2023-жылдын 4-майында Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шабдан Абыкаев А.Таңгатаров атындагы жатак-гимназиясында 2022-2023-окуу жылында райондогу мектептердин 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнөн «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына жетишишкен 4 окуучуга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын дипломдорун тапшырды.
Иш-чарага райБББнын башчысы Акуш Асанбаев, мектеп директорлору, мугалимдер жана аталган мектептин окуучулары катышты.
Куршабдагы А.Таңгатаров жатак-гимназиясынан Гулиза Сейдалиева (мектеп директору Элмира Кеңешбаева), Кароолдогу Б.Асранкулов мектебинен Мадина Абдимиталипова (мектеп директору Жанара Жантороева), Мырза-Акедеги К.Раимбеков мектеп-гимназиясынан Нурсулуу Бапышова (мектеп директору Медер Апарканов), Алтын-Булактагы А.Маматов мектебинен Акылай Эргешева (мектеп директору Советбек Бабышев).
Ал окуучуларды А.Таңгатаров жатак-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалими Миргуль Эргешева, тарых сабагы боюнча Сюзанна Маматова, химия сабагы боюнча Динара Мадамбекова, математика сабагы боюнча Уулкан Эргешевалар даярдашкан.
Өзгөн районунун мектептеринен 2022-2023-окуу жылында 3245 окуучу бүтүрөт. Алардан эң жакшы окуган 97 бүтүрүүчү «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу үчүн тест тапшырышкан.
Канчоро Айдаров.