2023-жыл 15-август Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ш.Абыкаев Жалпак-Таш айыл аймагына иш сапары менен барып, бир канча мектеп жана бала бакчанын курулуш иштеринен кабар алды. Жалпак-Таш айыл аймагынын Үч Капчал айылындагы Оморкулов атындагы орто мектептин курулушу 2020-жылы башталган, азыркы учурда мектептин жаңы имараты бүткөрүлүп, жакынкы убакта пайдаланууга берилгени турат. Мектептин сметалык баасы 60 000 000 сомду түзүп, Республикалык бюджеттен каржыланып жатат. Куруп жаткан ишкана “Монолит Строй” ЖЧКсы.
Ал эми Т.Турдубаева атындагы орто мектептин имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө 2016-жылы киргизилип, азыркы учурга карата 13 200 000 сом иштетилип, чатыры жабылууда, жалпы сметасы 23 000 000 сом, республикалык бюджеттен каржыланып, Ош ремстрой компаниясынын “Авангард сити” бригадасы ремонт иштерин жүргүзүүдө.
Үч-Капчал айылындагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен курулуп жаткан бала бакчанын жалпы сметалык баасы 19 288 547 сом.
Район жетекчиси Ш.Абыкаев курулуш иштери жүрүп жаткан объекттердин сапаттуулугуна кылдат маани берүүнү жана башка бир топ тапшырмаларды берди.