13-сентябрда Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү салтанаттуу аземи болуп өттү.
Ачылыш аземинде Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов каалоо тилектерин айтып, Жылалды айыл өкмөтүнүн демөөрчүлөр менен иш жүргүзүүдөгү жетишкендиктерин жана бүгүнкү уюштуруу иштериндеги эмгегин баса белгиледи. Бүгүнкү ачылып жаткан тууну орнотууга өз каражатынан каржылап, Өзгөн районуна бир топ иштерди кылып жаткандыгы үчүн демөөрчү Абдезов Айбек Тургунбаевичке терең ыраазычылык билдирди!
Учурдан пайдаланып Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы Абдезов Айбекке районго кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирет!