекеттин өнүгүшүнө дем, кубат болору тууралуу сөздөрдү айтып өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Улугбек Ормонов, Эльмурза Сатыбалдиев, Бакыт Сыдыков, Таалайбек Сарыбашев, Айбек Тураталиев, Президенттин иш башкармалыгынан Чынберди Төлөнов, Москвадагы кыргыз-орус биримдигинин төрагасынын орун басары Болотбек Ташболотов жана облустун мамлекеттик жетекчилигинен өкүлдөр катышышты.